Загрузка документа…
КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 15-декабрындагы № 678 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕМЬЕР-МИНИСТРИ
БУЙРУК
2017-жылдын 13-июну № 403
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 26-июнундагы № 352 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Коомдук саламаттык сактоо боюнча координациялык кеңеш жөнүндө Жобонун 3-пунктуна, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 18-беренесине ылайык:
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Коомдук саламаттык сактоо боюнча координациялык кеңештин курамы тиркемеге ылайык бекитилсин.
Премьер-министр | С.Ш. Жээнбеков |
Тиркеме
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Коомдук саламаттык сактоо боюнча координациялык кеңештин КУРАМЫ
Социалдык маселелерди тейлөөчү Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Коомдук саламаттык сактоо боюнча координациялык кеңештин төрагасы; |
Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министри | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Коомдук саламаттык сактоо боюнча координациялык кеңештин төрагасынын орун басары; |
Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин алдындагы Коомдук кеңештин төрагасы | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Коомдук саламаттык сактоо боюнча координациялык кеңештин төрагасынын орун басары (макулдашуу боюнча); |
Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин коомдук саламаттык сактоо бөлүмүнүн башчысы | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Коомдук саламаттык сактоо боюнча координациялык кеңештин катчысы. |
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Коомдук саламаттык сактоо боюнча координациялык кеңештин мүчөлөрү:
Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министринин орун басары;
Кыргыз Республикасынын Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министринин орун басары;
Кыргыз Республикасынын Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министринин орун басары;
Кыргыз Республикасынын Финансы министринин орун басары;
Кыргыз Республикасынын Экономика министринин орун басары;
Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана туризм министринин орун басары;
Кыргыз Республикасынын Ички иштер министринин орун басары;
Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министринин орун басары;
Кыргыз Республикасынын Коргоо иштери боюнча мамлекеттик комитетинин төрагасынын орун басары;
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынын төрагасынын орун басары;
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик миграция кызматынын төрагасынын орун басары;
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасынын орун басары;
Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик чек ара кызматынын төрагасынын орун басары;
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча мамлекеттик агенттиктин директорунун орун басары;
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Ветеринардык жана фитосанитардык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциянын директорунун орун басары;
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциянын директорунун орун басары;
Кыргыз Республикасынын Коомдук телерадиоберүү корпорациясынын башкы директору (макулдашуу боюнча);
Кыргыз коомдук саламаттык сактоо ассоциациясынын жетекчиси (макулдашуу боюнча);
Кыргызстандын айылдык ден соолук комитеттери ассоциациясынын жетекчиси (макулдашуу боюнча);
Калкты тамак-аш азыктары менен камсыздоочу ишканалардын кесиптик ассоциацияларынын жетекчилери (макулдашуу боюнча);
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Коомдук саламаттык сактоо боюнча координациялык кеңештин АИВ/ЖИКСке, кургак учукка жана безгекке каршы күрөшүү боюнча комитетинин төрагасы;
эл аралык өнөктөш уюмдардын 2 өкүлү (макулдашуу боюнча);
коркунучтуу инфекциялык ооруларга чалдыккан же алардан жабыркаган адамдардын, ошондой эле негизги аялуу топторго кирген адамдардын атынан чыккан уюмдардын өкүлү.