Загрузка документа…
КР Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 22-августундагы N 486 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ѲКМѲТY
ТОКТОМ
2015-жылдын 6-июлу № 449
Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин алдындагы Илим, инновациялар жана жаңы технологиялар боюнча кеңеш жөнүндө
(КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 12-июлундагы № 385 токтомунун редакциясына ылайык)
Илимий иштер чөйрөсүндөгү мамлекеттик саясатты ишке ашыруу, илимий уюмдар менен Кыргыз Республикасынын мамлекеттик бийлик органдарынын республиканы социалдык-экономикалык өнүктүрүүнү илимий жактан камсыз кылуу маселелеринде бирге аракеттенүүсүн камсыз кылуу максатында, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин алдында Илим, инновациялар жана жаңы технологиялар боюнча боюнча кеңеш түзүлсүн.
(КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 12-июлундагы № 385 токтомунун редакциясына ылайык)
2. Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин алдындагы Илим, инновациялар жана жаңы технологиялар боюнча кеңеш жөнүндө жобо тиркемеге ылайык бекитилсин.
(КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 12-июлундагы № 385 токтомунун редакциясына ылайык)
3. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Премьер-министр | Т.А. Сариев |
1-тиркеме
|
| Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 6-июлундагы № 449 токтому менен бекитилген |
Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин алдындагы Илим, инновациялар жана жаңы технологиялар технологиялар боюнча кеңеш жөнүндө ЖОБО
(КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 12-июлундагы № 385 токтомунун редакциясына ылайык)
1. Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин алдындагы Илим, инновациялар жана жаңы технологиялар боюнча кеңеш (мындан ары - Кеңеш) илимдин өнүгүүсүнө байланышкан маселелерди кароодо, ошондой эле илимий-техникалык өнүгүү жаатындагы мамлекеттик саясаттын актуалдуу маселелери боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө сунуштарды иштеп чыгууда мамлекеттик бийлик органдарынын жана илимий-изилдөө мекемелеринин биргелешип аракеттенүүсүн камсыз кылуу максатында түзүлгөн кеңеш берүүчү орган болуп саналат..
(КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 12-июлундагы № 385 токтомунун редакциясына ылайык)
2. Кеңеш өз ишинде Кыргыз Республикасынын Конституциясын, Кыргыз Республикасынын илим жаатындагы мыйзамдарын, ошондой эле ушул Жобону жетекчиликке алат.
3. Кеңештин курамы Кыргыз Республикасынын Премьер-министри тарабынан бекитилет.
4. Кеңештин милдеттери болуп төмөнкүлөр саналат:
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө Кыргыз Республикасында илимди өнүктүрүүнүн артыкчылыктуу багыттары жана механизмдери боюнча сунуштарды, ошондой эле илим жана инновациялар чөйрөсүндөгү мамлекеттик саясатты ишке ашырууга багытталган чараларды даярдоо;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө илим жана инновациялар жаатындагы аткаруу бийлиги органдарынын сунуштарын даярдоо;
- Кыргыз Республикасынын өнүгүшүн камсыз кылуу максатында илимий-инновациялык ишти активдештирүү жана өбөлгөлөө жөнүндө мамлекеттик органдардын, ата мекендик, чет өлкөлүк жана эл аралык уюмдардын, ишканалардын жана мекемелердин сунуштарын кароо;
- Кыргыз Республикасында жаңы технологияларды өнүктүрүүнүн негизги багыттарын аныктоо;
- жаңы технологиялар жаатындагы мамлекеттик саясаттын стратегиялык багыттарын иштеп чыгуу жана ведомстволук региондук наноборборлорду өнүктүрүү боюнча ишти координациялоо.
(КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 12-июлундагы № 385 токтомунун редакциясына ылайык)
5. Кеңеш өзүнө жүктөлгөн милдеттерди чечүү үчүн төмөнкүлөргө укуктуу:
- мамлекеттик бийлик органдарынын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын кызмат адамдарын, коомдук бирикмелердин, илимий жана башка уюмдардын өкүлдөрүн өзүнүн жыйындарына чакырууга жана угууга;
- Кеңештин мүчөлөрүн жана өз өкүлдөрүн илим, инновациялар жана жаңы технологиялар чөйрөсүнө тийиштүү маселелер боюнча мамлекеттик бийлик органдары, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, коомдук бирикмелер, илимий жана башка уюмдар өткөргөн кеңешмелерге, конференцияларга жана семинарларга катышуу үчүн жиберүүгө;
- белгиленген тартипте маалыматтык-аналитикалык жана эксперттик иштерди ишке ашыруу үчүн илимий жана башка уюмдарды, ошондой эле окумуштуулар менен адистерди ишке тартууга;
- мамлекеттик бийлик органдарынан, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынан, коомдук бирикмелерден, илимий, билим берүү жана башка уюмдардан зарыл болгон материалдарды белгиленген тартипте суроого жана алууга;
- мамлекеттик органдарга көргөзмөлөрдү, конкурстарды, семинарларды жана инновациялык ишти колдоого жана мыкты инновациялык долбоорлорду аныктоого багытталган башка иш-чараларды, анын ичинде "Мыкты инновациялык долбоор" сынагын өткөрүүгө көмөк көрсөтүү.
(КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 12-июлундагы № 385 токтомунун редакциясына ылайык)
6. Кеңеш он тогуз адамдан кем болбогон санда түзүлөт. Кеңештин курамына Кеңештин төрагасы, анын орун басарлары, Кеңештин мүчөлөрү кирет. Кеңештин мүчөлөрү анын ишине коомдук негизде катышат. Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Кеңештин төрагасы болуп саналат.
7. Кеңеш өзүнө жүктөлгөн милдеттерди чечүү үчүн алдыңкы окумуштууларды, мамлекеттик органдардын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жана башка уюмдардын өкүлдөрүн тартуу менен өз мүчөлөрүнүн ичинен ведомстволор аралык жумушчу топторду түзөт.
Ведомстволор аралык жумушчу топтордун курамы Кеңеш тарабынан бекитилет.
8. Кеңеш өзүнө жүктөлгөн милдеттерди чечүүгө байланышкан айрым маселелер боюнча сунуштарды даярдоо үчүн өз ишинин багыттары боюнча убактылуу жумушчу топторду, чакан топторду жана кеңештерди түзүүгө укуктуу.
9. Кеңештин ишинин учурдагы маселелерин чечүү үчүн 7 адамдан турган Кеңештин президиуму түзүлөт. Кеңештин президиумунун курамы Кеңеш тарабынан бекитилет. Кеңештин төрагасы Кеңештин президиумунун төрагасы болуп саналат.
10. Кеңештин президиуму:
- Кеңештин жыйындарында талкуулоо үчүн маселелерди сунуштайт;
- ведомстволор аралык жумушчу топтордун, убактылуу жумушчу топтордун, чакан топтордун, кеңештердин курамдарын бекитет жана алардын ишин координациялайт;
- илим чөйрөсүндө маалыматтык-аналитикалык жана эксперттик иштерди ишке ашырууга байланышкан уюштуруучулук жана башка маселелерди чечет;
- Кеңештин чечимдерин, анын ичинде ведомстволор аралык жумушчу топтордун, убактылуу жумушчу топтордун, чакан топтордун жана кеңештердин иштеринин маселелерин ишке ашырууга байланышкан маселелерди карайт.
11. Кеңештин жана Кеңештин президиумунун жыйындарын өткөрүүгө даярдык көрүү жана аны уюштуруу, ошондой эле Кеңештин ишин уюштуруучулук-методикалык камсыздоону Кыргыз Республикасынын илим чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органы ишке ашырат.
(КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 12-июлундагы № 385 токтомунун редакциясына ылайык)
12. Кеңештин жыйындары бир жылда бир жолудан кем эмес өткөрүлөт. Кезексиз жыйындар Кеңештин төрагасынын демилгеси боюнча өткөрүлөт.
(КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 12-июлундагы № 385 токтомунун редакциясына ылайык)
13. Кеңештин жыйынын Кеңештин төрагасы, ал жок учурда - Кеңештин төрагасынын орун басарларынын бири өткөрөт.
14. Кеңештин жыйыны, эгерде ага Кеңештин мүчөлөрүнүн жарымынан көбү катышкан учурда укуктуу болуп саналат.
15. Кеңештин чечимдери жыйынга катышкан Кеңештин мүчөлөрүнүн көпчүлүк добушу менен кабыл алынат. Кеңештин чечимдери протокол менен таризделет, ага төрагалык кылуучу кол коёт.
Кеңештин ишинин уюштуруу маселелери боюнча чечимдерин кабыл алууда Кеңештин мүчөлөрүнүн добуш берүүсү сурамжылоо баракчасын пайдалануу менен жүргүзүлүшү мүмкүн.
16. Кеңештин президиумунун жыйындары алты айда бир жолудан кем эмес өткөрүлөт. Кезексиз жыйындар Кеңештин президиумунун төрагасынын демилгеси боюнча өткөрүлөт.
(КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 12-июлундагы № 385 токтомунун редакциясына ылайык)
17. Кеңештин президиумунун жыйындарын Кеңештин президиумунун төрагасы же анын тапшырмасы боюнча - Кеңештин президиумунун мүчөлөрүнүн бири алып барат.
18. Кеңештин президиумунун чечимдери токтом менен таризделет, ага Кеңештин президиумунун төрагасы же жыйында төрагалык кылган президиум мүчөсү кол коёт.
19. Кеңештин жана Кеңештин президиумунун чечимдеринин аткарылышын контролдоону Кеңештин төрагасы, орун басарлары жүргүзөт.
20. Кеңештин ишин уюштуруу-техникалык камсыздоону Кыргыз Республикасынын илим чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органы ишке ашырат.
(КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 12-июлундагы № 385 токтомунун редакциясына ылайык)