Загрузка документа…
КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 11-февралындагы № 57-т тескемесине ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2017-жылдын 4-июлу № 271-б
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2017-жылдын 14-июнундагы № 1681-VI "Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоону дайындоо жөнүндө" токтомун аткаруу үчүн, Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоого даярдык көрүүнү жана өткөрүүнү уюштурууга шайлоо комиссияларына көмөк көрсөтүү, максатында, "Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамына, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык:
1. Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоого даярдык көрүүдө жана өткөрүүдө шайлоо комиссияларына уюштуруу-техникалык маселелерди чечүүгө көмөк көрсөтүү боюнча республикалык штаб тиркемеге ылайык курамда түзүлсүн.
2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрү, Бишкек, Ош шаарларынын мэрлери, жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруучу органдарынын башчылары (макулдашуу боюнча):
- Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоого даярдык көрүүдө жана өткөрүүдө Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматына жана тийиштүү шайлоо комиссияларына шайлоочулардын тизмелерин түзүү жана тактоо, уюштуруучулук жана материалдык-техникалык маселелерди чечүү боюнча көмөк көрсөтүшсүн;
- Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоого даярдык көрүүдө жана өткөрүүдө уюштуруучулук жана материалдык-техникалык маселелерди чечүүдө шайлоо комиссияларына көмөк көрсөтүү боюнча тиешелүү штабдарды түзүшсүн;
- шайлоо комиссияларына жайларды бөлүү, аларды автотранспорт, материалдык-техникалык каражаттар жана байланыш каражаттарына байланыштуу маселелерди чечишсин;
- үгүт материалдарын орнотуу үчүн атайын орундарды бөлүп беришсин жана аларды жайгаштыруу үчүн бирдей шарттарды камсыздашсын.
3. Кыргыз Республикасынын министрликтери, мамлекеттик комитеттери, административдик ведомстволору төмөнкүлөргө көмөк көрсөтүшсүн:
- Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоого даярдык көрүүдө жана өткөрүүдө шайлоо комиссияларына шайлоочулардын тизмелерин түзүүгө жана тактоого, уюштуруучулук жана материалдык-техникалык маселелерди чечүүгө;
- Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоого даярдык көрүүдө жана өткөрүүдө маалыматтык-түшүндүрүү иштерин жүргүзүүгө.
4. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги "Кыргыз Республикасынын 2017-жылга республикалык бюджети жана 2018-2019-жылдарга болжолу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамында каралган каражаттардын чегинде Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоого даярдык көрүүгө жана өткөрүүгө Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясына республикалык бюджеттен зарыл болгон финансы каражаттарын өз убагында бөлүп берүүнү камсыздасын.
5. Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлиги мыйзамдуулукту, жарандардын укуктарын жана эркиндиктерин камсыз кылуу, Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоого даярдык көрүүнүн жана өткөрүүнүн жүрүшүндө коомдук тартипти сактоо, шайлоо участокторун кайтаруу, шайлоо бюллетендерин шайлоо участокторуна ташууда жана жеткирүүдө коопсуздукту камсыздоо боюнча чараларды көрсүн.
6. Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги:
- Кыргыз Республикасынын чегинен сырткары жашаган жана ал жактагы Кыргыз Республикасынын шайлоочуларына Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген шайлоо укуктарын ишке ашыруу шарттары жөнүндө маалыматтык-түшүндүрүү иштерин жүргүзсүн;
- белгиленген тартипте Кыргыз Республикасынын чегинен сырткары жашаган жана ал жактагы шайлоочулар жөнүндө маалыматты даярдасын жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматына берсин;
- Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоого катышуу үчүн республиканын чегинен сырткары жашаган жана ал жактагы Кыргыз Республикасынын жарандарына зарыл шарттарды түзсүн.
7. Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлиги, Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги, Кыргыз Республикасынын Коргоо иштери боюнча мамлекеттик комитети, Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматы, Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик чек ара кызматы, Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн Генералдык штабы (макулдашуу боюнча) Кыргыз Республикасынын төмөнкү жарандарынын шайлоо укуктарын камсыз кылууда шайлоо комиссияларына көмөк көрсөтүшсүн:
- Кыргыз Республикасынын тийиштүү органдарында, аскер бөлүктөрүндө жана мекемелеринде кызмат өтөгөндөргө;
- шектүү жана күнөөлүү катары камакта кармалгандарга.
8. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекция шайлоо комиссияларына бөлүнүп берилген бардык жайларды өрт жана энергетикалык коопсуздук талаптарына алардын шайкештигин текшерсин.
9. Кыргыз Республикасынын Маалыматтык технологиялар жана байланыш мамлекеттик комитети Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоону өткөрүүгө байланышкан жүктөрдү шайлоо комиссияларына биринчи кезекте жеткирүүнү камсыз кылсын.
10. Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасына Кыргыз Республикасынын Президенттин шайлоого даярдык көрүү жана өткөрүү мезгилинде Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын ченемдерин сактоону камсыз кылуу сунушталсын.
11. Кыргыз Республикасынын жалпыга маалымдоо каражаттарына Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоого даярдык көрүүнүн жана өткөрүүнүн жүрүшүн чагылдыруу сунушталсын.
12. Ушул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын уюштуруу-инспектордук иштер жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу бөлүмүнө, коргоо, укуктук тартип жана өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнө, финансы жана кредит саясаты бөлүмүнө жүктөлсүн.
Премьер-министр | С. Ш. Жээнбеков |
Тиркеме
Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоого даярдык көрүүдө жана өткөрүүдө шайлоо комиссияларына уюштуруу-техникалык маселелерди чечүүгө көмөк көрсөтүү боюнча республикалык штабдын КУРАМЫ
Абулгазиев Мухамметкалый Дюшекеевич | - | Кыргыз Республикасынын биринчи вице-премьер-министри, Республикалык штабдын төрагасы; |
Шайлдабекова Нуржан Кармабековна | - | Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасы, Республикалык штабдын төрагасынын орун басары (макулдашуу боюнча); |
Осмоналиев Акылбек Шарипович | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппарат жетекчиси - министр, Республикалык штабдын төрагасынын орун басары. |
Республикалык штабдын мүчөлөрү: | ||
Ахметов Уран Тулондиевич | - | Кыргыз Республикасынын Юстиция министри; |
Касымалиев Адылбек Алешович | - | Кыргыз Республикасынын Финансы министри; |
Исраилов Улан Джумабекович | - | Кыргыз Республикасынын Ички иштер министри; |
Абдылдаев Эрлан Бекешович | - | Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министри; |
Боронов Кубатбек Айылчиевич | - | Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министри; |
Казаков Туголбай Токтогулович | - | Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана туризм министри; |
Калилов Жамшитбек | - | Кыргыз Республикасынын Транспорт жана жол министри; |
Зилалиев Дуйшенбек Текшербекович | - | Кыргыз Республикасынын Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитетинин төрагасы; |
Шаршембиев Бакыт Нурджанович | - | Кыргыз Республикасынын Маалыматтык технологиялар жана байланыш мамлекеттик комитетинин төрагасы; |
Сегизбаев Абдил Кенешевич | - | Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы; |
Касымкулов Мирбек Абдыкаимович | - | Кыргыз Республикасынын Коргоо иштери боюнча мамлекеттик комитетинин төрагасы; |
Шаршеев Уларбек Зарлыкович | - | Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик чек ара кызматынын Башкы штабынын начальниги - төрагасынын биринчи орун басары; |
Жапаров Таалайбек Токталиевич | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынын төрагасы; |
Айдаралиев Медетбек Курбанбаевич | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик миграция кызматынын төрагасы; |
Догоев Дастан Давлетович | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматынын төрагасы; |
Муратбеков Канатбек Камбарбекович | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциянын директору; |
Мусабеков Алмазбек Обосбекович | - | Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын мамлекеттик жана аймактык башкаруу жана кадрдык иштер бөлүмүнүн башчысы (макулдашуу боюнча); |
Бусурманкулов Эмилбек Бурканбекович | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппарат жетекчисинин орун басары, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын уюштуруу-инспектордук иштер жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу бөлүмүнүн башчысы; |
Аалиев Азиз Кубанычбекович | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын финансы жана кредит саясаты бөлүмүнүн башчысы; |
Бердалиев Бакыт Чырмашбаевич | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын курулуш, транспорт жана коммуникациялар бөлүмүнүн башчысы; |
Сагынбаев Дамир Казакович | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын коргоо, укуктук тартип жана өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнүн башчысы; |
Ибраимов Албек Сабирбекович | - | Бишкек шаарынын мэри (макулдашуу боюнча); |
Кадырбаев Айтмамат Тентибаевич | - | Ош шаарынын мэри (макулдашуу боюнча); |
Халмурзаев Абиш Алыбаевич | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Кыргыз Республикасынын Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү; |
Сатыбалдиев Кыянбек Урмаматович | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Кыргыз Республикасынын Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү; |
Жылкыбаев Узарбек Казиевич | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Кыргыз Республикасынын Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү; |
Кайыпов Аманбай Кайыпович | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Кыргыз Республикасынын Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү; |
Сарыбашов Таалайбек Насырбекович | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Кыргыз Республикасынын Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү; |
Кенекеев Дайыр Атакулович | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Кыргыз Республикасынын Талас облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү; |
Кудайбергенов Бактыбек Жапарович | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Кыргыз Республикасынын Чүй облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү. |