Загрузка документа…
КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 18-июлундагы № 269-б буйругуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2017-жылдын 1-июну № 193-б
(КР Өкмөтүнүн 2017-жылдын 8-ноябрындагы № 516-б, 2018-жылдын 21-сентябрындагы № 336-б буйруктарынын редакцияларына ылайык)
1. Евразия экономикалык бирлигинин товарларынын товардык белгилери, тейлөө белгилери жана товарлар чыгарылган жерлердин аталыштары жөнүндө келишимдин тиркелген долбоору жактырылсын.
2. Евразия экономикалык бирлигине мүчө мамлекеттер менен кызматташуу маселелерин тейлеген Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министрине жогоруда аталган Келишимге принциптүү эмес мүнөздөгү өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү укугу менен Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн атынан кол коюуга ыйгарым укук берилсин.
(КР Өкмөтүнүн 2018-жылдын 21-сентябрындагы № 336-б буйругунун редакциясына ылайык)
Премьер-министр |
| С.Ш.Жээнбеков |
Долбоор
Евразия экономикалык бирлигинин товарларынын товардык белгилери, тейлөө белгилери жана товарлар чыгарылган жерлердин аталыштары жөнүндө КЕЛИШИМ
Мындан ары мүчө мамлекеттер деп аталуучу Евразия экономикалык бирлигине мүчө мамлекеттер өз өкмөттөрүнүн атынан,
2014-жылдын 29-майындагы Евразия экономикалык бирлиги жөнүндө келишимдин, атап айтканда Интеллектуалдык менчик объектилерине укуктарды коргоо жана сактоо жөнүндө протоколдун жоболоруна (2014-жылдын 29-майындагы Евразия экономикалык бирлиги жөнүндө келишимдин № 26 тиркемеси) негизденип,
мүчө мамлекеттердин аймактарында Евразия экономикалык бирлигинин (мындан ары - Бирлик) товардык белгилерин жана тейлөө белгилерин укуктук коргоону камсыз кылуу максаттарында,
төмөндөгүлөр жөнүндө макулдашты:
I глава. Жалпы жоболор
1-берене. Ушул Келишимдин күчүнүн чөйрөсү
1. Ушул Келишим Бирликтин товардык белгилерин, Бирликтин тейлөө белгилерин (мындан ары - Бирликтин товардык белгилери) жана Бирликтин товарлар чыгарылган жерлеринин аталыштарын каттоого, укуктук коргоого жана пайдаланууга байланыштуу келип чыккан мамилелерди жөнгө салат.
2. Ушул Келишим сертификациялык жана кепилдик белгилерге, ошондой эле графика түрүндө берилүүгө мүмкүн болбогон белгилөөлөргө карата колдонулбайт.
3. Бирликтин товардык белгисинин, Бирликтин товар чыгарылган жеринин аталышынын каттоосу ар бир мүчө өлкөдө товардык белгинин, тейлөө белгисинин, товар чыгарылган жердин аталышынын (мындан ары - ТЧЖА) улуттук каттоосунун күчүнө ээ болот.
2-берене. Аныктамалар
Ушул Келишимдин максаттары үчүн төмөнкүлөрдү билдирген түшүнүктөр пайдаланылат:
"Бирликтин ТЧЖАсынын бирдиктүү реестри" - улуттук бөлүмдөрдөн туруучу (мүчө мамлекеттер боюнча) жана "Интернет" маалыматтык-телекоммуникациялык тарамдагы Бирликтин расмий сайтына жайгаштырылуучу Бирликтин ТЧЖАсы жөнүндө маалыматтардын жыйындысы;
"Бирликтин товардык белгилеринин бирдиктүү реестри" - улуттук бөлүмдөрдөн туруучу (мүчө мамлекеттер боюнча) жана "Интернет" маалыматтык-телекоммуникациялык тарамдагы Бирликтин расмий сайтына жайгаштырылуучу Бирликтин товардык белгилери жөнүндө маалыматтардын жыйындысы;
"өтүнмө ээси" - улуттук патенттик ведомствого Бирликтин товардык белгисине же Бирликтин ТЧЖАсына өтүнмө берген юридикалык же жеке жак;
"Бирликтин ТЧЖАсына өтүнмө" - Бирликтин ТЧЖАсын каттоого жана пайдалануу укугун берүүгө же Бирликтин катталган ТЧЖАсын пайдалануу укугун берүүгө өтүнмө Бирликтин ТЧЖАсын каттоо жана аны пайдалануу укугун берүү үчүн же Бирликтин катталган ТЧЖАсын пайдалануу укугун берүү үчүн зарыл маалыматтарды камтыган документ болуп саналат;
"Бирликтин товардык белгисине өтүнмө" - Бирликтин товардык белгисин каттоого өтүнмө Бирликтин товардык белгисин каттоо үчүн зарыл маалыматтарды камтыган документ болуп саналат;
"Нускама" - Бирликтин товардык белгисин каттоого өтүнмөлөрдү же Бирликтин ТЧЖАсына өтүнмөлөрдү берүүгө, аларды карап чыгууга, Бирликтин товардык белгисин же Бирликтин ТЧЖАсын каттоого жана алардын укуктарын коргоого байланышкан эрежелерди белгилөөчү, укуктук мамилелерди жөнгө салуучу акт;
"Бирликтин жамааттык белгиси" - түзүлүшү жана иши алар түзүлгөн аймактын мүчө мамлекетинин мыйзамдарынын талаптарына каршы келбеген ассоциациянын, бирликтин же башка бирикменин ушундай бирикмелердин курамына кирген жактар тарабынан өндүрүлүүчү жана (же) сатылуучу товарларын белгилөөгө арналган товардык белги;
"Улуттук патенттик ведомство" - өз мамлекетинин мыйзамдарына ылайык ушул Келишимдин ишке ашырылышы үчүн жоопкерчиликте болгон мүчө мамлекеттин ыйгарым укуктуу органы (уюму). Бул Келишимде Бирликтин товардык белгисине өтүнмө же Бирликтин ТЧЖАсына өтүнмө берген Улуттук патенттик ведомство берүүчү ведомство деп аталат;
"Бирликтин ТЧЖАсы" - өлкөнүн, шаардын же айылдын, жердин, же географиялык башка объектинин азыркы же тарыхый, расмий же расмий эмес, толук же кыскартылган аталышы болуп саналган же аны камтыган белгилөө, ошондой эле мындай аталыштан келип чыккан жана мындай аталыш бөтөнчө касиеттери өзгөчө же негизинен ушул географиялык объект үчүн мүнөздүү болгон жаратылыш шарттары жана адамдык факторлору менен аныкталуучу, бир эле мезгилде бардык мүчө мамлекеттердин аймактарында корголуучу товарга карата аны пайдалануунун натыйжасында белгилүү болуп калган белгилөө;
"расмий сайт" - "Интернет" маалыматтык-телекоммуникациялык тарамдагы Бирликтин расмий сайты;
"алым" - ушул Келишимде караштырылган юридикалык маанилүү аракеттерди ишке ашыруу үчүн мүчө мамлекеттердин мыйзамдарына ылайык которулуучу төлөм;
"укук ээси" - Бирликтин товардык белгисине өзгөчө укукка же Бирликтин ТЧЖАсын пайдалануу укугуна ээ болгон жак;
"Бирликтин товардык белгисине күбөлүк" - анда көрсөтүлгөн товарларга карата мүчө мамлекеттердин аймактарында Бирликтин товардык белгисинин артыкчылыгын жана Бирликтин товардык белгисине өзгөчө укукту күбөлөндүрүүчү документ;
"Бирликтин ТЧЖАсын пайдалануу укугу жөнүндө күбөлүк" - бардык мүчө мамлекеттердин аймактарында Бирликтин ТЧЖАсын пайдалануу укугун күбөлөндүрүүчү документ;
"Бирликтин товардык белгиси" - бардык мүчө мамлекеттердин аймактарында бир эле учурда корголуучу товарларды, жумуштарды жана (же) кызмат көрсөтүүлөрдү (мындан ары - товарлар) жекелештирүү үчүн кызмат кылууну белгилөөчү Бирликтин товардык белгиси (тейлөө белгиси).
II глава. Бирликтин товардык белгилери
3-берене. Бирликтин товардык белгисине өзгөчө укук
1. Укук ээси мүчө мамлекеттердин мыйзамдарына ылайык Бирликтин товардык белгисин пайдаланууга өзгөчө укукка жана ушул өзгөчө укукту тескөө укугуна ээ, ошондой эле Бирликтин товардык белгисин же бир түрдүү товарларга карата ага аралашуу деңгээлине чейин окшош белгилөөнү башка жактардын пайдалануусуна тыюу салууга укуктуу.
Укук ээсинин уруксатысыз мүчө мамлекеттердин аймагында корголуучу Бирликтин товардык белгисин же бир түрдүү товарларга карата ага аралашуу деңгээлине чейин окшош белгилөөнү пайдаланууга эч кимдин укугу жок.
2. Бирликтин товардык белгисине өзгөчө укук ал Бирликтин товардык белгилеринин бирдиктүү реестринде катталган датадан тартып 10 жыл өткөнгө чейин күчүндө болот, ал Бирликтин товардык белгисине өтүнмө берилген датадан тартып эсептелет.
Өзгөчө укуктун күчүнүн мөөнөтү Нускаманын талаптары сакталган шартта, ушул укуктун күчүнүн акыркы жылынын ичинде берилген укук ээсинин арызы боюнча, өтүнмө берүүчү ведомство тарабынан 10 жылга узартылышы мүмкүн.
3. Бирликтин товардык белгисине өзгөчө укуктун күчүнүн мөөнөтү чектелбеген санда кайталап узартылышы мүмкүн.
Бирликтин товардык белгисине өзгөчө укуктун күчүнүн мөөнөтүн узартуу үчүн мүчө мамлекеттердин мыйзамдарында белгиленген өлчөмдө алымдар төлөнөт.
Өтүнмө ээсинин өтүнүч каты боюнча ага берүүчү ведомствонун өлкөсүнүн мыйзамдарында белгиленген өлчөмдө кошумча алым төлөнгөн шартта, ушул берененин 2-пунктунда көрсөтүлгөн арызды берүү үчүн Бирликтин товардык белгисине өзгөчө укуктун күчүнүн мөөнөтү өткөндөн кийин 6 ай убакыт берилет.
4. Мүчө мамлекеттин аймагында Бирликтин товардык белгисине өзгөчө укуктун бузулушуна тиешелүү талаш-тартыштар ошол мамлекеттин мыйзамдарына ылайык чечилет.
5. Мүчө мамлекеттин мыйзамдары менен Бирликтин товардык белгисине өзгөчө укукту бузгандыгы үчүн, ошол мамлекетте катталган товардык белгиге өзгөчө укукту бузгандыгы үчүн каралган ошол эле жоопкерчилик караштырылат.
4-берене. Бирликтин товардык белгисине өтүнмө
1. Бирликтин товардык белгисине өтүнмө Нускамада белгиленген формада жана тартипте өтүнмө берүүчү ведомствого өтүнмө ээси тарабынан берилет.
2. Бирликтин товардык белгисине өтүнмө төмөнкүлөрдү камтууга тийиш:
1) өтүнмө ээсинин аталышы (фамилиясы, аты, атасынын аты (бар болгон учурда) жана өтүнмө ээсинин турган жери (жашаган жери), ошондой эле өтүнмө берүүчү ведомствонун мамлекетинин аймагында кат алышуу үчүн дарек;
2) билдирилген белгилөө;
3) каттоо суралып жаткан Бирликтин товардык белгисине карата жана 1957-жылдын 15-июнундагы Ницца макулдашуусунда караштырылган белгилерди каттоо үчүн Товарлардын жана кызмат көрсөтүүлөрдүн эл аралык жиктемесине (мындан ары - Товарлардын жана кызмат көрсөтүүлөрдүн эл аралык жиктемеси) ылайык класстарга бириктирилген товарлардын тизмеси.
3. Бирликтин товардык белгисине өтүнмө төмөнкүлөрдү камтый алат:
1) Бирликтин товардык белгисине өтүнмө берилген датадан тартып 1 айдын ичинде берилиши мүмкүн болгон өтүнмө берилген датадан кыйла мурдагы артыкчылыкты белгилөөгө көрсөтмөнү;
2) Бирликтин товардык белгиси түстүү же түстүк айкалышта билдирилгендигине көрсөтмөнү;
3) Бирликтин товардык белгиси Нускамага ылайык, өтүнмө берүүчү ведомство колдонуучу стандарттык символдорду пайдалануу менен катталууга жана жарыяланууга тийиш экендигине көрсөтмөнү;
4) кирилл алфавитин пайдалануу менен билдирилген сөз түрүндөгү белгилөөнүн транслитерациясын;
5) билдирилген сөз түрүндөгү белгилөөнүн мүчө мамлекеттердин мамлекеттик тилдерине котормосун;
6) билдирилген белгилөөнүн сыпаттамасын;
7) өтүнмө ээсинин өкүлү жөнүндө маалыматтар жана анын дарегин.
4. Бирликтин товардык белгисине өтүнмө берген учурда же мындай өтүнмө келип түшкөн датадан тартып 1 айдан кеч эмес убакытта өтүнмө ээси Бирликтин товардык белгисине өтүнмө берүү үчүн алым төлөнгөндүгүн тастыктоочу документти берет.
Бирликтин товардык белгисине өтүнмө берүү үчүн алым өтүнмө берүүчү мамлекеттин мыйзамдарында белгиленген өлчөмдө төлөнөт.
5. Ушул Келишимдин 5-беренесинин 2-пунктуна ылайык конвенциялык артыкчылыгын белгилөө үчүн талаптар сакталган шартта, улуттук патенттик ведомствого берилген товардык белгини каттоого өтүнмө Бирликтин товардык белгисине өтүнмөгө айлантып түзүлүшү мүмкүн.
Товардык белгини каттоого өтүнмөнү Бирликтин товардык белгисине өтүнмөгө айлантып түзүүнүн тартиби Нускама менен белгиленет.
6. Бирликтин товардык белгисине өтүнмө орус тилинде жазылат.
Бирликтин товардык белгисине өтүнмө Нускаманын талаптарына ылайык орус тилинде жазылган мындай өтүнмөнү тиркөө менен, өтүнмө берүүчү ведомствонун мамлекетинин мыйзамдарында караштырылган тилде жазылышы мүмкүн.
Мындай учурда Бирликтин товардык белгисине өтүнмөнүн мазмунун чечмелөө маселеси боюнча пикир келишпестиктер пайда болсо орус тилиндеги текст артыкчылыктуу күчкө ээ болот.
Улуттук патенттик ведомстволордун ортосундагы кат жазышуулар орус тилинде жүргүзүлөт.
7. Бирликтин товардык белгисине өтүнмө боюнча иштерди жүргүзүү эл аралык келишимдерге жана өтүнмө берүүчү ведомствонун мамлекетинин мыйзамдарына ылайык, өтүнмө ээси тарабынан өз алдынча же өкүл аркылуу, анын ичинде өтүнмө берүүчү ведомстводо катталган патенттик ишенимдүү өкүл аркылуу ишке ашырылышы мүмкүн.
5-берене. Бирликтин товардык белгисинин артыкчылыгы
1. Ушул Келишимдин максаттары үчүн Бирликтин товардык белгисинин артыкчылыгы Бирликтин товардык белгисине өтүнмө берилген дата боюнча белгиленет.
2. Бирликтин товардык белгисинин артыкчылыгы, эгерде Бирликтин товардык белгисине өтүнмө көрсөтүлгөн күндөн тартып 6 айдын ичинде өтүнмө берүүчү ведомствого берилсе, 1883-жылдан 20-мартындагы Өнөр жай менчигин коргоо боюнча Париж конвенциясына (мындан ары - Париж конвенциясы) (конвенциялык артыкчылык) катышкан мамлекетте товардык белгиге биринчи өтүнмө берилген дата боюнча белгилениши мүмкүн.
3. Париж конвенциясына катышкан мамлекеттердин биринин аймагында уюштурулган расмий же расмий түрдө таанылган эл аралык көргөзмөлөрдүн экспонаттарына коюлган Бирликтин товардык белгисинин артыкчылыгы, эгерде өтүнмө берүүчү ведомствого Бирликтин товардык белгисине өтүнмө көрсөтүлгөн күндөн тартып алты айдын ичинде берилсе, көргөзмөдө экспонатты ачык көрсөтүү (көргөзмөлүк артыкчылык) башталыш күнү боюнча белгилениши мүмкүн.
4. Билдирилген товарларга карата Бирликтин товардык белгисинин көп артыкчылыгы, Бирликтин товардык белгисине берилген өтүнмөдө көрсөтүлгөн ар кандай товарларга карата бир белгилөөгө Париж конвенциясына катышкан мамлекеттерде берилген ушул өтүнмө ээсинин товардык белгилерге бир нече өтүнмөсү болгон учурда, өтүнмө ээсинин өтүнүч каты боюнча белгиленет.
5. Эгерде Бирликтин товардык белгисине өтүнмө ал берилген күндөн кыйла мурдагы артыкчылыктын белгиленгендиги боюнча көрсөтмөнү камтыса, мындай учурда Бирликтин товардык белгисине өтүнмө берген учурда же өтүнмө берилген күндөн тартып 3 айдан кеч эмес убакытта өтүнмө ээси мындай талаптын укук ченемдүүлүгүн тастыктоочу документтерди көрсөтүүгө тийиш.
6. Бирликтин товардык белгисине бөлүнгөн өтүнмөлер биринчи өтүнмөнүн берилген датасын жана анын артыкчылыгын (мындай бар болгон учурда) сакташат.
7. Бирликтин товардык белгисинин артыкчылыгы 1891-жылдын 14-апрелиндеги Белгилерди эл аралык каттоо жөнүндө Мадрид макулдашуусуна жана 1989-жылдын 28-июнундагы Белгилерди эл аралык каттоо жөнүндө Мадрид макулдашуусунун Протоколуна ылайык, эл аралык каттоо датасы, аймактык кеңейтүү жөнүндө жазуу киргизилген дата боюнча белгилениши мүмкүн.
6-берене. Бирликтин товардык белгисине өтүнмөгө алдын ала экспертиза. Бирликтин товардык белгисине өтүнмөнү жарыялоо
1. Өтүнмө берүүчү ведомство Бирликтин товардык белгисине өтүнмө келип түшкөн күндөн тартып 1 айдын ичинде ушул Келишимдин 4-беренесинин жана Нускаманын талаптарына ылайык берилген документтердин таризделишинин тууралыгын жана алым төлөнгөндүгүн, Бирликтин товардык белгисине өтүнмөнүн берилген датасын белгилөө үчүн зарыл болгон документтердин жана маалыматтардын болушун, анын ичинде товарлардын тизмесинин түзүлүшүнүн жана алардын жиктелишинин тууралыгын текшерет.
2. Ушул Келишимдин 4-беренесинин 2-пунктунда көрсөтүлгөн элементтердин ичинен кайсы бири жок болгон учурда, өтүнмө берүүчү ведомство тарабынан Бирликтин товардык белгисине өтүнмөнү карап чыгууга кабыл алуудан баш тартуу жөнүндө чечим кабыл алынат.
3. Ушул Келишимдин 4-беренесинин 2 жана 3-пунктунда көрсөтүлгөн өтүнмөнүн материалдары туура эмес таризделген, же ушул Келишимдин 4-беренесинин 4-пунктунда көрсөтүлгөн документ, же Нускамада караштырылган башка документ туура эмес таризделген учурда, өтүнмө берүүчү ведомство өтүнмө ээсине жетишпеген документтерди берүү жана (же) көрсөтүлгөн кемчиликтерди сурам жөнөтүлгөн датадан тартып 3 айлык мөөнөттө жоюу жөнүндө сурам жөнөтөт.
Көрсөтүлгөн мөөнөт өткөнгө чейин өтүнмө ээси өтүнмө берүүчү ведомствого сурамга жооп берүүнүн мөөнөтүн узартуу жөнүндө өтүнүч кат берүүгө укуктуу.
Сурамга жооп берүүнүн мөөнөтү өтүнмө берүүчү ведомство тарабынан өтүнмө ээсинин өтүнүч катында көрсөтүлгөн мөөнөткө, бирок өтүнмө берүүчү ведомствонун мамлекетинде белгиленген өлчөмдө алым төлөнгөн шартта, сурамга жооп берүү мөөнөтү өткөн датадан тартып 3 айдан көп эмес убакытка узартылат.
Өтүнмө берүүчү ведомство тарабынан документтерди карап чыгуунун мөөнөтүн эсептөө, ушул берененин 1-пунктуна ылайык, ушул пункттун үчүнчү абзацында каралган талаптарды эске алуу менен, сурамга жооп берүү үчүн өтүнмө ээсине зарыл болгон убакытка токтотулат.
Эгерде ушул пункт менен белгиленген мөөнөттө сурамда көрсөтүлгөн жетишпеген документтер берилбесе жана (же) кемчиликтер жоюлбаса, өтүнмө берүүчү ведомство тарабынан Бирликтин товардык белгисине өтүнмөнү карап чыгууга кабыл алуудан баш тартуу жөнүндө чечим кабыл алынат, бул жөнүндө мындай чечим кабыл алынган датадан тартып 15 жумушчу күндүн ичинде өтүнмө ээсине кабарлоо жөнөтүлөт.
Карап чыгууга кабыл алуудан баш тартуу жөнүндө чечим кабыл алынган Бирликтин товардык белгисине өтүнмө боюнча юридикалык маанилүү аракеттер ишке ашырылбайт.
Ушул пункттун биринчи абзацында көрсөтүлгөн учурда, Бирликтин товардык белгисине өтүнмөнү карап чыгуунун мөөнөтү сурамга жооп алынган же жетишпеген документтер берилген датадан тартып 1 айдан аштаган убакытка узартылат.
4. Бирликтин товардык белгисине өтүнмө берүүнүн датасы өтүнмө берүүчү ведомствого ушул Келишимдин 4-беренесинин 2-пунктунда көрсөтүлгөн бардык элементтерди камтыган Бирликтин товардык белгисине өтүнмө берилген дата боюнча белгиленет.
5. Бирликтин товардык белгисине өтүнмө, анын ичинде кайра түзүлгөн өтүнмө ушул Келишимдин 4-беренесинде белгиленген талаптарга ылайык келген учурда, өтүнмө берүүчү ведомство өтүнмөнү расмий сайтта жарыялоо жөнүндө чечим кабыл алат жана мындай чечим кабыл алынган датадан тартып 5 жумуш күндүн ичинде өтүнмө ээсине Бирликтин товардык белгисине өтүнмө берилген датаны белгилөө жөнүндө кабарлайт, ошондой эле башка мүчө мамлекеттердин улуттук патенттик ведомстволоруна билдирилген белгилөөгө экспертиза жүргүзүү үчүн алымдын суммасын жана көрсөтүлгөн алымды төлөө үчүн төлөм маалымдаректерин көрсөтүү менен, документти берүү жөнүндө сурам жөнөтөт.
Бирликтин товардык белгисине өтүнмөнү ачык кирүү мүмкүндүгү менен расмий сайтта жарыялоо көрсөтүлгөн кабарлоо өтүнмө ээсине жөнөтүлгөн датадан тартып 5 жумуш күндүн ичинде ишке ашырылат.
Бирликтин товардык белгисине өтүнмөнүн жарыяланган датасы болуп ал расмий сайтка жайгаштырылган дата эсептелет.
6. Улуттук патенттик ведомстволор сурамды алган датадан тартып 5 жумушчу күндүн ичинде өтүнмө берүүчү ведомствого билдирилген белгилөөгө экспертиза жүргүзүү үчүн алымдын суммасын жана көрсөтүлгөн алымды төлөө үчүн төлөм маалымдаректерин көрсөтүү менен документти жөнөтүшөт.
Билдирилген белгилөөгө экспертиза жүргүзүү үчүн алымдын өлчөмү (анын ичинде, эгерде Бирликтин товардык белгисин каттоо Товарлардын жана кызмат көрсөтүүлөрдүн эл аралык жиктемесине ылайык бирден ашык класстардын товарларына карата суралган учурда) мүчө мамлекеттердин мыйзамдары тарабынан белгиленет.
7. Өтүнмө берүүчү ведомство ушул берененин 6-пунктунда көрсөтүлгөн документтерди алган күндөн тартып 5 жумуш күндүн ичинде өтүнмө ээсине мындай алымдардын суммасы жана аларды төлөө үчүн төлөм маалымдаректери көрсөтүлгөн документти тиркөө менен билдирилген белгилөөгө экспертиза жүргүзүү үчүн алым төлөө зарылдыгы жөнүндө кабарлоо жөнөтөт.
8. Өтүнмө ээси мүчө мамлекеттердин мыйзамдары тарабынан белгиленген өлчөмдө билдирилген белгилөөгө экспертиза жүргүзүү үчүн алым төлөө зарылдыгы жөнүндө кабарлоо жөнөтүлгөн датадан тартып 1 айдын ичинде өтүнмө берүүчү ведомствого билдирилген белгилөөгө экспертиза жүргүзүү үчүн белгиленген өлчөмдө алым төлөнгөндүгү жөнүндө маалыматты камтыган документтерди берет.
Көрсөтүлгөн документтер берилбеген учурда Бирликтин товардык белгисине өтүнмө артка чакыртылып алынды деп эсептелет, бул жөнүндө өтүнмө берүүчү ведомство 5 жумушчу күндүн ичинде өтүнмө ээсине кабарлоо жөнөтөт.
9. Өтүнмө берүүчү ведомство билдирилген белгилөөгө экспертиза жүргүзүү үчүн алым төлөнгөндүгү жөнүндө маалыматты камтыган документтерди алган датадан тартып 5 жумушчу күндүн ичинде башка мүчө мамлекеттердин Улуттук патенттик ведомстволоруна жарыяланган Бирликтин товардык белгисине өтүнмөнү жана билдирилген белгилөөгө экспертиза жүргүзүү үчүн алым төлөнгөндүгү жөнүндө маалыматты камтыган документтерди жөнөтөт.
7-берене. Бирликтин товардык белгисине жарыяланган өтүнмөгө карата кызыкдар болгон жактардын кайрылуулары
1. Бирликтин товардык белгисине өтүнмөнүн жарыяланган датасынан тартып 3 айдын ичинде Бирликтин товардык белгисине өтүнмө берүүгө байланыштуу укуктары жана мыйзамдуу кызыкчылыктары бузулган кайсы болбосун кызыкдар болгон жак өтүнмө берүүчү ведомствого ушул Келишимдин 8-беренесинде караштырылган талаптарга билдирилген белгилөөнүн ылайыксыздыгы жөнүндө өзүнүн кайрылуусун берүүгө укуктуу.
2. Өтүнмө берүүчү ведомство ушул берененин 1-пунктунда көрсөтүлгөн мөөнөт аяктаган датадан тартып 5 жумушчу күндүн ичинде кызыкдар болгон жактардан келип түшкөн кайрылуулар жөнүндө өтүнмө берүүчүгө кабарлайт жана расмий сайтка жайгаштырат.
Өтүнмө ээси өтүнмө берүүчү ведомствого кызыкдар болгон жактардын кайрылуулары келип түшкөндүгү жөнүндө кабарлоо ага жөнөтүлгөн датадан тартып 3 айдын ичинде кызыкдар болгон жактардын келип түшкөн кайрылууларына карата өзүнүн далилдерин бергенге укуктуу.
8-берене. Бирликтин товардык белгисине өтүнмөнү каттоодон баш тартуу үчүн негиздер
1. Ушул Келишимге жана Нускамага ылайык Бирликтин товардык белгиси катары төмөнкү белгилөөлөр катталбайт:
1) ушул Келишимдин күчү жайылтылбагандар;
2) айырмалоочу белгилерге ээ болбогондор;
3) сыпаттоочу болуп эсептелгендер, атап айтканда төмөнкүдөй элементтерден гана тургандар:
товарлардын түрүн, сапатын, санын, касиетин, эмнеге пайдаланыларын, баалуулугун, ошондой эле алардын чыгарылган жерин, өндүрүүнүн же сатып өткөрүүнүн ордун жана мезгилин белгилөө үчүн пайдаланылуучу;
белгилүү бир түрдөгү товарларды белгилөө үчүн жалпы колдонууга кирген;
жалпы кабыл алынган символдор жана терминдер болуп эсептелгендер;
өзгөчө же негизинен товардын касиети же арналышы менен аныкталуучу товардын же анын таңгагынын формасы болуп саналган;
4) коомдук кызыкчылыктарга, элдик тартипке, гумандуулуктун жана моралдын принциптерине каршы келген;
5) товарга, анын чыгарылган жерине же аны жасоочуга карата жалган же керектөөчүнү чаташтырууга дуушар кылууга жөндөмдүү болгон;
6) мамлекеттик символдор жана белгилер болуп саналгандар (желектер, гербдер, ордендер, акча белгилери ж.б.у.с.), мамлекеттердин кыскартылган же толук расмий аталыштары, ал аралык же өкмөттөр аралык уюмдардын аталыштары, алардын желектери, гербдери, башка символдору, белгилери жана алардын элементтери, расмий контролдук, кепилдик жана сыноочу энтамгалар, мөөрлөр, сыйлыктар жана көрсөтүлгөн объектилер менен аралашуу деңгээлине чейин окшош болгон айырмачылыктын башка белгилери жана белгилөөлөр. Эгерде буга тиешелүү мамлекеттик компетенттүү органдын, эл аралык же өкмөттөр аралык уюмдардын макулдугу болсо, мындай белгилөөлөр Бирликтин товардык белгисине корголбогон элементтер катары киргизилиши мүмкүн;
7) мүчө мамлекеттердин элдеринин маданий мурас объектилеринин расмий аталыштарына жана сүрөттөлүштөрүнө же дүйнөлүк маданий мурастарга же жаратылыш объектилерине аралашуу деңгээлине чейин окшош же бирдей;
8) мүчө мамлекеттердин аймактарында белгиленген тартипте катталган тастыктама белгилерине же ылайыктуулук белгилерине аралашуу деңгээлине чейин окшош же бирдей.
2. Ушул берененин 1-пунктунун 2 жана 3-пунктчаларында көрсөтүлгөн белгилөөлөр, эгерде алар анда үстөмдүк кылуучу абалды ээлебесе, Бирликтин товардык белгисине киргизилиши мүмкүн.
Ушул берененин 1-пунктунун 2 жана 3-пунктчаларында көрсөтүлгөн белгилөөлөр, эгерде Бирликтин товардык белгисине өтүнмө берилген датага билдирилген белгилөө пайдалануунун натыйжасында бардык мүчө мамлекеттердин аймактарында айырмалоочу жөндөмдүүлүгүнө ээ болсо, Бирликтин товардык белгиси катары катталышы мүмкүн.
Ушул берененин 1-пунктунун 2 жана (же) 3-пунктчаларында көрсөтүлгөн белгилөөлөрдүн айкалышы, эгерде ал айырмалоочу жөндөмгө ээ болсо, Бирликтин товардык белгиси катары катталышы мүмкүн.
3. Аралашуу деңгээлине чейин бирдей же окшош төмөнкү белгилөөлөр Бирликтин товардык белгиси катары катталбайт:
1) эгерде башка жактын товардык белгисин каттоого өтүнмө артка чакыртылып алынбаса же ал боюнча каттоо үчүн карап чыгууга кабыл алуудан баш тартуу жөнүндө чечим кабыл алынбаган болсо, бир түрдүү товарларга карата мүчө мамлекеттердин биринде башка жактар тарабынан каттоого билдирилген жана кыйла мурдагы артыкчылыгы бар белгилөөлөр менен;
2) мүчө мамлекеттердин биринде корголгон жана кыйла мурдагы артыкчылыгы бар бир түрдүү товарларга карата башка жактардын товардык белгилери менен;
3) билдирилген белгилөөнүн артыкчылыгына караганда кыйла мурдагы датадан тартып мүчө мамлекеттердин биринде жалпыга белгилүү товардык белги деп таанылган жана мындай мамлекеттин мыйзамдарында белгиленген тартипте ушул мамлекетте корголгон башка жактардын товардык белгилери менен.
4. Эгерде мүчө мамлекеттердин аймактарында бир түрдүү товарларга карата кыйла мурдагы артыкчылыгы бар болгон аралашуу деңгээлине чейин окшош товардык белгилерге же билдирилген белгилөөлөргө укуктар ар кандай жактарга таандык болсо, мындай учурда Бирликтин товардык белгисине укуктук коргоо берүү үчүн бардык укук ээлеринин макулдугу талап кылынат.
Жамааттык белгилер менен аралашуу деңгээлине чейин окшош белгилөөлөргө карата ушул пункттун биринчи абзацынын жоболору колдонулбайт.
5. Ушул Келишимге же мүчө мамлекеттердин мыйзамдарына ылайык корголгон ТЧЖА менен, жана эгерде Бирликтин товардык белгисин мындай каттоо товардын чыгарылган жерине жана (же) товар чыгаруучуга карата керектөөчүнү жаңылышууга алып келүүгө жөндөмдүү болсо, Бирликтин товардык белгисинин артыкчылык датасына чейин ушундай катары каттоого билдирилген белгилөө менен аралашуу деңгээлине чейин окшош же бирдей болгон кайсы болбосун товарга карата белгилөөлөр Бирликтин товардык белгиси катары катталышы мүмкүн эмес. Мындай ТЧЖА же аны менен аралашуу деңгээлине чейин окшош болгон белгилөө, эгерде Бирликтин товардык белгисин каттоо ТЧЖА катталгандарды жекелештирүү үчүн ошол эле товарларга карата ишке ашырылган болсо, мындай ТЧЖАны пайдаланууга укуктуу болгон жактын атына катталган Бирликтин товардык белгисине корголбогон элемент катары киргизилиши мүмкүн.
6. Мүчө мамлекеттердин биринде корголгон фирмалык аталыш менен, же коммерциялык белгилөө менен (мындай аталыштын же белгилөөнүн айрым элементтери менен), же аларга карата мүчө өлкөнүн аймагындагы башка жактардын укуктары катталган Бирликтин товардык белгисинин артыкчылык датасынан мурда пайда болгон жана мүчө мамлекеттин мыйзамдарына ылайык катталган селекциялык жетишкендиктин аталышы менен аралашуу деңгээлине чейин окшош же бирдей белгилөөлөр бир түрдүү товарларга карата Бирликтин товардык белгиси катары катталышы мүмкүн эмес.
7. Төмөнкү объектилер менен аралашуу деңгээлине чейин окшош же бирдей белгилөөлөр Бирликтин товардык белгиси катары катталбайт:
1) эгерде тиешелүү чыгармага автордук укук катталган Бирликтин товардык белгисинин артыкчылык датасынан мурда пайда болсо, мүчө мамлекеттердин биринде белгилүү болгон илимдин, адабият же искусство чыгармасынын аталышы, мындай чыгармадан алынган кейипкер же цитата, искусство чыгармасы же анын фрагменти - укук ээсинин макулдугу болмоюнча;
2) мүчө өлкөлөрдүн биринде белгилүү болгон фамилия, ат, псевдоним же алардан алынган белгилөө, портрет же факсимиле - ушул адамдын, же анын мураскерлеринин, же алардын укук улантуучуларынын, же ал өлгөндөн кийин ал адамдын ар-намысын жана аброюн коргоону ишке ашыруучу башка кызыкдар жактардын макулдугу болмоюнча;
3) мүчө мамлекетте ага карата укуктар катталган Бирликтин товардык белгисинин артыкчылык датасынан мурда пайда болгон жана өтүнмө ээсине таандык болбогон өнөр жай үлгүсү.
9-берене. Бирликтин товардык белгиси катары каттоого билдирилген белгилөөгө экспертиза
1. Жарыяланган Бирликтин товардык белгисине өтүнмө жана улуттук патенттик ведомстволор, анын ичинде өтүнмө берүүчү ведомство тарабынан билдирилген белгилөөгө экспертиза жүргүзүү үчүн алым төлөө жүргүзүлгөндүгү жөнүндө маалыматтарды камтыган документтер өтүнмө берүүчү ведомство тарабынан жиберилген датадан тартып 6 айдын ичинде экспертизаланат, анын жүрүшүндө ушул Келишимдин 8-беренесинин 1-5-пункттарында караштырылган Бирликтин товардык белгисин каттоодон баш тартуу үчүн негиздердин бар экендиги текшерилет.
2. Экспертизанын жыйынтыгы боюнча улуттук патенттик ведомстволор тарабынан эгерде карама-каршы коюлуучу материалдар табылган болсо аларды тиркөө менен издөөнүн жана текшерүүнүн жыйынтыктары жөнүндө маалыматтарды камтыган корутунду даярдалат. Корутундунун маалыматтары ушул берененин 1-пунктунда көрсөтүлгөн мөөнөттөн кечиктирилбестен өтүнмө берүүчү ведомствого жөнөтүлөт.
Улуттук патенттик ведомстволор өтүнмө берүүчү ведомствого ушул берененин 1-пунктунда көрсөтүлгөн мөөнөттө Бирликтин товардык белгисин каттоодон баш тартуу үчүн негиздин бар экендиги жөнүндө маалыматты бербесе, Бирликтин товардык белгисине өтүнмөгө карата мындай негиздин бар экендиги жөнүндө кабарлоо укугун жоготушат.
3. Эгерде бир түрдүү товарларга карата аралашуу деңгээлине чейин окшош же бирдей Бирликтин товардык белгилери ар кандай өтүнмө ээлери тарабынан берилсе жана бул өтүнмөлер ошол эле бир артыкчылык датасына ээ болсо, бир түрдүү деп эсептелген товарларга карата Бирликтин товардык белгиси алардын ортосундагы макулдашуу менен аныкталган өтүнмө ээлеринин биринин гана атына катталышы мүмкүн.
4. Эгерде товарлардын тизмеси толук же жарым-жартылай дал келген Бирликтин окшош товардык белгилерине өтүнмө ошол эле бир өтүнмө ээси тарабынан берилсе жана бул өтүнмөлөр ошол эле бир артыкчылык датасына ээ болсо, алар боюнча көрсөтүлгөн тизмеге дал келген товарларга карата Бирликтин товардык белгиси өтүнмө ээси тарабынан тандалып алынган бир өтүнмө боюнча гана катталышы мүмкүн.
5. Ушул берененин 3 жана 4-пункттарында караштырылган учурларда, өтүнмө берүүчү ведомство өтүнмө ээлерине тиешелүү кабарлоолорду жиберет.
Мындай кабарлоону алган күндөн тартып 6 айдын ичинде өтүнмө ээлери өтүнмө берүүчү ведомствого өтүнмөлөрдүн кайсынысы боюнча Бирликтин товардык белгисин каттоо суралгандыгы жөнүндө, ал эми Бирликтин окшош товардык белгилерине өтүнмө берген өтүнмө ээси - өзүнүн тандоосу жөнүндө кабарлоого тийиш.
Көрсөтүлгөн кабарлоо белгиленген мөөнөттө келип түшпөгөн учурда, өтүнмөлөр чакыртып алынды деп эсептелет, бул жөнүндө ушул мөөнөт аяктаган күндөн тартып 15 жумушчу күндүн ичинде өтүнмө ээлери тарабынан кабарлоолор жөнөтүлөт.
6. Өтүнмө берүүчү ведомство улуттук патенттик ведомстволордун, анын ичинде өзүнүн корутундусунун, ошондой эле ушул Келишимдин 7-беренесинде караштырылган кайрылуулардын жана далилдердин негизинде өтүнмө ээсине ушул берененин 1-пунктунда көрсөтүлгөн мөөнөт өткөн күндөн тартып 15 жумушчу күндөн кечиктирбестен, экспертизанын жыйынтыктары жөнүндө кабарлоо жөнөтөт.
Эгерде Бирликтин товардык белгисине коргоо берилүүгө мүмкүн болбосо же өтүнмө ээси сурагандан аз өлчөмдө берилүүгө мүмкүн болсо, мындай учурда ушундай кабарлоо жиберилет. Кабарлоого улуттук патенттик ведомствонун, анын ичинде өтүнмө берүүчү ведомствонун корутундулары тиркелет.
7. Өтүнмө ээси ага ушундай кабарлоо жөнөтүлгөн күндөн тартып 3 айдын ичинде билдирилген бардык товарларга же алардын бөлүктөрүнө карата Бирликтин товардык белгисине өтүнмөгө экспертизанын жыйынтыктары жөнүндө кабарлоого байланыштуу өзүнүн жүйөөлөрүн жана сын пикирлерин (мындан ары - жүйөөлөр жана сын пикирлер) берүүгө укуктуу.
Көрсөтүлгөн мөөнөт өтүнмө ээсинин өтүнүч каты боюнча өтүнмө берүүчү ведомствонун мамлекетинин мыйзамдарында белгиленген өлчөмдө алым төлөнгөн шартта, 3 айга чейин кошумча узартылышы мүмкүн.
Эгерде белгиленген мөөнөт ичинде далилдер жана сын пикирлер берилбесе, өтүнмө берүүчү ведомство бул мөөнөт өткөн күндөн тартып бир айдын ичинде Бирликтин товардык белгисине өтүнмөгө экспертизанын жыйынтыктары боюнча чечим кабыл алат.
Өтүнмө берүүчү ведомство далилдер жана эскертүүлөр, ошондой эле ушул пункттун экинчи абзацында көрсөтүлгөн өтүнүч кат келип түшкөн күндөн тартып 3 жумушчу күндөн кеч эмес убакытта алар жөнүндө улуттук патенттик ведомстволорго кабарлайт.
Улуттук патенттик ведомстволор жүйөөлөрдү жана сын пикирлерди берүүнүн мөөнөтү өткөн күндөн тартып 1 айдын ичинде аларды карап чыгат жана тиешелүү чечимдерди кабыл алып, аларды кабыл алган күндөн тартып 3 жумуш күндүн ичинде алар өтүнмө берүүчү ведомствого жөнөтүлөт.
Өтүнмө берүүчү ведомство аларды алган күндөн тартып 5 жумуш күндүн ичинде өтүнмө ээсине көрсөтүлгөн чечимдерди жөнөтүшөт.
8. Өтүнмө берүүчү ведомство тарабынан Бирликтин товардык белгисин каттоо жөнүндө же аны каттоодон баш тартуу жөнүндө чечим кабыл алынганга чейин өтүнмө ээси өтүнмө берүүчү ведомствого төмөнкүдөй өтүнүч кат менен кайрылууга укуктуу:
1) Бирликтин товардык белгисине өтүнмө берилген товарлардын тизмесин кыскартуу жөнүндө;
2) Бирликтин товардык белгисине өтүнмөнү чакыртып алуу жөнүндө;
3) Бирликтин товардык белгисине өтүнмөнү Нускаманын талаптары сакталган шартта, артыкчылык датасын сактоо менен товардык белгини каттоого улуттук өтүнмөгө айлантып түзүү жөнүндө;
4) Нускаманын талаптары сакталган шартта, Бирликтин товардык белгисине өтүнмөнү бөлүү жөнүндө.
9. Ушул берененин 8-пунктунун 3-пунктчасында караштырылган артыкчылык датасын сактоо менен товардык белгини каттоого Бирликтин товардык белгисине өтүнмөнү улуттук өтүнмөгө айлантып түзүү жөнүндө өтүнмө ээсинин өтүнүч катын карап чыгуунун жыйынтыктары боюнча өтүнмө берүүчү ведомство Бирликтин товардык белгисине өтүнмө боюнча иш кагаздарын жүргүзүүнү токтотот жана бул жөнүндө өтүнмө ээсине кабарлайт. Өтүнүч кат жана өтүнмөнүн бардык материалдары товардык белгини каттоого өзүнүн Бирликтин товардык белгисине өтүнмөсүн улуттук өтүнмөгө айлантып түзүү жол-жобосун ишке ашыруу өтүнүчү менен өтүнмө ээси кайрылган улуттук патенттик ведомствого жөнөтүлөт.
Улуттук патенттик ведомство товардык белгини каттоого Бирликтин товардык белгисине өтүнмөнү улуттук өтүнмөгө айлантып түзөт, ал товардык белгини каттоого туура таризделген улуттук өтүнмө деп таанылат.
Көрсөтүлгөн айлантып түзүү датасынан тартып 5 жумуш күндүн ичинде улуттук патенттик ведомство өтүнмө ээсине мындай айлантып түзүү жөнүндө кабарлоо жөнөтөт.
Товардык белгиге айлантып түзүлгөн өтүнмө боюнча иш кагаздарын андан ары жүргүзүү артыкчылык датасын сактоо менен улуттук патенттик ведомство тарабынан ишке ашырылат. Товардык белгини каттоого улуттук өтүнмө боюнча чечим ар бир улуттук патенттик ведомство тарабынан алар даярдаган корутундулардын негизинде кабыл алынат.
Өтүнмө ээсинин өтүнүч катын берүү, ошондой эле товардык белгини каттоого улуттук өтүнмөгө экспертиза жүргүзүү үчүн мындай учурда алым алынбайт.
10. Ушул берененин 8-пунктунун 4-пунктчасында караштырылган Бирликтин товардык белгисине өтүнмөнү бөлүү жөнүндө өтүнүч кат өтүнмө берүүчү ведомствого ал берилген датага Бирликтин товардык белгисине биринчи өтүнмөдө көрсөтүлгөн товарлардын ичинен алынган товарлардын жана Бирликтин товардык белгисине биринчи өтүнмөдө камтылган башка товарларга карата жана Бирликтин товардык белгисине биринчи өтүнмөдө күчүндө калган товарларга карата бир түрдө болбогон товарлардын тизмесин камтууга тийиш.
10-берене. Бирликтин товардык белгисине өтүнмөгө өзгөртүүлөрдү киргизүү
1. Бирликтин товардык белгисин каттоо жөнүндө чечим кабыл алынганга чейин өтүнмө ээси Бирликтин товардык белгисине өзгөртүү киргизүүгө укуктуу.
Бирликтин товардык белгисине өтүнмөгө өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө өтүнүч кат өтүнмө берүүчү ведомствого берилет.
2. Билдирилген белгилөөгө маанилүү өзгөртүү киргизүү же Бирликтин товардык белгисине өтүнмөдө көрсөтүлгөн товарлардын тизмесин кеңейтүү учурунда өтүнүч кабыл алынбайт. Мындай өзгөртүүлөр өтүнмө ээси тарабынан өз алдынча өтүнмө катары таризделиши мүмкүн.
Өтүнмө берүүчү ведомство ушул берененин 1-пунктунда көрсөтүлгөн өзгөртүүлөрдү Бирликтин товардык белгисине өтүнмөгө киргизет. Фамилиясы, аты, атасынын аты (бар болгон учурда), өтүнмө ээсинин, өтүнмө ээсинин өкүлүнүн даректери же аталыштары (эгерде ал мурдагы бойдон калса) жана (же) кат жазышуу үчүн даректер өзгөргөн учурда, же Бирликтин товардык белгисине өтүнмөгө укуктар башка жакка өткөрүлүп берилген же ыйгарылып берилген учурда, өтүнмө ээси өтүнмө берүүчү ведомствого чечим кабыл алынганга чейин өтүнмөнүн материалдарына тиешелүү өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө өтүнүч кат берүүгө милдеттүү.
3. Өтүнмөнүн материалдарына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө өтүнүч катты карап чыгуунун жыйынтыгы жөнүндө өтүнмө берүүчү ведомство өтүнмө ээсине жана улуттук патенттик ведомстволорго кабарлайт.
4. Бирликтин товардык белгисине өтүнмөнүн материалдарына өзгөртүүлөрдү киргизүү үчүн өтүнмө берүүчү ведомствонун мамлекетинин мыйзамдарында белгиленген өлчөмдө алым төлөнөт.
11-берене. Улуттук патенттик ведомстволордун чечимдерине даттануу
1. Ушул Келишимдин 9-беренесинин 7-пунктунун бешинчи абзацына ылайык кабыл алынган улуттук патенттик ведомствонун чечимине өтүнмө ээси макул болбогон учурда, өтүнмө ээси өтүнмө берүүчү ведомство тарабынан көрсөтүлгөн чечим жөнөтүлгөн датадан тартып 3 айдын ичинде улуттук патенттик ведомствого мындай чечимге даттануу (арыз) (мындан ары - даттануу (арыз) жөнөтүүгө укуктуу.
2. Даттануулар (арыздар) мүчө мамлекеттердин мыйзамдарына ылайык улуттук патенттик ведомстволорго берилет.
3. Улуттук патенттик ведомство өтүнмө берүүчү ведомствого келип түшкөн даттануу (арыз) жөнүндө ал келип түшкөн датадан тартып 5 жумуш күндүн ичинде кабарлайт.
4. Даттануулар (арыздар) улуттук патенттик ведомствого келип түшкөн күндөн тартып 3 айдан ашпаган мөөнөттө каралып чыгат.
5. Эгерде ушул берененин 3-пунктунда көрсөтүлгөн мөөнөт ичинде өтүнмө берүүчү ведомство улуттук патенттик ведомстводон даттануу (арыз) келип түшкөндүгү жөнүндө кабарлоону албаса, мындай учурда өтүнмө берүүчү ведомство бул мөөнөт аяктаган күндөн тартып бир айдын ичинде билдирилген товарлардын бир бөлүгүнө карата Бирликтин товардык белгисин каттоо жөнүндө же Бирликтин товардык белгисин каттоодон баш тартуу жөнүндө чечим кабыл алат.
6. Өтүнмө ээси тарабынан улуттук патенттик ведомствонун чечимине даттануу болгон учурда Бирликтин товардык белгисине өтүнмө боюнча чечим өтүнмө берүүчү ведомство тарабынан, ички мамлекеттик даттануулардын бардык мүмкүнчүлүктөрү бүткөн шартта кабыл алынат.
7. Даттануунун ички мамлекеттик жол-жоболорунун бүтүшүнүн жыйынтыгы жөнүндө улуттук патенттик ведомство өтүнмө берүүчү ведомствого кабарлайт.
12-берене. Бирликтин товардык белгисине өтүнмөгө экспертизанын жыйынтыгы боюнча кабыл алынуучу чечимдер
1. Ушул Келишимдин 9-беренесинин жоболоруна ылайык улуттук патенттик ведомстволор, анын ичинде өтүнмө берүүчү ведомство тарабынан даярдалган (кабыл алынган) корутундулардын жана чечимдердин (эгерде алар кабыл алынган болсо) негизинде жана мындай чечимдерге даттануунун (эгерде аларга даттануулар болсо) жыйынтыктарын эске алуу менен ушул Келишимдин 11-беренесинин жоболоруна ылайык өтүнмө берүүчү ведомство Бирликтин товардык белгисине өтүнмөгө экспертизанын жыйынтыгы боюнча төмөнкү чечимдердин бирин кабыл алат:
1) бардык билдирилген товарларга карата Бирликтин товардык белгисин каттоо жөнүндө чечим. Эгерде Бирликтин товардык белгисин каттоо суралган товарлар үчүн товарлардын бүтүндөй тизмесине карата Бирликтин товардык белгисин коргоого алуу мүмкүндүгү жөнүндө корутунду ушул Келишимдин 9-беренесинин 1-пунктунда караштырылган мөөнөт ичинде даярдалган бардык корутундуларда, же ушул пункттун биринчи абзацында көрсөтүлгөн бардык корутундуларда (чечимдерде) бар болсо, ушундай чечим кабыл алынат;
2) билдирилген товарлардын бир бөлүгүнө карата Бирликтин товардык белгисин каттоо жөнүндө чечим. Эгерде ушул пункттун биринчи абзацында көрсөтүлгөн корутундулардын (чечимдердин) жок дегенде биринде Бирликтин товардык белгисин каттоо суралган товарлардын белгилүү бир бөлүгүнө карата Бирликтин товардык белгисине укуктук коргоо берүүнүн мүмкүн эместиги жөнүндө корутунду камтылган болсо, мындай чечим кабыл алынат. Мында Бирликтин товардык белгисин каттоо жөнүндө чечим ушул пункттун биринчи абзацында көрсөтүлгөн бардык корутундуларда (чечимдерде) Бирликтин товардык белгисин коргоого алуунун мүмкүндүгү жөнүндө корутундуну камтыган билдирилген товарлардын ошол бөлүгүнө карата кабыл алынат;
3) Бирликтин товардык белгисин каттоодон баш тартуу жөнүндө чечим. Эгерде ушул пункттун биринчи абзацында көрсөтүлгөн корутундулардын (чечимдердин) эң жок дегенде бирөөндө Бирликтин товардык белгисин каттоо суралган товарлардын бүтүндөй тизмесине карата Бирликтин товардык белгисине коргоо берүүнүн мүмкүн эместиги жөнүндө корутунду камтылган болсо, ушундай чечим кабыл алынат.
2. Билдирилген товарлардын бардыгына же бир бөлүгүнө карата Бирликтин товардык белгисин каттоо же Бирликтин товардык белгисин каттоодон баш тартуу жөнүндө чечим ал кабыл алынган күндөн тартып 5 жумушчу күндөн кечиктирбестен өтүнмө ээсине жана улуттук патенттик ведомстволорго жөнөтүлөт.
Бирликтин товардык белгисин каттоо жөнүндө чечимди өтүнмө ээси алган күндөн тартып 1 айдан кечиктирбестен ал Бирликтин товардык белгисин каттоо жана Бирликтин товардык белгисине күбөлүк берүү үчүн өтүнмө берүүчү ведомствонун мамлекетинин мыйзамдарында белгиленген өлчөмдө алым төлөйт.
3. Бирликтин товардык белгисин каттоо жана Бирликтин товардык белгисине күбөлүк берүү үчүн алым төлөнгөндүгү жөнүндө маалыматтарды камтыган документтер берилбеген учурда, Бирликтин товардык белгисине өтүнмө чакыртылып алынды деп эсептелет, күбөлүк берүү жүргүзүлбөйт, бул жөнүндө өтүнмө берүүчү ведомство 5 жумушчу күндүн ичинде өтүнмө ээсине кабарлоо жөнөтөт.
13-берене. Бирликтин товардык белгилеринин бирдиктүү реестри
1. Бирликтин товардык белгисин каттоо жөнүндө чечимдин негизинде өтүнмө берүүчү ведомство Бирликтин товардык белгисин каттоо жана Бирликтин товардык белгисине күбөлүк берүү үчүн алым төлөнгөндүгүн тастыктоочу документ өтүнмө ээси тарабынан берилген күндөн тартып 5 жумушчу күндүн ичинде өтүнмө берүүчү ведомство Бирликтин товардык белгилеринин бирдиктүү реестринде Бирликтин товардык белгисин каттайт жана Бирликтин товардык белгисине күбөлүк берет.
Бирликтин товардык белгилеринин бирдиктүү реестрине киргизилүүчү маалыматтардын курамы, ошондой эле Бирликтин товардык белгисине күбөлүктүн формасы жана анда көрсөтүлгөн маалыматтардын курамы Нускама менен аныкталат.
2. Бирликтин товардык белгилеринин бирдиктүү реестринин улуттук бөлүмдөрүнүн маалыматтарынын ишенимдүүлүгү жана толуктугу үчүн жоопкерчиликти тиешелүү маалыматты жайгаштырган улуттук патенттик ведомстволор алышат.
3. Бирликтин товардык белгилеринин бирдиктүү реестрине киргизилген маалыматтар улуттук патенттик ведомстволордун Бирликтин товардык белгилерин каттоо жөнүндө чечимдеринде камтылган маалыматтарына дал келбеген учурда, көрсөтүлгөн чечимдерде камтылган маалыматтар артыкчылыкка ээ болот.
4. Бирликтин товардык белгилеринин бирдиктүү реестринин маалыматтарына оңдоолорду жана өзгөртүүлөрдү киргизүү өтүнмө берүүчү ведомствонун мамлекетинин мыйзамдарында белгиленген өлчөмдө алым төлөнгөн шартта, Нускамада белгиленген тартипте ишке ашырылат.
5. Бирликтин товардык белгилеринин бирдиктүү реестринин улуттук бөлүмүн алып барган улуттук патенттик ведомство бул бөлүмдөн көчүрмө бөлүктү тариздеп, ага улуттук патенттик ведомствонун жетекчиси кол коёт.
Мындай көчүрмө бөлүк бардык мүчө мамлекеттердин аймактарында бирдей юридикалык күчкө ээ болот.
14-берене. Товардык белгини улуттук каттоону Бирликтин товардык белгисин каттоого алмаштыруу
Эгерде окшош белгилөө ошол эле бир укук ээсинин атына мүчө өлкөлөрдүн биринде толук же жарым-жартылай дал келүүчү товарлардын тизмеси үчүн товардык белги катары катталган болсо, мындай жак өзүнүн тандоосу боюнча кайсы болбосун улуттук ведомствого Бирликтин товардык белгисине күбөлүк берүү жөнүндө өтүнүч кат берүүгө укуктуу.
Бирликтин товардык белгисине күбөлүк, Бирликтин товардык белгисин каттоо жана Бирликтин товардык белгисине күбөлүк берүү үчүн өтүнмө берүүчү ведомствонун мамлекетинин мыйзамдарында белгиленген өлчөмдө алым төлөнгөн шартта, анда мүчө мамлекеттердин ар биринин аймагында толук дал келүүчү товарларга карата мындай товардык белгинин артыкчылык датасын көрсөтүү менен, бул мөөнөт кечирээк бүтө турган мүчө мамлекетте товардык белгиге өзгөчө укуктун күчүнүн мөөнөтүнө берилет.
Улуттук патенттик ведомстволор товардык белгилердин улуттук реестрлеринде Бирликтин товардык белгисин Бирликтин товардык белгилеринин бирдиктүү реестринде каттоо жөнүндө жана мүчө мамлекеттердин ар биринде мурдагы каттоого байланыштуу алынган укуктарды бузбастан мурдагы улуттук каттоону ушундай каттоо менен алмаштыруу жөнүндө белги коюуга милдеттүү.
15-берене. Бирликтин товардык белгисине укуктук коргоо берүүнү жараксыз деп таануу
Бирликтин товардык белгисине укуктук коргоо берүү, эгерде кайрылуунун мындай тартиби тиешелүү мамлекеттин мыйзамдарында караштырылган болсо, бул мамлекеттин улуттук патенттик ведомствосуна, апелляциялык органга жана (же) түздөн-түз сотко каршылык (даттануу) берүү жолу менен кайсы мүчө мамлекет болбосун анын аймагында товарлардын бардыгына же алардын бир бөлүгүнө карата каршылык билдирилиши жана жараксыз деп таанылышы мүмкүн:
Бирликтин товардык белгисине өзгөчө укуктун күчүнүн мөөнөтүндө - эгерде Бирликтин товардык белгисине укуктук коргоо ушул Келишимдин 8-беренесинин 1, 6 жана 7-пункттарына ылайык көрсөтүлгөн талаптарды бузуу менен берилген болсо;
Бирликтин товардык белгисинин Бирликтин товардык белгилеринин бирдиктүү реестринде катталган датасынан тартып 5 жылдын ичинде - эгерде Бирликтин товардык белгисине ушул Келишимдин 8-беренесинин 3 жана 5-пункттарында белгиленген негиздер боюнча укуктук коргоо берүүгө мүмкүн болбосо;
Бирликтин товардык белгисине өзгөчө укуктун күчүнүн бүтүндөй мөөнөтүндө - эгерде Бирликтин товардык белгисине же ага аралашуу деңгээлине чейин окшош болгон Бирликтин башка товардык белгисине укуктук коргоо берүүгө жана аны пайдаланууга байланыштуу укук ээсинин аракеттери белгиленген тартипте кыянаттык менен пайдаланылган же ак ниет эмес атаандаштык деп таанылган болсо.
16-берене. Бирликтин товардык белгисин укуктук коргоону токтотуу
1. Бирликтин товардык белгисин укуктук коргоо төмөнкүдөй учурларда токтотулат:
1) Бирликтин товардык белгисине өзгөчө укуктун күчүнүн мөөнөтү аяктагандыгына байланыштуу;
2) укук ээси Бирликтин товардык белгисине укуктан баш тарткан учурда;
3) бул белгинин алардын сапаттарынын бирдиктүү мүнөздөмөсүнө же башка жалпы мүнөздөмөлөргө ээ болбогон товарларга пайдаланылышына байланыштуу Бирликтин товардык белгисин укуктук коргоону мөөнөтүнөн мурда токтотуу жөнүндө соттун чечиминин негизинде;
4) кайсы болбосун жактын арызы боюнча, Бирликтин товардык белгисин укуктук коргоону мөөнөтүнөн мурда токтотуу жөнүндө улуттук патенттик ведомствонун чечиминин же соттун чечиминин негизинде укук мураскери жок болгондо, төмөнкүдөй учурларда:
юридикалык жактын - Бирликтин товардык белгисинин укук ээсинин жоюлушу (ишин токтотушу);
жеке жактын - Бирликтин товардык белгисинин укук ээсинин өлүмү;
5) Бирликтин товардык белгиси товарлардын белгилүү бир түрүн белгилөө катары жалпы колдонууга кирген белгилөөгө айланган учурда, кызыкдар болгон жактын арызы боюнча, Бирликтин товардык белгисин укуктук коргоону мөөнөтүнөн мурда токтотуу жөнүндө улуттук патенттик ведомствонун же соттун чечиминин негизинде;
6) бардык товарларга карата анын пайдаланылбагандыгынын натыйжасында Бирликтин товардык белгисин укуктук коргоону мөөнөтүнөн мурда токтотуу жөнүндө соттун чечиминин негизинде. Эгерде соттун чечими товарлардын бир бөлүгүнө карата гана кабыл алынса, Бирликтин товардык белгисин укуктук коргоо товарлардын ушул бөлүгүнө карата токтотулат.
2. Бирликтин товардык белгисин укуктук коргоо, анын Бирликтин товардык белгилеринин бирдиктүү реестринде катталган датасынан тартып кайсы болбосун 3 жыл ичинде үзгүлтүксүз пайдаланылбагандыгынын натыйжасында мөөнөтүнөн мурда токтотулушу мүмкүн.
Анын пайдаланылбагандыгынын натыйжасында Бирликтин товардык белгисин укуктук коргоону мөөнөтүнөн мурда токтотуу жөнүндө арыз көрсөтүлгөн 3 жыл өткөндөн кийин, мындай арыз берилгенге чейин Бирликтин товардык белгиси пайдаланылбаган шартта, кызыкдар болгон жак тарабынан сотко берилет.
Бирликтин товардык белгисин каттоону күчүндө кармоо үчүн анын пайдаланылбагандыгынын натыйжасында Бирликтин товардык белгисин укуктук коргоону мөөнөтүнөн мурда токтотуу жол-жоболорун ишке ашырууда кайсы болбосун мүчө мамлекеттин аймагында Бирликтин товардык белгисинин пайдаланылышы эске алынат.
Ушул Келишимдин максаттары үчүн Бирликтин товардык белгисин пайдалануу деп, анын лицензиялык келишиминин негизинде мындай укук берилген укук ээси же жак, же укук ээсинин контролу астында Бирликтин товардык белгисин пайдаланууну ишке ашыруучу башка жак тарабынан пайдаланылышы (тиешелүү аракеттер товарды жарандык жүгүртүүгө түздөн-түз киргизүүгө байланышпаган учурлардан тышкары), ошондой эле анын айырмалоочу жөндөмдүүлүгүнө таасир этпеген жана төмөнкүдөй жол менен Бирликтин товардык белгисине берилген укуктук коргоону чектебей турган айрым элементтерин өзгөртүү аркылуу Бирликтин товардык белгисинин пайдаланылышы таанылат:
Бирликтин товардык белгисин алар үчүн ал катталган товарларда, этикеткаларда жана бул товарлардын таңгактарында колдонуу жолу менен;
Бирликтин товардык белгиси менен белгиленген товарларды даярдоо, сатууга сунуштоо, сатуу, сактоо, алып кирүү жолу менен;
Бирликтин товардык белгисин жумуштарды аткарууда, кызматтарды көрсөтүүдө колдонуу жолу менен;
Бирликтин товардык белгисин көргөзмөлөрдө жана жарманкелерде, жарнамада, басылмаларда, көрнөктөрдө, товарларды жарандык жүгүртүүгө байланышкан документтерде, "Интернет" маалыматтык-телекоммуникациялык тарамында, анын ичинде домендик аталышта демонстрациялоодо колдонуу жолу менен.
Анын пайдаланылбагандыгынын натыйжасында Бирликтин товардык белгисин укуктук коргоону мөөнөтүнөн мурда токтотуу жөнүндө маселени чечүүдө укук ээси Бирликтин товардык белгисинин пайдаланылгандыгынын далилдерин көрсөтөт, мында укук ээси тарабынан көрсөтүлгөн Бирликтин товардык белгисинин андан көз карандысыз жагдайлар боюнча пайдаланылбагандыгы жөнүндө далилдер эске алынышы мүмкүн.
3. Бирликтин товардык белгисин укуктук коргоо ушул Келишимдин 15-беренесине ылайык жараксыз деп таанылышы, же ушул берененин 1-пунктунун 3-6-пунктчаларында караштырылган негиздер боюнча, укук ээсине өз укуктарын коргоо үчүн жетишерлик убакыт бербестен токтотулушу мүмкүн.
17-берене. Бирликтин товардык белгисин каттоону жокко чыгаруу
1. Улуттук патенттик ведомстволор, соттор, ошондой эле укуктары көрсөтүлгөн органдардын чечимдерин козгогон кызыкдар болгон жактар өтүнмө берүүчү ведомствого ушул Келишимдин 15-16-беренелерине ылайык кабыл алынган мүчө мамлекеттердин мыйзамдарына ылайык мыйзамдуу күчүнө кирүүчү чечимдер жөнүндө кабарлайт.
Көрсөтүлгөн чечимдер Нускамада белгиленген тартипте Бирликтин товардык белгилеринин бирдиктүү реестриндеги Бирликтин товардык белгисинин каттоосун жокко чыгаруу үчүн негиз болуп эсептелет.
Бирликтин товардык белгисинин каттоосу өтүнмө берүүчү ведомство тарабынан Бирликтин товардык белгисине укуктук коргоо берүүнүн жараксыз деп таанылышына же Бирликтин товардык белгисине укуктук коргоонун токтотулушуна байланыштуу жокко чыгарылат.
2. Товарлардын бир бөлүгү үчүн Бирликтин товардык белгисине укуктук коргоо берүүнү жараксыз деп таануу жөнүндө чечимдин же товарлардын бир бөлүгүнө карата Бирликтин товардык белгисин укуктук коргоону мөөнөтүнөн мурда токтотуу жөнүндө чечимдин негизинде өтүнмө берүүчү ведомство Бирликтин товардык белгисине биринчи күбөлүктү жокко чыгарат жана артыкчылык датасын сактоо менен, такталган товарлардын тизмесине карата бардык мүчө мамлекеттердин аймагында Бирликтин товардык белгисине өзгөчө укукту күбөлөндүрүүчү Бирликтин товардык белгисине жаңы күбөлүктү берет.
3. Бирликтин товардык белгилеринин бирдиктүү реестринде жокко чыгарылган Бирликтин товардык белгисинин каттоосу, Нускамада белгиленген талаптар жана тартип сакталган шартта, укук ээсинин же анын укук мураскеринин улуттук патенттик ведомствого берилген өтүнүч катынын негизинде ал боюнча товардык белгинин артыкчылыгын сактоо менен улуттук өтүнмөгө айлантып түзүлүшү мүмкүн.
18-берене. Бирликтин товардык белгисине өзгөчө укукту тескөө
1. Укук ээси Бирликтин товардык белгисине өзгөчө укукту тескөөгө укуктуу.
2. Бирликтин товардык белгисине өзгөчө укук укукту өткөрүп берүүнүн (өткөрүп берүүнүн, ажыратуунун), келишимди (лицензиялык (сублицензиялык), комплекстүү ишкердик лицензиялык келишимди (коммерциялык концессия (субконцессия) келишимин), күрөөнү же ушул мамлекетте катталган товардык белгилер үчүн мүчө мамлекеттин мыйзамдарында караштырылган ыкмалар аркылуу башка тескөөлөрдү пайдаланууга укук берүүнүн, ошондой эле универсалдык укук улантуучулук тартибине өтүүнүн жана укук ээсинин мүлкүнө жаза-чара колдонуунун объектиси болушу мүмкүн.
3. Бирликтин товардык белгисине өзгөчө укукту келишим боюнча өткөрүп берүү (өткөрүп берүү, ажыратуу) өтүнмө берүүчү ведомствонун мамлекетинин мыйзамдарында белгиленген тартипте өтүнмө берүүчү ведомстводо катталууга тийиш.
Бирликтин товардык белгисине өзгөчө укук, эгерде бул мүчө мамлекеттердин мыйзамдарында караштырылган болсо жана бир эле учурда бардык мүчө мамлекеттердин аймактарында мындай өткөрүп берүү ишке ашкан шартта гана, товарлардын бардыгына же бир бөлүгүнө карата өткөрүлүп берилиши (өткөрүлүп берилиши, ажыратылышы) мүмкүн.
Товарлардын бир бөлүгүнө карата Бирликтин товардык белгисине өзгөчө укукту өткөрүп берүү (өткөрүп берүү, ажыратуу) учурунда өтүнмө берүүчү ведомство тарабынан Бирликтин товардык белгисине жаңы күбөлүк берилет.
Бирликтин товардык белгисине өзгөчө укукту өткөрүп берүү (өткөрүп берүү, ажыратуу) жөнүндө келишим мындай укукту өткөрүп берүү (өткөрүп берүү, ажыратуу) катталууга тийиш болгон мүчө-мамлекеттин мыйзамдарынын талаптарына ылайык жазуу түрүндө түзүлөт.
Бирликтин товардык белгисине өзгөчө укукту өткөрүп берүүнү (өткөрүп берүүнү, ажыратууну), келишимсиз өткөрүүнү каттоо жөнүндө маалыматтар өтүнмө берүүчү ведомство тарабынан Бирликтин товардык белгилеринин бирдиктүү реестрине киргизилет.
4. Бирликтин товардык белгисине өзгөчө укук мыйзамдары товардык белгиге өзгөчө укуктун күрөөсүн караштырган мүчө мамлекетте (мүчө мамлекеттерде) күрөөнүн предмети болушу мүмкүн.
Бирликтин товардык белгисине өзгөчө укуктун күрөөсү көрсөтүлгөн күрөөнү каттоо үчүн ушул мамлекеттин мыйзамдарында белгиленген тартипте өтүнмө берүүчү ведомстводо катталууга тийиш.
Бирликтин товардык белгисине өзгөчө укуктун күрөөсүн каттоо жөнүндө маалыматтар өтүнмө берүүчү ведомство тарабынан Бирликтин товардык белгилеринин бирдиктүү реестрине киргизилет.
5. Лицензиялык (сублицензиялык) келишим боюнча же башка келишим боюнча Бирликтин товардык белгисин пайдаланууга укук берүү товардык белгини пайдаланууга укук берүүнү каттоо үчүн мүчө мамлекеттердин мыйзамдарында белгиленген тартипте Бирликтин товардык белгисин пайдаланууга алардын аймагында укук бериле турган мүчө мамлекеттердин улуттук патенттик ведомстволорунун биринде катталууга тийиш.
Бирликтин товардык белгисин келишим (лицензиялык, сублицензиялык жана (же) башка) боюнча пайдаланууга укук берүүнүн катталышы жөнүндө маалыматтар улуттук патенттик ведомство тарабынан Бирликтин товардык белгилеринин бирдиктүү реестрине киргизилет.
6. Бирликтин товардык белгисине өзгөчө укукту келишим боюнча тескөөнү каттоо үчүн мындай каттоо ишке ашырылган мүчө мамлекеттин мыйзамдарында белгиленген өлчөмдө мындай тескөөнү каттоо үчүн алым төлөнөт.
7. Лицензиялык келишимдин же анын жардамы менен мүчө мамлекеттин мыйзамдарына ылайык Бирликтин товардык белгисин пайдаланууга укук берүүчү башка келишимдин, Бирликтин товардык белгисине өзгөчө укуктун күрөөсү жөнүндө келишимдин тарабы (тараптары) келишимдин тиешелүү түрү үчүн бул мамлекеттин мыйзамдары менен аныкталган тартипте мындай келишимди өзгөртүү же күчүн токтотуу жөнүндө келишим боюнча өзгөчө укуктун тиешелүү тескөөсү анын аймагында катталган мүчө мамлекеттин улуттук патенттик ведомствосуна кабарлоого милдеттүү.
Бирликтин товардык белгисине өзгөчө укукту тескөөнү Бирликтин товардык белгилеринин бирдиктүү реестринде каттоосуз мындай тескөө болгон жок деп эсептелет. Бүтүмдүн жараксыздыгынын кесепеттери мүчө мамлекеттердин мыйзамдары менен аныкталат.
19-берене. Бирликтин жамааттык белгисин тескөөнүн өзгөчөлүктөрү
1. Бирликтин жамааттык белгисине берилген укук ажыратылбайт жана лицензиялык келишимдин же анын жардамы менен аны пайдаланууга укук бериле турган башка келишимдин предмети болушу мүмкүн эмес.
2. Бирликтин жамааттык белгисин каттаган бирикмеге кирген жак Бирликтин жамааттык белгиси менен катар өзүнүн товардык белгисин пайдаланууга укуктуу.
3. Бирликтин жамааттык белгисинин укук ээси өтүнмө берүүчү ведомствого Бирликтин жамааттык белгисинин уставындагы (жобосундагы) өзгөртүүлөр жөнүндө кабарлоого милдеттүү.
4. Нускаманын талаптарына ылайык жана өтүнмө берүүчү ведомствонун мамлекетинин мыйзамдарында белгиленген өлчөмдө алым төлөнгөн шартта, Бирликтин жамааттык белгиси жана Бирликтин жамааттык белгисине өтүнмө ылайыктыгына жараша Бирликтин товардык белгисине жана Бирликтин товардык белгисине өтүнмөгө айлантып же тескерисинче өзгөртүп түзүлүшү мүмкүн.
III глава. Бирликтин товарлары чыгарылган жерлердин аталыштары
20-берене. Бирликтин товарлары чыгарылган жерлердин аталыштарын каттоонун тартиби
1. Бирликтин ТЧЖАсына өтүнмө өтүнмө ээси тарабынан өтүнмө берүүчү ведомствого Нускамада белгиленген форма жана тартип боюнча берилет.
Эгерде өтүнмө ээси болуп мүчө мамлекеттин юридикалык же жеке жагы эсептелсе, анда өтүнмө берүүчү ведомство болуп Бирликтин ТЧЖАсы катары каттоого билдирилген географиялык объект, аталыш (мындай аталыштан келип чыккан) жайгашкан мамлекеттин улуттук патенттик ведомствосу эсептелет. Эгерде өтүнмө ээси болуп Бирликтин мүчөсү болуп эсептелбеген мамлекеттин юридикалык же жеке жагы эсептелсе, анда өтүнмө берүүчү ведомство кайсы болбосун мүчө өлкөнүн улуттук патенттик ведомствосу болушу мүмкүн.
2. Бирликтин ТЧЖАсына өтүнмө Бирликтин бир ТЧЖАсына тиешелүү болууга жана төмөнкүлөрдү камтууга тийиш:
1) өтүнмө ээсинин аталышы (фамилиясы, аты, атасынын аты (бар болгон учурда) жана өтүнмө ээсинин турган жери (жашаган жери), ошондой эле өтүнмө берүүчү ведомствонун мамлекетинин аймагында кат алышуу үчүн дарек;
2) билдирилген белгилөө;
3) Бирликтин ТЧЖАсын каттоо жана пайдалануу укугун берүү же анын чыгарылган жерин (географиялык объектинин чек араларын) көрсөтүү менен, катталган Бирликтин ТЧЖАсын пайдалануу укугун берүүдө суралып жаткан белгилөө үчүн товардын аталышын көрсөтүү;
4) товардын өзгөчө касиеттеринин сыпаттамасы.
3. Бирликтин ТЧЖАсына өтүнмөгө төмөнкү документтер тиркелет:
1) Бирликтин ТЧЖАсы катары каттоого билдирилген географиялык объект, аталыш (мындай аталыштан келип чыккан) жайгашкан мүчө мамлекеттин юридикалык же жеке жагы үчүн - өтүнмө ээси өзгөчө касиеттери ушул географиялык объектинин жаратылыш шарттарына жана (же) адамдык факторлоруна ылайыктуу мүнөздүүлүгү менен аныкталган товарды чыгаргандыгы жөнүндө мүчө мамлекеттин ыйгарым укуктуу органынын корутундусу;
2) Бирликтин мүчөсү болуп эсептелбеген мамлекеттин юридикалык же жеке жагы үчүн - товар келип чыккан мамлекетте Бирликтин билдирилген ТЧЖАсын пайдаланууга мындай жактын укугун тастыктоочу документ;
3) Өтүнмө берүүчү ведомствонун мыйзамдарында белгиленген өлчөмдө Бирликтин ТЧЖАсына өтүнмө берүү жана экспертиза үчүн алым төлөнгөндүгүн тастыктоочу документтер.
4. Бирликтин ТЧЖАсына өтүнмөгө, Бирликтин ТЧЖАсына өтүнмөгө тиркелүүчү документтерге карата талаптар жана өтүнмө берүүчү ведомство тарабынан Бирликтин ТЧЖАсына өтүнмөгө экспертиза жүргүзүүнүн тартиби өтүнмө берүүчү мамлекеттин мыйзамдарында белгиленет.
Бирликтин ТЧЖАсына өтүнмө боюнча өтүнмө берүүчү ведомство менен иштерди жүргүзүү өтүнмө ээси тарабынан өз алдынча же өкүл аркылуу, анын ичинде тиешелүү өтүнмө берүүчү ведомстводо катталган патенттик ишенимдүү өкүл аркылуу ишке ашырылышы мүмкүн.
5. Бирликтин ТЧЖАсы деп товарды белгилүү бир географиялык объектинин аймагынан келип чыккан жана бул объектинин аталышын камтыбаса да бөтөнчө касиеттери өзгөчө же негизинен ушул географиялык объект үчүн мүнөздүү болгон жаратылыш шарттары жана (же) адамдык факторлору менен аныкталуучу товарга карата бул белгилөөнү пайдалануунун натыйжасында белгилүү болуп калган товар катары жекелештирүүгө мүмкүндүк берген белгилөө таанылышы мүмкүн.
Белгилер географиялык объектини көрсөтүп же анын аталышын камтып турса да, бирок товар чыгарылган жер менен байланышы жок белгилүү бир түрдөгү товарды белгилөө катары кайсы болбосун мүчө мамлекеттин аймагында жалпы пайдаланууга кирип калса, Бирликтин ТЧЖАсы болуп таанылбайт.
6. Бирликтин ТЧЖАсына өтүнмөгө экспертизанын жыйынтыгы боюнча кабыл алынган чечимге өтүнмө ээси макул болбогон учурда, ал чечимди алган датадан тартып 3 айдын ичинде өтүнмө берүүчү ведомствонун мамлекетинин мыйзамдарында белгиленген тартипте ага даттанууга укуктуу.
7. Бирликтин ТЧЖАсын каттоо жана аны пайдаланууга укук берүү жөнүндө чечим же катталган Бирликтин ТЧЖАсын пайдаланууга укук берүү жөнүндө чечим кабыл алган өтүнмө берүүчү ведомство 5 жумушчу күндүн ичинде өтүнмө ээсине кабыл алынган чечим жөнүндө кабарлайт жана улуттук патенттик ведомстволорго Бирликтин ТЧЖАсын каттоо үчүн жана (же) пайдалануу укугу жөнүндө күбөлүк берүү үчүн алымдардын суммасын жана мындай алымдарды төлөө үчүн төлөө маалымдаректерин көрсөтүү менен, документтерди берүү жөнүндө сурамдарды жөнөтөт.
Улуттук патенттик ведомстволор сурамды алган датадан тартып 5 жумуш күндүн ичинде өтүнмө берүүчү ведомствого Бирликтин ТЧЖАсын каттоо үчүн жана (же) пайдалануу укугу жөнүндө күбөлүк берүү үчүн алымдардын суммасын жана мындай алымдарды төлөө үчүн төлөө маалымдаректерин көрсөтүү менен, документтерди жөнөтөт.
Көрсөтүлгөн алымдардын өлчөмдөрү мүчө мамлекеттердин мыйзамдары менен белгиленет.
Өтүнмө ээси Бирликтин ТЧЖАсын каттоо үчүн жана (же) пайдалануу укугу жөнүндө күбөлүк берүү үчүн алымдардын зарылдыгы жөнүндө кабарлоо жөнөтүлгөн датадан тартып 1 айдын ичинде өтүнмө берүүчү ведомствого Бирликтин ТЧЖАсын каттоо үчүн жана (же) пайдалануу укугу жөнүндө күбөлүк берүү үчүн алымдардын төлөнгөндүгү жөнүндө маалыматтарды камтыган документтерди берет.
Көрсөтүлгөн документтер берилбеген учурда Бирликтин ТЧЖАсына өтүнмө кайра чакыртылып алынды деп эсептелет, күбөлүк берүү ишке ашырылбайт, бул жөнүндө өтүнмө берүүчү ведомство 5 жумуш күндүн ичинде өтүнмө ээсине кабарлоо жөнөтөт.
Бирликтин ТЧЖАсын каттоо жана аны пайдаланууга укук берүү жөнүндө чечимдин (Бирликтин катталган ТЧЖАсын пайдаланууга укук берүү жөнүндө чечимдин) негизинде өтүнмө берүүчү ведомство Бирликтин ТЧЖАсын каттоо үчүн жана (же) пайдалануу укугу жөнүндө күбөлүк берүү үчүн алымдардын төлөнгөндүгүн тастыктоочу документ өтүнмө ээси тарабынан берилген датадан тартып 5 жумуш күндүн ичинде Бирликтин ТЧЖАсын Бирликтин ТЧЖАсынын бирдиктүү реестринде каттайт жана (же) Бирликтин ТЧЖАсын пайдалануу укугу жөнүндө күбөлүк берет.
Бирликтин ТЧЖАсынын бирдиктүү реестрине киргизилүүчү маалыматтардын курамы, ошондой эле ТЧЖАсын пайдалануу укугу жөнүндө күбөлүктүн формасы жана анда көрсөтүлүүчү маалыматтардын курамы Нускама менен аныкталат.
Бирликтин ТЧЖАсынын бирдиктүү реестринин маалыматтарына оңдоолорду жана өзгөртүүлөрдү киргизүү Нускамада аныкталган тартипте жана өтүнмө берүүчү ведомствонун мамлекетинин мыйзамдарында белгиленген өлчөмдө алым төлөнгөн шартта ишке ашырылат.
Бирликтин ТЧЖАсынын бирдиктүү реестринин улуттук бөлүмдөрүнүн маалыматтарынын ишенимдүүлүгү жана толуктугу үчүн жоопкерчиликти тиешелүү маалыматтарды жайгаштырган улуттук патенттик ведомстволор алышат.
21-берене. Бирликтин товары чыгарылган жердин аталышын пайдалануу укугу жөнүндө күбөлүктүн күчүнүн мөөнөтү
1. Ушул Келишимге ылайык катталган Бирликтин ТЧЖАсын пайдалануу укугу жөнүндө күбөлүк Бирликтин ТЧЖАсына өтүнмө берилген датадан тартып 10 жыл бою күчүндө болот.
2. Ушул берененин 1-пунктунда жана ушул Келишимдин 23-беренесинин 3-пунктунда көрсөтүлгөн Бирликтин ТЧЖАсын пайдалануу укугу жөнүндө күбөлүктүн күчүнүн мөөнөтү тиешелүү күбөлүктүн күчүнүн акыркы жылынын ичинде өтүнмө берүүчү ведомствого берилген алардын ээлеринин арыздары боюнча бул мамлекеттин мыйзамдарына ылайык товар чыгарылган мамлекетте Бирликтин ТЧЖАсын пайдаланууга укук берүүчү шарттар сакталганда 10 жылга узартылышы мүмкүн.
Күбөлүктүн күчүнүн мөөнөтү чектелбеген санда узартылса болот.
3. Бирликтин ТЧЖАсын пайдалануу укугу жөнүндө күбөлүктүн күчүнүн мөөнөтүн узартуу ушул Келишимдин жана Нускаманын талаптарына ылайык төмөнкүлөр бар болгон учурда ишке ашырылат:
1) укук ээсинде (Бирликтин ТЧЖАсы катары каттоого берилген географиялык объект, аталыш (мындай аталыштан келип чыккан) жайгашкан мүчө мамлекеттин юридикалык жагында же жеке жакта) - укук ээси тиешелүү географиялык объектинин чек араларында күбөлүктө көрсөтүлгөн өзгөчө касиеттеги товарды өндүргөндүгү жөнүндө ушул мамлекеттин мыйзамдарында белгиленген тартипте берилген мүчө мамлекеттин ыйгарым укуктуу органынын корутундусу. Мындай корутунду укук ээси тарабынан Бирликтин ТЧЖАсын пайдалануу укугу жөнүндө күбөлүктүн күчүнүн акыркы жылынын ичинде алынууга тийиш.
2) укук ээсинде (Бирликтин мүчөсү болуп эсептелген мамлекеттин юридикалык же жеке жагында) - Бирликтин ТЧЖАсын пайдалануу укугу жөнүндө күбөлүктүн күчүнүн мөөнөтүн узартуу жөнүндө арыз берилген датага карата товар чыгарылган мамлекетте Бирликтин ТЧЖАсын пайдаланууга анын укугун тастыктоочу документ;
3) Бирликтин ТЧЖАсын пайдалануу укугу жөнүндө күбөлүктүн күчүнүн мөөнөтүн узартуу үчүн мүчө мамлекеттердин мыйзамдарында белгиленген өлчөмдө алым төлөнгөндүгүн тастыктоочу документтер.
4. Бирликтин ТЧЖАсын пайдалануу укугу жөнүндө күбөлүктүн күчүнүн мөөнөтүн узартуу үчүн, укук ээсинин өтүнүч каты боюнча ага өтүнмө берүүчү ведомствонун мамлекетинин мыйзамдарында белгиленген өлчөмдө кошумча алым төлөнгөн шартта мындай күбөлүктүн күчүнүн мөөнөтү бүткөндөн кийин 6 айлык мөөнөт берилет.
22-берене. Бирликтин товары чыгарылган жердин аталышын укуктук коргоо
1. Бирликтин ТЧЖАсын укуктук коргоо ушул Келишимге ылайык өтүнмө берүүчү ведомство тарабынан Бирликтин ТЧЖАсынын бирдиктүү реестринде аны каттоонун негизинде бардык мүчө өлкөлөрдүн аймактарында бир учурда берилет.
2. Бирликтин ТЧЖАсын пайдалануу укугу жөнүндө күбөлүгү жок жактарга, ал тургай эгерде мында товардын чыныгы келип чыккан жери көрсөтүлсө же аталышы котормодо, транслитерацияда же транскрипцияда же "түр", "тип", "стилде", "ыкма", "имитация", "метод" жана башка ушул сыяктуу сөздөр менен айкалышта пайдаланылса дагы, ошондой эле товардын келип чыккан жерине жана өзгөчө касиеттерине карата керектөөчүнү жаңылышууга алып келүүгө жөндөмдүү болгон кайсы болбосун товарлар үчүн окшош белгилөөнү Бирликтин катталган ТЧЖАсына пайдаланууга жол берилбейт.
3. Бирликтин ТЧЖАсын укуктук коргоо токтотулган же Бирликтин ТЧЖАсына укуктук коргоонун берилиши жараксыз деп таанылган учурда мүчө мамлекеттердин мыйзамдарына ылайык өтүнмө берүүчү ведомство Бирликтин ТЧЖАларынын бирдиктүү реестрине тиешелүү жазууну киргизүүгө милдеттүү.
23-берене. Ушул Келишим күчүнө киргенге чейин катталган товар чыгарылган жердин аталышын каттоонун тартиби
1. Мүчө мамлекеттер ушул ТЧЖА келишими күчүнө киргенге чейин катталган тиешелүү улуттук реестрлердин маалыматтарын камтыган тизмелерди алмашышат.
2. Ушул берененин 1-пунктунда көрсөтүлгөн тизмелерди алмашуу жол-жобосу аяктагандан кийин улуттук укук ээсинин (укук ээлеринин) өтүнүч каты боюнча жана мүчө мамлекеттердин мыйзамдарында белгиленген өлчөмдө алым төлөнгөн, алар жөнүндө маалыматтар Бирликтин ТЧЖАларынын бирдиктүү реестрине киргизилген шартта, өтүнмө берүүчү ведомство тарабынан Бирликтин ТЧЖАсын пайдалануу укугу жөнүндө күбөлүк берилет.
Ушул Келишим күчүнө киргенге чейин катталган ТЧЖА жөнүндө маалыматтарды Бирликтин ТЧЖАларынын бирдиктүү реестрине киргизүүнүн тартиби, ошондой эле Бирликтин ТЧЖАсын пайдалануу укугу жөнүндө күбөлүк берүү тартиби Нускама менен аныкталат.
3. Бирликтин ТЧЖАсын пайдалануу укугу жөнүндө күбөлүк ал катталган мүчө мамлекетте ушул Келишим күчүнө кирген датага чейинки ушул ТЧЖАны пайдалануу укугу күчүндөгү мөөнөткө берилет. Эгерде ТЧЖА ушул Келишим күчүнө кирген датага чейин бир нече мүчө мамлекеттерде катталса, Бирликтин ТЧЖАсын пайдалануу укугу жөнүндө күбөлүк ушул мөөнөт кечирээк аяктаган мүчө мамлекетте ушул ТЧЖАны пайдалануу укугу күчүндөгү мөөнөткө берилет жана мындай күбөлүктүн күчүнүн мөөнөтү ушундай укуктун күчүнүн мөөнөтү башталган датадан тартып эсептелет.
IV глава. Корутунду жана өтмө жоболор
24-берене. Маалыматтык өз ара аракеттенүү
1. Бирликтин товардык белгисине өтүнмөлөргө жана Бирликтин ТЧЖАсына өтүнмөлөргө тиешелүү документтер жана маалыматтар менен алмашуу Нускамада аныкталган тартипте улуттук патенттик ведомстволордун ортосунда ишке ашырылат.
2. Бирликтин товардык белгисине өтүнмөлөр жана Бирликтин ТЧЖАсына өтүнмөлөр боюнча иштерди жүргүзүүнүн электрондук бирдиктүү тутумун түзүү максаттарында мүчө мамлекеттер Нускамага ылайык ар бир мындай өтүнмөгө бирдиктүү электрондук ишти жана улуттук патенттик ведомстволордун маалыматтык өз ара аракеттешүү тутумун түзүү үчүн зарыл болгон иш-чаралардын аткарылышын камсыз кылышат.
25-берене. Алымдар
1. Мүчө мамлекеттер өз мыйзамдарында ушул Келишимге ылайык Бирликтин товардык белгилерин жана Бирликтин ТЧЖАларын каттоодо, укуктук коргоодо жана пайдаланууда юридикалык маанилүү аракеттердин түрлөрүн, ошондой эле Бирликтин товардык белгилерин жана Бирликтин ТЧЖАларын каттоодо, укуктук коргоодо жана пайдаланууда юридикалык маанилүү аракеттердин түрлөрүнүн тизмесинен келип чыгуу менен, мындай юридикалык маанилүү аракеттерди ишке ашырууда төлөнүүчү алымдардын өлчөмүн жана Евразия экономикалык комиссиясынын Кеңеши тарабынан бекитилген мындай юридикалык маанилүү аракеттерди ишке ашыруу үчүн алымдардын ставкаларын белгилешет.
2. Бирликтин товардык белгилерин жана Бирликтин ТЧЖАларын каттоодо, укуктук коргоодо жана пайдаланууда юридикалык маанилүү аракеттерди ишке ашырууда төлөнүүчү алымдардын өлчөмдөрүнө карата мүчө мамлекеттердин мыйзамдарына өзгөртүүлөрдү киргизүү Евразия экономикалык комиссиясынын Кеңеши тарабынан бекитилген алымдардын коюмдарын өзгөртүүдө мүчө мамлекеттер тарабынан ишке ашырылат.
26-берене. Нускама
1. Нускама ушул Келишим күчүнө кирген датадан тартып 3 айдын ичинде Евразия экономикалык комиссиясынын Кеңеши тарабынан бекитилет.
2. Нускама ушул Келишимди колдонууга тиешелүү эрежелерди, атап айтканда төмөнкүлөрдү камтыйт:
1) Бирликтин товардык белгисине өтүнмөнү жана ага тиркелүүчү документтерди тариздөөгө карата талаптар;
2) Бирликтин товардык белгисине өтүнмө берүүнүн жана ал боюнча алдын ала экспертиза жүргүзүүнүн тартиби;
3) Бирликтин товардык белгиси катары каттоого билдирилген белгилөөгө экспертиза жүргүзүүнүн тартиби;
4) Бирликтин товардык белгисине өтүнмөгө өзгөртүүлөрдү киргизүүнүн тартиби;
5) Бирликтин товардык белгисине өтүнмөнү жана Бирликтин товардык белгисинин жоюлган каттоосун товардык белгини каттоого өтүнмөгө, ошондой эле товардык белгини каттоого өтүнмөнү Бирликтин товардык белгисине өтүнмөгө кайра түзүүнүн тартиби жана шарттары;
6) Бирликтин жамааттык белгисин жана Бирликтин жамааттык белгисине өтүнмөнү ылайыгына жараша Бирликтин товардык белгисине жана Бирликтин товардык белгисине өтүнмөгө айлантып жана тескерисинче өзгөртүп түзүүнүн тартиби жана шарттары;
7) Бирликтин товардык белгилеринин бирдиктүү реестрин жүргүзүүнүн тартиби;
8) Бирликтин товардык белгисине өзгөчө укуктун күчүнүн мөөнөтүн узартуунун тартиби;
9) Бирликтин товардык белгисинин каттоосун жокко чыгаруунун тартиби;
10) Бирликтин ТЧЖАларынын бирдиктүү реестрин жүргүзүүнүн тартиби;
11) Бирликтин ТЧЖАсын пайдалануу укугу жөнүндө күбөлүктүн күчүнүн мөөнөтүн узартуунун тартиби;
12) аны ишке ашыруу Бирликтин интеграцияланган маалыматтык каражаттарын пайдалануу менен камсыз кылынуучу улуттук патенттик ведомстволордун өз ара жана Евразия экономикалык комиссиясы менен маалыматтык өз ара аракеттенүүсүнүн тартиби, ошондой эле ушул Келишимди жөнгө салуу чөйрөсүнө тиешелүү маселелер бөлүгүндө расмий сайттын иштөө тартиби;
13) документтердин типтүү формалары.
27-берене. Өзгөртүүлөрдү киргизүү
Бул Келишимге өзүнчө протоколдор менен таризделүүчү өзгөртүүлөр киргизилиши мүмкүн.
Протоколдор ушул Келишимдин 29-беренесинин 2-пунктунда каралган тартипте күчүнө кирет.
28-берене Талаш-тартыштарды чечүүнүн тартиби
Бул Келишимди чечмелөөгө жана (же) колдонууга байланышкан талаш-тартыштар 2014-жылдын 29-майындагы Евразия экономикалык бирлиги жөнүндө келишимге ылайык чечилет.
29-берене. Бул Келишимдин күчүнө кириши
Бул Келишим Бирликтин алкагында түзүлгөн эл аралык келишим болуп эсептелет жана Бирликтин укугуна кирет.
Бул Келишим ушул Келишимдин күчүнө кириши үчүн зарыл болгон мамлекеттик ички жол-жоболордун мүчө мамлекеттер тарабынан аткарылгандыгы жөнүндө жазуу жүзүндөгү акыркы кабарлоону депозитарий алган датадан тартып күчүнө кирет.
Мүчө мамлекеттер дипломатиялык каналдар боюнча ушул Келишимди ишке ашырууга жооптуу мамлекеттик органдар жөнүндө Евразия экономикалык комиссиясына кабарлайт.
Мүчө мамлекеттер ушул Келишимдин 25-беренесинин 1-пунктуна ылайык, өз мыйзамдарында юридикалык маанилүү аракеттердин түрлөрүн жана алымдардын өлчөмдөрүн белгилегендиги жөнүндө Евразия экономикалык комиссиясына кабарлайт.
Бирликтин товардык белгисине өтүнмөлөрдү жана Бирликтин ТЧЖАсына өтүнмөлөрдү кабыл алуу ушул берененин 3-пунктунда каралган акыркы жазуу жүзүндөгү кабарлоону Евразия экономикалык комиссиясы алган датадан тартып ишке ашырылат.
________________ шаарында _______ жылдын "__" _________ бир түп нускада орус тилинде түзүлдү.
Бул Келишимдин түп нускасы Евразия экономикалык комиссиясында сакталат, ал ушул Келишимдин депозитарийи болуп эсептелүү менен, анын күбөлөндүрүлгөн көчүрмөсүн ар бир мүчө мамлекетке жиберет.
Беларусь Республикасы үчүн |
|
|
Казакстан Республикасы үчүн |
|
|
Россия Федерациясы үчүн |
|
|
Кыргыз Республикасы үчүн |
|
|
Армения Республикасы үчүн |
|
|