Загрузка документа…
КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 11-февралындагы № 57-т тескемесине ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2017-жылдын 1-июну № 194-б
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 22-июнундагы № 385 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасында адал-индустрияны өнүктүрүү концепциясын ишке ашыруу максатында, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык:
1. 2017-2020-жылдардын мезгилине Кыргыз Республикасында адал-индустрияны өнүктүрүү концепциясын ишке ашыруу боюнча иш-чаралар планы (мындан ары - Иш-чаралар планы) тиркемеге ылайык бекитилсин.
2. Кыргыз Республикасынын Экономика министрлигине Иш-чаралар планын ишке ашыруу боюнча иштерди жалпы координациялоо жүктөлсүн.
3. Иш-чаралар планын ишке ашырууга тартылган министрликтер жана административдик ведомстволор:
- Иш-чаралар планын өз убагында жана кынтыксыз аткарууну камсыз кылышсын;
- квартал сайын отчёттук мезгилден кийинки айдын 10унан кечиктирбей Кыргыз Республикасынын Экономика министрлигине Иш-чаралар планын ишке ашыруунун жүрүшү жөнүндө маалымат беришсин.
4. Кыргыз Республикасынын Экономика министрлиги квартал сайын отчёттук мезгилден кийинки айдын 25инен кечиктирбей Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратына Иш-чаралар планын ишке ашыруунун жүрүшү жөнүндө маалымат берсин.
5. Ушул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын агроөнөр жай комплекси жана экология бөлүмүнө жүктөлсүн.
Премьер-министр | С. Ш. Жээнбеков |
Тиркеме
2017-2020-жылдардын мезгилине Кыргыз Республикасында адал-индустрияны өнүктүрүү концепциясын ишке ашыруу боюнча ИШ-ЧАРАЛАР ПЛАНЫ
№ | Иш-чаралар | Чаралар/Аракеттер | Күтүлүүчү натыйжа (индикатор) | Каржылоо булагы | Жооптуу аткаруучулар | Ишке ашыруу мөөнөтү |
Кыргыз Республикасында адал-индустрияны түзүү боюнча милдеттерди ишке ашыруунун негизги багыттары § 1. Адал-индустрияны түзүү жана жөнгө салуу боюнча системалуу документтерди иштеп чыгуу | ||||||
1.1 | Адал- индустрия жаатында семинар-тренингдерди өткөрүү жана адистерди даярдоо (кадрдык потенциал) | 1. Кадрларды окутуу жана тандоо программасын иштеп чыгуу. 2. Консультациялар үчүн (Ислам өлкөлөрүнүн стандарттар жана метрология институтунун SMIIC, Малайзия Ислам институтунун жана башкалардын) эл аралык эксперттерин тартуу менен окутуу иш-чараларын уюштуруу | Адал-индустрия жаатында мамлекеттик органдардын, жеке сектордун адистеринин кесиптик деңгээлин жогорулатуу | Эл аралык донорлор (макулдашуу боюнча) | ЭМ, АЧТММ, ССМ | 2017-2018-жылдар |
1.2 | Адал-индустрияны жагымдуу өнүктүрүүгө багытталган ченемдик-техникалык жана жетектөөчү документтерди иштеп чыгуу | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн "Кыргыз Республикасынын аймагында адал-продукцияны сатып өткөрүүнүн тартиби жана эрежелери жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" токтомунун долбоорун иштеп чыгуу жана бекитүү | Ченемдик-техникалык документтердин базасын (стандарттарды, жоболорду, эрежелерди жана башка жетектөөчү документтерди) түзүү жолу менен адал-индустрияны өнүктүрүү үчүн жагымдуу шарттарды түзүү, региондук стандарттарды жана чет өлкөлөрдүн адал стандарттарын өз ара таануу | Эл аралык донорлор (макулдашуу боюнча) | ЭМ, АЧТММ, ССМ | 2017-жыл |
1.3 | ШБО аккредитациялоону жүргүзүүгө карата КАБ даярдоо | KMCTS OIC SMIIC 1:2012, KMC TS OIC SMIIC 2:2012, KMC TS OIC SMIIC 3:2012. талаптары боюнча продукциялардын тийиштүү түрлөрү боюнча жетектөөчү баалоочу, баалоочу жана техникалык эксперт катары КАБдын адистерин тандоо жана окутуу. Ислам өлкөлөрүнүн стандарттар жана метрология институтунун (SMIIC), Малайзия Ислам Институтунун жана башкалардын иштеринин алкагында практикалык стажировкадан өткөрүү. КМС ТS OIC SMIIC талаптарына ылайык аккредитациялоо боюнча жол-жоболорду актуалдаштыруу. 3. АС SMIIC аккредитациясы боюнча комитеттин ишине катышуу | КАБдын реестрине адистерди ШБО адал-продукцияны аккредитациялоо боюнча иштерге жетектөөчү баалоочу, баалоочу жана техникалык эксперт катары тартуу үчүн киргизүү. SMIIC мүчө өлкөлөрүнүн бирдиктүү талаптарына ылайык ШБО адал-продукцияны аккредитациялоо боюнча иштерди жүргүзүү | Эл аралык донорлор (макулдашуу боюнча) | ЭМ | 2017-жыл |
1.4 | Квалификациялуу адистерди жана эксперттерди даярдоо жана окутуу | ШБО адал-продукцияны аккредитациялоодо ишке тартуу максатында дин маселелери боюнча техникалык эксперт катары адистерди тандоо жана окутуу, аталган маселе боюнча КР КМДБ менен өз ара аракеттенүү | Квалификациялуу адистердин жана эксперттердин базасын түзүү. Аларды адал-индустрияны өнүктүрүү үчүн техникалык эксперт катары ишке тартуу | Эл аралык донорлор (макулдашуу боюнча) | ЭМ, ССМ, Ислам өнүктүрүү банкы (макулдашуу боюнча) | 2017-жыл |
§ 2. Адал-индустрия инфраструктурасын түзүү жана өнүктүрүү | ||||||
2.1 | Адал-продукцияны өндүрүү жана сатуу менен алектенген кичи жана орто бизнестин (өндүрүүчүлөрдүн/фермерлердин) өкүлдөрүн колдоо | 1. Адал-продукцияны өндүрүү жана сатуу үчүн жеңилдетилген шарттарды берүү мүмкүндүгүн аныктоо. 2. Адал-продукциянын импорту/экспорту боюнча соода өнөктөштөрүн издөөгө көмөктөшүү | Адал-продукцияны өндүрүү жана сатуу менен алектенген кичи жана орто бизнестин өкүлдөрүнүн атаандаштыкка жөндөмүн жогорулатуу. Ата мекендик өндүрүүчүлөр өндүргөн адал-продукциянын көлөмүн жана ассортиментин көбөйтүү | Эл аралык донорлор (макулдашуу боюнча) | АЧТММ, ЭМ | Дайыма |
2.2 | "Адал" стандарты жөнүндө калк арасында билим берүү-агартуу иштерин жүргүзүү | 1. Кыргызстандын калкы үчүн "Адал" стандарты боюнча толук жана анык маалыматтарды камтыган программаларды телекөрсөтүүдөн берүү. 2. "Адал.KG" маалыматтык бюллетенин кыргыз жана орус тилдеринде түзүү. 3. "Адал.KG" автоматтык башкаруу системасын түзүү. 4. Кыргыз Республикасынын бардык региондорунда кеңешмелерди, семинарларды, тегерек столдорду уюштуруу жана өткөрүү | Адал чөйрөсү жөнүндө калктын маалымдуулугун жана билимин жогорулатуу | Эл аралык донорлор (макулдашуу боюнча) | АЧТММ, ЭМ | Дайыма |
2.3 | Жергиликтүү жана эл аралык деңгээлде атаандаштыкка жөндөмдүү адал-продукцияны өндүрүү боюнча улуттук "брендди" калыптандыруу үчүн шарттарды түзүү | Адал-продукцияны өндүрүүчүлөр менен эл аралык кызматташтык боюнча Кыргыз Республикасынын Соода-өнөр жай палатасынын ишин активдештирүү | Бизнестин туруктуулугун камсыздоо жана сатуу рыногун кеңейтүү | Эл аралык донорлор (макулдашуу боюнча) | СӨП (макулдашуу боюнча), ЭМ, АЧТММ, ТИМ | Дайыма |
2.4 | Адал паркын түзүү мүмкүнчүлүгүн кароо | Адал паркын түзүүгө карата ТЭНди иштеп чыгуу | БАЭБ ТРге жана адал стандарттарына ылайык келген эт жана эт продукцияларын өндүрүү боюнча кластерди өнүктүрүү | Эл аралык донорлор (макулдашуу боюнча) | ЭМ, АЧТММ, ССМ | 2017-2020-жылдар |
2.5 | Муниципалдык рынокторду өнүктүрүү жана модернизациялоо | БАЭБ ТР талаптарын эске алуу менен иштеп жаткан муниципалдык рынокторго талдоо жүргүзүү. Аларды өркүндөтүү жана лабораторияларды жеринде муздаткыч камералары менен техникалык жабдуунун деңгээлин жогорулатуу боюнча чараларды иштеп чыгуу | ЕАЭБ ТР талаптарына жооп берген муниципалдык рыноктор. Көргөзмө-жарманкелерди өткөрүү мүмкүнчүлүгү. Калктын аялуу катмарына жеңилдиктерди берүү. Азык-түлүктүн өздүк наркын төмөндөтүү. Рыноктордо сатылуучу продукциялардын байкоого алынышын камсыздоо. Муниципалдык рыноктордо сатылуучу адал-продукциянын үлүшүн көбөйтүү. Фермерлерге жана дыйкан чарбаларына, кооперативдерге жана ассоциацияларга стационардык мал союу цехтери аркылуу чийки заттардын жеткирилишине жардамдашуу | Эл аралык донорлор (макулдашуу боюнча) | Шаарлардын мэриялары (макулдашуу боюнча), ЖӨБО (макулда-шуу боюнча), АЧТММ, ЭМ, ССМ, Ветфитосанинспекция | 2017-2020-жылдар |
§ 3. "Жашыл экономика" - адал-индустриянын негизи | ||||||
3.1 | Адал-продукцияны өндүрүүнү кошо алганда органикалык өндүрүштү өнүктүрүү | Органикалык продукцияга стандарттарды киргизүү. КРнын Органикалык кыймыл федерациясы жана башкалар менен өз ара аракеттенүү. Персоналды окутууну, тиешелүү документтердин болушун кошо алганда органикалык продукцияны сертификациялоо боюнча органдарды даярдоо | Органикалык продукцияга карата ченемдик документтерди камсыздоо, органикалык өндүрүш жаатындагы иштерди өнүктүрүү. "Адал" сертификатын берүү. Берилген "адал" сертификаттарынын реестри жана мониторинги | Эл аралык донорлор (макулдашуу боюнча) | АЧТММ, ЭМ, ССМ | 2017-2020-жылдар |
3.2 | ИСО 14001 экологиялык менеджмент системасын ишканаларда иштеп чыгуу, киргизүү жана сертификациялоо боюнча иштерге тартуу максатында Кыргыз Республикасынын Экономика министрлигинин жана СМБнын адистерин окутуу жана практикалык стажировкадан өткөрүү. Стандарттардын Түрк институтунун (ТSЕ), Малайзиянын өнөр жай изилдөөлөрү жана стандарттары институтунун (SIRIM) иштеринин алкагында киргизүү жана сертификациялоо боюнча практикалык стажировкадан өткөрүү | ИСО 14001 экологиялык менеджменти системасындагы ишканаларда сертификаттарды иштеп чыгуу жана киргизүү боюнча иштерге тартуу максатында СМБ адистерин тандоо, окутуу жана практикалык стажировкадан өткөрүү | Кыргыз Республикасынын ишканаларында ИСО 14001 экологиялык менеджмент системасын иштеп чыгуу, киргизүү жана сертификациялоо боюнча иштерди жүргүзүү. Кыргыз Республикасынын аймагына ИСО 9001:2015, ИСО 14001:2015 жаңы стандарттарын улуттук катары киргизүү | Эл аралык донорлор (макулдашуу боюнча) | ЭМ, АЧТММ, ССМ | 2017-2020-жылдар |
§ 4. Эпидемиологиялык, ветеринардык-санитардык жана фитосанитардык системаны жакшыртуу | ||||||
4.1 | Санитардык, ветеринардык, фитосанитардык кызматтарынын жана стандартташтыруу кызматынын потенциалын чыңдоо | 1. Төмөнкүлөргө талаптарды белгилөөчү зарыл болгон ченемдик укуктук базаны түзүү: а) продукцияга жана ага байланышкан процесстерге, кызмат көрсөтүүлөргө; б) шайкештикке ырастоо жүргүзүүгө жана адал-продукцияны чыгаруу жана кызматтарды көрсөтүү боюнча ишти жүзөгө ашырган ишкерлик субъекттердин аудит/инспекциясына байланышкан жол-жоболорду жүргүзүүнү кошо алганда адал-продукциянын шайкештигин баалоонун (көзөмөлдүн шайкештигин баалоо боюнча органдарды аккредитациялоо) Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын (ченемдик документтеринин) талаптарына шайкештигин баалоого | - адал-индустрия жаагында ченемдик-техникалык база менен камсыздоо; - Кыргыз Республикасында адал-продукциянын коопсуздугун камсыздоого жана адал-индустриянын өнүгүшүнө дем берүүгө багытталган механизмдер (институционалдаштыруу, азыркы ченемдик укуктук жана инфратүзүмдүк база) | Эл аралык донорлор (макулдашуу боюнча) | АЧТММ, Ветфитосанинспекция, ССМ, ЭМ | 2017-2020-жылдар |
4.2 | Техникалык регламенттердин жана эл аралык стандарттардын эл аралык талаптарына жооп берген лабораторияларды түзүү | - заманбап сыноочу лабораторияларды модернизациялоо/куруу; - тобокелдиктерди жана кооптуу контролдоо точкаларын (НАССР) талдоо системасынын элементтерин окутуу жана киргизүү боюнча кеңири масштабдуу иштерди жүргүзүү | - НАССР контролдоо системасынын жана "адал" стандарттарынын принциптерин сактоо менен Бажы бирлигинин техникалык регламенттеринин талаптарына ылайык келген мал союу боюнча заманбап комбинаттар, цехтер; - мамлекеттик органдардын жана (НАССР) жаатындагы жеке сектордун даярдалган адистери жана кызматкерлери "Фермадан столго чейин" өндүрүш процесстери менен байланышкан продукциялардын коопсуздугун камсыздоону кепилдикке алган адал-продукцияны өндүрүү чынжырчасынын бардык этаптарындагы тобокелдиктерди талдоо боюнча системаны түзүү (асыл тукум чарбаларын түзүүдөн даяр продукцияларды керектөөчүлөргө жеткирүүгө чейинки процесстерди контролдоо) | Эл аралык донорлор (макулдашуу боюнча) | АЧТММ, Ветфитосанинспекция, ССМ | 2017-2020-жылдар |
4.3 | ЕАЭБ ТРге жана адал-стандарттарга жооп берген заманбап мал союучу цехтерди, эт фабрикаларын модернизациялоо/куруу | "Адал" стандартын колдонуу менен адистештирилген мал союучу пункттарда кийин сатууга арналган айыл чарба жаныбарларын союу процессине карата талаптарды киргизүү | - эт продукцияларын (буюмдарды) ири кайра иштетүүчүлөрдү сапаттуу жана коопсуз эт продукциялары менен камсыздоо; - ветеринардык-санитардык талаптарды сактоодо тийиштүү мамлекеттик ветеринардык көзөмөлдү камсыздоо | Эл аралык донорлор (макулдашуу боюнча) | АЧТММ, Ветфитосанинспекция, ССМ, жергиликтүү мамлекеттик администрациялар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары | 2017-2020-жылдар |
4.4 | Адал-продукцияны керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо боюнча ассоциацияларды жана коомдук органды түзүү | Ассоциацияларды түзүү жана алар тарабынан уставдык милдеттердин аткарылышы үчүн шарттарды түзүүгө катышуу | - "адал" стандарттарынын белгиленген талаптарына ылайык адал-продуктуларды өндүрүүнүн талаптарына ишенимдүүлүгүн камсыздоо; - техникалык-регламенттердин жана тамак-аш продукциялары үчүн "адал" стандарттарынын талаптарына жооп берген тамак-аш адал-продукцияны өндүрүүчүлөрдүн улуттук ассоциациясын түзүү; - адал-продукцияны керектөөчүлөрдүн керектөөлөрүн канааттандыруу | Эл аралык донорлор (макулдашуу боюнча) | ЭМ, Монополияга каршы агенттик, АЧТММ, Ветфитосанинспекция, ССМ | 2017-2020-жылдар |
4.5 | Айыл чарба жаныбарларын идентификациялоо жана аймактарды зоналаштыруу | Малдын мүмкүн болуучу ылаңдарынын келип чыгышынын алдын алуу максатында региондорду зоналаштыруу | Республикада зооветеринардык эпизоотикалык кырдаалды жакшыртуу | Эл аралык донорлор (макулдашуу боюнча) | Ветфитосанинспекция, АЧТММ, ССМ | 2017-2020-жылдар |
4.6 | Мал союу цехтеринин, пункттардын (аянтчалардын) ветеринардык, санитардык талаптарга шайкештигин инвентаризациялоо | Мал союу цехтеринин, пункттарынын (аянтчаларынын) ветеринардык, санитардык талаптарга шайкештигин инвентаризациялоо үчүн ведомстволор аралык жумушчу топ түзүү | Мал союу цехтериндеги ишти жөнгө салуу жана инвентаризациялоо боюнча так сунуштарды иштеп чыгуу, сүт жана эт азыктарын кайра иштетүү боюнча ишканаларды ЕАЭБ реестрине киргизүү | Эл аралык донорлор (макулдашуу боюнча) | ЭМ, Ветфитосанинспекция, АЧТММ | 2017-2020-жылдар |
4.7 | Кыргыз Республикасында адал-индустрияны өнүктүрүүнүн артыкчылыктарын аныктоо | "Адал" стандарттарын башка тармактарга (тамак-аш жана жеңил өнөр жайына, туризмге, банк чөйрөсүнө, билим берүүгө, парфюмерияга, косметикага, фармакологияга жана кызмат көрсөтүүлөрдүн эң кеңири спектрине) киргизүүнү изилдөө жана талдоо | Адал-продукциянын жана ички, ошондой эле тышкы рынокто коюлуучу адал продукциялардын жана кызмат көрсөтүүлөрдүн сапатынын кепилдигин камсыздоого жөндөмдүү адал-продукциянын жана кызмат көрсөтүүлөрдүн кеңири өнүккөн жана атаандаштыкка жөндөмдүү рыногу | Эл аралык донорлор (макулдашуу боюнча) | ЭМ, АЧТММ, ССМ | Дайыма |
Кыскартуулардын тизмеси:
ССМ | - | Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги |
ЭМ | - | Кыргыз Республикасынын Экономика министрлиги |
Ветфитосанинспекция | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Ветеринардык жана фитосанитардык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекция |
АЧТММ | - | Кыргыз Республикасынын Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министрлиги |
КАБ | - | Кыргыз аккредитациялоо борбору |
СМБ | - | Кыргыз Республикасынын Экономика министрлигинин алдындагы Стандартташтыруу жана метрология боюнча борбор |
КР УБ | - | Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы |
КМДБ | - | Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгы |
ЕАЭБ ТР | - | Евразия экономикалык бирлигинин техникалык регламенттери |
СӨП | - | Кыргыз Республикасынын Соода-өнөр жай палатасы |
ЖӨБО | - | Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары |
Монополияга каршы агенттик | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Монополияга каршы жөнгө салуу мамлекеттик агенттиги |
ШБО | - | Шайкештикти баалоо боюнча органдар |