Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН
ӨКМӨТҮНҮН АППАРАТЫНЫН ЖЕТЕКЧИСИ-МИНИСТР
БУЙРУК
2017-жылдын 14-июну № 82
Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын аткарууну камсыздоо максатында, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2016-жылдын 23-июнундагы № 778-VI "Кыргыз Республикасынын мыйзам базаларын инвентаризациялоо боюнча жасалган иштер жөнүндө Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2016-жылдын 1-мартындагы абал боюнча маалыматы жөнүндө" токтомуна ылайык:
1. Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына инвентаризация жүргүзүү боюнча жумушчу топ (мындан ары - жумушчу топ) тиркемеге ылайык курамда түзүлсүн.
2. Жумушчу топ 2017-жылдын 1-сентябрына чейинки мөөнөттө:
- 2011-жылдан тартып 2017-жылга чейин кабыл алынган Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын тизмесин түзсүн;
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын аткаруу максатында кабыл алынган жана кабыл алынбаган ченемдик укуктук актылар жөнүндө маалыматты Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин 2016-жылдын 5-августундагы № 451 буйругу менен бекилген форма боюнча даярдасын;
- 2017-жылдын 15-сентябрына чейинки мөөнөттө 2011-жылдан тартып 2017-жылга чейин кабыл алынган Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын аткаруу жөнүндө маалыматты Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратына киргизсин.
3. Жумушчу топ өз ишине Кыргыз Республикасынын министрликтеринин, мамлекеттик комитеттеринин жана административдик ведомстволорунун адистерин тартууга укуктуу экендиги белгиленсин.
4. Жумушчу топтун жумушчу органы болуп Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлиги аныкталсын.
5. Кыргыз Республикасынын министрликтери, мамлекеттик комитеттери жана административдик ведомстволору 2011-жылдан тартып 2017-жылга чейин кабыл алынган Кыргыз Республикасынын тармактык мыйзамдарына инвентаризация жүргүзүшсүн, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин комитеттеринин чечимдеринде көрсөтүлгөн мыйзамдарды ишке ашыруу боюнча мыйзам алдындагы ченемдик укуктук актыларды даярдоонун жүрүшүн талдашсын жана 2017-жылдын 1-августуна чейинки мөөнөттө тиешелүү маалыматты Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине белгиленген форма боюнча беришсин.
6. Ушул буйруктун 1-4-пункттарынын аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешиндеги туруктуу өкүлчүлүгүнө, 5-пункту - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын тиешелүү түзүмдүк бөлүмдөрүнө жүктөлсүн.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппарат жетекчиси - министр |
| А.Ш.Осмоналиев |
Тиркеме
Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына инвентаризация жүргүзүү боюнча жумушчу топтун КУРАМЫ
Иминов М.С. | - | Кыргыз Республикасынын Юстиция министринин орун басары, жумушчу топтун жетекчиси; |
Шейшеканов Д.Т. | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешиндеги туруктуу өкүлүнүн орун басары; |
Баймагамбетова М.А. | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын экспертиза жана укуктук камсыздоо бөлүмүнүн эксперти; |
Жуманова М.М. | - | Кыргыз Республикасынын Экономика министрлигинин укуктук колдоо жана экспертиза башкармалыгынын начальниги; |
Ызакова С.Т. | - | Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин социалдык мыйзамдар башкармалыгынын начальниги. |
+