Загрузка документа…
КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 11-февралындагы № 57-т тескемесине ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2017-жылдын 3-февралы № 27-б
(КР Өкмөтүнүн 2017-жылдын 22-сентябрындагы № 419-б буйругунун редакциясына ылайык)
"Тышкы эмгек миграциясы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 7-беренесин, "Тышкы миграция жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 28-беренесин ишке ашыруу максатында, ''Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык:
1. 2017-жылга Кыргыз Республикасынын экономикасынын тармактары жана региондору боюнча эмгектенүү максатында Кыргыз Республикасына келүүчү чет өлкөлүк жарандардын жана жарандыгы жок адамдардын чектик санын белгилөөчү эмгек миграциясына квота тиркемеге ылайык аныкталсын.
2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик миграция кызматы Кыргыз Республикасынын экономикасынын тармактары жана региондору боюнча мүмкүн болуучу өзгөртүүлөр үчүн эмгек миграциясына квотанын бөлүштүрүлүшүнө квартал сайын талдоо жүргүзсүн.
3. Ушул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын социалдык өнүктүрүү бөлүмүнө жүктөлсүн.
Премьер-министр | С.Ш. Жээнбеков |
Тиркеме
2017-жылга Кыргыз Республикасынын экономикасынын тармактары жана региондору боюнча эмгектенүү максатында Кыргыз Республикасына келүүчү чет өлкөлүк жарандардын жана жарандыгы жок адамдардын чектик санын белгилөөчү эмгек миграциясына КВОТА
(КР Өкмөтүнүн 2017-жылдын 22-сентябрындагы № 419-б буйругунун редакциясына ылайык)
Региондор | Экономиканын тармактары (кишинин саны) | Жыйынтыгы | ||||||
Өнөр жай, транспорт, коммуникация жана курулуш | Айыл жана токой чарбасы, кайра иштетүүчү өнөр жайы | Энергетика, геологиялык чалгындоо жана кен казуу өнөр жайы | Соода, кызмат көрсөтүү, коомдук тамактануу чөйрөсү жана башка экономикалык иш | Саламаттык сактоо, билим берүү, илим, маданият жана искусство | Кредит берүү, банк сектору, камсыздандыруу | |||
Баары | Анын ичинде жеке ишкерлик | |||||||
Баткен облусу | 400 | 30 | 75 | 40 | 4 | 45 | 5 | 595 |
Жалал-Абад облусу | 1750 | 20 | 1500 | 60 | 7 | 100 | 10 | 3440 |
Ысык-Көл облусу | 420 | 60 | 90 | 15 | 0 | 50 | 5 | 640 |
Нарын облусу | 250 | 30 | 100 | 15 | 0 | 20 | 5 | 420 |
Ош облусу | 400 | 20 | 125 | 230 | 125 | 10 | 10 | 795 |
Талас облусу | 150 | 30 | 50 | 20 | 0 | 30 | 5 | 285 |
Чүй облусу | 1400 | 200 | 500 | 150 | 0 | 75 | 10 | 2335 |
Бишкек шаары | 2800 | 170 | 860 | 2400 | 695 | 1000 | 50 | 7280 |
Ош шаары | 330 | 10 | 50 | 200 | 23 | 100 | 10 | 700 |
Республика боюнча бардыгы | 7900 | 570 | 3350 | 3130 | 854 | 1430 | 110 | 16490 |