Загрузка документа…
КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 11-февралындагы № 57-т тескемесине ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2017-жылдын 20-октябры № 485-б
"Үй-бүлөлүк зомбулуктан сактоо жана коргоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын жоболорун ишке ашыруунун механизмдерин иштеп чыгуу максатында, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн "Жаңы доорго кырк кадам" программасынын алкагында, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык:
1. Ведомстволор аралык жумушчу топ тиркемеге ылайык курамда түзүлсүн.
2. Ведомстволор аралык жумушчу топ эки айлык мөөнөттө Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн "Жаңы доорго кырк кадам - 2018-2023" программасында каралган "Үй-бүлөнүн бекем институту жана социалдык теңдик" өнүктүрүү программасын ишке ашырууга багытталган үй-бүлөлүк зомбулуктан сактоо жана коргоо боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн программасынын долбоорун, аткаруу бийлик органдарынын үй-бүлөлүк зомбулуктан сактоо жана коргоо маселелери боюнча башка субъекттер менен өз ара аракеттенүүнүн механизмин, үй-бүлөлүк зомбулуктан сактоо жана коргоо боюнча субъекттердин ишине мониторинг жүргүзүүнү жана Кыргыз Республикасынын Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлигине жыл сайын отчет берүүнү белгилеген ченемдик укуктук актылардын долбоорлорун иштеп чыксын.
3. Кыргыз Республикасынын Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлиги ведомстволор аралык жумушчу топ тарабынан иштелип чыккан ченемдик укуктук актылардын долбоорлорун Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн кароосуна белгиленген тартипте киргизсин.
4. Ведомстволор аралык жумушчу топко өзүнө жүктөлгөн милдеттерди аткаруу үчүн мамлекеттик органдардын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын адистерин, эксперттерди жана консультанттарды зарылдыгына жараша, белгиленген тартипте ишке тартууга укук берилсин.
5. Министрликтердин, мамлекеттик комитеттердин, административдик ведомстволордун жетекчилери, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрү, жергиликтүү мамлекеттик администрациялар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары (макулдашуу боюнча) ведомстволор аралык жумушчу топтун суроо-талабы боюнча керектүү маалыматтарды беришсин жана анын ишине көмөк көрсөтүшсүн.
6. Ведомстволор аралык жумушчу топтун ишин уюштуруучулук жана башка камсыздоо Кыргыз Республикасынын Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлигине жүктөлсүн.
7. Ушул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын социалдык өнүктүрүү бөлүмүнө жүктөлсүн.
Премьер-министр |
| С. Дж. Исаков |
Тиркеме
Ведомстволор аралык жумушчу топтун КУРАМЫ
Исакулов Жылдызбек Абдилахатович | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппарат жетекчисинин орун басары, ведомстволор аралык жумушчу топтун жетекчиси; |
Полотова Жылдыз Арстанбековна | - | Кыргыз Республикасынын Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министринин орун басары, ведомстволор аралык жумушчу топтун жетекчисинин орун басары; |
Сарымсаков Манас Болотович | - | Кыргыз Республикасынын Юстиция министринин орун басары; |
Орозалиев Алмаз Кыдырмаевич | - | Кыргыз Республикасынын Ички иштер министринин орун басары, милициянын полковниги; |
Осмонова Асель Сайпидиновна | - | Кыргыз Республикасынын Ички иштер министринин кеңешчиси, милициянын полковниги; |
Калдыбаев Салидин Кадыркулович | - | Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министринин орун басары; |
Байдылдаев Мурат Курманбекович | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча мамлекеттик агенттиктин директорунун орун басары; |
Абдрахманов Азамат Амангельдиевич | - | Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин жашы жете электердин иштери боюнча бөлүмүнүн начальниги; |
Бекматова Роза Кубаталиевна | - | Кыргыз Республикасынын Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин гендердик маселелер боюнча бөлүмүнүн башчысы; |
Асанбаева Саида Касымалиевна | - | Кыргыз Республикасынын Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин ДМЧ адамдарга жана улгайган жарандарга социалдык кызмат көрсөтүүнү өнүктүрүү башкармалыгынын башкы адиси; |
Тодогельдиев Бакыт Буронбаевич | - | Кыргыз Республикасынын Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин үй-бүлө жана балдарды коргоо башкармалыгынын үй-бүлө жана балдарды коргоо бөлүмүнүн жетектөөчү адиси; |
Жанболотов Талгат | - | Кыргыз Республикасынын Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин социалдык кызматтарга мониторинг жүргүзүү жана инспектирлөө секторунун башкы адиси; |
Сапарбаев Айдин Кочорбаевич | - | Кыргыз Республикасынын Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин укуктук камсыздоо бөлүмүнүн башкы адиси; |
Куттубай кызы Асема | - | Кыргыз Республикасынын Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин гендердик маселелер боюнча бөлүмүнүн башчысы; |
Турганбаева Айнура Кимсанбаевна | - | Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин социалдык мыйзамдар башкармалыгынын башкы адиси; |
Алижанов Таалайбек Аскарбекович | - | Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин кварталдык милиция бөлүмүнүн башкы инспектору, милициянын полковниги; |
Усенбаев Данияр Маратович | - | Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин укуктук камсыздоо жана эл аралык кызматташтык бөлүмүнүн улук инспектору; |
Асылбашева Раиса Бейшеналиевна | - | Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин медициналык жардам көрсөтүү жана дары саясаты башкармалыгынын башкы адиси; |
Айдаров Нуралы Кудайбердиевич | - | Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин юридикалык бөлүмүнүн жетектөөчү адисинин милдетин аткаруучу; |
Абдылдаева Гульшан Кушбековна | - | Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин мектепке чейинки, мектеп жана мектептен тышкары билим берүү башкармалыгынын башкы адиси; |
Мамбетова Салтанат Сталбековна | - | Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин мектепке чейинки, мектеп жана мектептен тышкары билим берүү башкармалыгынын жетектөөчү адиси; |
Туратбек кызы Зарина | - | Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин кадрлар жана укуктук иштер бөлүмүнүн юридикалык кызматынын башкы адиси; |
Усупбаева Анара Таджимырзаевна | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жергиликтүү алдынча башкаруу иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча мамлекеттик агенттиктин ЖӨБО өнүктүрүү башкармалыгынын башкы адиси; |
Тагаев Руслан Шакирович | - | Кыргыз Республикасынын Омбудсменинин (Акыйкатчынын) аппаратынын эксперттик-укуктук иштер бөлүмүнүн эксперти (макулдашуу боюнча); |
Кадыркулова Каныкей Камчыбековна | - | Кыргыз Республикасынын Жогорку Сотуна караштуу Сот департаментинин укуктук камсыздоо бөлүмүнүн башкы адиси (макулдашуу боюнча); |
Но Дмитрий Есикович | - | Кыргыз Республикасынын Адвокатурасынын Про боно ишинин координатору (макулдашуу боюнча); |
Тюлекова Толкун Кыныбековна | - | Кыргыз Республикасынын Кризистик борборлор ассоциациясынын гендердик эксперти (макулдашуу боюнча); |
Ткачева Елена Александровна | - | "Шанс" Кризистик борборунун психологу. |