Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН
АППАРАТЫНЫН ЖЕТЕКЧИСИ-МИНИСТР
БУЙРУК
2017-жылдын 22-ноябры № 204
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 10-июнундагы № 341 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Регламентинин 97-пунктуна ылайык:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 1-мартындагы № 131 "Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жарандык кызматчыларынын жана муниципалдык кызматчыларынын ишин баалоо жана эмгек акы төлөө шарттары жөнүндө" токтомунун 4-пунктунун бешинчи абзацынын тиркелген түшүндүрмөсү бекитилсин.
2. Ушул буйрук тиешелүү жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына жиберилсин
Н.С. Момуналиев
|
Тиркеме
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 1-мартындагы
№ 131 "Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жарандык кызматчыларынын
жана муниципалдык кызматчыларынын ишин баалоо жана эмгек акы төлөө шарттары жөнүндө"
токтомунун 4-пунктунун бешинчи абзацына түшүндүрмө
Жергиликтүү бюджеттин мүмкүнчүлүктөрү болгондо жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары муниципалдык кызматчылардын кызматтык маяналарына жергиликтүү кеңештер тарабынан бекитилген башка үстөктөрдү жана төлөөлөрдү белгилеши мүмкүн экендиги жөнүндө Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 1-мартындагы № 131 "Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жарандык кызматчыларынын жана муниципалдык кызматчыларынын ишин баалоо жана эмгек акы төлөө шарттары жөнүндө" токтомунун 4-пунктунун бешинчи абзацына түшүндүрмө берүү тууралуу Кыргыз Республикасынын Жалал-Абад облусунун Жалал-Абад шаарынын мэриясынын суроо-талабына карата төмөнкүлөрдү маалымдайбыз.
Жалал-Абад шаарынын мэриясы үчүн "жергиликтүү бюджеттин мүмкүнчүлүктөрү" деген сөз түшүнүксүз болуп, аны жыл башына калган эркин калдык деп түшүнүү керекпи, же жыл ичинде түшүүчү киреше катары түшүнүү керекпи жана бир жолку үстөк катары төлөнөбү же ай сайын эмгек акысына кошуп берүүгө болобу деген суроолор жаралган.
Белгилей кетчү нерсе, Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодексинин 6-беренесинин 6-пунктунда бюджеттердин өз алдынчалык принциби, анын ичинде бюджеттер аралык максаттуу трансферттерди кошпогондо, Кыргыз Республикасынын бюджеттик мыйзамдарына ылайык мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын каражаттарды пайдалануунун багыттарын өз алдынча аныктоого укуктуу экендиги каралган.
"Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 18-беренесинин l-бөлүгүнүн 3-пунктуна ылайык жергиликтүү бюджетти түзүү, бекитүү жана аткаруу жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын карамагына кирет.
Ошондой эле, "Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 36-беренесинин 2-бөлүгүнө ылайык өз ыйгарым укуктарынын чегинде кабыл алынган жергиликтүү кеңештердин чечимдери тиешелүү аймакта жашаган бардык жарандар, мамлекеттик бийликтин аймактык органдары, ошондой эле Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген ыйгарым укуктарынын чегинде менчигинин түрүнө карабастан ишканалар, уюмдар жана мекемелер тарабынан аткарылууга милдеттүү.
"Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жана муниципалдык кызматчыларынын штаттык санынын чеги жөнүндө жана эмгегине акы төлөөнүн шарттары тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 1-беренесине ылайык бюджет чөйрөсүндөгү мамлекеттик, муниципалдык кызматчылардын жана башка категориядагы кызматкерлердин санынын чеги жана эмгегине акы төлөөнүн шарттары Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан аныкталат.
Ушуларга байланыштуу Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 1-мартындагы № 131 "Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жарандык кызматчыларынын жана муниципалдык кызматчыларынын ишин баалоо жана эмгек акы төлөө шарттары жөнүндө” токтому кабыл алынып, анда мамлекеттик жарандык кызматчылардын жана муниципалдык кызматчылардын кызматтык маяналарына төмөнкүдөй үстөктөр каралган: класстык жана атайын чендери үчүн үстөк, иштеген жылдары үчүн үстөк, ошондой эле Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык бийик тоолуу шарттарда жана жетүүгө кыйын болгон алыскы зоналарда жашаган жана иштегендерге үстөк, иштин жашыруун мүнөзү үчүн үстөк.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 1-мартындагы № 131 "Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жарандык кызматчыларынын жана муниципалдык кызматчыларынын ишин баалоо жана эмгек акы төлөө шарттары жөнүндө” токтомунун 4-пунктунун бешинчи абзацына ылайык жергиликтүү кеңештер муниципалдык кызматчылардын кызматтык маяналарына аталган токтомдо каралбаган башка үстктөрдү (мисалы, иштин татаалдыгы үчүн, сапаты үчүн ж.б.) бекитүүгө укуктуу.
Мында аталган абзац башка үстөктөрдү белгилеө үчүн конкреттүү убакыт чегин белгилебейт, ушул маселелерди чечүүнү жергиликтүү бюджеттин мүмкүнчүлүктөрүн эске алуу менен жергиликтүү кеңештин өзүнүн кароосуна калтырат.
Жогоруда айтылгандарга байланыштуу Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 1-мартындагы № 131 "Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жарандык кызматчыларынын жана муниципалдык кызматчыларынын ишин баалоо жана эмгек акы төлөө шарттары жөнүндө" токтомунун 4-пунктунун бешинчи абзацында жергиликтүү бюджеттин мүмкүнчүлүктөрү болгондо Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жергиликтүү кеңештер тарабынан бекитилген башка үстөктөрдү белгилөө жана аларды төлөө тартиби жөнүндө чечимдерди өз алдынча кабыл алышаары каралган.