Загрузка документа…
КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 11-февралындагы № 57-т тескемесине ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2017-жылдын 13-декабры № 567-б
Кадрдык өзгөрүүлөргө байланыштуу, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык:
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 31-майындагы № 191-б буйругуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
- жогоруда аталган буйрук менен түзүлгөн Мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүүлөр системасын оптималдаштыруу боюнча ведомстволор аралык комиссиянын курамы ушул буйруктун тиркемесине ылайык редакцияда баяндалсын.
Премьер-министр |
| С. Дж. Исаков |
Тиркеме
Мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүүлөр системасын оптималдаштыруу боюнча ведомстволор аралык комиссиянын КУРАМЫ
Момуналиев Нурханбек Сакенович | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппарат жетекчиси - министр, Ведомстволор аралык комиссиянын төрагасы; |
Мукамбетов Мурат Картайбекович | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппарат жетекчисинин биринчи орун басары, Ведомстволор аралык комиссиянын төрагасынын орун басары; |
Новицкий Николай Иванович | - | Кыргыз Республикасынын Экономика министрлигинин мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөр системасын оптималдаштыруу саясаты бөлүмүнүн башчысы, Ведомстволор аралык комиссиянын жооптуу катчысы. |
Ведомстволоp аралык комиссиянын мүчөлөрү: | ||
Тарбинский Олег Станиславович | - | Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик кадрлар кызматынын директорунун орун басары (макулдашуу боюнча); |
Шадыбеков Куванычбек Баймуратович | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын мамлекеттик кызмат бөлүмүнүн башчысы; |
Абакиров Эльдар Курманбекович | - | Кыргыз Республикасынын Экономика министринин орун басары; |
Өмүралиев Мирлан Курманбекович | - | Кыргыз Республикасынын Маалыматтык технологиялар жана байланыш мамлекеттик комитетинин төрагасынын орун басары; |
Туйбаева Айнура Абдыкалыковна | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматынын төрагасынын орун басары; |
Байдылдаев Мурат Курманбекович | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча мамлекеттик агенттиктин директорунун орун басары; |
Мамыралиев Айбек Абасканович | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Монополияга каршы жөнгө салуу мамлекеттик агенттигинин статс-катчысы; |
Сатыбекова Айжан Эркиновна | - | Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин алдындагы Борбордук күрөөлүк каттоо конторасынын директору; |
Кочкоров Алмаз Курбаналиевич | - | Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин мамлекеттик кирешелерди болжолдоо башкармалыгынын начальниги; |
Алманбетов Өмүрбек Бадыевич | - | Кыргыз Республикасынын Жергиликтүү өз алдынча башкаруу союзунун аткаруучу директору (макулдашуу боюнча); |
Капарова Айнура Акимжановна | - | көз карандысыз эксперт (макулдашуу боюнча); |
Третьяков Александр Викторович | - | көз карандысыз эксперт (макулдашуу боюнча); |
Балтагулов Жалалбек Төрөгелдиевич | - | көз карандысыз эксперт (макулдашуу боюнча); |
Мадеюев Ахмат Низамович | - | "Коомдук технологиялар борбору" мекемесинин байкоочу кеңешинин төрагасы (макулдашуу боюнча); |
Абдимиталипова Чолпон Абдимиталиповна | - | Мамлекеттик органдардын коомдук кеңештеринин координациялык кеңешинин өкүлү (макулдашуу боюнча); |
Слепченко Наталья Сергеевна | - | Регионалистика жана өнүктүрүү борборунун директору (макулдашуу боюнча); |
Чекиров Асылбек Асаналиевич | - | "Жергиликтүү деңгээлде кызмат көрсөтүүлөрдү жакшыртуу" долбоорунун компонентинин менеджери (макулдашуу боюнча).". |