Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2017-жылдын 11-декабры № 557-б
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2000-жылдын 23-августундагы № 514 токтому менен бекитилген Ч.Т.Айтматов атындагы Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жаштар сыйлыгы жөнүндө жобонун 33-пунктуна, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык:
2016-2017-жылдар үчүн Ч.Т.Айтматов атындагы Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жаштар сыйлыгын ыйгаруу боюнча комиссиянын жыйынынын тиркелген протоколу бекитилсин.
Премьер-министр |
| С. Дж. Исаков |
Тиркеме
Ч.Т.Айтматов атындагы Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик жаштар сыйлыгын ыйгаруу боюнча комиссиянын жыйынынын ПРОТОКОЛУ
2017-жылдын 21-ноябры |
| Бишкек ш. |
Төрагасы - |
| Ч.А.Султанбекова |
Катчы - |
| А.Б.Алымбеков |
Комиссиянын катышкан мүчөлөрү: |
| М.А.Парханов, К.Г.Кожобеков, А.К.Жаманкулов, У.К.Кокочаров, Н.К.Мендебаиров, А.Р.Рыскулов, М.А.Бегалиев, С.Т.Торобеков, Н.Э.Байдолетов, К.О.Осмоналиев. |
Катышпагандар: |
| А.Ж.Тынаев, Актан Арым Кубат. |
КҮН ТАРТИБИ:
1. Ч.Т.Айтматов атындагы Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик жаштар сыйлыгынын лауреаттарын тандоо.
2. Ч.Т.Айтматов атындагы Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик жаштар сыйлыгынын дипломанттарын тандоо.
3. Ар түрдүү.
Биринчи маселе боюнча төмөндөгүлөр чыгып сүйлөштү: А.Р.Рыскулов, М.А.Бегалиев, С.Т.Торобеков, У.К.Кокочаров, Н.К.Мендебаиров, К.Г.Кожобеков, Н.Э.Байдолетов, К.О.Осмоналиев, М.А.Парханов.
Маалыматты угуп жана пикир алмашуу менен, Ч.Т.Айтматов атындагы Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик жаштар сыйлыгын ыйгаруу боюнча комиссиянын мүчөлөрү жашыруун добуш берүү үчүн бардык талапкерлерди тизмеге киргизүүнү сунуш кылышты. Жашыруун добуш берүүнүн жыйынтыгы боюнча комиссия төмөнкүдөй чечим кабыл алды:
1. "Ч.Т.Айтматов атындагы Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик жаштар сыйлыгынын лауреаты" төмөндөгүдөй номинациялар боюнча сыйлык ээлерине наамдар берилсин:
"Адабият жаатындагы мыкты чыгарма" боюнча № 1 номинация
- Жангазиев Максат Аманкуловичке;
"Журналистика жана телекөрсөтүү жаатындагы мыкты чыгарма" боюнча № 2 номинация
- Табалдиев Асхат Кудайбергеновичке;
"Музыкалык искусстводогу мыкты чыгарма жана аткаруучулук чеберчилик" боюнча № 3 номинация
- Карагулов Талант Кубанычбековичке;
"Көркөм искусствонун мыкты чыгармасы (живопись, скульптура, графика, декоративдик-колдонмо жана монументтик искусство)" боюнча № 4 номинация
- Аскат уулу Нурланга;
"Шаар курулушу, архитектура менен дизайн жаатында ишке ашырылган мыкты долбоор" боюнча № 5 номинация
- Иманалиев Даниярбек Бейшенбековичке;
"Театр жана цирк искусствосунун мыкты чыгармасы" боюнча № 6 номинация
- Сыдыков Марат Кубанычбековичке;
"Кино жана телекөрсөтүү жаатындагы мыкты жетишкендик (сценарийлик, композитордук, режиссердук, операторлук жана актердук иштер)" боюнча № 7 номинация
- Абдыкалыков Мирлан Актанбековичке;
"Илим жана жаңы технологиялар жаатындагы мыкты иш" боюнча № 8 номинация
- Касымова Наргиза Бахтыяровнага;
"Экономика, бизнес менен меценаттык жаатындагы мыкты жетишкендик" боюнча № 9 номинация
- Касмалиев Илимар Карыповичке;
"Спорт жаатындагы мыкты жетишкендик" боюнча № 10 номинация
- Догдурбек уулу Эламанга;
"Жаштар саясатын өнүктүрүүгө кошкон өзгөчө салымы үчүн" № 11 номинация
- Тилебалды уулу Элийзарга.
Экинчи маселе боюнча төмөндөгүлөр чыгып сүйлөштү: А.Р.Рыскулов, М.А.Бегалиев, С.Т.Торобеков, У.К.Кокочаров, Н.К.Мендебаиров, К.Г.Кожобеков, Н.Э.Байдолетов, К.О.Осмоналиев, М.А.Парханов.
Дипломанттарды добуш берүү аркылуу аныктоонун алдында, М.А.Бегалиевдин, дипломант наамын алуу үчүн бир нече талапкерлер бирдей жетишкендиктерге ээ болуп калган учурда, бир номинациялардагы дипломанттардын санын көбөйтүү жөнүндөгү сунушун комиссия мүчөлөрү колдоду. Бул сунуш добушка коюлган, комиссиянын бардык катышкан мүчөлөрү бир добуштан кабыл алышты. Маалыматты угуп жана пикирлерди алмашуу менен, комиссиянын мүчөлөрү төмөнкүдөй чечим кабыл алды:
1. Бардык талапкерлер жашырын добуш берүү үчүн тизмеге киргизилсин, тандалган лауреаттардын аты-жөнү тизмеден алып салынсын.
2. Добуш берүүнүн жыйынтыгы боюнча "Ч.Т.Айтматов атындагы Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик жаштар сыйлыгынын дипломанты" төмөндөгүдөй номинациялар боюнча сыйлык ээлерине наамдар берилсин:
"Адабият жаатындагы мыкты чыгарма" боюнча № 1 номинация
- Абубакирова Асель Каиржановнага;
"Журналистика жана телекөрсөтүү жаатындагы мыкты чыгарма" боюнча № 2 номинация
- Калматов Руслан Чиркешовичке;
"Музыкалык искусстводогу мыкты чыгарма жана аткаруучулук чеберчилик" боюнча № 3 номинация
- Мелисбекова Чолпон Мелисбековнага;
- Курманова Наргиза Жолдошбековнага;
- Аманбаев Сапарбек Исирадиновичке;
"Көркөм искусствонун мыкты чыгармасы (живопись, скульптура, графика, декоративдик-колдонмо жана монументтик искусство)" боюнча № 4 номинация
- Жороев Арзымат Набиевичке;
"Шаар курулушу, архитектура менен дизайн жаатында ишке ашырылган мыкты долбоор" боюнча № 5 номинация
- Мусакеев Нияз Темирбековичке;
"Театр жана цирк искусствосунун мыкты чыгармасы" боюнча № 6 номинация
- Мамутова Нургуль Абдыкапаровнага;
"Кино жаатындагы мыкты жетишкендик (сценарийлик, композитордук, режиссердук, операторлук жана актердук иштер)" боюнча № 7 номинация
- Жураева Асель Талибжановнага;
- Жапар уулу Дастанга;
"Илим жана жаңы технологиялар жаатындагы мыкты иш" боюнча № 8 номинация
- Нурдинов Байгелди Илиязовичке;
"Экономика, бизнес менен меценаттык жаатындагы мыкты жетишкендик" боюнча № 9 номинация
- Субанкулов Искандар Акбаралиевичке;
"Спорт жаатындагы мыкты жетишкендик" боюнча № 10 номинация
- Тандалган жок;
"Жаштар саясатын өнүктүрүүгө кошкон өзгөчө салымы үчүн" № 11 номинация
- Надырбеков Союзбек Надырбековичке;
- Кыдыралиева Мээрим Зоотбековнага.
Ч.Т.Айтматов атындагы Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик жаштар сыйлыгын ыйгаруу жөнүндө үчүнчү маселе боюнча төмөндөгүлөр чыгып сүйлөштү: А.Р.Рыскулов, М.А.Бегалиев, Н.К.Мендебаиров, К.О.Осмоналиев, М.А.Парханов.
Комиссия пикирлерди алмашуу менен, төмөнкүдөй чечим кабыл алды:
1. Ч.Т.Айтматов атындагы Мамлекеттик жаштар сыйлыгын салтанаттуу тапшыруу аземи 2017-жылдын 12-декабрына дайындалсын.
2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттиги Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2011-жылдын 27-январындагы № 123-V "Кыргыз Республикасынын улуттук адабиятынын күнүн белгилөө жөнүндө" токтомуна ылайык, 12-декабрь Кыргыз Республикасынын жазуучуларынын күнү болуп эсептелгендигине байланыштуу, Кыргыз Республикасынын Улуттук жазуучулар союзу менен биргеликте Ч.Т.Айтматов атындагы Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик жаштар сыйлыгын тапшыруу салтанатын Т.Абдумомунов атындагы Кыргыз Улуттук академиялык драма театрынын имаратында өткөрүү маселеси боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн жетекчилигине кайрылсын.
3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттиги белгиленген тартипте комиссиянын жыйынынын Протоколун бекитип берүүнү караган Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн буйрук долбоорун Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратына кароого киргизилсин.
4. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттиги Ч.Т.Айтматов атындагы Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик жаштар сыйлыгын изденип алууга кийинки сынакты өткөрүү боюнча тийиштүү чараларды көрсүн.
Комиссиянын төрагасы |
| Ч.Султанбекова |
Комиссиянын катчысы |
| А.Алымбеков |