Загрузка документа…
КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 12-февралындагы № 17-б буйругуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2017-жылдын 8-декабры № 554-б
Кыргыз Республикасындагы "Манас" Эл аралык аэропорту" ачык акционердик коомунун транспорттук-логистикалык борборун өнүктүрүү максатында, "TAV Airports Holding" компаниясы жана башка кызыкдар инвесторлор менен инвестициялык кызматташуунун шарттарын талкуулоо үчүн "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 15 жана 17-беренелерине ылайык:
1. "TAV Airports Holding" компаниясы жана башка кызыкдар инвесторлор менен инвестициялык кызматташуунун шарттарын талкуулоо боюнча жумушчу топ тиркемеге ылайык курамда түзүлсүн.
2. Жумушчу топко мамлекеттик органдардын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын, илимий-изилдөө жана башка уюмдардын адистерин, ошондой эле эл аралык уюмдардын, бизнес-түзүмдөрдүн, өкмөттүк эмес уюмдардын (макулдашуу боюнча) өкүлдөрүн белгиленген тартипте жумушчу топтун ишинин жүрүшүндө пайда болгон маселелерди чечүү үчүн тартууга укук берилсин.
3. Жумушчу топтун ишин уюштуруу, методикалык жана башка жагынан камсыздоо Кыргыз Республикасынын Инвестицияларды илгерилетүү жана коргоо боюнча агенттигине жүктөлсүн.
4. Ушул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын экономика жана инвестициялар бөлүмүнө жүктөлсүн.
Премьер-министр |
| С. Дж. Исаков |
Тиркеме
"TAV Airports Holding" компаниясы жана башка кызыкдар инвесторлор менен инвестициялык кызматташуунун шарттарын талкуулоо боюнча жумушчу топтун КУРАМЫ
Момункулов Эсенкул Дүйшөнкулович | - | Кыргыз Республикасынын Инвестицияларды илгерилетүү жана коргоо боюнча агенттигинин директору, жумушчу топтун төрагасы; |
Алиев Бекболот Абдыганыевич | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча фонддун төрагасынын орун басары, жумушчу топтун төрагасынын орун басары; |
Абдралиева Гүлмира Курманбековна | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын транспорт, курулуш жана коммуникациялар бөлүмүнүн башчысы; |
Абакиров Эльдар Курманбекович | - | Кыргыз Республикасынын экономика министринин орун басары; |
Байгончоков Мирланбек Конушбекович | - | Кыргыз Республикасынын финансы министринин орун басары; |
Джуматаева Гульнур Муратовна | - | Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун төрагасынын орун басары; |
Мамыркалиев Эрмек Алтымышевич | - | Кыргыз Республикасынын Транспорт жана жол министрлигинин статс-катчысынын милдетин аткаруучу; |
Жунушалиев Бакыт Жеңишевич | - | Кыргыз Республикасынын Транспорт жана жол министрлигине караштуу Жарандык авиация агенттигинин директорунун орун басары; |
Сопоков Эркин Мамасалиевич | - | Кыргыз Республикасынын Стамбул шаарындагы башкы консулу, Түркия Республикасы; |
Эралиева Назгуль Жоробековна | - | Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын финансы-экономикалык талдоо жана өнүгүүнүн мониторинги бөлүмүнүн эксперти (макулдашуу боюнча); |
Бектурганов Жолдош Токторбаевич | - | "Эйр Кыргызстан" ачык акционердик коомунун башкармасынын төрагасы (макулдашуу боюнча); |
Белеков Нурсултан Белекович | - | "Манас" Эл аралык аэропорту" ачык акционердик коомунун Инвестициялык, стратегиялык жана инфраструктуралык өнүгүү дирекциясынын директорунун орун басары (макулдашуу боюнча). |