Мазмунга
ДалилКыргыз Республикасынын укуктук китепканасы
Меню
Далилден сураңыз
Тил
Башкы бетКаталогМыйзам долбоорлоруКалыптарДокументти текшерүүӨзгөртүүлөрСервис жөнүндөДалилден сураңыз

Иш, бизнес жана окуу үчүн
укуктук маалымат.

Компания

Сервис жөнүндөКаталогМыйзам долбоорлоруКалыптарДокументти текшерүүДалилден сураңыз

Компаниянын реквизиттери жана байланыштар азырынча кошула элек.

Көз карандысыз маалыматтык сервис. Маалымат КР Юстиция министрлигинин укуктук маалымат банкынан автоматтык түрдө алынган жана ката кетиши мүмкүн. Юридикалык чечимдер үчүн расмий булак менен салыштырыңыз.

© 2026 dalil.kg
Каталог/Распоряжение
РаспоряжениеКүчүндө

КР Өкмөтүнүн 2018-жылдын 12-апрелиндеги № 133-б «Чүй жана Талас сууларындагы мамлекеттер аралык колдонуудагы суу чарба курулмаларын пайдалануу боюнча Кыргыз Республикасы менен Казакстан Республикасынын комиссиясынын кыргыз бөлүгү түзүү жөнүндө» буйругу

Реквизиттер

ОрусКырг
Номер
№ 133-б
Кабыл алынган
2018-жылдын 12-апрели
Чыгарган
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү

Реестрде

Минюст коду
216218

Минюсттун расмий барагы

Редакция12.04.2018 редакциясы
Жүктөө .docx
Бул документ орус тилинде да барОрусча
Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик герби

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ

БУЙРУК

2018-жылдын 12-апрели № 133-б

Астана шаарында 2000-жылдын 21-январында кол коюлган Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Казакстан Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы Чүй жана Талас сууларындагы мамлекеттер аралык пайдалануудагы суу чарба курулмаларын пайдалануу жөнүндө макулдашууну ишке ашыруу максатында:

1. Чүй жана Талас сууларындагы мамлекеттер аралык колдонуудагы суу чарба курулмаларын пайдалануу боюнча Кыргыз Республикасы менен Казакстан Республикасынын комиссиясынын (мындан ары - Комиссия) кыргыз бөлүгү тиркемеге ылайык курамда түзүлсүн.

2. Комиссиянын кыргыз бөлүгү өз ишинде Чүй жана Талас сууларындагы мамлекеттер аралык колдонуудагы суу чарба курулмаларын пайдалануу боюнча Кыргыз Республикасы менен Казакстан Республикасынын комиссиясы жөнүндө жобону бекитүү тууралуу Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Казакстан Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы протокол менен бекитилген жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2006-жылдын 30-июнундагы № 369-б буйругу менен жактырылган Чүй жана Талас сууларындагы мамлекеттер аралык колдонуудагы суу чарба курулмаларын пайдалануу боюнча Кыргыз Республикасы менен Казакстан Республикасынын комиссиясы жөнүндө жобону жетекчиликке алсын.

3. Комиссиянын кыргыз бөлүгүнүн ишин уюштуруучулук, техникалык жана башка жагынан камсыздоо Кыргыз Республикасынын Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министрлигинин Суу чарба жана мелиорация департаментине жүктөлсүн.

4. Ушул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын агроөнөр жай комплекси жана экология бөлүмүнө жүктөлсүн.

 

Премьер-министр

С. Дж. Исаков

Тиркеме

Чүй жана Талас сууларындагы мамлекеттер аралык колдонуудагы суу чарба курулмаларын пайдалануу боюнча Кыргыз Республикасы менен Казакстан Республикасынын комиссиясынын кыргыз бөлүгүнүн КУРАМЫ

Кыргыз Республикасынын Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министрлигинин Суу чарба жана мелиорация департаментинин башкы директору, Комиссиянын кыргыз бөлүгүнүн тең төрагасы;

Кыргыз Республикасынын Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министрлигинин Суу чарба жана мелиорация департаментинин башкы директорунун орун басары, Комиссиянын кыргыз бөлүгүнүн тең төрагасынын орун басары.

Комиссиянын мүчөлөрү:

Комиссиянын кыргыз бөлүгүнүн катчылыгынын жетекчиси;

Кыргыз Республикасынын Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министрлигинин Суу чарба жана мелиорация департаментинин суу ресурстары, суу пайдалануу жана мамлекеттер аралык суу бөлүштүрүү бөлүмүнүн начальниги;

Кыргыз Республикасынын Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министрлигинин Суу чарба жана мелиорация департаментинин гидромелиоративдик системаларды жана курулмаларды эксплуатациялоо башкармалыгынын начальниги;

Кыргыз Республикасынын Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министрлигинин Суу чарба жана мелиорация департаментинин "Сууавтоматика жана метрология" долбоорлоо-конструктордук жана технологиялык институтунун директору;

Кыргыз Республикасынын Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министрлигинин Суу чарба жана мелиорация департаментинин Чүй бассейиндик суу чарба башкармалыгынын начальниги;

Кыргыз Республикасынын Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министрлигинин Суу чарба жана мелиорация департаментинин Талас бассейндик суу чарба башкармалыгынын начальниги;

Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин тышкы саясатты талдоо, пландоо жана координациялоо департаментинин экинчи катчысы;

Комиссиянын кыргыз бөлүгүнүн катчылыгынын жетекчисинин орун басары.

 

Түзүм

Бул документте бөлүмдөр табылган жок.