РаспоряжениеКүчүндө

КР ӨКМӨТҮНҮН 2018-жылдын 22-январындагы № 23-б «2016-жылдын 16-ноябрында Бишкек шаарында кол коюлган жана Кыргыз Республикасынын 2017-жылдын 28-июлундагы № 150 Мыйзамы менен ратификацияланган Кыргыз Республикасы менен Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын ортосундагы «Кызыл-Кыя шаарындагы суу менен камсыздоо системасын реабилитациялоо» долбоору боюнча кредиттик макулдашуу туралуу» буйругу

Редакция
Жүктөө .docx
Бул документ орус тилинде да барОрусча
Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик герби

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ

БУЙРУК

 2018-жылдын 22-январы № 23-б

(КР Өкмөтүнүн 2018-жылдын 20-июнундагы № 203-б буйругунун редакциясына ылайык)

2016-жылдын 16-ноябрында Бишкек шаарында кол коюлган жана Кыргыз Республикасынын 2017-жылдын 28-июлундагы № 150 Мыйзамы менен ратификацияланган Кыргыз Республикасы менен Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын ортосундагы "Кызыл-Кыя шаарындагы суу менен камсыздоо системасын реабилитациялоо" долбоору боюнча кредиттик макулдашууга ылайык:

1. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги Кызыл-Кыя шаарынын мэриясы менен төмөнкүдөй шарттарда Субкредиттик макулдашууну белгиленген тартипте түзсүн:

- кредиттин суммасы 1,7 млн. (бир миллион жети жүз миң) АКШ доллары өлчөмүндө белгиленсин;

- кредитти пайдалануу үчүн өзгөрүлмөлүү пайыздык ставка - Либор + карыздын иш жүзүндө өздөштүрүлгөн суммасына жылдык 1,0% (6 айлык);

- сатып алынган жабдуулар жана кредиттик каражаттардын эсебинен сатып алынган башка мүлк түрүндө күрөөлүк камсыздоо;

- кредиттин негизги суммасы жана пайыздар жарым жылда 1 жолу, ар бир жылдын 20-майында жана 20-ноябрында 25 бирдей бөлүк менен төлөнөт, мында кредитти төлөөнүн биринчи датасы - 2019-жылдын 20-майына жана кредитти жоюунун акыркы датасы - 2031-жылдын 20-майына туура келет;

- төлөмдөр кечиктирилген учурда финансылык санкциялар, мөөнөтү өткөн карыздар келип чыккан убакыттан тартып бул карыздарды толук жоюу датасына чейин - Либор + жылдык 2%;

- Кредиттик макулдашууга кол коюлган күндөн тартып 60 күндөн кийин чегерилүүчү жана Кредиттик макулдашуу күчүнө киргенден кийин төлөнүүчү кредиттин өздөштүрүлбөгөн суммасы үчүн жылына 0,5% өлчөмүндөгү комиссия;

- эсепти ачуу үчүн кредиттин суммасынан 1% өлчөмүндө бир жолку комиссия.

(КР Өкмөтүнүн 2018-жылдын 20-июнундагы № 203-б буйругунун редакциясына ылайык)

2. Ушул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын финансы жана кредит саясаты бөлүмүнө жүктөлсүн.

 

Премьер-министр

С.Дж.Исаков