РаспоряжениеКүчүн жоготту

КР Өкмөтүнүн 2018-жылдын 15-февралындагы № 55-б «2018-жылга Кыргыз Республикасынын Бишкек, Ош шаарлары жана облустары боюнча Кыргыз Республикасына чет өлкөлүк жарандардын жана жарандыгы жок адамдардын иммиграциясынын чектик санын белгилөөчү иммиграциялык квота аныкталоо жөнүндө» буйругу

Редакция15.02.2018 редакциясы
Жүктөө .docx
Бул документ орус тилинде да барОрусча
Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик герби

КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 11-февралындагы № 57-т тескемесине ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ

БУЙРУК

2018-жылдын 15-февралы № 55-б

"Тышкы миграция жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 30-беренесине, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык:

1. 2018-жылга Кыргыз Республикасынын Бишкек, Ош шаарлары жана облустары боюнча Кыргыз Республикасына чет өлкөлүк жарандардын жана жарандыгы жок адамдардын иммиграциясынын чектик санын белгилөөчү иммиграциялык квота тиркемеге ылайык аныкталсын.

2. Ушул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын социалдык өнүктүрүү бөлүмүнө жүктөлсүн.

 

Премьер-министр

 

С. Дж. Исаков

 

Тиркеме

2018-жылга Кыргыз Республикасынын Бишкек, Ош шаарлары жана облустары боюнча Кыргыз Республикасына чет өлкөлүк жарандардын жана жарандыгы жок адамдардын иммиграциясынын чектик санын белгилөөчү ИММИГРАЦИЯЛЫК КВОТА

Региондун аталышы

Саны (адам)

Бишкек шаары

335

Ош шаары

25

Баткен облусу

10

Жалал-Абад облусу

20

Ысык-Көл облусу

20

Нарын облусу

10

Ош облусу

100

Талас облусу

10

Чүй облусу

150

Бардыгы

680