Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2017-жылдын 13-марты № 71-б
2017-жылдын 16-17-мартында Россия Федерациясынын Москва шаарында өтүүчү Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигинин Экономикалык кеңешинин 73-жыйынына катышуу үчүн:
1. Кыргыз Республикасынын делегациясы тиркемеге ылайык курамда түзүлсүн.
2. Командировкалык чыгымдар Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 26-августундагы № 471 "Командировкалык чыгымдардын нормаларын белгилөө жана алардын ордун толтуруу тартиби жөнүндө" токтому менен белгиленген ченемдерге ылайык командировкага жиберүүчү уюмдардын эсебинен төлөнсүн.
Премьер-министр | С.Ш. Жээнбеков |
Тиркеме
Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигинин Экономикалык кеңешинин 73-жыйынына катышуучу Кыргыз Республикасынын делегациясынын КУРАМЫ
Панкратов Олег Михайлович(*) | - | Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри, делегациянын башчысы; |
Асанкожоева Зина Мукаевна | - | Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигинин Экономикалык кеңешинин алдындагы Экономикалык маселелер боюнча комиссиядагы Кыргыз Республикасынын ыйгарым укуктуу өкүлү; |
Утебаев Медер Шамшибекович(*) | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын эл аралык кызматташтык бөлүмүнүн башчысынын орун басары. |
Эскертүү:
(*) - 2017-жылдын 15-18-мартында Москва шаарына командировкага жиберилет.
-жылдын 24-октябры № 453-б