РаспоряжениеКүчүндө

КР Өкмөтүнүн 2017-жылдын 13-мартындагы № 71-б «Кыргыз Республикасынын делегациясын түзүү жөнүндө» буйругу

Редакция13.03.2017 редакциясы
Жүктөө .docx
Бул документ орус тилинде да барОрусча
Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик герби

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ

БУЙРУК

2017-жылдын 13-марты № 71-б

2017-жылдын 16-17-мартында Россия Федерациясынын Москва шаарында өтүүчү Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигинин Экономикалык кеңешинин 73-жыйынына катышуу үчүн:

1. Кыргыз Республикасынын делегациясы тиркемеге ылайык курамда түзүлсүн.

2. Командировкалык чыгымдар Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 26-августундагы № 471 "Командировкалык чыгымдардын нормаларын белгилөө жана алардын ордун толтуруу тартиби жөнүндө" токтому менен белгиленген ченемдерге ылайык командировкага жиберүүчү уюмдардын эсебинен төлөнсүн.

 

Премьер-министр

С.Ш. Жээнбеков

Тиркеме

Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигинин Экономикалык кеңешинин 73-жыйынына катышуучу Кыргыз Республикасынын делегациясынын КУРАМЫ

Панкратов Олег Михайлович(*)

-

Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри, делегациянын башчысы;

Асанкожоева Зина Мукаевна

-

Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигинин Экономикалык кеңешинин алдындагы Экономикалык маселелер боюнча комиссиядагы Кыргыз Республикасынын ыйгарым укуктуу өкүлү;

Утебаев Медер Шамшибекович(*)

-

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын эл аралык кызматташтык бөлүмүнүн башчысынын орун басары.

Эскертүү:

(*) - 2017-жылдын 15-18-мартында Москва шаарына командировкага жиберилет.

-жылдын 24-октябры № 453-б