Загрузка документа…
КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 29-апрелиндеги № 233-т тескемесине ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2017-жылдын 18-январы № 12-б
"Кыргыз Республикасындагы эмгек мамилелер жаатындагы социалдык өнөктөштүк жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык, социалдык-эмгектик жана аны менен байланышкан экономикалык мамилелерди жөнгө салуунун негизги маселелери боюнча макулдашылган чараларды жүзөгө ашыруу максатында:
1. 2017-2019-жылдарга Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн, Кыргызстан профсоюздар федерациясынын жана жумуш берүүчүлөрдүн республикалык бирикмелеринин ортосундагы Башкы макулдашуунун тиркелген долбоору жактырылсын.
2. Кыргыз Республикасынын социалдык маселелер боюнча вице-премьер-министрине жогоруда аталган Башкы макулдашууга Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн атынан кол коюуга ыйгарым укук берилсин.
Премьер-министр | С.Ш. Жээнбеков |
Долбоор
2017-2019-жылдарга Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн, Кыргызстан профсоюздар федерациясынын жана жумуш берүүчүлөрдүн республикалык бирикмелеринин ортосундагы БАШКЫ МАКУЛДАШУУ
Биз, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн (мындан ары - Өкмөт), Кыргызстан профсоюздар федерациясынын (мындан ары - профсоюздар) жана жумуш берүүчүлөрдүн республикалык бирикмелеринин (мындан ары - Жумуш берүүчүлөр) ыйгарым укуктуу өкүлдөрү, мындан ары Тараптар деп аталуучу, Кыргыз Республикасынын Эмгек кодексине жана "Кыргыз Республикасындагы эмгек мамилелер жаатындагы социалдык өнөктөштүк жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык, тең укуктуулуктун жана өз ара сыйлашуу принциптерин, алган милдеттенмелер үчүн жоопкерчиликти жетекчиликке алуу менен, социалдык-эмгектик жана алар менен байланышкан экономикалык мамилелерди жөнгө салуунун жалпы принциптерин жана аларды ишке ашыруу боюнча Тараптардын биргелешкен иш-аракеттерин белгилөөчү ушул Башкы макулдашууну 2017-2019-жылдарга түздүк (мындан ары - Башкы макулдашуу).
I. Экономиканы өнүктүрүү чөйрөсү
1. Төмөнкүлөрдү ишке ашырууну камсыз кылуу:
- экономиканын кыйла артыкчылыктуу тармактарын өнүктүрүү программаларын;
- региондорду өнүктүрүү программаларын;
- формалдуу эмес экономиканын үлүшүн кыскартуу боюнча чаралардын программасын.
Тараптар
2. "Кыргыз Республикасындагы ички соода жөнүндө" жана "Мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүүлөр жөнүндө" Кыргыз Республикасынын мыйзамдары менен белгиленген тартипте, социалдык маанилүү азык-түлүк жана азык-түлүк эмес товарларга, анын ичинде мамлекеттик медициналык кызматтарга тарифтерди жана бааларды белгилөөнү координациялоо.
Өкмөт
3. Бизнести, ишкерликти өнүктүрүү, товарларды жана кызмат көрсөтүүлөрдү өндүрүү үчүн жагымдуу шарттарды түзүү.
Тараптар
4. Социалдык-эмгектик мамилелерди жөнгө салуучу мыйзамдардын долбоорлорун жана башка ченемдик укук актыларын Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине киргизүүгө чейин социалдык өнөктөр менен алдын ала талкуулоону камсыз кылуу.
Өкмөт
II. Эмгек акы төлөөнү жана социалдык камсыздоону жөнгө салуу
5. Бюджеттик чөйрөнүн кызматкерлерине эмгек акыны этап-этабы менен жогорулатууну камсыз кылуу.
Өкмөт
6. Минимумдук эмгек акынын деңгээлин республикалык бюджеттин мүмкүнчүлүктөрүнө ылайык этап-этабы менен жогорулатуу.
Өкмөт
7. Кыргыз азиздер жана дүлөйлөр коомунун ишканаларына мамлекеттик заказдарды жайгаштыруу боюнча практикалык жардам көрсөтүү.
Өкмөт
8. Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык кызматкерлерге эмгек акыны жана эмгектик өргүү акысын өз убагында төлөөнү камсыз кылуу.
Жумуш берүүчүлөр
9. Макулдашууларга жана жамааттык келишимдерге иш берүүчү төлөөгө жөндөмсүз болгон учурда Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык кызматкерлердин материалдык укуктарын коргоо боюнча чараларды камсыз кылуучу милдеттенмелерди киргизүү.
Жумуш берүүчүлөр
Профсоюздар
III. Эмгек рыногун өнүктүрүү жана калкты жумуш менен камсыз кылууга көмөктөшүү
10. Башталгыч, орто жана жогорку билим берүү уюмдарынын бүтүрүүчүлөрүн ишке орноштуруу боюнча жумуш берүүчүлөр менен билим берүү уюмдарынын өнөктөштүгүнө көмөктөшүү.
Tapaптар
11. Дуалдык окутуу системасын киргизүү.
Тараптар
12. Окутуунун жана кошумча кесиптик окутуунун негизинде кесиптик мобилдүүлүктү өнүктүрүү.
Тараптар
13. Айыл чарба кооперативдеринин өнүгүүсүнө көмөк көрсөтүү, анын ичинен ченемдик талаптар жана базар мүмкүнчүлүктөрү жүнүндө маалыматтарды алууга, жеңилдетилген кредиттик ресурстары жана лизинг негизинде фермерлерге айыл чарба техникасын жеткирүү, урук фонду жана күйүүчү-майлоочу материалдар менен камсыз кылуу, ошондой эле кыргыз кооперативдик коомдоштуктун эл аралык кооперативдик уюмдардын системасына интеграциялоо.
Өкмөт
14. Айыл-чарба чөйрөсүндө соода-логистикалык борборлорун түзүү боюнча мамлекеттик-жеке өнөктөштүктүн долбоорлорун ишке ашырууда мамлекеттик өнөккө колдоо көрсөтүү. Айыл-чарба продукциясын жеткирүүдө колдонуучулар (ички жана тышкы) менен узак мөөнөттүү контракттарды түзүү мүмкүнчүлүгүн кароо.
Өкмөт
Жумуш берүүчүлөр
IV. Эмгек укуктарын коргоо, эмгекти коргоо жана экологиялык коопсуздук
15. Кыргыз Республикасынын аймагында эмгекти коргоо жаатындагы мамлекеттик саясатты ишке ашырууну, эмгектенүү процессинде кызматкерлердин ден соолугун жана өмүрүн сактоону камсыз кылуу.
Тараптар
16. Профсоюздар жүргүзүүчү контролдун натыйжалуулугун жогорулатууга жардам берүү.
Профсоюздардын эмгектин укуктук жана техникалык инспекциясынын функцияларын чыңдоо, профсоюздардын ыйгарым укуктуу (ишенимдүү) адамдарынын жана эмгекти коргоо боюнча коомдук негиздеги инспекторлордун санын көбөйтүү боюнча чараларды көрүү.
Тараптар
17. Кыргыз Республикасында эмгек шарттарынын жана аны коргоонун абалын мүнөздөөчү максаттуу көрсөткүчтөргө жетишүүнү камсыз кылуу:
- эмгекти коргоо боюнча эрежелердин талаптарын, ченемдерди жана нускамаларды бузууга байланыштуу себептер боюнча өндүрүштө жабыркагандардын санын кыскартуу;
- эмгектин зыян жана кооптуу шарттарында иштеген кызматкерлердин санын азайтуу;
- техникалык абалы, ошондой эле жумуш орундарындагы эмгек шарттары эмгекти коргоонун талаптарына ылайык келбеген өндүрүштүк объектилердин санын кыскартуу.
Тараптар
18. Профсоюздардын өкүлдөрүнө Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган тартипте эмгек мыйзамдарын сактоо боюнча коомдук контролду жүргүзүү үчүн ишканаларга жана жумуш орундарга тоскоолсуз келишин камсыз кылуу.
Жумуш берүүчүлөр
19. Эмгекти коргоо боюнча жооптуу кызматкерди дайындоо жолу менен менчиктин бардык түрүндөгү ишканаларда жана уюмдарда эмгектин коопсуздук техникасы боюнча ченемдердин талаптарын аткарууга жана кармоого контролду күчөтүү.
Тараптар
20. Эмгек шарттары боюнча жумуш орундарын аттестациялоону өткөрүүдө уюмдарга көмөк көрсөтүү.
Профсоюздар
21. Кыргыз Республикасынын Эмгек кодексине, мыйзамдарга же социалдык-эмгектик мамилелерди жөнгө салуучу башка ченемдик укуктук актыларга өзгөртүүлөрдү киргизүүдө кызматкерлердин эмгектик укуктарын жана социалдык кепилдиктерин начарлаткан ченемдерди киргизүүгө жол бербөө.
Өкмөт
V. Жумушчулардын жана алардын үй-бүлөлөрүнүн жашоосу үчүн жагымдуу шарттарды түзүү
22. Профсоюздардын ден соолукту чыңдоочу жайларында жана балдардын ден соолугун чыңдоо борборлорунда эмгекчилердин ден соолугун жакшыртуу үчүн Эмгекчилердин ден соолукту чыңдоо фондусуна түшкөн каражаттарды натыйжалуу колдонууну камсыз кылуу.
Өкмөт
Профсоюздар
23. Жүргүнчүлөрдү ташуу боюнча каттамдарды тейлөө укугуна конкурс өткөрүүдөгү артыкчылыкты транспорт каражаттары ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген адамдарга ылайыкташтырылган юридикалык жактарга берүү.
Өкмөт
24. Дарыланууга жана эс алууга муктаж болгон адамдарга ден соолугун чыңдоочу жайларда, эс алуу үйлөрүндө жана балдардын ден соолугун чыңдоо борборлорунда шарттарды өз каражаттарынын да, тартылган инвестициялардын да эсебинен жакшыртуу.
Профсоюздар
25. Ишканаларда жана уюмдарда тармактык, аймактык макулдашууларды жана жамааттык келишимдерди түзүүдө маданий-массалык жана спорттук-ден соолукту чыңдоо иш-чараларына каражат бөлүп берүүнү караштыруу.
Жумуш берүүчүлөр
VI. Социалдык өнөктөштүктү өнүктүрүү
26. Бардык деңгээлде тармактык, аймактык (региондук) макулдашууларды жана менчиктин бардык түрүндөгү ишканаларда жана уюмдарда, ошондой эле капиталдын чет элдик үлүшү бар ишканаларда жамааттык келишимдерди түзүүнү камсыз кылуу.
Жумуш берүүчүлөр
Профсоюздар
27. Социалдык өнөктөштүк маселелерин, Башкы макулдашууну, региондук жана тармактык макулдашууларды, эмгек келишимдерин ишке ашыруунун жүрүшү жөнүндө маалыматты, ошондой эле социалдык жана эмгектеги чыр-чатактарын алдын алуу жана чечүү боюнча чаралар тууралуу маалыматтарды жалпыга маалымдоо каражаттарында чагылдырууну камсыз кылуу.
Тараптар
VII. Башкы макулдашуунун колдонулушу, анын аткарылышын контролдоо жана Тараптардын жоопкерчилиги
Тараптар ушул Башкы макулдашуунун жобосун аткаруу максатында төмөнкүлөр тууралуу макулдашты:
28. Тараптар ушул Башкы макулдашууну 2017-2019-жылдарга Кыргыз Республикасында макулдашылган социалдык-экономикалык саясатты жүргүзүү боюнча багыттарды жана аракеттерди белгилеген социалдык өнөктөштүктүн негизги документи катары таанышат жана анын бардык шарттарын сактап, жетекчиликке алууга милдеттенишет.
29. Башкы макулдашууну түзгөн Тараптардын бири да, анын колдонуу мөөнөтүнүн аралыгында өзүнө алган милдеттенмелерди бир тараптуу тартипте аткарууну токтотуп коюуга укугу жок.
Башкы макулдашууга толуктоолор жана өзгөртүүлөр Башкы макулдашууну түзүү үчүн каралган тартипте Тараптардын өз ара макулдугу боюнча киргизилет.
30. Республикалык үч тараптуу комиссиянын чечимдери (сунуштары) ушул Башкы макулдашууну ишке ашыруунун формасы болуп эсептелет.
31. Тараптар жыл сайын Башкы макулдашууну аткаруунун жүрүшү жөнүндө маалыматтарды Социалдык-эмгектик мамилелерди жөнгө салуу боюнча республикалык үч тараптуу комиссияга беришет.
32. Башкы макулдашууга кол коюлгандан кийин Тараптар бир жуманын ичинде анын жалпыга маалымдоо каражаттарында жарыяланышын камсыз кылышат.
33. Бул Башкы макулдашуу кол коюлган күндөн тартып күчүнө кирет.
34. Бул Башкы макулдашуу жумуш берүүчүлөрдүн башка республикалык бирикмелеринин жана көз карандысыз профсоюздардын кошулуусу үчүн ачык.
Бишкек шаарында 201__-жылдын "__" _______________ эки нускада мамлекеттик жана расмий тилдерде түзүлдү.
Бул Башкы макулдашууга төмөнкүлөр кол коюшту:
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн атынан:
Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри |
| Ч.Султанбекова |
Кыргызстан профсоюздар федерациясынын атынан:
Кыргызстан профсоюздар федерациясынын төрагасы |
| М.Асанакунов |
Жумуш берүүчүлөрдүн бирикмелеринин атынан:
Кыргыз Республикасынын Соода-өнөр жай палатасынын президенти |
| М.Шаршекеев |
"Экономикалык палатасы" Ассоциациясынын" Юридикалык жактарынын бирикмесинин президенти |
| Д.Казаков |