Загрузка документа…
КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 11-февралындагы № 57-т тескемесине ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУГУ
2017-жылдын 25-январы № 17-б
Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жана муниципалдык кызматчыларынын кесипкөйлүгүн жогорулатуу, Кыргыз Республикасынын Президентинин 2013-жылдын 12-июлундагы № 162 "Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жана муниципалдык кызматчыларын окутуу системасын өркүндөтүү маселелери жөнүндө" Жарлыгы менен бекитилген 2013-2017-жылдарга Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жана муниципалдык кызматчыларын окутуу системасын өнүктүрүү программасын жүзөгө ашыруу максатында, "Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык:
1. 2017-жылга Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жана муниципалдык кызматчыларын окутууга мамлекеттик тапшырык (мындан ары - Мамлекеттик тапшырык) тиркемеге ылайык бекитилсин.
2. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги Мамлекеттик тапшырыкты ишке ашыруу үчүн Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик кадрлар кызматына финансы каражатын бөлүүнү камсыздасын.
3. Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик кадрлар кызматына төмөнкүлөр сунушталсын:
- Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик кадрлар кызматынын 2017-жылдын бюджетинде каралган каражаттын эсебинен окутууну өткөрүүгө - 6952290 (алты миллион тогуз жүз элүү эки миң эки жүз токсон) сомду жана Мамлекеттик тапшырыкты жүзөгө ашыруу үчүн окутуу программаларын иштеп чыгууга - 300000 (үч жүз миң) сомду Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик башкаруу академиясына багыттоо;
- ушул буйруктун 1-пунктунда аталган Мамлекеттик тапшырыкты жүзөгө ашыруу үчүн билим берүү уюмдарынын арасында конкурстук тандоо өткөрүү;
- Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жана муниципалдык кызматчыларын окутуу процессине жана сапатына мониторингди дайыма жүргүзүп туруу.
4. Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик башкаруу академиясына төмөнкүлөр сунушталсын:
- Мамлекеттик тапшырыкка ылайык макулдашылган тематика боюнча окутуу программаларын иштеп чыгуу жана окутуу;
- Мамлекеттик тапшырыкты жүзөгө ашыруунун жүрүшү жөнүндө маалыматты ай сайын Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик кадрлар кызматына жана жылдын жыйынтыгы боюнча - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратына берип туруу;
- окууну ийгиликтүү аяктаган мамлекеттик жана муниципалдык кызматчыларга сертификаттарды тапшырып туруу.
5. Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдары жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары (макулдашуу боюнча) окутуу программаларына жана графигине ылайык мамлекеттик жана муниципалдык кызматчыларды окутуу курстарына жөнөтүүнү камсыз кылышсын.
6. Ушул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын мамлекеттик башкаруу жана кадрдык иштер бөлүмүнө жүктөлсүн.
Премьер-министр | С.Ш.Жээнбеков |
Тиркеме
2017-жылга Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жана муниципалдык кызматчыларын окутууга МАМЛЕКЕТТИК ТАПШЫРЫК
Мамлекеттик кызматчыларды жана муниципалдык кызматчыларды (мындан ары - кызматчылар) кайра даярдоо курстары
Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик башкаруу академиясында (мындан ары - Академия) жайгаштыруу үчүн
1-бөлүм. Кызматчыларды окутуу:
№ | Курстардын тематикасы | Угуучулардын категориясы | Угуучулардын саны/окутулуучу жер | |||||||
Бишкек ш., Чүй облусу | Ош ш., Ош облусу | Жалал-Абад облусу | Баткен облусу | Талас облусу | Нарын облусу | Ысык-Көл облусу | Сааттардын саны | |||
1 | Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жана муниципалдык башкаруунун негиздери: - мамлекеттик жана муниципалдык кызмат системасы; - ченемдик укуктук актылар системасы; - мамлекеттик органдарда жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарында иш кагаздарын жүргүзүү; - кесиптик этика жана коррупцияга каршы аракеттенүү | Мамлекеттик жана/же муниципалдык кызматка биринчи жолу кирген кызматчылар | 150 | 50 | 25 | 25 | 25 | 25 | 25 | 100 |
2 | Мамлекеттик жана муниципалдык башкаруудагы стратегиялык менеджмент: - стратегияны иштеп чыгуу мамилелери; - мамлекеттик сектордогу стратегиялык өнүктүрүүнүн багыттары жана методдору; башкаруу стратегиясынын натыйжалуулугунун негизги индикаторлору; учурдагы шарттарда менеджменттин стратегиясы жана администрациялык реформалар. | Жетектөөчү кызмат орундарына биринчи жолу дайындалган кызматчылар | 125 | 50 | 25 | 25 | 25 | 25 | 25 | 100 |
| Жыйынтык: | 625 адам | 275 | 100 | 50 | 50 | 50 | 50 | 50 |
|
Кызматчылардын квалификациясын жогорулатуу курстары
Академияда жайгаштыруу үчүн
2-бөлүм. Мамлекеттик кызмат жана муниципалдык кызмат системасын өнүктүрүү үчүн илимий-методикалык иштер.
Окутуу программаларын иштеп чыгуу:
№ | Курстардын тематикасы | Угуучулардын категориясы |
1 | Мамлекеттик жана муниципалдык башкаруудагы стратегиялык менеджмент | Жетектөөчү кызмат орундарына биринчи жолу дайындалган кызматчылар |
2 | Мамлекеттик жана муниципалдык башкаруунун негиздери | Мамлекеттик жана/же муниципалдык кызматка биринчи жолу кирген кызматчылар |
3 | Адам ресурстарын башкаруунун механизмдери | Мамлекеттик органдардын статс-катчылары, аппарат жетекчилери жана айыл өкмөттөрүнүн жоошуу катчылары |
4 | Мамлекеттик программаларды жана долбоорлорду иштеп чыгуу жана жүзөгө ашыруу (ТӨУС ж.б.у.с.) | Мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын түзүмдүк бөлүнүштөрүнүн жетекчилери, адистери |
5 | Мамлекеттик жана муниципалдык башкаруунун маалыматтык-аналитикалык технологиялары | Мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын адистери |
6 | Жергиликтүү өз алдынча башкаруунун финансы-экономикалык негиздери | Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын кызматчылары |
3-бөлүм. Квалификацияны жогорулатуу курстарында окутуу:
№ | Курстардын тематикасы | Угуучулардын категориясы | Угуучулардын саны | Сааттардын саны | ||||||
Бишкек ш., Чүй облусу | Ош ш., Ош облусу | Баткен облусу | Жалал-Абад облусу | Ысык-Көл облусу | Нарын облусу | Талас облусу | ||||
1 | Тренерлер үчүн тренинг | Тренерлер, жождун окутуучулары | 20 | 20 |
|
|
|
|
| 72 |
Мамлекеттик жана муниципалдык кызматчылар үчүн | ||||||||||
2 | Мамлекеттик кызматта жана муниципалдык кызматта адам ресурстарын башкаруунун механизмдери: | Мамлекеттик органдардын статс-катчылары жана аппарат | 80 | 60 | 60 | 60 | 60 | 60 | 60 | 72 |
| - мамлекеттик кызматтын жана муниципалдык кызматтын укуктук негиздери; - мамлекеттик жарандык кызматка жана муниципалдык кызматка кирүү жана өтөө; - мамлекеттик жарандык жана муниципалдык кызматчылардын карьералык өсүүсү жана аларды жүйөлөштүрүү | жетекчилери, шаарлардын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын аппарат жетекчилери жана айыл өкмөттөр үнүн жооптуу катчылары |
|
|
|
|
|
|
|
|
3 | Мамлекеттик программаларды жана долбоорлорду иштеп чыгуу жана жүзөгө ашыруу (ТӨУС ж.б.у.с.): - стратегиялык пландоонун негиздери; - долбоордук циклди башкаруу; - долбоорлорду жана программаларды талдоо, мониторинг жүргүзүү жана баалоо | Мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын кызматчыларынын бардык категориялары | 40 | 20 | 20 | 20 | 20 | 20 | 20 | 72 |
4 | Коррупцияга каршы саясат: - түшүнүк, маани жана кесепеттер; - Кыргыз Республикасынын коррупцияга каршы саясат чөйрөсүндөгү мыйзамдары; коррупцияга каршы аракеттенүүнүн чаралары; - ченемдик укуктук актыларга коррупцияга каршы экспертиза жүргүзүү; - ишкер этиканын жана моралдын ченемдери | Мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын кызматчыларынын бардык категориялары | 120 | 60 | 20 | 20 | 20 | 20 | 20 | 72 |
5 | Этностор аралык мамилелерди башкаруу, гендердик жана диний мамлекеттик саясат: - себептер, классификация жана формалар; - этностор аралык чыр-чатактарды жөнгө салуу, чечүү, алдын алуу; маданият аралык коммуникациялар; - диний чөйрөдөгү мамлекеттик саясат; - этностук процесстерге мониторинг жана талдоо жүргүзүү; - этностор аралык жана гендердик мамилелерди башкаруу; - Кыргыз Республикасындагы кырдаалды талдоо жана божомолдоо | Мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын кызматчыларынын бардык категориялары | 20 | 20 | 20 | 20 | 20 | 20 | 20 | 72 |
6 | Мамлекеттик жана муниципалдык кызматта натыйжалуу башкаруунун БЫК (билими, ыктуулугу, көндүмдөрү): - тайм-менеджмент; - стресс-менеджмент; - персоналды эмгекке жүйөлөштүрүү жана персоналды жүйөлөштүрүү системасы; - коомчулук менен байланыш: ЖМК, коом жана мамлекеттин өз ара аракеттенүү механизмдери | Мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын түзүмдүк бөлүнүштөрүнүн жетекчилери | 40 | 20 | 20 | 20 | 20 | 20 | 20 | 72 |
7 | Мамлекеттик кызматта жана муниципалдык кызматта адам ресурстарын башкаруунун механизмдери: - мамлекеттик кызматтын жана муниципалдык кызматтын укуктук негиздери; - мамлекеттик жарандык кызматка жана муниципалдык кызматка кирүү жана өтөө; - мамлекеттик жана муниципалдык кызматчылардын карьералык өсүүсү жана аларды жүйөлөштүрүү | Мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын персоналды башкаруу кызматтарынын кызматчылары, финансы-экономикалык кызматтардын кызматчылары | 160 | 80 | 40 | 40 | 40 | 40 | 40 | 72 |
8 | Мамлекеттик жана муниципалдык башкаруунун маалыматтык-аналитикалык технологиялары: - мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө мыйзамдар; мамлекеттик сектордо адам ресурстарын башкаруунун негиздери; - маалыматты чогултуу, талдоо, системалаштыруу жана жалпылоо; - аналитикалык документтерди иштеп чыгуу; - кызматтык каттарды жазуунун ыкмалары; электрондук башкаруунун негиздери; - иш кагаздарын жүргүзүүнүн негиздери | Мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын адистери | 100 | 40 | 20 | 20 | 20 | 20 | 20 | 72 |
9 | Мамлекеттик жаштар саясаты: - Кыргыз Республикасында мамлекеттик жаштар саясатын башкаруудагы укуктук формаларды уюштуруу жана түзүү; - Кыргыз Республикасында мамлекеттик жаштар саясатын жүзөгө ашыруунун механизмдери жана технологиялары; - Кыргыз Республикасында мамлекеттик жаштар саясатын жүзөгө ашыруунун тажрыйбасы; - жаштардын муктаждыктарын иликтөө жана жаштар саясатын муниципалдык деңгээлде түзүүнүн өбөлгөсү; - жаштар саясатынын цикли: кырдаалга талдоо жүргүзүүдөн баштап чечимдерди кабыл алууга чейин; - мамлекеттик жаштар саясаты чөйрөсүндөгү органдарды башкаруу жана менеджментинин негизги методдору; - мамлекеттик жаштар саясатын түзүүдө жана жүзөгө ашырууда өз ара аракеттенүү | Мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын кызматчыларынын бардык категориялары | 40 | 40 | 20 | 20 | 20 | 20 | 20 | 72 |
10 | Кыргыз Республикасынын жер мыйзамдары: - Кыргыз Республикасынын жер фондунун жерлеринин категориялары; - жарандык укуктардын объектиси катары жер участогуна укук; жерди которуу (трансформациялоо) боюнча мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын мааниси жана функциялары; - калктуу конуштардын (шаарлардын жана айылдык калктуу конуштардын) жерлерин бөлүп берүү; - жерлерди жеке турак жай курууга бөлүп берүү; - Айыл чарба жерлеринин мамлекеттик фондунун жерлерин бөлүп берүү; - жайыттарды башкаруу; - жерлерди жер казынасын пайдалануу үчүн бөлүп берүү | Мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын кызматчыларынын бардык категориялары | 20 | 20 | 20 | 20 | 20 | 20 | 20 | 72 |
11 | Жергиликтүү өз алдынча башкаруунун финансы-экономикалык негиздери: - жергиликтүү бюджеттерди түзүү жана аткаруу; - аймактардын инвестициялык жагымдуулугу; - бюджеттен тышкаркы каражаттарды тартуу; - жергиликтүү экономикалык өнүктүрүү; - мамлекеттик сатып алуулар; - жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын салыктык укуктук мамилелерге карата укуктары | Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын кызматчылары | 40 | 40 | 20 | 20 | 20 | 20 | 20 | 72 |
12 | Жөнгө салуучу таасирди талдоонун (ЖСТТ) мыйзамдуу негизи жана Кыргыз Республикасында ЖСТТнын иштөө механизмдери: - ЖСТТ институтунун Кыргыз Республикасында пайда болуу өбөлгөлөрү; - ЖСТТны ишке киргизүүнүн хронологиясы; | Мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын финансы-экономикалык кызматтарынын жана юридикалык кызматтарынын | 80 | 40 |
|
|
|
|
| 72 |
| - ЖСТТны ишке киргизүүнүн жана пайдалануунун эл аралык тажрыйбасы; - ЖСТТнын укуктук негиздери; - ЖСТТны өткөрүү тартиби; - ЖСТТ институтун өркүндөтүү жана өнүктүрүү келечеги | кызматчылары |
|
|
|
|
|
|
|
|
| Академиядагы квалификацияны жогорулатуу курстарында окутуу боюнча жыйынтык | 2520 адам |
|
|
|
|
|
|
|
|
| Кайра даярдоо курстарында окутуу боюнча жыйынтык | 625 адам |
|
|
|
|
|
|
|
|
| Академияда жайгаштыруу боюнча жыйынтык | 3145 адам |
|
|
|
|
|
|
|
|
Билим берүү уюмдарынын арасында конкурстук тандоо аркылуу жайгаштыруу үчүн:
4-бөлүм. Квалификацияны жогорулатуу курстарында окутуу:
№ | Курстардын тематикасы | Угуучулардын категориясы | Угуучулардын саны | Сааттардын саны | ||||||
Бишкек ш., Чүй облусу | Ош ш., Ош облусу | Баткен облусу | Жалал-Абад облусу | Ысык-Көл облусу | Нарын облусу | Талас облусу | ||||
1 | Товарларды, жумуштарды жана кызмат көрсөтүүлөрдү мамлекеттик сатып алууларды башкаруу - мамлекеттик сатып алуулардын экономикадагы мааниси; - мамлекеттик сатып алуулардын этаптары; - конкурстук өтүнмөлөрдү баалоо жана салыштыруу. Конкурсту жокко чыгаруу; - мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө келишим; - мамлекеттик сатып алуулардын жол-жобосу. Мамлекеттик сатып алууларды пландоо; - стандарттык конкурстук документтерди иштеп чыгуу; - конкурстук комиссияны түзүү; - кулактандырууларды жарыялоо; - жеңүүчүнү аныктоо; - кулактандырууну жарыялоо; - сатып алынуучу товарлардын сапатына коюлуучу талаптар; - техникалык спецификацияларды иштеп чыгуу. Иштеп чыгуунун түрлөрү, этаптары. Техникалык спецификациялардын максаттары жана мааниси; - Электрондук мамлекеттик сатып алуулар порталында иштөө; сатып алуулардын планын түзүү; - конкурстук документтерди түзүү | Мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын кызматчыларынын бардык категориялары | 100 | 40 | 20 | 20 | 20 | 7.0 | 20 | 72 |
2 | Ишкер кыргыз тили | Окууну баштагандар үчүн | 100 |
|
|
|
|
|
| 72 |
Окууну уланткандар үчүн | 40 | 20 | 20 | 20 | 20 | 20 | 72 | |||
3 | Электрондук башкаруунун негиздери: - мыйзамдар; - маалыматтык-коммуникациялык технологиялар чөйрөсүндөгү долбоорлорду башкаруу; - МКТ аркылуу стратегиялык пландоо; МКТ долбоорлорунун натыйжалуулугун баалоо; - түйүндүк жана Интернеттик-сабаттуулук; - маалыматтар базасы менен иштөө | Мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын кызматчыларынын бардык категориялары | 100 | 40 | 20 | 20 | 20 | 20 | 20 | 72 |
| Мамлекеттик кызматчылардын баардыгы: | 720 |
|
|
|
|
|
|
|
|
Муниципалдык кызматчылар үчүн | ||||||||||
4 | Жергиликтүү өз алдынча башкаруунун деңгээлинде кызмат көрсөтүү системасын уюштуруу: - мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүүлөр чөйрөсүндөгү укуктук негиздер; - муниципалдык кызмат көрсөтүүлөрдүн стандарттарын жана административдик регламенттерин иштеп чыгуу; - муниципалдык ишканаларды башкаруу; - кызмат көрсөтүүчүнүн экономикалык жана финансылык туруктуулугу | Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын кызматчылары | 40 | 40 | 20 | 20 | 20 | 20 | 20 | 72 |
5 | Жергиликтүү өз алдынча башкаруунун уюштуруучулук-укуктук негиздери: - жергиликтүү өз алдынча башкаруунун уюштуруучулук-укуктук негиздери; - жергиликтүү өз алдынча башкаруунун укуктук негиздери (жергиликтүү маанидеги маселелер, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ыйгарым укуктары, өткөрүлүп берилген ыйгарым укуктар); - мамлекеттик кызматтын жана муниципалдык кызматтын укуктук негиздери; - жарандардын жергиликтүү өз алдынча башкарууга катышуусу; - айыл аймактарын өнүктүрүүнү стратегиялык пландоо; - муниципалдык менчикти башкаруу | Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын кызматчылары | 40 | 40 | 20 | 20 | 20 | 20 | 20 | 72 |
| Муниципалдык кызматчылардын баардыгы | 360 адам |
|
|
|
|
|
|
|
|
| Конкурстук негизде жайгаштыруу үчүн баардык мамлекеттик жана муниципалдык кызматчылардын бардыгы | 1080 адам |
|
|
|
|
|
|
|
|
| Мамлекеттик жана муниципалдык кызматчылардын баардыгы | 4225 адам |
|
|
|
|
|
|
|
|
Кыскартуулардын тизмеси:
ЖМК | - | жалпыга маалымдоо каражаттары |
ЖСТТ | - | жөнгө салуучу таасирди талдоо |
МКТ | - | маалыматтык коммуникациялык технологиялар |