Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2017-жылдын 2-февралы № 22-б
(КР Өкмөтүнүн 2018-жылдын 22-январындагы № 21-б буйругунун редакциясына ылайык)
"Токтогул ГЭСин реабилитациялоо. 3-фаза" долбоорун каржылоо боюнча Евразия турукташтыруу жана өнүктүрүү фонду менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү үчүн, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн расмий делегациясы (мындан ары - расмий делегация) тиркемеге ылайык курамда түзүлсүн.
2. Расмий делегациянын башчысына Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн расмий делегациясынын атынан сүйлөшүүлөрдүн протоколуна кол коюуга ыйгарым укук берилсин.
Премьер-министр | С.Ш. Жээнбеков |
"Токтогул ГЭСин реабилитациялоо. 3-фаза" долбоорун каржылоо боюнча Евразия турукташтыруу жана өнүктүрүү фонду менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү үчүн Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн расмий делегациясынын КУРАМЫ
(КР Өкмөтүнүн 2018-жылдын 22-январындагы № 21-б буйругунун редакциясына ылайык)
Рыскулов Уланбек Дуулатович | - | Кыргыз Республикасынын Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитетинин төрагасы, расмий делегациянын башчысы; |
Байгончоков Мирлан Конушбекович | - | Кыргыз Республикасынын Финансы министринин орун басары, расмий делегациянын башчысынын орун басары. |
Расмий делегациянын мүчөлөрү: | ||
Жамалдинов Зиядин Исламович | - | Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Бюджет жана финансы боюнча комитетинин төрагасынын орун басары (макулдашуу боюнча); |
Мусабекова Жылдыз Аманбековна | - | Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча комитетинин төрагасы (макулдашуу боюнча); |
Турускулов Жыргалбек Куручбекович | - | Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Отун-энергетикалык комплекси жана жер казынасын пайдалануу боюнча комитетинин төрагасы (макулдашуу боюнча); |
Кайкиев Эмиль Абдыкалыевич | - | Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министринин орун басары; |
Торутаев Алтынбек Элимович | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасынын биринчи орун басары; |
Абдыкаров Алмазбек Акбаралиевич | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин директорунун орун басары; |
Рыспеков Арсен Арзиевич | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы мамлекеттик агенттигинин директорунун орун басары; |
Оморов Азамат Каныбекович | - | Кыргыз Республикасынын Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитетинин төрагасынын орун басары; |
Айдралиева Расым Шаршекеевна | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик салык кызматынын төрагасынын орун басары; |
Алиев Бекболот Абдыганыевич | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча фонддун төрагасынын орун басары; |
Джеенбекова Надира Бабырбековна | - | Кыргыз Республикасынын Экономика министрлигинин тышкы байланыштар жана донордук жардамдар башкармалыгынын начальниги; |
Калыев Самат Алмазбекович | - | Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин Антикоррупциялык кызматынын башкармалыгынын начальниги; |
Талканбаев Баатыр Зарылбекович | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциянын энергетикалык коопсуздук башкармалыгынын начальниги; |
Маматов Нурат Жээналиевич | - | Кыргыз Республикасынын Экономика министрлигинин эл аралык салыктык мамилелер бөлүмүнүн башчысы; |
Айдарова Миргуль Мырзагельдиевна | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Отун-энергетикалык комплексин жөнгө салуу боюнча мамлекеттик агенттиктин тарифтик, бааны жөнгө салуу бөлүмүнүн башчысы; |
Токольдошев Нурбек Канатбекович | - | "Улуттук энергетикалык холдинг компаниясынын" ачык акционердик коомунун башкармасынын төрагасынын орун басары (макулдашуу боюнча); |
Кыдырбаев Узак Асанкарыевич | - | "Электр станциялар" ачык акционердик коомунун башкы директору (макулдашуу боюнча). |