Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2018-жылдын 22-январы № 21-б
Кадрдык өзгөрүүлөргө байланыштуу, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык:
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 2-февралындагы № 22-б буйругуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
- жогоруда аталган буйрук менен түзүлгөн "Токтогул ГЭСин реабилитациялоо. 3-фаза" долбоорун каржылоо боюнча Евразия турукташтыруу жана өнүктүрүү фонду менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүүчү Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн расмий делегациясынын курамына төмөнкүлөр киргизилсин:
Рыскулов Уланбек Дуулатович | - | Кыргыз Республикасынын Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитетинин төрагасы, расмий делегациянын башчысы; |
Жамалдинов Зиядин Исламович | - | Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Бюджет жана финансы боюнча комитетинин төрагасынын орун басары (макулдашуу боюнча); |
Мусабекова Жылдыз Аманбековна | - | Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча комитетинин төрагасы (макулдашуу боюнча); |
Оморов Азамат Каныбекович | - | Кыргыз Республикасынын Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитетинин төрагасынын орун басары; |
Айдралиева Расым Шаршекеевна | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик салык кызматынын төрагасынын орун басары; |
Маматов Нурат Жээналиевич | - | Кыргыз Республикасынын Экономика министрлигинин эл аралык салыктык мамилелер бөлүмүнүн башчысы; |
Токольдошев Нурбек Канатбекович | - | "Улуттук энергетикалык холдинг компаниясынын" ачык акционердик коомунун башкармасынын төрагасынын орун басары (макулдашуу боюнча); |
Кыдырбаев Узак Асанкарыевич | - | "Электр станциялар" ачык акционердик коомунун башкы директору (макулдашуу боюнча); |
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн расмий делегациясынын курамынан Артыкбаев О.М., Шадиев А.А., Зилалиев Д.Т., Абдыкаимов О.А., Жумалиев Т.Ж., Абасканов Н.Э., Толубаев Т.М. чыгарылсын.
Премьер-министр | С.Дж.Исаков |