РаспоряжениеКүчүндө

КР Өкмөтүнүн 2018-жылдын 22-январындагы № 21-б «Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 2-февралындагы № 22-б буйругуна өзгөртүүлөр киргизүү жөнүндө» буйругу

Редакция22.01.2018 редакциясы
Жүктөө .docx
Бул документ орус тилинде да барОрусча
Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик герби

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ

БУЙРУК

2018-жылдын 22-январы № 21-б

Кадрдык өзгөрүүлөргө байланыштуу, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык:

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 2-февралындагы № 22-б буйругуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

- жогоруда аталган буйрук менен түзүлгөн "Токтогул ГЭСин реабилитациялоо. 3-фаза" долбоорун каржылоо боюнча Евразия турукташтыруу жана өнүктүрүү фонду менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүүчү Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн расмий делегациясынын курамына төмөнкүлөр киргизилсин:

Рыскулов Уланбек Дуулатович

-

Кыргыз Республикасынын Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитетинин төрагасы, расмий делегациянын башчысы;

Жамалдинов Зиядин Исламович

-

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Бюджет жана финансы боюнча комитетинин төрагасынын орун басары (макулдашуу боюнча);

Мусабекова Жылдыз Аманбековна

-

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча комитетинин төрагасы (макулдашуу боюнча);

Оморов Азамат Каныбекович

-

Кыргыз Республикасынын Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитетинин төрагасынын орун басары;

Айдралиева Расым Шаршекеевна

-

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик салык кызматынын төрагасынын орун басары;

Маматов Нурат Жээналиевич

-

Кыргыз Республикасынын Экономика министрлигинин эл аралык салыктык мамилелер бөлүмүнүн башчысы;

Токольдошев Нурбек Канатбекович

-

"Улуттук энергетикалык холдинг компаниясынын" ачык акционердик коомунун башкармасынын төрагасынын орун басары (макулдашуу боюнча);

Кыдырбаев Узак Асанкарыевич

-

"Электр станциялар" ачык акционердик коомунун башкы директору (макулдашуу боюнча);

- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн расмий делегациясынын курамынан Артыкбаев О.М., Шадиев А.А., Зилалиев Д.Т., Абдыкаимов О.А., Жумалиев Т.Ж., Абасканов Н.Э., Толубаев Т.М. чыгарылсын.

 

Премьер-министр

С.Дж.Исаков