РаспоряжениеКүчүн жоготту

КР Өкмөтүнүн 2018-жылдын 7-майындагы № 160-б «Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 18-сентябрындагы № 407-б буйругуна өзгөртүүлөр киргизүү туралуу» буйругу

Редакция07.05.2018 редакциясы
Жүктөө .docx
Бул документ орус тилинде да барОрусча
Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик герби

КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 11-февралындагы № 57-т тескемесине ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ

БУЙРУК

2018-жылдын 7-майы № 160-б

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 18-сентябрындагы № 407-б буйругуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

1) 9-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"9. Ушул буйруктун аткарылышын контролдоо  Кыргыз Республикасынын биринчи вице-премьер-министрине жүктөлсүн.";

2) жогорудагы аталган буйруктун тиркемесинде:

- биринчи жана экинчи абзацтары төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"Кыргыз Республикасынын биринчи вице-премьер-министри, уюштуруу комитетинин төрагасы;

Кыргыз Республикасынын социалдык блокту тейлөөчү вице-премьер-министри, уюштуруу комитетинин төрагасынын орун басары;";

- үчүнчү абзац күчүн жоготту деп таанылсын;

- төртүнчү абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын жарандык өнүктүрүү, диний жана этностук саясат бөлүмүнүн башчысы, уюштуруу комитетинин төрагасынын орун басары (макулдашуу боюнча);";

- төмөнкүдөй мазмундагы он бешинчи абзац менен толукталсын:

"Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана туризм министри;";

- төмөнкүдөй мазмундагы он сегизинчи-жыйырманчы абзацтар менен толукталсын:

"Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттиктин директору;

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин директору;

Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик чек ара кызматынын төрагасы;";

- төмөнкүдөй мазмундагы жыйырма экинчи жана жыйырма үчүнчү абзацтар менен толукталсын:

"Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы (макулдашуу боюнча);

Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын мамлекеттик башкаруу саясаты жана уюштуруу-инспектордук иш бөлүмүнүн башчысы (макулдашуу боюнча);";

- төмөнкүдөй мазмундагы отуз экинчи абзац менен толукталсын:

"Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын коргоо, укуктук тартип жана өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнүн башчысы;";

- отуз төртүнчү абзацы күчүн жоготту деп таанылсын.

 

Премьер-министр

 

М.Абылгазиев