Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2018-жылдын 29-марты № 108-б
"Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык:
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 26-мартындагы № 87-б буйругуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
- жогоруда аталган буйрук менен жактырылган, 2016-жылдын 6-июнундагы Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Россия Федерациясынын Өкмөтүнүн ортосундагы Мунайды жана мунайзаттарын берүү чөйрөсүндө кызматташуу жөнүндө макулдашууга өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу протоколдун долбоору ушул буйруктун тиркемесине ылайык редакцияда баяндалсын.
Премьер-министр |
| С.Дж.Исаков |
Тиркеме
"Долбоор
2016-жылдын 6-июнундагы Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Россия Федерациясынын Өкмөтүнүн ортосундагы Мунайды жана мунайзаттарын берүү чөйрөсүндө кызматташуу жөнүндө макулдашууга өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу ПРОТОКОЛ
Мындан ары "Тараптар" деп аталуучу Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жана Россия Федерациясынын Өкмөтү Кыргыз-Россия мамилелерин андан ары чыңдоого көмөктөшүп, 2016-жылдын 6-июнундагы Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Россия Федерациясынын Өкмөтүнүн ортосундагы Мунайды жана мунайзаттарын берүү чөйрөсүндө кызматташуу жөнүндө макулдашууну (мындан ары - Макулдашуу) көңүлгө алуу менен төмөнкүлөр жөнүндө макулдашты:
1-берене.
Макулдашууга төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
5-беренесинде:
- 3-пункту ", эске алуу максатында," деген сөздөрдөн кийин "ушул берененин 4-пунктунда каралган учурларды кошпогондо Россия Федерациясынын мыйзамында белгиленген убактылуу мезгилдүү бажылык декларациялоону колдонбостон," деген сөздөр менен толукталсын;
- төмөнкүдөй мазмундагы 4 жана 5-пункттар менен толукталсын:
"4. Мезгилдүү бажылык убактылуу декларациялоо 2018-жылы Россия Федерациясынан Кыргыз Республикасына мунайзаттарын түтүк өткөргүч транспорту менен ташып чыгарууда 2018-жылдын индикативдүү балансына ылайык колдонулат.
5. Россия Федерациясынан Кыргыз Республикасына иш жүзүндө ташып чыгарылбаган Евразия экономикалык биримдигинин тышкы экономикалык ишинин бирдиктүү Товардык номенклатурасынын 27-тобундагы товарларды Россия Федерациясынан Кыргыз Республикасына ташып чыгаруу максатында товарларга берилген убактылуу бажылык декларациялар 2018-жылдын индикативдүү баланстарына ылайык ушул берененин 4-пунктунда каралган учурларды кошпогондо берилген жок деп эсептелет.".
2-берене.
Ушул Протокол кол коюлган датадан тартып убактылуу колдонулат жана дипломатиялык каналдар боюнча Тараптар анын күчүнө кириши үчүн зарыл болгон мамлекеттик ички жол-жоболорду аткаргандыгы жөнүндө жазуу жүзүндөгү акыркы билдирүүнү алган күндөн тартып күчүнө кирет.
2018-жылдын "___" _______________ Москва шаарында эки нускада, ар бири кыргыз жана орус тилдеринде түзүлдү, эки текст тең бирдей күчкө ээ.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү үчүн |
| Россия Федерациясынын Өкмөтү үчүн |