Редакция
Салыштыруу
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КР Министрлер Кабинетинин Төрагасынын 2023-жылдын 1-декабрындагы

№ 622 тескемесине ылайык

КҮЧҮН ЖОГОТТУ

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕМЬЕР-МИНИСТРИ

БУЙРУК

2017-жылдын 27-январы № 66

(КР Премьер-министринин 2018-жылдын 31-январындагы № 59, 2019-жылдын 5-июлундагы № 364 буйруктарынын редакцияларына ылайык)

1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттиктин коллегиясынын мүчөлөрү болуп төмөнкүлөр бекитилсин:

Досалиев Даулет Болотханович

-

Бишкек шаарынын мэриясынын Дене тарбия жана спорт башкармалыгынын начальниги (макулдашуу боюнча);

Ибраимов Эржигит Мырзабаевич

-

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын билим берүү, маданият жана спорт бөлүмүнүн эксперти;

Иманалиев Токтобек Тыбынович

-

Кыргыз мамлекеттик дене тарбия жана спорт академиясынын ректору;

Касымов Камчыбек

-

"Республикалык Тогуз Коргоол Федерациясы" коомдук бирикмесинин президенти (макулдашуу боюнча);

Капаров Абдыжапар Капарович

-

Жалал-Абад облусунун Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт боюнча башкармалыгынын начальниги;

Мадалиев Торокул Мамажакыпович

-

Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин кесиптик жана дене тарбиялык даярдык башкармалыгынын начальниги, Кыргыз дене тарбия спорттук "Динамо" коомдук бирикмесинин төрагасынын биринчи орун басары;

Калыбаева Элнура Камчыбековна

-

"Жаштар өнүгүү институту" коомдук бирикмесинин аткаруучу директору (макулдашуу боюнча).

(КР Премьер-министринин 2018-жылдын 31-январындагы № 59 , 2019-жылдын 5-июлундагы № 364 буйруктарынын редакцияларына ылайык)

2. Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин 2016-жылдын 25-январындагы № 27 буйругу күчүн жоготту деп таанылсын.

 

Премьер-министр

С.Ш. Жээнбеков