Мазмунга
ДалилКыргыз Республикасынын укуктук китепканасы
Меню
Далилден сураңыз
Тил
Башкы бетКаталогМыйзам долбоорлоруКалыптарДокументти текшерүүӨзгөртүүлөрСервис жөнүндөДалилден сураңыз
Каталог/Распоряжение
РаспоряжениеКүчүндө

КР Өкмөтүнүн 2017-жылдын 18-августундагы № 358-б «Кыргыз Республикасынын мамлекеттик мүлкүнүн бирдиктүү реестри» ведомстволор аралык автоматташтырылган маалыматтык системасы жөнүндө (мындан ары - ММБР ВАМС) жобону бекитүү жөнүндө» буйругу

Реквизиттер

ОрусКырг
Номер
№ 358-б
Кабыл алынган
2017-жылдын 18-августу
Чыгарган
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү

Реестрде

Минюст коду
216485

Минюсттун расмий барагы

Иш, бизнес жана окуу үчүн
укуктук маалымат.

Компания

Сервис жөнүндөКаталогМыйзам долбоорлоруКалыптарДокументти текшерүүДалилден сураңыз

Компаниянын реквизиттери жана байланыштар азырынча кошула элек.

Көз карандысыз маалыматтык сервис. Маалымат КР Юстиция министрлигинин укуктук маалымат банкынан автоматтык түрдө алынган жана ката кетиши мүмкүн. Юридикалык чечимдер үчүн расмий булак менен салыштырыңыз.

© 2026 dalil.kg
Редакция18.08.2017 редакциясы
Жүктөө .docx
Бул документ орус тилинде да барОрусча
Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик герби

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ

БУЙРУК

2017-жылдын 18-августу № 358-б

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 30-январындагы № 53 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн "Ишеним жана биримдик" Программасын ишке ашыруу боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылга иш-аракеттер планын бекитүү жөнүндө" токтомуна, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык:

1. "Кыргыз Республикасынын мамлекеттик мүлкүнүн бирдиктүү реестри" ведомстволор аралык автоматташтырылган маалыматтык системасы жөнүндө (мындан ары - ММБР ВАМС) жобо тиркемеге ылайык бекитилсин.

2. Төмөнкүлөр аныкталсын:

- ММБР ВАМСты тейлөөчү жана координациялоочу орган болуп Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча фонд;

- ММБР ВАМСты техникалык тейлөөчү жана башкаруучу орган болуп Кыргыз Республикасынын Маалыматтык технологиялар жана байланыш мамлекеттик комитети.

3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча фонд 2017-жылы акциялардын мамлекеттик пакетинен дивиденддердин Кыргыз Республикасынын республикалык бюджетине пландан ашыкча түшүүсүн камсыздасын.

4. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин профилдик комитети менен макулдашуу боюнча мамлекеттик мүлктү эсепке алуу системасын автоматташтырууну, мамлекеттик менчикти башкаруу процессинин адистерин даярдоону жана окутууну акциялардын мамлекеттик пакетине дивиденддердин түшүүсүнүн эсебинен Кыргыз Республикасынын республикалык бюджетинен өз убагында каржылоону "2017-жылга Кыргыз Республикасынын республикалык бюджети жана 2018-2019-жылдарга болжолу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү кийин киргизүү менен камсыздасын.

5. Министрликтердин, мамлекеттик комитеттердин, административдик ведомстволордун, жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын, мамлекеттик уюмдардын, мекемелердин жана ишканалардын жетекчилерине мамлекеттик мүлктү эсепке алуу жыйынтыктарынын толуктугуна, сапатына, ырастыгына жана тиешелүү ишти жүргүзүү үчүн зарыл шарттарды түзүүгө жеке жоопкерчилик жүктөлсүн.

6. Төмөнкүлөр күчүн жоготту деп таанылсын:

- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 18-февралындагы № 35-б буйругу;

- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 14-майындагы № 191-б буйругу.

7. Ушул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын экономика жана инвестициялар бөлүмүнө жүктөлсүн.

 

Премьер-министр

С.Ш. Жээнбеков

 

Түзүм

Бул документте бөлүмдөр табылган жок.