РаспоряжениеКүчүндө

КР Өкмөтүнүн 2017-жылдын 18-августунданы № 353-б «Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча фонд мыйзамдарда белгиленген тартипте «Альфа Телеком» жабык акционердик коомунун акцияларынын 100 пайызын тикелей методу менен сатсыуу жөнүндө» буйругу

Редакция18.08.2017 редакциясы
Жүктөө .docx
Бул документ орус тилинде да барОрусча
Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик герби

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ

БУЙРУК

2017-жылдын 18-августу № 353-б

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2015-жылдын 29-июнундагы № 5408-V токтому менен бекитилген 2015-2017-жылдарга Кыргыз Республикасындагы мамлекеттик менчикти менчиктештирүү программасын ишке ашыруу максатында, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине, "Кыргыз Республикасында мамлекеттик менчикти менчиктештирүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 4 жана 15-беренелерине ылайык:

1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча фонд мыйзамдарда белгиленген тартипте "Альфа Телеком" жабык акционердик коомунун акцияларынын 100 пайызын тикелей методу менен сатсын.

2. Төмөнкүлөр күчүн жоготту деп таанылсын:

- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 23-ноябрындагы № 569-б буйругу;

- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2016-жылдын 26-январындагы № 22-б буйругу.

3. Ушул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын экономика жана инвестициялар бөлүмүнө жүктөлсүн.

 

Премьер-министр

С.Ш. Жээнбеков