Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2016-жылдын 26-декабры № 566-б
1. Кыргыз Республикасы менен Казакстан Республикасынын ортосундагы Тарифтик саясаттын негиздерин кошо алганда темир жол транспортунун кызматтарына жетүүнү жөнгө салуу тартибин колдонуу жөнүндө макулдашуунун тиркелген долбоору жактырылсын.
2. Кыргыз Республикасынын Транспорт жана жол министрине принциптүү эмес мүнөздөгү өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү укугу менен жогоруда аталган Макулдашууга кол коюуга ыйгарым укук берилсин
3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2016-жылдын 13-декабрындагы № 542-б буйругу күчүн жоготту деп таанылсын.
Премьер-министр |
| С.Ш.Жээнбеков |
Долбоор
Кыргыз Республикасы менен Казакстан Республикасынын ортосундагы Тарифтик саясаттын негиздерин кошо алганда темир жол транспортунун кызматтарына жетүүнү жөнгө салуу тартибин колдонуу жөнүндө МАКУЛДАШУУ
Мындан ары Тараптар деп аталуучу Кыргыз Республикасы менен Казакстан Республикасы,
2014-жылдын 23-декабрында кол коюлган Евразия экономикалык бирлиги жөнүндө 2014-жылдын 29-майындагы келишимге Кыргыз Республикасынын кошулуусу тууралуу келишимдин негизинде,
координацияланган (макулдашылган) транспорт саясатын жүргүзүү жана Кыргыз Республикасы менен Казакстан Республикасынын темир жол транспортунун туруктуу иштешин камсыз кылуу максатында төмөнкүлөр жөнүндө макулдашты:
1-берене.
Координацияланган (макулдашылган) транспорт саясаты жөнүндө протоколдун № 2 тиркемесинин (Евразия экономикалык бирлиги жөнүндө 2014-жылдын 29-майындагы келишимдин № 24 тиркемеси) жоболорун, акын ичинде Евразия экономикалык бирлигинин мүчө мамлекеттеринен(не) Кыргыз Республикасына(нан) Казакстан Республикасынын аймагы аркылуу транзит менен темир жол транспорту менен ташылуучу жүктөргө жана Кыргыз Республикасы менен Казакстан Республикасынын ортосунда темир жол транспорту менен ташылуучу жүктөргө карата каттамдардын түрлөрү боюнча унификацияланган тарифтер (экспорттук) импорттук жана мамлекет ичиндеги тарифтер) жөнүндө жоболорду Тараптар ушул Макулдашуунун 2-беренесинде каралган убактылуу колдонуу датасынан тартып өз ара колдонушат.
2-берене.
Ушул Макулдашуу кол коюлган күндөн баштап 15 календардык күн өткөндөн кийин убактылуу колдонулат жана анын күчүнө кириши үчүн зарыл болгон мамлекеттик ички жол-жоболордун аткарылгандыгы жөнүндө Тараптардын дипломатиялык каналдар боюнча акыркы билдирүүлөрүн алган күндөн тартып күчүнө кирет.
Ушул Макулдашуунун колдонулушу 2015-жылдын 8-майында кол коюлган Евразия экономикалык бирлиги жөнүндө 2014-жылдын 29-майындагы келишимге Кыргыз Республикасынын кошулуусуна байланыштуу Евразия экономикалык бирлиги жөнүндө 2014-жылдын 29-майындагы келишимдин, Евразия экономикалык бирлигинин укугуна кирген айрым эл аралык келишимдердин жана Евразия экономикалык бирлигинин органдарынын актыларынын Кыргыз Республикасы тарабынан колдонулушу боюнча шарттар жана өткөөл жоболор тууралуу протоколдун № 1 тиркемесинин 68-пунктунда көрсөтүлгөн мөөнөт аяктаганда токтотулат.
____________ шаарында 2016-жылдын "__" ____________ ар бири кыргыз, казак жана орус тилдеринде эки нускада түзүлдү. Мында бардык тексттер бирдей күчкө ээ. Эгерде тексттерде келишпестиктер болуп калса, Тараптар орус тилиндеги текстке кайрылышат.
Кыргыз Республикасы үчүн |
| Казакстан Республикасы үчүн |