Загрузка документа…
КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 11-февралындагы № 57-т тескемесине ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2018-жылдын 28-сентябры № 342-б
Кыргыз Республикасынын Президентинин 2018-жылдын 24-сентябрындагы № 189 "Кыргыз Республикасында административдик-аймактык реформаны жүргүзүү боюнча чаралар жөнүндө" Жарлыгын ишке ашыруу максатында, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык:
1. Кыргыз Республикасында административдик-аймактык реформаны жүргүзүү боюнча сунуштарды иштеп чыгуучу жумушчу топ (мындан ары - жумушчу топ) тиркемеге ылайык курамда түзүлсүн.
2. Жумушчу топ 2018-жылдын 31-декабрына чейинки мөөнөттө Кыргыз Республикасынын Президентинин жогоруда аталган Жарлыгынан келип чыккан тиешелүү документтердин долбоорлорун киргизсин.
3. Жумушчу топко министрликтердин, мамлекеттик комитеттердин, административдик ведомстволордун адистерин, ошондой эле көз карандысыз эксперттерди жана консультанттарды зарыл болгон учурда, белгиленген тартипте ишке тартууга укук берилсин.
4. Кыргыз Республикасынын министрликтеринин, мамлекеттик комитеттеринин, административдик ведомстволорунун жетекчилери жумушчу топтун суроо-талабы боюнча зарыл болгон маалыматтарды ыкчам тартипте беришсин жана анын ишине ар тараптан көмөк көрсөтүшсүн.
Премьер-министр |
| М.Д.Абылгазиев |
Тиркеме
Административдик-аймактык реформаны жүргүзүү боюнча сунуштарды иштеп чыгууну жумушчу топтун КУРАМЫ
Боронов Кубатбек Айылчиевич | - | Кыргыз Республикасынын биринчи вице-премьер-министри, жумушчу топтун төрагасы; |
Бекбоев Турдуназир Бекбоевич | - | Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын мамлекеттик башкаруу саясаты жана уюштуруу-инспектордук иштер бөлүмүнүн башчысы, жумушчу топтун төрагасынын орун басары (макулдашуу боюнча); |
Асанкулов Жеңишбек Асанкулович | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын уюштуруу иштери жана аймактык башкаруу бөлүмүнүн жергиликтүү өз алдынча башкаруу секторунун башчысы, жумушчу топтун катчысы. |
Жумушчу топтун мүчөлөрү: | ||
Керезбеков Канат Керезбекович | - | Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укуктук маселелер жана Жогорку Кеңештин Регламенти боюнча комитетинин төрагасы (макулдашуу боюнча); |
Назаров Айтмамат Кошоевич | - | Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана регионалдык өнүгүү боюнча комитетинин төрагасы (макулдашуу боюнча); |
Токтошев Эмил Токтакунович | - | Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Бюджет жана финансы боюнча комитетинин төрагасы (макулдашуу боюнча); |
Туманбаева Рада Мураталыевна | - | Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты (макулдашуу боюнча); |
Узакбаев Абылкайыр Осмонбекович | - | Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты (макулдашуу боюнча); |
Жапаров Акылбек Үсөнбекович | - | Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты (макулдашуу боюнча); |
Шайлдабекова Нуржан Кармабековна | - | Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасы (макулдашуу боюнча); |
Панкратов Олег Михайлович | - | Кыргыз Республикасынын Экономика министри; |
Жаманкулов Марат Тургунбаевич | - | Кыргыз Республикасынын Юстиция министри; |
Касымалиев Адылбек Алешович | - | Кыргыз Республикасынын Финансы министри; |
Салиев Бахтияр Усманович | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча мамлекеттик агенттиктин директору; |
Султанов Акылбек Шакирович | - | Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитетинин төрагасы (макулдашуу боюнча); |
Абдиев Бактыбек Абышевич | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин директору; |
Шаикова Алина Кавылбековна | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматынын төрагасы; |
Эркимбаев Данияр Жантаевич | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын укуктук экспертиза бөлүмүнүн башчысы; |
Мамаев Рахатбек Доктурбаевич | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын кадрдык иштер жана мамлекеттик кызмат бөлүмүнүн башчысы; |
Бакиров Жетиген Жокинович | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын уюштуруу иштери жана аймактык башкаруу бөлүмүнүн башчысынын орун басары; |
Айылчиев Алмаз Асимович | - | Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын укуктук жактан камсыз кылуу бөлүмүнүн эксперти (макулдашуу боюнча); |
Шадыбеков Куванычбек Баймуратович | - | Кыргыз Республикасынын Улуттук стратегиялык изилдөөлөр институтунун директору; |
Жылкыбаев Узарбек Казиевич | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү; |
Суракматов Азиз Эмилбекович | - | Бишкек шаарынын мэри (макулдашуу боюнча); |
Сарыбашов Таалайбек Насирбекович | - | Ош шаарынын мэри (макулдашуу боюнча); |
Ногоев Турусбек Молдобекович | - | Чүй облусунун Жайыл райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы - аким; |
Омошев Эрмекбай Алянович | - | Жалал-Абад облусунун Сузак райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы - аким; |
Төрөкулов Чолпонкул Асылбекович | - | Талас облусунун Бакай-Ата райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы - аким; |
Сапаров Адыл Солтоевич | - | Нарын облусунун Жумгал райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы - аким; |
Иманалиев Данир Белекович | - | Ысык-Көл облусунун Ысык-Көл райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы - аким; |
Торалиев Алчинбай | - | Баткен облусунун Кадамжай районунун Ак-Турпак айыл өкмөтүнүн башчысы (макулдашуу боюнча); |
Көлбаев Найзабек Асанбекович | - | Чүй облусунун Аламүдүн районунун Аламүдүн айыл өкмөтүнүн башчысы (макулдашуу боюнча); |
Алманбетов Өмүрбек Бадыевич | - | Кыргыз Республикасынын Жергиликтүү өз алдынча башкаруу союзунун аткаруучу директору; |
Бекиев Бекболот Жапарович | - | көз карандысыз эксперт (макулдашуу боюнча). |