Загрузка документа…
КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 11-февралындагы № 57-т тескемесине ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2018-жылдын 21-сентябры № 334-б
Бириккен Улуттар Уюмунун Коопсуздук Кеңешинин 1325-резолюциясын ишке ашырууну камсыз кылуу максатында:
1. Бириккен Улуттар Уюмунун Коопсуздук Кеңешинин Тынчтыкта жана коопсуздукту камсыз кылууда айымдардын ролу жөнүндө 1325-резолюциясын аткаруу боюнча иш-аракеттер планы (мындан ары - Иш-аракеттер планы) тиркемеге ылайык бекитилсин.
2. Министрликтер, мамлекеттик комитеттер, административдик ведомстволор, жергиликтүү мамлекеттик администрациялар, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары (макулдашуу боюнча):
- Иш-аракеттер планын аткарууну камсыз кылышсын;
- жарым жылдыктын жыйынтыгы боюнча отчеттук мезгилден кийинки айдын 15инен кечиктирбестен Иш-аракеттер планын аткаруунун жүрүшү жөнүндө маалыматты Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигине берип турушсун;
- Иш-аракеттер планындагы иш-чараларды каржылоону аны ишке ашырууга тартылган мамлекеттик башкаруу жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына "Кыргыз Республикасынын 2018-жылга республикалык бюджети жана 2019-2020-жылдарга болжолу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамы менен каралган каражаттардын, ошондой эле Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында тыюу салынбаган башка булактардын эсебинен жүзөгө ашырышсын;
- жарандык коомдун, эл аралык жана коммерциялык эмес уюмдардын өкүлдөрүнүн катышуусунда Иш-аракеттер планын аткаруу боюнча чараларды көрүшсүн.
3. Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлиги ар бир жарым жылдыктын жыйынтыгы боюнча отчеттук мезгилден кийинки айдын 25инен кечиктирбестен Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратына жыйынды маалыматты берип турсун.
4. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 17-ноябрындагы № 560-б буйругу күчүн жоготту деп таанылсын.
5. Ушул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын коргоо, укуктук тартип жана өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнө жүктөлсүн.
Премьер-министр |
| М.Д.Абылгазиев |
Тиркеме
Бириккен Улуттар Уюмунун Коопсуздук Кеңешинин Тынчтыкты жана коопсуздукту камсыз кылууда айымдардын ролу жөнүндө 1325-резолюциясын аткаруу боюнча ИШ-АРАКЕТТЕР ПЛАНЫ
№ | Максат | Индикаторлор | Аткаруучулар | Ишке ашыруу мөөнөттөрү | Ишке ашыруу формасы | |
1 | Тынчтыкты жана коопсуздукту сактоого багытталган иште чечимдерди кабыл алуу деңгээлинде айымдардын ролун жана катышуусун күчөтүү | Мамлекеттик органдарда колдонулган атайын чаралардын саны | Мамлекеттик органдар, КР Өкмөтүнүн облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрү | 2018-жылдын IV кварталы - 2020-жыл | Механизмди иштеп чыгуу жана тийиштүү иш-чараларды өткөрүү | |
№ | Милдеттер | Чаралар/иш-аракеттер | Күтүлгөн жыйынтыктар/индикаторлор | Аткаруучулар | Ишке ашыруу мөөнөттөрү | Ишке ашыруу формасы |
1.3 | Бийликтин жана өз алдынча башкаруунун жергиликтүү органдарында айымдардын өкүлчүлүгүн жогорулатуу | 1.1.1. Айыл аймактарында айымдарды андан ары окутуу үчүн айым-лидерлердин ичинен тренерлерди даярдоо боюнча тренингдерди өткөрүү | Окугандардын саны | ЭСӨМ, ЖӨБ жана этностор агенттиги, ЖӨБО (макулдашуу боюнча) | 2018-жылдын IV кварталы - 2020-жыл | Окутуунун тийиштүү пландары |
1.2 | Зомбулуктуу экстремизмге жана терроризмге алып баруучу радикалдык тобокелдиктерди төмөндөтүү боюнча жергиликтүү деңгээлде айымдардын кагышуусу жана айымдардын демилгелерин колдоо | 1.2.1. Жергиликтүү бийлик органдарынын, айымдар уюмдарынын жана айым-тынчтык орнотуучулардын, айым-лидерлердин тармактарынын катышуусунда айымдарды радикалдаштыруунун алдын алуу боюнча биргелешкен иш-чаралардын пландарын иштеп чыгуу | Ишке ашырылган биргелешкен пландардын саны | ДИМК, ЖӨБ жана этностор агенттиги, ЖӨБО (макулдашуу боюнча), УКМК, ИИМ, ӨКМ, ССМ, ЭСӨМ, БИМ | 2018-жылдын IV кварталы - 2019-жыл | Тийиштүү биргелешкен пландар |
1.2.2. "Зомбулуктуу экстремизмге жака терроризмге алып баруучу радикалдык тобокелдиктерди болтурбоо" темасындагы окуу-методикалык колдонмону иштеп чытуу | Окуу-методикалык колдонмо иштелип чыкты | УКМК, ДИМК, ИИМ, БИМ | 2018-жылдын IV кварталы - 2019-жыл | Окуу-методикалык колдонмону иштеп чыгуу боюнча ведомстволор аралык жумушчу топ түзүү жөнүндө тийиштүү буйрук | ||
1.2.3 Пилоттук райондордо жана айыл аймактарында окутуу иш-чараларын өткөрүү | Тренингдердин жана окуудан өткөндөрдүн саны | ДИМК, ЖӨБ жана этностор агенттиги, ЖӨБО (макулдашуу боюнча), БИМ, УКМК, ИИМ | 2019-2020-жылдар | Окутуунун тийиштүү пландары | ||
№ | Максат | Индикаторлор | Аткаруучулар | Ишке ашыруу мөөнөттөрү | Ишке ашыруу формасы | |
2 | Айымдар менен кыздарга карата жаңжалдарды жана зомбулук тобокелдиктерин болтурбоо максатында мамлекеттик органдардын, ЖӨБОнун жана жарандык коомдун өз ара аракеттенүүсүн, ошондой эле кризистик кырдаалдардын кесепеттерин жоюу боюнча чараларды күчөтүү | Жаңжал кырдаалдарынын натыйжалуу алдын алуу боюнча ишке ашырылган чаралардын саны | Мамлекеттик органдар, ЖӨБО (макулдашуу боюнча) | 20.18-жылдын IV кварталы - 2020-жыл | Тийиштүү иш-чараларды өткөрүү | |
№ | Милдеттер | Чаралар/иш-аракеттер | Күтүлгөн жыйынтыктар/индикаторлор | Аткаруучулар | Ишке ашыруу мөөнөттөрү | Ишке ашыруу формасы |
2.1 | Ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдардын дараметин жогорулатуу, жаңжалдарды жана айымдар менен кыздарга карата зомбулук тобокелдиктерин болтурбоого болгон даярдыгын күчөтүү | 2.1.1. Коргоо, укуктук тартип жана өзгөчө кырдаалдар органдарынын кызматкерлерин даярдоо программаларына жаңжалдарды жана айымдар менен кыздарга карата зомбулук тобокелдиктерин болтурбоо боюнча тематикалык модулдарды киргизүү | Имплементацияланган тематикалык модулдар | ИИМ, ӨКМ, БИМ | 2019-жыл | Окутуунун тийиштүү пландары |
2.1.2. Сүйлөшүүлөрдү жүргүзүүнүн жана жаңжалдарды тынчтык жолу менен жөнгө салуунун психологиялык көндүмдөрү боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдар үчүн колдонмолорду иштеп чыгуу | Иштелип чыгарылган колдонмо | ИИМ, УКМК, КК ГШ, ӨКМ, БИМ | 2019-2020-жылдар | Тийиштүү иш-чараларды өткөрүү | ||
2.1.3. Коопсуздук, коргоо, укуктук тартип жана өзгөчө кырдаалдар органдарынын кызматкерлери үчүн кесиптик иш процессинде кесипкөй деформация жана эмоциялык жарылуу абалынан чыгаруу боюнча клиникалык колдонмону иштеп чыгуу | Иштелип чыгарылган колдонмо | ССМ, УКМК, ИИМ, ӨКМ | 2019-2020-жылдар | Тийиштүү иш-чараларды өткөрүү | ||
2.2 | Тынчтыкты жана коопсуздукту камсыз кылуу ишинде мамлекеттик органдардын, ЖӨБОнун жана жарандык коомдун өз ара аракеттенүүсүн күчөтүү | 2.2.1. Оң тажрыйбаны андан ары жайылтуу максатында өлкөнүн эки пилоттук районунда (түштүктө жана түндүктө) тынч жана жаңжалсыз өнүгүүнү колдоо боюнча биргелешкен планды иштеп чыгуу | Биргелешкен план бекитилди | ЖӨБ жана этностор агенттиги, ЖӨБО (макулдашуу боюнча), ИИМ, ДИМК, БИМ | 2018-жылдын IV кварталы - 2020-жыл | Планды бекитүү жөнүндө тийиштүү чечим |
2.2.2. Оң тажрыйбаны андан ары жайылтуу максатында биргелешкен пландарды ишке ашырууну пилоттоо | Биргелешкен пландар пилоттук аймактарда ишке ашырылды | ЖӨБ жана этностор агенттиги, ЖӨБО (макулдашуу боюнча), ИИМ, ДИМК, БИМ | 2019-2020-жылдар | Тийиштүү иш-чараларды өткөрүү | ||
2.2.3. Бардык жергиликтүү этностук коомдоштуктардын айыл айымдары үчүн чек арага чектеш аймактарда жеке коопсуздук эрежелерин сактоо боюнча нускаманы (эскерткичти) иштеп чыгуу | Нускамалар бекитилди | ЭСӨМ, ИИМ, ӨКМ | 2018-жылдын IV кварталы - 2019-жыл | Бекитүү жөнүндө тийиштүү чечим | ||
2.2.4. Тынчтык жана коопсуздук үчүн жаңжал факторлорун, коркунучтарды жана тобокелдиктерди аныктоо боюнча улуттук изилдөөнү жүргүзүү | Сунуштамаларды камтыган аналитикалык отчет | УКМК, ИИМ | 2018-жылдын IV кварталы - 2019-жыл | Тийиштүү иш-чараларды өткөрүү | ||
2.3 | Өз ара урмат-сыйга үйрөтүү аркылуу балдардын дараметин жогорулатуу | 2.3.1. Орто мектептердин билим берүү программаларына зомбулуксуз маданиятка, гендердик адилеттүүлүккө жана өз ара урмат-сыйга окутуучу тематикалык модулдарды киргизүү | Имплементацияланган тематикалык модулдар | БИМ, Кыргыз Билим берүү академиясы (макулдашуу боюнча) | 2018-жылдын IV кварталы - 2019-жыл | Тийиштүү ведомстволук акт |
2.3.2. Тематикалык модулдарды пилоттук мектептерде апробациялоо | Окутулгандардын саны | БИМ, Кыргыз Билим берүү академиясы (макулдашуу боюнча) | 2019-2020-жылдар | Тийиштүү иш-чараларды өткөрүү | ||
2.3.3. Апробациялоонун жыйынтыктарына мониторинг жана баалоону жүргүзүү | Сунуштамаларды камтыган аналитикалык отчет | ВАЖТ | 2020-жыл | Тийиштүү иш-чараларды өткөрүү | ||
№ | Максат | Индикаторлор | Аткаруучулар | Ишке ашыруу мөөнөттөрү | Ишке ашыруу формасы | |
3 | Өзгөчө кырдаалдар шартында айымдардын жана кыздардын өзгөчө муктаждыктарын жана керектөөлөрүн коргоо жана эсепке алуу тутумун өркүндөтүү | Жаңжал шарттарында коргоо тутумун өркүндөтүү боюнча ишке ашырылган чаралардын саны | Мамлекеттик органдар | 2018-жылдын IV кварталы - 2020-жыл | Тийиштүү иш-чараларды өткөрүү | |
№ | Милдеттер | Чаралар/иш-аракеттер | Күтүлгөн жыйынтыктар/индикаторлор | Аткаруучулар | Ишке ашыруу мөөнөттөрү | Ишке ашыруу формасы |
3.1 | Өзгөчө кырдаалдар шартында айымдардын жана кыздардын өзгөчө муктаждыктарын жана керектөөлөрүн коргоо жана каттоону камсыз кылуу боюнча милдеттерди эске алуу менен ыйгарым укуктуу органдардын даярдыгын жогорулатуу | 3.1.1. Кызматкерлерди ӨК шарттарында гендердик зомбулукту болтурбоо, бөгөт коюу жана ага чара керүү боюнча бекитилген ведомстволук нускамаларды колдонууга окутууну өткөрүү | Тренингдердин жана окутулгандардын саны | ИИМ, КК ГШ, ӨКМ, ССМ, ЭСӨМ | 2018-жылдын IV кварталы - 2019-жыл | Окутуунун тийиштүү пландары |
3.1.2. ӨКда чара көрүүнүн типтүү пландарына тийиштүү өзгөртүүлөрдү киргизүү | Жаңыланган типтүү пландар | ӨКМ, КК ГШ, ИИМ | 2018-жылдын IV кварталы - 2019-жыл | Тийиштүү ведомстволук акт | ||
3.2 | ӨКда зомбулуктан жабыр тарткандарга, анын ичинде айымдарга жана балдарга көрсөтүлө турган тейлөө кызматтарынын сапатын жакшыртуу | 3.2.1. ӨК шартында айымдарга жана балдарга медициналык жана психологиялык жардам көрсөтүү боюнча мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн регламенттелген тизмегин иштеп чыгуу, анын ичинде: - шаар жана айыл шарттарында ӨК жана башка кризистик кырдаалдар шартында жаракат алган жана оорулуу айымдар жана балдар (10, 100, 1000, 3000) массалык түрдө келип түшкөн учурда медикаменттерге жана медициналык буюмдарга болгон муктаждыктарды эсептөө; - ӨК жана башка кризистик кырдаалдар шартында медициналык жардамга муктаж болгон жаракат алган жана оорулуу айымдар жана балдарды медициналык жактан бөлүштүрүү | Кызмат көрсөтүүлөрдүн бекитилген тизмеги | ССМ, ӨКМ, ИИМ, КК ГШ | 2018-жылдын IV кварталы - 2019-жыл | Тийиштүү ведомстволук акт |
3.2.2. Саламаттык сактоо органдары үчүн төмөнкүлөр каралган Нускаманы иштеп чыгуу жана бекитүү: - ӨК жана башка кризистик кырдаалдар шартында коопсуздук жана медициналык кызмат көрсөтүүлөрдү пайдалануу мүмкүнчүлүгүнүн, анын ичинде айымдарды жана балдарды эске алуу менен тийиштүү жергиликтүү план; - ӨК жана башка кризистик кырдаалдар шартында айымдарга жана балдарга шашылыш жана кечиктирилгис жардам көрсөтүү | Нускама бекитилди | ССМ, ӨКМ, ИИМ, КК ГШ | 2020-жыл | Бекитүү жөнүндө тийиштүү чечим | ||
Кыскартуулардын тизмеси:
КР Өкмөтүнүн облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрү | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрү; |
КК ГШ | - | Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн Генералдык штабы; |
ССМ | - | Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги; |
ИИМ | - | Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлиги; |
ӨКМ | - | Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги; |
БИМ | - | Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги; |
ЭСӨМ | - | Кыргыз Республикасынын Эмгек жана социалдык өнүгүү министрлиги; |
ДИМК | - | Кыргыз Республикасынын Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиясы; |
УКМК | - | Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети; |
ЖӨБ жана этностор агенттиги | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча мамлекеттик агенттик; |
ЖӨБО | - | жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары; |
ӨК | - | өзгөчө кырдаал; |
ВАЖТ | - | Ведомстволор аралык жумушчу топ. |