Загрузка документа…
КР Өкмөтүнүн 2018-жылдын 21-сентябрындагы № 334-б буйругуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2015-жылдын 17-ноябры № 560-б
Бириккен Улуттар Уюмунун Коопсуздук Кеңешинин 1325-резолюциясын ишке ашырууну камсыз кылуу максатында:
1. Бириккен Улуттар Уюмунун Коопсуздук Кеңешинин Тынчтыкты жана коопсуздукту камсыз кылуудагы аялдардын ролу жөнүндө 1325-резолюциясын ишке ашыруу боюнча иш-аракеттердин планы (мындан ары - Иш-аракеттер планы), тиркемеге ылайык бекитилсин.
2. Министрликтер, мамлекеттик комитеттер, административдик ведомстволор, жергиликтүү мамлекеттик администрациялар, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары (макулдашуу боюнча):
- Иш-аракеттердин планын ишке ашырууну камсыз кылышсын;
- жарым жылдыктын жыйынтыгы боюнча отчёттук мезгилден кийинки айдын 15инен кечиктирбестен Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигине Иш-аракеттердин планын аткаруунун жүрүшү жөнүндө маалымат беришсин;
- Иш-аракеттердин планынын иш-чараларын каржылоо аны ишке ашырууга тартылган мамлекеттик башкаруу органдарынын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын "Кыргыз Республикасынын 2016-жылга республикалык бюджети жана 2017-2018-жылдарга болжолу жөнүндө" жана кийинки финансылык жылга Кыргыз Республикасынын мыйзамдары менен каралган каражаттарынын, ошондой эле Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында тыюу салынбаган башка булактардын эсебинен ишке ашырышсын;
- жарандык коомдун, эл аралык жана коммерциялык эмес уюмдардын өкүлдөрүнүн катышуусу менен Иш-аракеттердин планын аткаруу боюнча чараларды көрүшсүн.
3. Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлиги:
- ар бир жарым жылдыктын жыйынтыгы боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратына отчеттук мезгилден кийинки айдын 25инен кечиктирбей жыйынды маалыматты берип турсун;
- бир айлык мөөнөттө белгиленген тартипте Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн кароосуна "2013-жылдын 18-февралындагы № 78 "Тынчтыкты жана коопсуздукту камсыз кылууда аялдардын ролу жөнүндө Бириккен Улуттар Уюмунун Коопсуздук Кеңешинин 1325-резолюциясын ишке ашыруу боюнча Иш-аракеттердин планын бекитүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн токтому күчүн жоготту деп таануу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн токтомунун долбоорун киргизсин.
4. Ушул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын коргоо, укуктук тартип жана өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнө жүктөлсүн.
Премьер-министр | Т.А. Сариев |
Тиркеме
Бириккен Улуттар Уюмунун Коопсуздук кеңешинин Тынчтыкты жана коопсуздукту камсыз кылуудагы аялдардын ролу тууралуу 1325-резолюциясын ишке ашыруу боюнча ИШ-АРАКЕТТЕР ПЛАНЫ
№ | Максаты | Индикаторлор | Аткаруучулар | Ишке ашыруу мөөнөтү | Ишке ашыруу формасы | |
1 | БУУнун ККнын 1325-резолюциясынын жоболорун ишке ашырууда, анын ичинде чечимдерди кабыл алуу деңгээлинде аялдардын катышуусун күчөтүү | Мамлекеттик органдарда колдонулуучу атайын чаралардын саны | Мамлекеттик органдар, Өкмөттүн облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрү | 2016-2017-жылдар | Механизмди иштеп чыгуу жана тийиштүү иш-чараларды өткөрүү | |
№ | Милдеттер | Чаралар/ иш-аракеттер | Күтүлүүчү жыйынтыктар/ индикаторлор | Аткаруучулар | Ишке ашыруу мөөнөтү | Ишке ашыруу формасы |
1.1 | Аялдардын өкүлчүлүгүнүн көбөйүшүн камсыз кылуу жана алардын ролун, анын ичинде коопсуздук чөйрөсүндөгү чечимдерди кабыл алуу деңгээлиндеги ролун күчөтүү | 1.1.1. Укуктук тартип, коопсуздук, коргоо органдарындагы аял кызматкерлердин потенциалын жогорулатуу максатында насаатчылык программаларын ишке ашыруу | Укуктук тартип, коопсуздук, коргоо органдарындагы аял кызматкерлердин кесипкөй деңгээлин жогорулатуу | ИИМ, МУКК, Коргоо комитети | 2016-2017-жылдары | Тийиштүү иш-чараларды өткөрүү |
1.1.2. Оперативдик жана жетектөөчү кызмат орундарын ээлөө үчүн аял кызматкерлердин резервин түзүү | Оперативдик жана жетектөөчү кызмат орундарын ээлөө үчүн аял кызматкерлердин резерви түзүлдү | ИИМ, МУКК, Коргоо комитети | 2016-2017-жылдары | Тийиштүү буйруктар | ||
1.2 | Чечимдерди кабыл алуу жана жергиликтүү деңгээлде жаңжалдан кийинки жөнгө салуу процессинде аялдардын катышуусун камсыз кылуу | 1.2.1. Тынчтык жолу менен сүйлөшүүлөрдө жана жергиликтүү деңгээлде жаңжалдан кийинки жөнгө салуу процессинде аялдардын катышуусунун механизмин иштеп чыгуу | Жергиликтүү деңгээлде тынчтык жолу менен болгон сүйлөшүүлөргө аял затын тартуу | Этностор агенттиги, Өкмөттүн облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрү | 2016-жылдын II кварталы | Улуттук деңгээлде ЖӨБОнун жарандык институттар менен болгон биргелешкен долбоорлору |
1.2.2. Тынчтыкты жана коопсуздукту сактоодогу аялдардын ролу тууралуу медиа кампанияны иштеп чыгуу | Коомдун аң-сезимде салттык калыптануулар жана тынчтыкты, коопсуздукту сактоодогу аялдардын көрүнбөгөн салымы тууралуу көз караштарда өзгөрүүлөр болууда | ММТМ, ИИМ | 2016-жыл | Компаниянын концепциясы. Жарыяланган медиа-продуктулардын саны | ||
1.2.3. Тынчтыкты жана коопсуздукту сактоодогу аялдардын ролу тууралуу мамлекеттик органдар жана калк үчүн медиа жана маалыматтык кампания өткөрүү | Тынчтыкты орнотуу маселелеринде аялдардын ролун илгерилетүү максатында маалыматтык талаа түзүлүүдө | КТРК (макулдашуу боюнча), ЭСӨМ, ИИМ | 2017-жыл | Тийиштүү иш-чараларды өткөрүү | ||
1.3 | Тынчтыкты жаратуучуларды, анын ичинде аялдарды даярдоону ресурстук камсыз кылууну түзүү | 1.3.1. Тынчтыкты жаратуучуларды даярдоо үчүн окуу программаларын иштеп чыгуу | Окуу программасы бекитилди | ИИМ, МУКК, ККнын ГШ, ӨКМ, ЭСӨМ, БИМ | 2016-жылдын II кварталы | Тийиштүү буйрук |
1.3.2. Тынчтыкты жаратуучуларды даярдоо тууралуу жобонун долбоорун иштеп чыгуу | Жобо бекитилди | ИИМ, ККнын ГШ, МУКК, ӨКМ, ЭСӨМ | 2016-жылдын II кварталы | Тийиштүү буйрук | ||
1.3.3. Тынчтыкты жаратуучу аялдарды окутуу үчүн тренердик курамды түзүү | Тренерлердин окутуусунун жыйынтыгы тынчтыкты жаратуучу аялдарды даярдоонун деңгээлин жогорулатуу мүмкүнчүлүгүн көрсөтөт | ИИМ, ККнын ГШ, МУКК, ӨКМ, ЭСӨМ | 2016-жылдын IV кварталы | Тренердик курам түзүлгөн жана окутууга даяр | ||
1.3.4. Тынчтыкты жаратуу миссияларына катышуу үчүн талапкер аялдарга пилоттук окууну өткөрүү | Окугандардын саны | ИИМ, ККнын ГШ, МУКК, ӨКМ, ЭСӨМ | 2017-жыл | Окутуунун тийиштүү пландары | ||
№ | Максаты | Индикаторлор | Аткаруучулар | Ишке ашыруу мөөнөтү | Ишке ашыруу формасы | |
2 | Жаңжалдардын жана анын аялдар жана кыздар үчүн болгон кесепеттеринин алдын алуу |
| Жаңжалдуу жагдайлардын натыйжалуу алдын алуу боюнча ишке ашырылган чаралардын саны | Мамлекеттик органдар, ЖӨБО (макулдашуу боюнча) | 2016-2017-жылдар | Тийиштүү иш-чараларды өткөрүү |
№ | Милдеттер | Иш чаралар/ аракеттер | Күтүлүүчү жыйынтыктар/ индикаторлор | Аткаруучулар | Ишке ашыруу мөөнөтү | Ишке ашыруу формасы |
2.1 | Жаңжалдардын эртелеп алдын алуу максатында жергиликтүү коомчулуктардын лидер-аялдар менен ЖӨБОнун өз ара аракеттенүүлөрүн күчөтүү | 2.1.1. Аялдардын медиаторлор ролундагы потенциалын жогорулатуу боюнча аялдарга жеринде тренингдерди үзгүлтүксүз өткөрүү жана алдын алуу менен дипломатиянын чараларын колдонуу | Тренингдердин жана окууну аяктагандардын саны | ИИМ, ЭСӨМ, ЖӨБО (макулдашуу боюнча) ӨКМ, Коргоо комитети | 2016-2017-жылдар | Окутуунун тийиштүү пландары |
2.1.2. Жергиликтүү коомдоштуктардын активдүү аялдарынын катышуусу менен чек ара тозотторунда жана отряддарында тынчтыкты орнотуу маселелери боюнча агартуу акцияларын өткөрүү | Тынчтыкты орнотуу маселеси жана аялдардын ролу боюнча калкка жетиштүү маалымат берилген | ККнын ГШ | 2016-2017-жылдар | Тийиштүү иш- чараларды өткөрүү | ||
2.2 | Тынчтык жана коопсуздук маселелери боюнча калктын маалымдуулугунун деңгээлин жогорулатуу | 2.2.1. БУУнун ККнын 1325-резолюциясын ишке ашыруу менен байланышкан маселелерди министрликтердин жана ведомстволордун веб-сайттарында кеңири жана системалуу түрдө жайгаштыруу | Веб-сайттарда жаңыланып туруучу маалыматтык ресурс | ИИМ, МУКК, ККнын ГШ, ӨКМ, ЭСӨМ, ЖӨБО (макулдашуу боюнча) | 2016-2017-жылдар | Веб-сайтка киргендердин саны |
2.2.2. Күч колдонгон экстремизмдин жана терроризмдин коркунучу тууралуу калкка маалымдоо максатында кеңири маалыматтык кампанияларды жүргүзүү | Экстремизм жана терроризм коркунучу маселеси боюнча калкка жетиштүү маалымат берилген | ИИМ, МУКК, ККнын ГШ, ӨКМ, ЭСӨМ, ЖӨБО (макулдашуу боюнча) | 2016-2017-жылдар | Тийиштүү иш-чараларды өткөрүү | ||
2.3 | ККнын 1325-резолюциясынын алкагында калкты окутуу жана мамлекеттик жана муниципалдык органдардын потенциалын жогорулатуу | 2.3.1. Тынчтыкты орнотуу маселелери боюнча мамлекеттик бийлик органдарынын кызматкерлери үчүн окутуучу семинарларын иштеп чыгуу жана өткөрүү | Окутуучу семинарлардын жана окууну аяктагандардын саны | ИИМ, ӨКМ, ЭСӨМ | 2016-2017-жылдар | Окутуунун тийиштүү пландары |
2.3.2. ККнын 1325-резолюциясынын маселелери боюнча маалыматтык материалдарды жана аларды окуу процессинде колдонуу боюнча сунуштамаларды иштеп чыгуу | Маалыматтык материалдардын болушу | БИМ, ЭСӨМ, ИИМ | 2016-2017-окуу жылдары | Маалыматтык материалдарды бирге иштеп чыгуу | ||
2.3.3. Укук коргоо, коопсуздук, коргоо жана сот органдарынын кызматкерлери үчүн адистештирилген окуу программаларын иштеп чыгуу жана адистерди даярдоонун окуу пландарына киргизүү | Окуу программасы бекитилди | БИМ, ИИМ, МУКК, ККнын ГШ, ӨКМ, ЭСӨМ, Жогорку сот (макулдашуу боюнча), Башкы прокуратура (макулдашуу боюнча) | 2016-жылдын II кварталы | Тийиштүү буйрук | ||
2.3.4. Коомдук уюмдардын өкүлдөрүн, жергиликтүү активисттерди ККнын 1325-резолюция маселелери боюнча окутуу | Окутуучу семинарлардын жана окууну аяктагандардын саны | ЭСӨМ, ИИМ, ЖӨБО (макулдашуу боюнча) | 2016-2017-жылдар | Окутуунун тийиштүү пландары | ||
2.3.5. Социалдык чыңалууну жана жаңжалдуу абалды азайтуу максатында ЖМКнын өкүлдөрүнө маалымат берүүнүн эрежелерин жана этикасын окутуунун системасын иштеп чыгуу жана жайылтуу | Болгон тажрыйбаны камтыган модель иштелип чыкты | ЭСӨМ, ИИМ, ММТМ | 2016-2017-жылдар | Тийиштүү программа | ||
2.4 | Гендердик аспектилерди эске алуу менен аймактардын коопсуздугунун паспортун иштеп чыгуу (пилоттук аймакта) | 2.4.1. Паспортторду иштеп чыгуу боюнча жумушчу топ түзүү | Жумушчу топ түзүлдү | ӨКМ, ККнын ГШ, ИИМ, МУКК, ЭСӨМ, ССМ | 2016-жылдын I кварталы | Тийиштүү буйрукту кабыл алуу |
2.4.2. Коопсуздук паспортторун иштеп чыгуу боюнча жобону иштеп чыгуу | Коопсуздук паспортун иштеп чыгуунун механизми иштелип чыкты | ӨКМ, ККнын ГШ, ИИМ, МУКК, ЭСӨM, ССМ | 2016-жылдын II кварталы | Тийиштүү жобо | ||
2.4.3. Пилоттук аймакта коопсуздук паспортун иштеп чыгуу | Коопсуздук паспорту бекитилди | ӨКМ, ИИМ, МУКК, ККнын ГШ, ЭСӨМ, ССМ | 2017-жылдын II кварталы | Бекитүү тууралуу тийиштүү чечим | ||
2.4.4. Пилоттук аймактын коопсуздугун чыңдоо жана андан ары жайылтуу максатында иштелип чыккан паспортко апробация жүргүзүү | Пилоттук аймакта техногендик, биологиялык-социалдык жана табигый ӨКнын пайда болушу мүмкүн болгон коркунучту мүнөздөгөн, мүмкүн болгон зыянды болжолдой турган көрсөткүчтөрдүн системасы жана ӨКнын кесепетин жок кылуу боюнча аткаруу бийлигинин, административдик аймактык (чарбалык) бирдиктердин органдарына калктын, экономиканын объекттердин, жаратылыш чөйрөсүнүн коопсуздук абалын баалоого жана өзгөчө кырдаалдардын алдын алуу боюнча чечимдерди өз убагында кабыл алууга мүмкүндүк бере турган иш-чаралар киргизилген | ӨКМ, ИИМ, МУКК, ККнын ГШ, ЭСӨМ, ССМ | 2017-жылдын II жарым жылдыгы | Тийиштүү иш-чараларды өткөрүү | ||
№ | Максаты | Индикаторлор | Аткаруучулар | Ишке ашыруу мөөнөтү | Ишке ашыруу формасы | |
3 | Калкты коргоону, анын ичинде жаңжалдарды жаратуучу шарттарда аялдарды жана кыздарды коргоону камсыз кылуу | Жаңжалдарды жаратуучу шарттарда коргоо системасын өркүндөтүү боюнча ишке ашырылган чаралардын саны | Мамлекеттик органдар | 2016-2017-жылдар | Тийиштүү иш-чараларды өткөрүү | |
№ | Милдеттер | Иш-чаралар/ иш-аракеттер | Күтүлүүчү жыйынтыктаp/ индикаторлор | Аткаруучулар | Ишке ашыруу мөөнөтү | Ишке ашыруу формасы |
3.1 | Жаңжалдарды жаратуучу шарттарда аялдарды жана кыздарды коргоону эске алуу менен ыкчам чара көрүү субъекттеринин даярдыгын күчөтүү | 3.1.1. ӨК шарттарында гендердик зомбулукту болтурбоо, бөгөт коюу жана ыкчам чара көрүү боюнча сектор аралык өз ара аракеттенүүнүн тартиби тууралуу жобону бекитүү | Жаратылыштык, техногендик, экологиялык, биологиялык-социалдык жана жаңжалдык мүнөздөгү ӨКда гендердик зомбулуктун алдын алуу, бөгөт коюу жана ыкчам чара көрүү боюнча мамлекеттик бийлик органдарынын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын, ошондой эле башка уюмдардын жарандардын сектор аралык өз ара аракеттенүүсүнүн тартибин аныктай турган жобо иштелип чыкты | ККнын ГШ, ӨКМ, ИИМ, ЭСӨМ, ССМ, МБК, МУКК | 2016-жылдын I кварталы | Бекитүү тууралуу тийиштүү чечим |
3.1.2. ӨК шарттарда гендердик зомбулукту болтурбоо, бөгөт коюу жана ыкчам чара көрүү боюнча ведомстволук нускаманы иштеп чыгуу (КРӨнүн чечими менен бекитилет) | Нускамалар бекитилди | ӨКМ, ИИМ, ЭСӨМ, ССМ, ККнын ГШ | 2016-жылдын I кварталы | Бекитүү тууралуу тийиштүү чечим | ||
3.1.3. Нускаманы пайдалануу боюнча кызматкерлерди окутуу | Окутуучу семинарлардын жана окууну аяктагандардын саны | ККнын ГШ, ӨКМ, ИИМ, ЭСӨМ, ССМ, МБК, МУКК | 2016-жылдын ичинде | Окутуунун тийиштүү пландары | ||
3.1.4. Зомбулуктан жабыр тарткан аялдарды жана жашы жете электерди суракка алуу өндүрүшүнүн тактикасы боюнча методикалык сунуштамаларды иштеп чыгуу (ведомстволук акт менен бекитилет) | Улуттук, эл аралык мыйзамдардын ченемдери талдоого алынды жана суракка алуу өндүрүшүнүн жүрүшүндө жабыркаган аялдардын жана жашы жете электердин мыйзамдуу укуктарын камсыз кылуу боюнча сунуштамалар иштелип чыкты | ИИМ | 2016-жылдын I кварталы | Тийиштүү ведомстволук акт | ||
3.1.5. Өзгөчө кырдаалдарда ыкчам чара көрүүнүн типтүү пландарына тийиштүү толуктоолорду киргизүү (ведомстволук акт менен бекитилет) | ӨК болгон учурда ыкчам чара көрүүнүн типтүү пландарына мониторинг жүргүзүү жүзөгө ашырылды жана тийиштүү толуктоолор киргизилди | ИИМ, ӨКМ | 2016-жылдын I кварталы | Тийиштүү ведомстволук акт | ||
3.1.6. Биргелешкен командалык-штабдык машыгууларды өткөрүү | Өткөрүлгөн машыгуулар ӨК шартындагы гендердик зомбулукка ыкчам чара көрүүнүн деңгээлин жогорулатат | ККнын ГШ, ӨКМ, ИИМ, ЭСӨМ, ССМ, МБК, МУКК | 2017-жылдын II кварталы | Биргелешкен командалык-штабдык машыгуулардын тийиштүү пландары | ||
3.1.7. Биргелешкен командалык-штабдык машыгуулардын жана милдеттерди коюунун жыйынтыктарын чыгаруу | Ыкчам чара көрүү субъекттеринин даярдыгын жогорулатуу жана алардын өз ара аракеттенүү механизмдерин оптималдаштыруу | ККнын ГШ, ӨКМ, ИИМ, ЭСӨМ, ССМ, МБК, МУКК | 2017-жылдын II кварталы | Тийиштүү иш-чараларды өткөрүү | ||
3.2 | Кризистик кырдаалдан жабыр тарткандарга шашылыш психологиялык жардам көрсөтүү системасын түзүү | 3.2.1. ӨКМге караштуу куткаруучу курамга кошуу үчүн психологдордун тобун түзүү | Психологдордун тобу түзүлдү | ССМ, ӨКМ, БИМ | 2016-жылдын ичинде | Тийиштүү программа |
3.2.2. Кризистик кырдаалда жардам көрсөтүүнүн өзгөчөлүктөрүнө адистерди окутуу. Адистерди кайра даярдоону жана квалификациясын жогорулатууну жүзөгө ашыруу | Окутуучу семинарлардын жана окууну аяктагандардын саны | ССМ, ӨКМ, БИМ | 2016-ж., 2017-жылдын II кварталы | Окутуунун тийиштүү пландары | ||
3.2.3. Жабырлануучулардын маалымат базасын андан ары мониторинг жүргүзүү жана тез чара көрүү үчүн түзүү | Жабырлануучулар тууралуу маалыматтарга мониторинг жүргүзүлдү | ӨКМ, ССМ, БИМ | 2017-жыл ичинде | Тийиштүү маалыматтар базасы | ||
3.2.4. Клиникалык протоколдун натыйжалуулугун баалоо үчүн ведомстволор аралык жумушчу топ түзүү | Ведомстволор аралык жумушчу топ түзүлдү | ССМ, ИИМ | 2016-жылдын I кварталы | Тийиштүү буйрукту кабыл алуу | ||
3.2.5. Ведомстволор аралык жумушчу топ үчүн окуу семинарларын өткөрүү | Окууну аяктагандардын саны | ССМ, ИИМ | 2016-жылдын I кварталы | Окутуунун тийиштүү пландары | ||
3.2.6. Мониторинг жүргүзүү жана баа берүү. Сунуштамалар менен отчётторду даярдоо | Баалоо жана мониторинг жүргүзүү жүзөгө ашырылды | ВАЖТ | 2016-2017-жылдардын жыйынтыгы боюнча | Сунуштамалары бар тийиштүү отчет | ||
3.2.7. Мониторинг жүргүзүү жана баалоонун жыйынтыктары боюнча отчёттун презентациясы боюнча тегерек стол өткөрүү | Кризистик жагдайда жабырлануучуларга шашылыш психологиялык жардам көрсөтүү системасын өркүндөтүү боюнча маселелерди талкуулоого жарандык коомдун жана жергиликтүү коомчулуктардын институттарын тартуу жана биргелешкен сунуштамаларды иштеп чыгуу | ССМ, ИИМ, ВАЖТ | 2017-жылдын жыйынтыгы боюнча | Тегерек столдун сунуштамалары | ||
Кыскартылган сөздөрдүн тизмеси:
БУУнун КК | - | Бириккен Улуттар Уюмунун Коопсуздук Кеңеши |
ККнын 1325-резолюциясы | - | Коопсуздук Кеңешинин 1325-резолюциясы |
КРӨ | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтү |
ККнын ГШ | - | Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн Генералдык штабы |
ССМ | - | Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги |
ИИМ | - | Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлиги |
ӨКМ | - | Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги |
БИМ | - | Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги |
ММТМ | - | Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана туризм министрлиги |
ЭЭСӨМ | - | Кыргыз Республикасынын Эмгек жана социалдык өнүгүү министрлиги |
МУКК | - | Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик улуттук коопсуздук комитети |
Коргоо комитети | - | Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик коргоо иштери боюнча комитети |
МБК | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик бажы кызматы |
Этностор агенттиги | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча мамлекеттик агенттиги |
КТРК | - | Коомдук телерадио берүү корпорациясы |
ЖӨБО | - | Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органы |
ӨК | - | Өзгөчө кырдаалдар |
ВАЖТ | - | Ведомстволор аралык жумушчу топ |
МЖБ | - | Мониторинг жүргүзүү жана баалоо |