Загрузка документа…
КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 11-февралындагы № 57-т тескемесине ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2019-жылдын 18-январы № 2-б
Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарында болгон кадрдык өзгөрүүлөргө байланыштуу:
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 23-сентябрындагы № 470-б буйругуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
- жогоруда аталган буйрук менен түзүлгөн мамлекеттик үлүш катышкан чарбакер коомдордун директорлор кеңештеринин, ревизиялык комиссияларынын мүчөлөрүнүн жана катчыларынын кызмат орундарына талапкерлердин кадрлар резервин түзүү боюнча ведомстволор аралык комиссиянын курамы ушул буйруктун тиркемесине ылайык редакцияда баяндалсын.
Премьер-министр |
| М.Д.Абылгазиев |
|
| Тиркеме |
Мамлекеттик үлүш катышкан чарбакер коомдордун директорлор кеңештеринин, ревизиялык комиссияларынын мүчөлөрүнүн жана катчыларынын кызмат орундарына талапкерлердин кадрлар резервин түзүү боюнча ведомстволор аралык комиссиянын КУРАМЫ
Тулебердиев Ренат Темирбекович | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча фонддун төрагасы, ведомстволор аралык комиссиянын төрагасы; |
Абакиров Эльдар Курманбекович | - | Кыргыз Республикасынын Экономика министринин орун басары, ведомстволор аралык комиссиянын төрагасынын орун басары. |
Ведомстволор аралык комиссиянын мүчөлөрү: | ||
Иманалиев Данияр Шаршенбекович | - | Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын стратегиялык өнүктүрүү, экономика жана финансы бөлүмүнүн башчысы (макулдашуу боюнча); |
Султанбеков Даниель Аалыевич | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын экономика жана инвестициялар бөлүмүнүн башчысынын орун басары; |
Мамыркалиев Эрмек Алтымышевич | - | Кыргыз Республикасынын Транспорт жана жол министрлигинин статс-катчысынын милдетин аткаруучу; |
Ороков Азисбек Бакыевич | - | Кыргыз Республикасынын Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитетинин төрагасынын орун басары; |
Жээнбеков Марат Арынбаевич | - | Кыргыз Республикасынын Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитетинин электр энергетика башкармалыгынын начальниги; |
Абиров Мыктыбек Медетбекович | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Финансы рыногун жөнгө салуу жана көзөмөлдөө мамлекеттик кызматынын төрагасынын орун басары; |
Уметалиев Нурбек Сейдакматович | - | Кыргыз Республикасынын Экономика министрлигинин мамлекеттик менчик саясаты башкармалыгынын начальниги; |
Садабаев Тулеген Дюшеевич | - | Кыргыз Республикасынын Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитетинин отун ресурстары жана жылуулук менен камсыздоо бөлүмүнүн башчысы; |
Рыскулов Канат Бактыбекович | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча фонддун чарбакер коомдор менен иштөө боюнча башкармалыгынын начальниги; |
Аскаралиев Келдибек | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Финансы рыногун жөнгө салуу жана көзөмөлдөө мамлекеттик кызматынын Коомдук кеңешинин төрагасы; |
Мусуралиев Нурлан Джолдошбекович | - | Кыргыз Республикасынын Соода-өнөр жай палатасынын вице-президенти (макулдашуу боюнча); |
Рубанова Алла Владимировна | - | Кыргыз Республикасынын бухгалтерлер жана аудиторлор палатасынын мүчөсү, Аудит жана методология департаментинин директору (макулдашуу боюнча); |
Кошоев Бакытбек Бирликович | - | "Корпоративдик башкаруу жана өнүктүрүү институту" коомдук фондунун кеңешчиси (макулдашуу боюнча); |
Убышев Данияр Эркинбекович | - | Кыргыз Республикасынын Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитетинин Коомдук кеңешинин төрагасынын орун басары, "KyrgyzBeton" жоопкерчилиги чектелген коомунун юристи (макулдашуу боюнча); |
Алкадырова Чолпон Муканбетовна | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча фонддун алдындагы Коомдук байкоочу кеңештин мүчөсү (макулдашуу боюнча). |