Загрузка документа…
КР Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 3-октябрындагы N 609-т тескемесине ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2018-жылдын 19-ноябры № 411-б
"Мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүүлөр жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 5-беренесин ишке ашыруу максатында, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык:
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 31-майындагы № 191-б буйругуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
4-пункту "Кыргыз Республикасынын экономика министрлигине" деген сөздөрдөн кийин "(мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөр маселелери боюнча) жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча мамлекеттик агенттикке (муниципалдык кызмат көрсөтүүлөр маселелери боюнча)" деген сөздөр менен толукталсын;
жогоруда аталган буйрук менен түзүлгөн Мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүүлөр системасын оптималдаштыруу боюнча ведомстволор аралык комиссиянын курамы ушул буйруктун тиркемесине ылайык редакцияда баяндалсын;
жогоруда аталган буйрук менен бекитилген Мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүүлөр системасын оптималдаштыруу боюнча ведомстволор аралык комиссия жөнүндө жободо:
- 3-пунктунун төртүнчү абзацы "жеткиликтүүлүгүнүн негизинде" деген сөздөрдөн кийин "Мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн бирдиктүү реестрине жана" деген сөздөр менен толукталсын;
- 4-пунктунун үчүнчү абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"- Мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн бирдиктүү реестрине жана Муниципалдык кызмат көрсөтүүлөрдүн базалык реестрине өзгөртүүлөрдү киргизүү, ошондой эле акы төлөнүүчү муниципалдык кызмат көрсөтүүлөрдү муниципалдык кызмат көрсөтүүлөрдүн кошумча реестрлерине (тизмелерине) киргизүү маселелери боюнча корутундуларды кароо жана берүү;".
Премьер-министр |
| М.Д.Абылгазиев |
Тиркеме
"Тиркеме
Мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүүлөр системасын оптималдаштыруу боюнча ведомстволор аралык комиссиянын КУРАМЫ
Мукамбетов Мурат Картайбекович | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппарат жетекчисинин орун басары, Ведомстволор аралык комиссиянын төрагасы. |
Кызмат орундары боюнча:
Кыргыз Республикасынын Экономика министрлигинин статс-катчысы, Ведомстволор аралык комиссиянын төрагасынын орун басары;
Кыргыз Республикасынын Экономика министрлигинин Мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөр системасын оптималдаштыруу саясаты бөлүмүнүн башчысы, Ведомстволор аралык комиссиянын жооптуу катчысы.
Ведомстволор аралык комиссиянын мүчөлөрү:
Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик кадр кызматынын директорунун орун басары (макулдашуу боюнча);
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын кадрдык иштер жана мамлекеттик кызмат бөлүмүнүн мамлекеттик кызмат секторунун башчысы;
Кыргыз Республикасынын Маалыматтык технологиялар жана байланыш мамлекеттик комитетинин төрагасынын орун басары;
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Монополияга каршы жөнгө салуу мамлекеттик агенттигинин директорунун орун басары;
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча мамлекеттик агенттиктин директорунун орун басары;
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматынын төрагасынын орун басары;
Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин мамлекеттик кирешелерди болжолдоо башкармалыгынын начальниги;
Кыргыз Республикасынын Жергиликтүү өз алдынча башкаруу союзунун аткаруучу директору (макулдашуу боюнча);
Кыргыз Республикасынын Улуттук стратегиялык изилдөөлөр институтунун директору.
Жекече (макулдашуу боюнча):
Мусаева Айжан Эркиновна | - | Регионалистика жана өнүктүрүү борборунун директору; |
Капарова Айнура Акимжановна | - | көз карандысыз эксперт; |
Третьяков Александр Викторович | - | көз карандысыз эксперт; |
Балтагулов Джалалбек Тюрегельдиевич | - | көз карандысыз эксперт; |
Коак Александр Николаевич | - | "Коомдук технологиялар борбору" мекемесинин эксперти; |
Абдимиталипова Чолпон Абдимиталиповна | - | Мамлекеттик органдардын коомдук кеңештеринин координациялык кеңешинин өкүлү; |
Слепченко Наталья Сергеевна | - | көз карандысыз эксперт; |
Чекиров Асылбек Асаналиевич | - | көз карандысыз эксперт; |
Шаршеева Аида Шеримбековна | - | "Digital casa" долбоорунун менеджери; |
Алдакулова Бубусара Турдалиевна | - | көз карандысыз эксперт; |
Ускенбаева Гульнара Тураровна | - | Жеткирүүчүлөр, өндүрүүчүлөр жана дистрибьюторлор ассоциациясынын президенти; |
Булатова Юлия Нарыновна | - | Кыргыз Республикасынын Соода-өнөр жай палатасынын юристи. |
Эскертүү. Кызмат орду боюнча Ведомстволор аралык комиссиянын курамына киргизилген мамлекеттик органдын жетекчисинин орун басары тийиштүү мамлекеттик органдын жетекчисинин чечимине же ошол мамлекеттик органдын орун басарларынын ортосунда милдеттерди бөлүштүрүүгө ылайык аныкталат. Тиешелүү чечим кабыл алынган күндөн тартып үч иш күндүн ичинде Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратына жиберилет