Загрузка документа…
КР Өкмөтүнүн 2021-жылдын 22-январындагы № 9-р буйругуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2018-жылдын 3-ноябры № 390-б
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 11-майындагы № 150-б буйругуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
- мамлекеттик тилдеги текстинин 1-пунктундагы "Кош салык салуудан качуу жана кирешелерге, капиталдын өсүшүнө салык төлөөлөрдү болтурбоо" деген сөздөр "кирешелерге жана капиталдын өсүшүнө кош салык салууну четтетүү жана салыктарды төлөөдөн качуунун алдын алуу" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
- жогоруда аталган буйрук менен жактырылган Макулдашуунун долбоорунда:
мамлекеттик тилдеги текстинин аталышындагы жана преамбуласындагы "Кош салык салуудан качуу жана кирешелерге, капиталдын өсүшүнө салык төлөөлөрдү болтурбоо" деген сөздөр "кирешелерге жана капиталдын өсүшүнө кош салык салууну четтетүү жана салыктарды төлөөдөн качуунун алдын алуу" деген сөздөр менен алмаштырылсын.
Премьер-министр | М.Д.Абылгазиев |