РаспоряжениеКүчүн жоготту

КР Өкмөтүнүн 2018-жылдын 3-ноябрындагы № 390-б «Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 11-майындагы № 150-б буйругуна өзгөртүүлөр киргизүү жөнүндө» буйругу

Редакция03.11.2018 редакциясы
Жүктөө .docx
Бул документ орус тилинде да барОрусча
Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик герби

КР Өкмөтүнүн 2021-жылдын 22-январындагы № 9-р буйругуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ

БУЙРУК

2018-жылдын 3-ноябры № 390-б

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 11-майындагы № 150-б буйругуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

- мамлекеттик тилдеги текстинин 1-пунктундагы "Кош салык салуудан качуу жана кирешелерге, капиталдын өсүшүнө салык төлөөлөрдү болтурбоо" деген сөздөр "кирешелерге жана капиталдын өсүшүнө кош салык салууну четтетүү жана салыктарды төлөөдөн качуунун алдын алуу" деген сөздөр менен алмаштырылсын;

- жогоруда аталган буйрук менен жактырылган Макулдашуунун долбоорунда:

мамлекеттик тилдеги текстинин аталышындагы жана преамбуласындагы "Кош салык салуудан качуу жана кирешелерге, капиталдын өсүшүнө салык төлөөлөрдү болтурбоо" деген сөздөр "кирешелерге жана капиталдын өсүшүнө кош салык салууну четтетүү жана салыктарды төлөөдөн качуунун алдын алуу" деген сөздөр менен алмаштырылсын.

 

Премьер-министр

М.Д.Абылгазиев