Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2021-жылдын 22-январы № 9-б
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 11-майындагы № 150-б буйругуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Улуу Британия жана Түндүк Ирландия Бириккен Королдугунун Өкмөтүнүн ортосундагы Кирешелерге жана капиталдын өсүшүнө кош салык салууну болтурбоо жана салыктарды төлөөдөн качуунун алдын алуу жөнүндө макулдашуунун долбоорунун мамлекеттик тилдеги тексти ушул буйруктун тиркемесине ылайык редакцияда баяндалсын.
2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 3-ноябрындагы № 390-б , буйругу күчүн жоготту деп таанылсын.
3. Кыргыз Республикасынын Экономика министрлиги жана Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги ушул буйруктан келип чыгуучу чараларды көрүшсүн.
4. Ушул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын финансы жана кредит саясаты бөлүмүнө жана эл аралык кызматташтык бөлүмүнө жүктөлсүн.
Премьер-министринин милдетин аткаруучу, биринчи вице-премьер-министр |
| А.Э.Новиков |
|
| Тиркеме |
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Улуу Британия жана Түндүк Ирландия Бириккен Королдугунун Өкмөтүнүн ортосундагы Кирешелерге жана капиталдын өсүшүнө кош салык салууну болтурбоо жана салыктарды төлөөдөн качуунун алдын алуу жөнүндө МАКУЛДАШУУ
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Улуу Британия жана Түндүк Ирландия Бириккен Королдугунун Өкмөтү Кирешелерге жана капиталдын өсүшүнө кош салык салууну болтурбоо жана салыктарды төлөөдөн качуунун алдын алуу жөнүндө макулдашуу түзүүнү каалап, төмөнкүлөр тууралуу макулдашты:
1-берене. Макулдашуу колдонулууга тийиш болгон жактар
Ушул Макулдашуу Макулдашуучу Мамлекеттердин биринин же экөөнүн тең резиденти болуп саналган жактарга карата колдонулат.
2-берене. Макулдашуу колдонулууга тийиш болгон салыктар
1. Ушул Макулдашуу Макулдашуучу Мамлекеттердин же алардын саясий же административдик бөлүмдөрүнүн же жергиликтүү бийлик органдарынын атынан алынуучу кирешелерге жана капиталдын өсүшүнө салыктарга карата аларды алуу ыкмаларына карабастан колдонулат.
2. Кирешелерге жана капиталдын өсүшүнө салыктар катары кыймылдуу же кыймылсыз мүлктөрдү ээликтен ажыратуудан кирешелерге салыктарды кошкондо, кирешенин жалпы суммасынан же кирешенин айрым элементтеринен алынуучу бардык салыктар каралат.
3. Ушул Макулдашуу жайылтылуучу колдонуудагы салыктар болуп төмөнкүлөр эсептелет, атап айтканда:
а) Кыргыз Республикасында:
i) юридикалык жактардын кирешелерине жана пайдасына салык;
ii) жеке жактардан алынуучу киреше салыгы;
(мындан ары - "Кыргызстандын салыгы" деп аталат); жана
б) Бириккен Королдукта:
i) киреше салыгы;
ii) корпорациялардын кирешелеринен салык; жана
iii) капиталдын өсүшүнө салык;
(мындан ары - "Бириккен Королдуктун салыгы" деп аталат).
4. Ушул Макулдашуу ошондой эле ушул Макулдашууга кол коюлган күндөн тартып колдонуудагы салыктарга кошумча же алардын ордуна алынуучу кандай болбосун бирдей же маңызы боюнча окшош салыктарга карата колдонулат. Макулдашуучу Мамлекеттердин компетенттүү органдары өздөрүнүн салык мыйзамдарына киргизилген бардык олуттуу өзгөртүүлөр тууралуу бири-бирине кабарлашат.
3-берене. Негизги түшүнүктөр
1. Эгер контекст боюнча башкача талап кылынбаса, ушул Макулдашуунун максаттары үчүн:
a) "Кыргызстан" деген термин Кыргыз Республикасын билдирет. Географиялык мааниде пайдаланганда "Кыргызстан" деген термин Кыргыз Республикасы улуттук жана эл аралык укукка ылайык эгемендүү укуктарын жана юрисдикциясын жүзөгө ашырган аймакты түшүндүрөт;
b) "Бириккен Королдук" деген термин Улуу Британияны жана Түндүк Ирландияны билдирет, географиялык мааниде пайдаланганда Улуу Британия жана Түндүк Ирландия улуттук жана эл аралык укукка ылайык эгемендүү укуктарын жана юрисдикциясын жүзөгө ашырган Улуу Британиянын жана Түндүк Ирландиянын аймагын жана аймактык деңизин, аймактык деңизинин чеке белинде жайгашкан зонаны түшүндүрөт;
c) "жак" деген термин жеке адамды, компанияны жана ар кандай башка жактардын бирикмесин түшүндүрөт;
d) "компания" деген термин ар кандай корпоративдик бирикмени же салык салуу максаты үчүн корпоративдик бирикме катары каралган ар кандай уюмду түшүндүрөт;
е) "Макулдашуучу Мамлекет" жана "экинчи Макулдашуучу Мамлекет" деген терминдер контекстке жараша Кыргыз Республикасын же Бириккен Королдукту түшүндүрөт;
f) "бир Макулдашуучу Мамлекеттин ишканасы" жана "экинчи Макулдашуучу Мамлекеттин ишканасы" деген терминдер тиешелүү түрдө бир Макулдашуучу Мамлекеттин резиденти башкарган ишкананы жана экинчи Макулдашуучу Мамлекеттин резиденти башкарган ишкананы түшүндүрөт;
g) "эл аралык ташуу" деген термин деңиз, аба же жер бетиндеги транспорт каражаты бир Макулдашуучу Мамлекеттеги пункттардын ортосунда гана пайдаланылган жана деңиз, аба же жер бетиндеги транспорт каражатын пайдаланган ишкана ошол Макулдашуучу Мамлекеттин ишканасы болбогон учурлардан тышкары, деңиз, аба же жер бетиндеги транспорт каражаты менен ар кандай ташууларды түшүндүрөт;
h) "компетенттүү орган" деген термин төмөнкүлөрдү түшүндүрөт;
(i) Кыргыз Республикасында - Кыргыз Республикасынын Экономика министрлигин же анын ыйгарым укуктуу өкүлүн;
(ii) Бириккен Королдукта - салыктар жапа бажылык жыйымдар боюнча Улуу Британиянын Мамлекеттик башкаруусунун комиссарларын же алардын ыйгарым укуктуу өкүлүн;
i) "жаран" деген термин төмөнкүлөрдү түшүндүрөт:
i) Кыргызстанга карата - Кыргызстандын жарандыгына ээ ар кандай жеке жакты жана Кыргызстандын колдонуудагы мыйзамдарынын негизинде өзүнүн статусун алган ар кандай юридикалык жакты, өнөктөштүктү же ассоциацияны;
ii) Бириккен Королдукка карата - Улуу Британиянын ар кандай жаранын же кандай болбосун башка өлкөнүн же Шериктештиктин аймагынын жарандыгына ээ эмес Британиянын ар кандай жаранын, эгерде ал Бириккен Королдукта жашоо укугуна ээ болсо; жана Бириккен Королдуктун колдонуудагы мыйзамдарынын негизинде өзүнүн статусун алган ар кандай юридикалык жакты, өнөктөштүктү же ассоциацияны.
2. Макулдашуучу Мамлекет тарабынан ушул Макулдашууну колдонууга карата анда аныкталбаган кандай болбосун термин бардык учурда, эгерде контекстте башкача талап кылынбаса, ошол Макулдашуучу Мамлекеттин ушул Макулдашуу жайылтылган салык салуу боюнча мыйзамдарына ылайык ошол учурда ээ болгон мааниге ээ болот. Ушул Макулдашуучу Мамлекеттин колдонуудагы салык мыйзамдарына ылайык кандай болбосун маани ошол Макулдашуучу Мамлекеттин башка мыйзамдарында бул терминге берилген мааниден басымдуулук кылат.
4-берене. Резидент
1. Ушул Макулдашуунун максаттары үчүн "Макулдашуучу Мамлекеттин резиденти" деген термин бул Макулдашуучу Мамлекеттин мыйзамдарына ылайык анын жашаган жери, туруктуу турган жери, башкаруу жери, катталган жери же ушундай мүнөздөгү бардык башка критерийлер боюнча салык салынууга тийиш болгон ар кандай жакты түшүндүрөт, ошондой эле ушул Макулдашуучу Мамлекетти же анын бардык саясий же административдик бөлүмдөрүн же жергиликтүү бийлик органдарын камтыйт. Бирок бул термин ушул Макулдашуучу Мамлекетте ошол Макулдашуучу Мамлекеттин булактарынан кирешеге же капиталдын өсүшүнө карата гана салык салынууга тийиш болгон жактарды камтыбайт.
2. Эгерде 1-пункттун жоболору боюнча кандайдыр бир жак Макулдашуучу Мамлекеттердин экөөнүн тең резиденти болуп саналса, анда анын статусу төмөнкүчө аныкталат:
а) бул жак туруктуу жашаган жери бар Макулдашуучу Мамлекеттин гана резиденти болуп саналат; эгер мындай жактын Макулдашуучу Мамлекеттердин экөөндө тең туруктуу жашаган жери болсо, анда ал кыйла тыгыз жеке жана экономикалык байланыштарга (жашоо-тиричилик кызыкчылыгынын борборуна) ээ болгон Макулдашуучу Мамлекеттин гана резиденти болуп саналат;
б) эгерде жактын жашоо-тиричилик кызыкчылыгынын борбору боло турган Макулдашуучу Мамлекет аныкталбаса, же эгер анын Макулдашуучу Мамлекеттердин биринде да туруктуу турак жайы болбосо, анда мындай жак демейки жашаган жери бар Макулдашуучу Мамлекеттин гана резиденти болуп саналат;
в) эгерде жактын Макулдашуучу Мамлекеттердин экөөндө тең демейки жашаган жери болсо же алардын биринде да болбосо, анда ал жараны болуп саналган Макулдашуучу Мамлекеттин резиденти болуп эсептелет;
г) эгерде бул жак Макулдашуучу Мамлекеттердин экөөнүн тең жараны болсо же алардын биринин да жараны болбосо, анда Макулдашуучу Мамлекеттердин компетенттүү органдары мындай маселени тараптардын өз ара макулдашуусу боюнча чечишет.
3. Эгерде 1-пункттун жоболоруна ылайык Макулдашуучу Мамлекеттердин экөөнүн тең резиденти болуп саналган жеке жактан башка Макулдашуучу Мамлекеттердин компетенттүү органдары өз ара макулдашуу боюнча ушул Макулдашуунун максаттары үчүн мындай жак кайсы Макулдашуучу Мамлекеттин резиденти болуп саналаарын аныктоого аракеттенишет. Макулдашуучу Мамлекеттердин компетенттүү органдарынын өз ара макулдугу болбосо, жак ушул Макулдашуунун 22, 23 жана 24-беренелеринде каралгандардан тышкары ушул Макулдашуу боюнча берилүүчү кандайдыр бир жеңилдиктерди алуу максатында Макулдашуучу Мамлекеттердин биринин да резиденти болуп саналбайт.
5-берене. Туруктуу өкүлчүлүк
1. Ушул Макулдашуунун максаттары үчүн "туруктуу мекеме" деген термин ишкананын иши толук же жарым-жартылай ишке ашырылуучу ишкананын туруктуу жайгашкан жерин түшүндүрөт.
2. "Туруктуу мекеме" деген термин төмөнкүлөрдү камтыйт, атап айтканда:
а) ишкананын ишин башкаруучу жерди;
б) филиалды;
в) кеңсени;
г) заподду;
д) мастерскойду; жана
е) шахтаны, нефти же газ скважинасын, карьерди же жаратылыш ресурстары казылуучу ар кандай башка жерлерди.
3. Курулш аянтчасы же курулуш же монтаждоочу объект он эки айдан ашык мезгил бою иштесе гана туруктуу мекемени түзөт.
4. 1, 2 жана 3-пункттардын жоболоруна карабастан, Макулдашуучу Мамлекеттин ишканасы экинчи Макулдашуучу Мамлекетте тийиштүү салык жылы башталган же аяктаган каалаган 12 айлык мезгилде жалпы 183 күндөн ашкан мезгилдин же мезгилдердин ичинде кызматтарды көрсөтсө жана бул кызмат көрсөтүүлөр ошол эле долбоор же ошол экинчи Макулдатуучу Мамлекетте бул кызматтарды көрсөткөн бир же бир нече жак аркылуу байланышкан долбоорлор үчүн аткарылса, анда ушундай кызматтарды көрсөтүү боюнча ошол экинчи Макулдашуучу Мамлекетте жүзөгө ашырылуучу иштер ошол экинчи Макулдашуучу Мамлекетте жайгашкан ишкананын туруктуу мекемеси аркылуу аткарылган деп саналат, буга эгерде алар туруктуу ишкердик жүргүзгөн жер аркылуу көрсөтүлүп, бул туруктуу ишкердик жүргүзгөн жерди ушул параграфтын жоболоруна ылайык туруктуу өкүлчүлүккө айландырышпаса, анда бул кызмат көрсөтүүлөр 5-параграфта айтылган кызмат көрсөтүүлөрдүн түрлөрү менен чектелген учурлар кирбейт. Ушул пункттун максаттары үчүн бир ишкананын атынан жеке жак тарабынан көрсөтүлүүчү кызматтар, эгерде ушул башка ишкана мындай жактын кызмат көрсөтүүлөрүнүн ыкмаларын тескебесе, багыт бербесе же контролдобосо, ошол жеке жак аркылуу башка ишкана аткарган деп саналбайт.
5. Ушул берененин мурдагы жоболоруна карабастан "туруктуу мекеме" деген термин төмөнкүлөрдү камтыбайт:
а) курулмаларды жалаң гана ишканага таандык товарларды же буюмдарды сактоо, көрсөтүү же жөнөтүү максатында пайдаланууну;
б) ишканага таандык товарлардын же буюмдардын запастарын жалаң гана сактоо, көрсөтүү же жөнөтүү максатында кармоону;
в) ишканага таандык товарлардын жана буюмдардын запастарын башка ишканаларда кайра иштетүү максаттарында гана кармоону;
г) ишкердик иштин туруктуу иш ордун жалан гана товарларды жана буюмдарды сатып алуу же болбосо ишкана үчүн маалымат топтоо максатында кармоону;
д) ишкердик иштин туруктуу иш ордун ишкана үчүн даярдоочу же көмөкчү мүнөздөгү башка ар кандай ишти жүргүзүү максатында кармоону;
е) ишкердик иштин туруктуу ордунун жалпы иши ошол ишти айкалыштыруунун натыйжасында даярдоочу же көмөкчү мүнөзгө ээ болгон шартта "а)" - "д)" пунктчаларында аталган иштердин түрүн айкалыштыруу үчүн гана ишкердик иштин туруктуу ордун кармоону.
6. 1 жана 2-пункттардын жоболоруна карабастан, 7-пункт колдонулуучу көз карандысыз статусу бар агенттен бөлөк жак, Макулдашуучу Мамлекеттердин биринде ишкананын атынан иштесе жана ишкананын атынан контракттарды түзүү ыйгарым укугуна ээ болсо жана аны пайдаланса, бул ишкана ошол жак ишкана үчүн ишке ашыруучу бардык ишке карата ошол Макулдашуучу Мамлекетте туруктуу мекемеси бар катары каралат, буга мындай жактын иши 5-пунктта айтылган иш менен чектелген учурлар кирбейт, ал туруктуу ишкердик жүргүзгөн жер аркылуу ишке ашырылган учурда, ошол туруктуу ишкердик жүргүзгөн жерди ушул пункттун жоболоруна ылайык туруктуу мекемеге айландырбайт.
7. Ишкана ошол Макулдашуучу Мамлекетте брокер, комиссионер же көз карандысыз статусу бар кандайдыр бир агент аркылуу ишкердикти аталган жактар өзүнүн демейдеги бизнесинин алкагында иштеген шартта жүргүзгөндүктөн гана Макулдашуучу Мамлекетте туруктуу мекемеси бар катары каралбайт.
8. Бир Макулдашуучу Мамлекеттин резиденти болуп саналган компанияны экинчи Макулдашуучу Мамлекеттин резиденти болуп саналган, же экинчи Макулдашуучу Мамлекетте ишин жүргүзгөн (туруктуу мекеме аркылуу же башка жол менен) компания контролдогону же ал тарабынан контролдоно тургандыгы өзүнөн-өзү бул компаниялардын бирин экинчи компаниянын туруктуу мекемеси катары аныктабашы керек.
6-берене. Кыймылсыз мүлктөн алынуучу киреше
1. Бир Макулдашуучу Мамлекеттин резиденти тарабынан экинчи Макулдашуучу Мамлекетте жайгашкан кыймылсыз мүлктөн алган кирешесине (анын ичинде айыл жана токой чарбасынан алган кирешеге) ушул экинчи Макулдашуучу Мамлекетте салык салынышы мүмкүн.
2. "Кыймылсыз мүлк" деген термин ошол мүлк жайгашкан Макулдашуучу Мамлекеттин мыйзамдарындагы мааниге ээ. Бул термин ар учурда кыймылсыз мүлккө карата көмөкчү мүлктү, айыл жана токой чарбасында пайдаланылуучу малды жана жабдууларды, жер менчигине карата мыйзамдардын жоболору колдонулуучу укуктарды, кыймылсыз мүлктүн узуфруктусун жана минералдык запастарды, булактарды жана башка жаратылыш ресурстарын иштетүү же иштетүүгө укук үчүн өзгөрмөлүү же белгиленген төлөмдөргө болгон укуктарды камтыйт; кемелер, кайыктар жана аба кемелери кыймылсыз мүлк катары каралбайт.
3. 1-пункттун жоболору кыймылсыз мүлктү тикелей пайдалануудан, ижарага берүүдөн же аны кандайдыр бир башка түрдө пайдалануудан алынган кирешелерге карата колдонулат.
4. 1 жана 3-пункттардын жоболору ишкананын кыймылсыз мүлкүнөн түшкөн кирешелерге карата да колдонулат.
7-берене. Ишкананын пайдасы
1. Бир Макулдашуучу Мамлекеттин ишканасынын пайдасына, эгерде мындай ишкана экинчи Макулдашуучу Мамлекетте анда жайгашкан туруктуу мекеме аркылуу ишкердик жүргүзгөн учурду кошпогондо, биринчи Мамлекетте гана салык салынат. Эгерде ишкана жогоруда айтылгандай ишкердик жүргүзсө, ишкананын пайдасына экинчи Макулдашуучу Мамлекетте салык салынышы мүмкүн, бирок мындай туруктуу мекемеге тийиштүү болгон бөлүгүнө гана салык салынат.
2. 3-пункттун жоболоруна ылайык, эгерде Макулдашуучу Мамлекеттин ишканасы экинчи Макулдашуучу Мамлекетте жайгашкан туруктуу мекеме аркылуу ишкердик ишин жүргүзсө, анда ал ушундай же ушуга окшогон шартта ушундай же ушуга окшогон ишти жүргүзгөн өз алдынча жана өзүнчө ишкана болгондо жана туруктуу мекемеси болуп саналган ишканадан толук көз карандысыз аракеттенгенде алышы мүмкүн болгон пайдасы ар бир Макулдашуучу Мамлекетте ошол туруктуу мекемеге аталган пайда таандык болот.
3. Туруктуу мекеменин пайдасын аныктоодо башкаруу жана жалпы административдик чыгымдарды кошкондо, туруктуу мекеменин максаттары үчүн кетирилген чыгымдарды, бул чыгымдар туруктуу мекеме жайгашкан Макулдашуучу Мамлекетте же бөлөк жерде жасалганына карабастан, эсептен чыгарууга жол берилет.
4. Ушул туруктуу мекеме тарабынан ишкана үчүн товарларды же буюмдарды сатып алуунун негизинде гана туруктуу мекемеге эч кандай пайда таандык кылынбайт.
5. Мурдагы пункттардын максаттары үчүн туруктуу мекемеге чегерилген пайда белгиленген тартипти өзгөртүү үчүн кескин жана жетишерлик негиздер болбосо, жыл сайын бир гана ыкма менен аныкталат.
6. Эгер пайда ушул Макулдашуунун башка беренелеринде өзүнчө каралган кирешенин түрлөрүн жана капиталдын өсүшүн камтыса, анда ал беренелердин жоболоруна ушул берененин жоболору таасирин тийгизбейт.
8-берене. Эл аралык ташуулар
1. Макулдашуучу Мамлекеттин ишканасынын эл аралык ташууларда деңиз, аба кемелерин же жол транспорт каражаттарын пайдалануудан алган пайдасына ошол Макулдашуучу Мамлекетте гана салык салынат.
2. Ушул берененин максаттары үчүн эл аралык ташууларда деңиз, аба кемелерин же жол транспортун пайдалануудан бир Макулдашуучу Мамлекеттин ишканасы алган пайда төмөнкүлөрдү камтыйт:
a) бэрбоут (экипажсыз) негизинде деңиз, аба кемелерин же жол транспортун ижарага берүүдөн пайданы; жана
b) эгер тиешелүү жагдайларда ушундай ижара же ушундай пайдалануу, тейлөө же ижарага берүү, эл аралык ташууларда деңиз, аба кемелерин же жол транспорт каражаттарын пайдаланууга карата иштин негизги эмес түрү болуп саналса, товарларды же буюмдарды ташуу үчүн колдонулуучу контейнерлерди (чиркегичтерди жана контейнерлерди ташуу үчүн коштоочу жабдууларды) пайдалануудан, күтүүдөн же ижарага берүүдөн түшкөн пайданы.
3. 1-пунктунун жоболору жалпы фондго, биргелешкен ишканага же эксплуатациялоо боюнча эл аралык уюмга катышуудан алынган пайдага да жайылтылат.
9-берене. Ассоциацияланган ишканалар
1. Эгер:
a) Макулдашуучу Мамлекеттин ишканасы экинчи Макулдашуучу Мамлекеттин ишканасын башкарууга, контролдоого же капиталына түз же кыйыр катышса; же
b) бир эле жак биринчи Макулдашуучу Мамлекеттин ишканасын жана экинчи Макулдашуучу Мамлекеттин ишканасын башкарууга, контролдоого же капиталына түз же кыйыр катышса,
жана мындай учурдун ар биринде эки ишкананын ортосунда алардын коммерциялык же финансылык өз ара мамилелеринде көз карандысыз ишканалардын ортосундагы боло турган мамилелерден айырмаланган шарттар түзүлсө же белгиленсе, анда ишканалардын биринин эсебине чегериле турган, бирок аталган шарттардан улам ага чегерилбеген ар кандай пайда, тийиштүү түрдө бул ишкананын пайдасына эсептелип, салык салынышы мүмкүн.
2. Эгер Макулдашуучу Мамлекет бул Макулдашуучу Мамлекеттин ишканасынын пайдасына экинчи Макулдашуучу Мамлекетте салык салынган экинчи Макулдашуучу Мамлекеттин ишканасынын пайдасын киргизген жана тийиштүү түрдө салык салган учурда, ушундай түрдө киргизилген пайда биринчи Макулдашуучу Мамлекеттин ишканасына чегериле турган пайда деп саналат, эгер эки ишкананын ортосунда түзүлгөн өз ара мамилелеринин шарттары көз карандысыз ишканалардын ортосундагы шарттардай болсо, анда бул экинчи Макулдашуучу Мамлекет ушул пайдадан алынуучу салыктын суммасына карата тийиштүү оңдоп-түзөтүүлөрдү жасашы керек. Мындай оңдоп-түзөтүүлөрдү аныктоодо ушул Макулдашуунун башка жоболору эске алынууга тийиш жана Макулдашуучу Мамлекеттердин компетенттүү органдары зарыл болгон учурда бири-биринен консультация алышат.
10-берене. Дивиденддер
1. Макулдашуучу Мамлекеттин резиденти болуп саналган компания экинчи Макулдашуучу Мамлекеттин резидентине төлөп берүүчү дивиденддерге ошол экинчи Макулдашуучу Мамлекетте салык салынышы мүмкүн.
2. Ошол эле учурда Макулдашуучу Мамлекеттин резиденти болуп эсептелген компания тарабынан төлөнүп берилүүчү дивиденддерге бул Макулдашуучу Мамлекетте да ушул Макулдашуучу Мамлекеттин мыйзамдарына ылайык салык салынышы мүмкүн, мында эгерде дивиденддердин иш жүзүндөгү ээси экинчи Макулдашуучу Мамлекеттин резиденти болуп эсептелсе, анда алынуучу салык төмөнкүлөрдөн ашпоого тийиш:
а) эгерде дивиденддердин иш жүзүндөгү ээси дивиденддерди төлөгөн компаниянын кеминде 25 пайызына түздөн-түз же кыйыр ээлик кылган компания болуп саналса, дивиденддердин жалпы суммасынын 5 пайызынан;
б) калган бардык учурларда дивиденддердин жалпы суммасынын 15 пайызынан.
Бул пункт компаниянын дивиденддер төлөнө турган пайдасына карата салык салынышын козгобойт.
3. Ушул беренеде колдонулуучу "дивиденддер" деген термин акциялардан же пайдасына катышууга укук берүүчү карыздык талаптар болуп эсептелбеген башка укуктардан кирешелерди, ошондой эле дивиденддерди бөлүштүрүүчү компания резиденти болуп эсептелген Макулдашуучу Мамлекеттин салык мыйзамдарына ылайык акциялардан алынуучу кирешелер катары каралган кандай болбосун башка параграфты түшүндүрөт.
4. Эгер дивиденддердин иш жүзүндөгү ээси Макулдашуучу Мамлекеттин резиденти болуп туруп, дивиденддерди төлөгөн компания резиденти болуп эсептелген экинчи Макулдашуучу Мамлекетте ишкердик ишин анда жайгашкан туруктуу өкүлчүлүк аркылуу жүргүзсө же ушул экинчи Макулдашуучу Мамлекетте көз карандысыз жеке кызматтарды анда жайгашкан туруктуу базасы аркылуу көрсөтсө жана дивиденддер төлөнгөн активдер чындыгында ушул туруктуу өкүлчүлүк же туруктуу база менен байланышса, 1 жана 2-пункттардын жоболору колдонулбайт. Мындай учурда 7-берененин же 14-берененин жоболору жагдайларга жараша колдонулат.
5. Бир Макулдашуучу Мамлекеттин резиденти болуп саналган компания экинчи Макулдашуучу Мамлекеттен пайда же киреше алган учурда, бул экинчи Макулдашуучу Мамлекет, эгер мындай дивиденддер бул экинчи Макулдашуучу Мамлекеттин резидентине төлөнсө же эгерде ал дивиденддер төлөнүп жаткан активдер иш жүзүндө бул экинчи Макулдашуучу Мамлекетте жайгашкан туруктуу мекеме же туруктуу база менен байланышта болгон учурларды кошпогондо, компания төлөп берүүчү дивиденддерден кандайдыр бир салык албайт, ошондой эле компаниянын бөлүштүрүлбөгөн пайдасына, ал тургай эгер төлөнүүчү дивиденддер же бөлүштүрүлбөгөн пайда ошол экинчи Макулдашуучу Мамлекетте келип чыгуучу толук же жарым-жартылай пайдадан же кирешеден турса да, бөлүштүрүлбөгөн пайдага салык салынбайт.
6. Эгерде ушул берененин артыкчылыктарын пайдалануу үчүн акцияларды чыгарууга же берүүгө же аларга карата дивиденддер төлөнүүчү башка укуктарга байланыштуу ар кандай жактын башкы максаты же негизги максаттарынын бири жеңилдиктер болсо, ушул беренеге ылайык эч кандай жеңилдиктер берилбейт.
11-берене. Пайыздар
1. Макулдашуучу Мамлекетте пайда болгон жана экинчи Макулдашуучу Мамлекеттин резидентине таандык пайыздарга, ошол экинчи Макулдашуучу Мамлекетте салык салынышы мүмкүн.
2. Ошондой болсо да Макулдашуучу Мамлекетте пайда болгон пайыздарга ошол Мамлекеттин мыйзамдарына ылайык бул Макулдашуучу Мамлекетте салык салынышы да мүмкүн, бирок эгер пайыздын иш жүзүндөгү ээси экинчи Макулдашуучу Мамлекеттин резиденти болуп саналса, чегерилген салык пайыздардын жалпы суммасынын 5 пайызынан ашпашы керек.
3. 2-пункттун жоболоруна карабастан, бир Макулдашуучу Мамлекетте пайда болгон жана экинчи Макулдашуучу Мамлекеттин резидентине таандык болгон пайыздарга ошол экинчи Макулдашуучу Мамлекетте гана мындай пайыздар төлөнө турган деңгээлде салык салынууга тийиш, эгерде:
a) бул экинчи Макулдашуучу Мамлекетке, анын саясий же административдик бөлүмдөрүнө же жергиликтүү бийлик органдарына же анын Борбордук банкына же ошол Макулдашуучу Мамлекетке толугу менен таандык болгон башка уюмга, саясий бөлүмгө же жергиликтүү бийлик органына төлөнсө;
b) пайыздар пайда болгон Макулдашуучу Мамлекет анын саясий же административдик бөлүмдөрү же жергиликтүү бийлик органдары же Борбордук банкы тарабынан төлөнсө;
c) пайыздар ошол экинчи Макулдашуучу Мамлекет же анын саясий же административдик бөлүмү, жергиликтүү бийлик органы же экспорттук Департаменти тарабынан кепилденген же камсыздандырылган зайымдарга карата төлөнсө, же;
d) пайыздар ар кандай жабдууларды, товарларды же кызмат көрсөтүүлөрдү кредитке сатуунун натыйжасында пайда болгон карыздарга карата төлөнсө.
4. "Пайыздар" деген термин ушул берененин контекстинде колдонулган учурда карызкордун пайдаларына катышууга укугу болушуна жана ипотекалык камсыздоосуна карабай ар кандай түрдөгү карыз талаптарынан алынуучу кирешени, атап айтканда өкмөттүк баалуу кагаздардан түшүүчү кирешени жана облигациялардан же карыз милдеттенмелеринен түшүүчү кирешени түшүндүрөт. Бул термин 10-берененин жоболоруна ылайык дивиденддер катары каралган кандайдыр бир кирешени өзүнө камтыбайт.
5. Эгер пайыздардын иш жүзүндөгү ээси бир Макулдашуучу Мамлекеттин резиденти болуп туруп, экинчи Макулдашуучу Мамлекетте ишкердик жүргүзсө, анда жайгашкан туруктуу мекеме аркылуу пайыздар пайда болсо же ошол экинчи Макулдашуучу Мамлекетте жайгашкан ишкердиктин туруктуу жери аркылуу көз карандысыз жеке кызматтарды көрсөтсө жана мында пайыздар төлөнүүчү карыздык талап чынында эле ошондой туруктуу мекеме же туруктуу база менен байланышта болсо, ушул берененин 1 жана 2-пункттарынын жоболору колдонулбайт. Мындай учурда 7-берененин же 14-берененин жоболору колдонулат.
6. Эгерде төлөөчү менен пайыздардын иш жүзүндөгү ээсинин ортосундагы же экөөнүн жана кандайдыр бир үчүнчү жактын ортосундагы өзгөчө мамилелерге байланыштуу төлөнгөн пайыздардын суммасы жогоруда аталган мамилелер болбогон учурда төлөөчү менен пайыздардын иш жүзүндөгү ээсинин ортосунда макулдашылган суммадан кайсы бир себептен ашып кетсе, ушул берененин жоболору акыркы аталган суммага карата гана колдонулат. Мындай учурда ушул Макулдашуунун башка жоболорун эске алуу менен ар бир Макулдашуучу Мамлекеттин мыйзамдарына ылайык төлөмдүн ашыкча бөлүгүнө салык салынат.
7. Эгерде карыздык талаптарды чыгаруу же берүү менен иштеген, аларга карата пайыздар төлөнүүчү ар кандай жактын башкы максаты же негизги максаттарынын бири болуп ушундай чыгаруу же берүү аркылуу бул берененин артыкчылыктарын пайдаланууга умтулуу эсептелсе, ушул беренеге ылайык эч кандай жеңилдиктер берилбейт.
12-берене. Роялти
1. Бир Макулдашуучу Мамлекетте келип чыккан жана экинчи Макулдашуучу Мамлекеттин резидентине таандык болгон роялтиге ошол экинчи Макулдашуучу Мамлекетте салык салынышы мүмкүн.
2. Мында Макулдашуучу Мамлекетте келип чыккан роялтиге да ошол Макулдашуучу Мамлекеттин мыйзамдарына ылайык бул Макулдашуучу Мамлекетте салык салынышы мүмкүн, бирок эгерде роялтинин иш жүзүндөгү ээси экинчи Макулдашуучу Мамлекеттин резиденти болуп саналса, алынуучу салык роялтинин жалпы суммасынын 5 пайызынан ашпоого тийиш.
3. Ушул беренеде пайдаланылуучу "роялти" термини ар кандай адабият, искусство чыгармаларын же илимий эмгектерди программалык камсыздоону кошо алганда, кинематографиялык фильмдерди, ар кандай патенттерди, соода маркаларын, дизайн же моделди, планды, жашыруун формуланы же процессти пайдалангандыгы же пайдаланууга автордук укуктары үчүн, өнөр жайлык, коммерциялык же илимий тажрыйбага тиешелүү маалымат (ноу-хау) үчүн сыйлык катарында алынуучу ар кандай түрдөгү төлөмдөрдү билдирет.
4. Бир Макулдашуучу Мамлекеттин резиденти болуп туруп, роялтинин иш жүзүндөгү ээси экинчи Макулдашуучу Мамлекетте ишкердик жүргүзсө, роялти ошол жерде жайгашкан туруктуу мекеме аркылуу келип чыкса же болбосо ошол экинчи Макулдашуучу Мамлекетте туруктуу жайгашкан база аркылуу көз карандысыз жеке кызматтарды көрсөтсө, роялти төлөнгөн укук же мүлк иш жүзүндө мындай туруктуу мекеме же туруктуу база менен байланышса, ушул берененин 1 жана 2-пункттарынын жоболору колдонулбайт. Мындай учурда жагдайга жараша 7-берененин же 14-берененин жоболору колдонулат.
5. Эгерде төлөөчүнүн жапа иш жүзүндө роялтинин ээсинин ортосундагы же алардын экөөнүн же кайсы бир үчүнчү жак менен болгон өзгөчө мамилелеринен улам роялтинин суммасы мындай мамилелер жок учурда төлөөчү менен роялтинин иш жүзүндөгү ээсинин ортосунда макулдашылган суммадан ашса, бул берененин жоболору акыркы аталган суммага гана колдонулат. Мындай учурларда төлөмдүн ашыкча бөлүгүнө ушул Макулдашуунун башка жоболорун тийиштүү түрдө эске алуу менен ар бир Макулдашуучу Мамлекеттин мыйзамдарына ылайык салык салынууга тийиш.
6. Эгерде укуктарды чыгаруу же берүү менен иштеген, роялти төлөнүүчү бардык жактын башкы максаты же негизги максаттарынын бири болуп ушундай чыгаруу же берүү аркылуу ушул берененин артыкчылыктарын пайдаланууга умтулуу эсептелсе, анда ушул беренеге ылайык эч кандай жеңилдиктер берилбейт.
13-берене. Капиталдын өсүшүнөн алынган киреше
1. 6-беренеде аныкталган жана экинчи Макулдашуучу Мамлекетте жайгашкан кыймылсыз мүлктү ээликтен ажыратууда бир Макулдашуучу Мамлекеттин резиденти тарабынан алынуучу кирешелерге ушул экинчи Макулдашуучу Мамлекетте салык салынышы мүмкүн.
2. Фонддук биржада олуттуу жана туруктуу тооруктар жүргүзүлүп жаткан акциялардан башка, акцияларды ээликтен ажыратуудан бир Макулдашуучу Мамлекеттин резиденти алган кирешелер же экинчи Макулдашуучу Мамлекетте жайгашкан кыймылсыз мүлктөн түздөн-түз же кыйыр түрдө анын наркынын 50 пайызынан көбүн алуу менен салыштырылуучу пайыздары ушул экинчи Макулдашуучу Мамлекетте салык салынышы мүмкүн.
3. Макулдашуучу Мамлекеттин ишканасы экинчи Макулдашуучу Мамлекетте ээ болуп турган туруктуу мекеменин коммерциялык мүлкүнүн бөлүгүн түзгөн кыймылдуу мүлктү ээликтен ажыратуудан алынган кирешеге же туруктуу мекемени (өзүнчө же бүткүл ишкана менен бирге) же туруктуу базаны ээликтен ажыратуудан түшкөн кирешелерди кошкондо көз карандысыз жеке кызмат көрсөтүү максатында биринчи Макулдашуучу Мамлекеттин резидентинин карамагындагы туруктуу базага тийиштүү болгон кыймылдуу мүлктү ээликтен ажыратуудан түшкөн кирешелерге ошол экинчи Макулдашуучу Мамлекетте салык салынышы мүмкүн.
4. Эл аралык ташууларда бул Макулдашуучу Мамлекеттин ишканасы тарабынан пайдаланылуучу деңиз, аба кемелерин же жол транспорт каражаттарын ээликтен ажыратуудан же мындай деңиз, аба кемелерин же жол транспорт каражаттарын пайдалануу менен байланышкан кыймылдуу мүлктү ээликтен ажыратуудан Макулдашуучу Мамлекеттин резиденти алган кирешелерге ушул Макулдашуучу Мамлекетте гана салык салынат.
5. 1, 2, 3 жана 4-пункттарда эскертилгендерден башка ар кандай мүлктү ээликтен ажыратуудан түшкөн кирешелерге мүлктү ээликтен ажыраткан жак резиденти болуп эсептелген Макулдашуучу Мамлекетте гана салык салынат.
14-берене. Көз карандысыз жеке кызмат көрсөтүүлөр
1. Макулдашуучу Мамлекеттин резиденти болуп саналган жеке жак тарабынан кесипкөйлүк кызмат көрсөтүүдөн же көз карандысыз мүнөздөгү башка иштен алынган кирешеге ошол Макулдашуучу Мамлекетте гана салык салынат, эгерде анын экинчи Макулдашуучу Мамлекетте бул ишти жүзөгө ашыруу максатында үзгүлтүксүз жеткиликтүү туруктуу базасы болбосо гана. Эгерде анда мындай туруктуу база болсо, кирешеге ошол туруктуу базага таандык бөлүгүнө гана башка Макулдашуучу Мамлекетте салык салынышы мүмкүн.
2. "Кесипкөйлүк кызмат көрсөтүүлөр" деген термин, атап айтканда көз карандысыз илимий, адабий, көркөм, билим берүү же окутуучулук иштерди, ошондой эле врачтардын, юристтердин, инженерлердин, архитекторлордун, стоматологдордун жана бухгалтерлердин көз карандысыз иштерин камтыйт.
15-берене. Иштөөдөн алынган кирешелер
1. Эгерде жалданып иштөө экинчи Макулдашуучу Мамлекетте аткарылбаса, 16, 18 жана 19-беренелердин жоболоруна ылайык бир Макулдашуучу Мамлекеттин резидентинин жалданып иштөөгө байланыштуу алган айлыгына, маянасына жана башка ушул сыяктуу төлөмдөргө ушул Макулдашуучу Мамлекетте гана салык салынат. Эгерде жалданып иштөө ушундай жол менен жүзөгө ашырылса, ушундай иштин натыйжасында алынган акы төлөөгө ошол экинчи Макулдашуучу Мамлекетте салык салынышы мүмкүн.
2. 1-пункттун жоболоруна карабастан, бир Макулдашуучу Мамлекеттин резиденти экинчи Макулдашуучу Мамлекетте жүзөгө ашырган жалданып иштөөгө байланыштуу алган акысына биринчи аталган Макулдашуучу Мамлекетте гана салык салынат, эгерде:
а) алуучу каралып жаткан салык жылы башталган же бүткөн каалаган он эки айлык мезгилде жалпысынан 183 күндөн ашпаган мезгилде же мезгилдердин ичинде экинчи Макулдашуучу Мамлекетте болсо; жана
b) акы төлөө экинчи Макулдашуучу Мамлекеттин резиденти болуп эсептелбеген жалдоочу тарабынан же жалдоочунун атынан төлөнсө; жана
c) акы төлөө боюнча чыгымдар жалдоочу экинчи Макулдашуучу Мамлекетте ээ болгон туруктуу мекеме же туруктуу база тарабынан төлөнбөсө.
3. Ушул берененин мурдагы жоболоруна карабастан, эл аралык ташууларда пайдаланылган деңиз жана аба кемесинин бортунда же жол транспорт каражатында ишке ашырылган жалданып иштөө боюнча ишине карата бир Макулдашуучу Мамлекеттин резиденти тарабынан алынган акы төлөөгө ушул Макулдашуучу Мамлекетте гана салык салынат.
16-берене. Директорлорго акы төлөө
Экинчи Макулдашуучу Мамлекеттин резиденти болуп саналган, компаниянын директорлор кеңешинин мүчөсү катары биринчи Макулдашуучу Мамлекеттин резиденти тарабынан алынган директорлордун акыларына жана башка ушундай төлөмдөргө экинчи Макулдашуучу Мамлекетте салык салынышы мүмкүн.
17-берене. Артисттер жана спортчулар
1. 14 жана 15-беренелердин жоболоруна карабастан, бир Макулдашуучу Мамлекеттин резидентинин театрдын, кинонун, радионун же теле көрсөтүүнүн артисти катары искусство кызматкери же музыкант же спортчу катары экинчи Макулдашуучу Мамлекетте жүзөгө ашырган жеке ишинен алган кирешесине ошол экинчи Макулдашуучу Мамлекетте салык салынышы мүмкүн.
2. Искусство кызматкери же спортчу катары жүзөгө ашырылган жеке ишинен түшкөн кирешеси искусство кызматкеринин же спортчунун жеке өзүнө эсептелбей, башка жакка эсептелсе, 7, 14 жана 15-беренелердин жоболоруна карабастан, бул кирешеге искусство кызматкеринин же спортчунун иши жүзөгө ашырылып жаткан Макулдашуучу Мамлекетте салык салынышы мүмкүн.
18-берене. Пенсиялар
19-берененин 2-пунктунун жоболоруна ылайык Макулдашуучу Мамлекеттин резидентине төлөнүүчү пенсиялар жана башка ошол сыяктуу төлөмдөргө ошол Макулдашуучу Мамлекетте гана салык салынат.
19-берене. Мамлекеттик кызмат
1. а) Макулдашуучу Мамлекет же саясий же административдик бөлүм же анын жергиликтүү бийлик органы тарабынан ушул Макулдашуучу Мамлекетке же бөлүмдөргө же бийлик органдарына көрсөтүлгөн кызматтарга карата жеке адамга төлөнүүчү эмгек акысына, маяналарына жана башка ушул сыяктуу төлөмдөргө ошол Макулдашуучу Мамлекетте гана салык салынат.
b) бирок мындай эмгек акыга, маянага жана башка ушул сыяктуу төлөмдөргө, эгерде кызмат көрсөтүүлөр ошол экинчи Макулдашуучу Мамлекетте көрсөтүлсө жана жеке адам ошол Макулдашуучу Мамлекеттин резиденти болуп саналса, анда экинчи Макулдашуучу Мамлекетте гана салык салынат:
эгер
(i) ушул Макулдашуучу Мамлекеттин жараны болуп саналса; же
(ii) кызмат өтөө максатында гана ошол Макулдашуучу Мамлекеттин резиденти болбосо;
жана ошол эле учурда мындай эмгек акыга, маянага жана башка ошондой төлөмдөргө карата ошол Макулдашуучу Мамлекетте салык салынууга тийиш.
2. а) 1-пункттун жоболоруна карабастан, Макулдашуучу Мамлекет, саясий же административдик бөлүмү же анын жергиликтүү бийлик органы тарабынан же ошол Макулдашуучу Мамлекетке же бөлүмүнө же бийлик органына көрсөтүлгөн кызматтарга карата түзүлгөн фонддордон жеке жакка төлөнгөн пенсияларга жана башка ушул сыяктуу сыйакыларга ушул Макулдашуучу Мамлекетте гана салык салынууга тийиш;
b) бирок мындай пенсияга жана башка ушул сыяктуу акы төлөмдөргө, эгерде жеке адам ошол Макулдашуучу Мамлекеттин резиденти же жараны болуп саналса, экинчи Макулдашуучу Мамлекетте гана салык салынат.
3. 15, 16, 17 жана 18-беренелердин жоболору Макулдашуучу Мамлекет же анын саясий же административдик бөлүмдөрү же жергиликтүү бийлик органы тарабынан ишкердикке байланыштуу көрсөтүлгөн кызматтарга карата эмгек акыга, маянага, пенсияларга жана башка ушундай төлөмдөргө колдонулат.
20-берене. Студенттер
Макулдашуучу Мамлекетке келгенге чейин түздөн-түз экинчи Макулдашуучу Мамлекеттин резиденти болуп эсептелген жана биринчи аталган Макулдашуучу Мамлекетте окуу же стажировкадан өтүү максатында гана жүргөн студент же стажер өзүн багуу, окуу жана стажировкадан өтүү максаттары үчүм алган төлөмдөргө, мындай төлөмдөр ушул Макулдашуучу Мамлекеттин чегинен тышкары жайгашкан булактардан келип чыккан шартта аларга бул Макулдашуучу Мамлекетте салык салынбайт.
21-берене. Башка кирешелер
1. Ушул Макулдашуунун мурдагы беренелеринде аталбаган Макулдашуучу Мамлекеттин резидентинин кирешесине келип чыгуу булактарына карабастан, ошол Макулдашуучу Мамлекетте гана салык салынууга тийиш.
2. 1-пункттун жоболоруна карабастан, бир Макулдашуучу Мамлекеттин резидентине төлөмдөр мүлктү башкарган каза болгон адамдын камкорчулары же жеке өкүлдөрү алган кирешеден төлөнсө жана мындай камкорчулары же жеке өкүлдөрү экинчи Макулдашуучу Мамлекеттин резиденттери болуп саналышса, аталган сумма ошол эле булактардан жана ошондой эле пропорцияда келип чыккан, ишенимдүү жактардын өкүлдөрү же жеке өкүлдөрү алган киреше катары каралышы керек, алардан аталган сумма төлөнөт.
Бенефициарга төлөнгөн кирешеге карата камкорчулары же жеке өкүлдөрү төлөгөн ар кандай салык, ошол бенефициар төлөгөн салык катары каралышы керек.
3. Ушул берененин 1-пунктунун жоболору 6-берененин 2-пунктунда аныкталган кыймылсыз мүлктөн түшүүчү кирешелерден тышкары кирешелерге карата, эгерде мындай кирешелерди иш жүзүндө алуучу бир Макулдашуучу Мамлекеттин резиденти болуп туруп, анда жайгашкан туруктуу мекемеси аркылуу экинчи Макулдашуучу Мамлекетте ишкердик жүргүзсө же ошол экинчи Макулдашуучу Мамлекетке анда турган туруктуу базасы аркылуу көз карандысыз жеке кызматтарды көрсөтсө, алынган кирешеге байланыштуу укукка же мүлккө ээ болсо, чындыгында эле мындай туруктуу мекеме же база менен байланышта болсо, аларга карата колдонулбайт. Мындай учурда кырдаалга жараша 7-берененин же 14-берененин жоболору колдонулат.
4. Эгерде 1-пунктта айтылган резидент менен башка бир жактын же ал экөө менен үчүнчү тараптын ортосундагы өзгөчө мамилелерге байланыштуу ошол пунктта көрсөтүлгөн кирешенин суммасы (эгер мындай сумма болсо) мындай мамилелер жок кезде алардын ортосунда макулдашылган суммадан ашса, анда ушул берененин жоболору акыркы аталган суммага карата гана колдонулат. Мындай учурда ушул Макулдашуунун башка жоболорун эске алуу менен ар бир Макулдашуучу Мамлекеттин мыйзамдарына ылайык төлөмдүн ашыкча бөлүгүнө салык салынат.
5. Ушул беренеге ылайык эч кандай жеңилдиктер берилбейт, эгерде бул, ушул берененин артыкчылыктарын пайдалануу үчүн акцияларды же аларга карата дивиденддер төлөнүүчү башка укуктарды чыгарууга же берүүгө байланыштуу ар кандай жактын башкы максаты же негизги максаттарынын бири болсо.
22-берене. Кош салык салууну жоюу методдору
1. Кыргызстанда кош салык салуу төмөнкүдөй түрдө жоюлат:
a) эгерде Кыргызстандын резиденти ушул Макулдашуунун жоболоруна ылайык Улуу Британияда салык салынган киреше алса, анда Кыргызстан ошол резиденттин пайдасына салыктан Бириккен Королдукта төлөнгөн пайда салыгына барабар болгон сумманы эсептен чыгарат.
Жогоруда аталган жобого ылайык кармалган салыктын суммасы Кыргызстанда колдонулуучу ставка боюнча мындай кирешеге эсептелген салыктан ашпоого тийиш;
b) эгерде Кыргызстандын резиденти киреше алып, ага ушул Макулдашуунун жоболоруна ылайык Бириккен Королдукта гана салык салынса, анда Кыргызстан бул кирешени Кыргызстанда салык салынуучу ушундай кирешеге салыктын ставкасын аныктоо максатында гана салыктык базага киргизиши мүмкүн.
2. Бириккен Королдукта анын аймагынан тышкары төлөнүүгө тийиш болгон салыктарга карата зачетко уруксат берүү жөнүндө Бириккен Королдуктун мыйзамдарынын жоболорун эске алуу менен, же Бириккен Королдуктун аймагынан тышкары болуучу дивиденддерди салыктан бошотуучу шарттарга же Бириккен Королдуктун аймагынан тышкары жайгашкан туруктуу мекеменин пайдасына жараша (бул ушул Макулдашуунун жалпы принцибине таасир этпөөгө тийиш) төмөнкүдөй болот:
a) Кыргызстандын аймагындагы булактардан алынган, Кыргызстандын мыйзамдарына жапа ушул Макулдашууга ылайык салык алынуучу пайдага, кирешеге салынып, түздөн-түз же эсептен чыгаруу аркылуу төлөнүүгө тийиш болгон Кыргызстандын салыктары (дивиденд төлөнө турган пайдага карата төлөнүүчү дивидендге салыктардан башкасы) Кыргызстанда салык төлөнө турган мындай кирешеге, пайдага же салык салынуучу пайдага карата эсептелген Бириккен Королдуктун ар кандай салыгы үчүн чегерилүүгө тийиш;
b) Кыргызстандын резиденти болуп саналган компаниялар Бириккен Королдуктун резиденти болуп саналган компанияларга төлөөчү дивиденддер Бириккен Королдуктун мыйзамдарына ылайык салыктан бошотууга мүмкүн болсо жана бошотуунун шарттары аткарылса, Бириккен Королдуктун ар кандай салыктарынан бошотулушу керек;
c) Бириккен Королдуктун резиденти болгон компаниянын Кыргызстандагы туруктуу мекемесинин пайдасы Бириккен Королдуктун мыйзамдарына ылайык салыктан бошотууга мүмкүн болсо жана бошотуунун шарттары аткарылса, Бириккен Королдуктун салыгынан бошотулушу керек;
d) "b)" пунктчасына ылайык салыктан бошотулбаган, Кыргызстандын резиденти болгон компания Бириккен Королдуктун резиденти болгон жана дивиденд төлөөчү компаниядагы акциялардын кеминде 10 пайызын түз же кыйыр контролдогон, добуш укугу бар компанияга төлөөчү дивиденддер боюнча алганда - жогоруда "а") пунктчада айтылган кредитте компания өзүнүн ошол дивиденддерди төлөөчү кирешеси үчүн компания төлөп берүүчү Кыргызстандын салыгын да эске алууга тийиш.
3. Макулдашуучу Мамлекеттин резидентинин ушул Макулдашууга ылайык экинчи Макулдашуучу Мамлекетте салык салынышы мүмкүн болгон кирешеси, пайдасы жана капиталдын өсүшүнөн алынган кирешеси 1 жана 2-пункттардын максаттары үчүн ошол экинчи Макулдашкан Мамлекеттеги булактардан алынган деп эсептелет.
23-берене. Басмырлоого жол бербөө
1. Бир Макулдашуучу Мамлекеттин жарандары экинчи Макулдашуучу Мамлекетте ошол Мамлекеттин жарандары, атап айтканда жашаган жерине карата, ошондой эле шарттарда дуушар болуучу же дуушар болушу мүмкүн болгон салык салууга же кандайдыр бир талаптарга караганда кыйла оор кандайдыр бир салык салууга же ага байланышкан талаптарга дуушар болбошу керек.
2. Бир Макулдашуучу Мамлекеттин ишканасынын экинчи Макулдашуучу Мамлекеттеги туруктуу мекемесине салык салуу, ошол экинчи Макулдашуучу Мамлекеттин биринчи макулдашуучу Мамлекетте ушундай иш-аракеттерди жүргүзгөн ишканаларына салынуучу салыктарга караганда катуурак абалда болууга тийиш эмес.
3. 9-берененин 1-пунктунун, 1 1-берененин 6 же 7-пункттарынын, 12-берененин 5 же 6-пункттарынын же 21-берененин 4 же 5-пункттарынын жоболору колдонулгандан башка учурларда, биринчи Макулдашуучу Мамлекеттин ишканасы тарабынан экинчи Макулдашуучу Мамлекеттин резидентине төлөнүүчү пайыздар, роялтилер жана башка төлөмдөр мындай ишкананын салык салынуучу пайдасын аныктоо максатында биринчи Макулдашуучу Мамлекеттин резидентине төлөнө тургандай эле шартта эсептен чыгарылууга тийиш.
4. Макулдашуучу Мамлекеттин биринин капиталы экинчи Макулдашуучу Мамлекеттин бир же бир нече резидентине толук же жарым-жартылай таандык болгон же алар тарабынан түз же кыйыр түрдө контролдонуучу ишканалары ошол экинчи Макулдашуучу Мамлекетте өзүнүн Мамлекетиндеги башка ушундай ишканаларга карата салык салууга жана алар менен байланышкан жагдайларга салыштырганда кыйла оор жагдайларга дуушар болбоого тийиш.
5. Ушул берененин бир дагы жобосу ар кандай Макулдашуучу Мамлекет аталган Мамлекеттин резиденти же жараны болуп саналбаган жеке жакка салык салуу маселесинде ошол Макулдашуучу Мамлекеттин жараны же резиденти болгон жеке жактарга берилүүчү кандайдыр бир жекече жеңилдиктерди, арзандатууларды жана эсептен чыгарууларды камсыз кылууга милдеттендирүү катары чечмеленбеши керек.
24-берене. Өз ара макулдашуу жол-жоболору
1. Эгерде Макулдашуучу Мамлекеттин резиденти болуп саналган жак Макулдашуучу Мамлекеттердин бирөөнүн же экөөнүн тең аракеттери аны ушул Макулдашуунун жоболоруна ылайык эмес салык салууга алып келди же алып келет деп эсептесе, ал ушул Мамлекеттердин ички мыйзамдарында каралган коргоо каражаттарына карабастан өзүнүн ишин ал резиденти болуп саналган Макулдашуучу Мамлекеттин компетенттүү органына кароого берет же эгерде аным иши 22-берененин 1-пунктуна ылайык келсе, өзү жараны болгон Макулдашуучу Мамлекеттин компетенттүү органына берет. Арыз ушул Макулдашуунун жоболоруна туура келбеген салык салууга дуушарланткан аракеттер жөнүндө биринчи жолу билдирилген учурдан тартып үч жылдын ичинде берилүүгө тийиш.
2. Компетенттүү орган доону негиздүү деп эсептесе жана канааттандыруучу чечимге өз алдынча келе албаса, ушул Макулдашууга каршы келген салык салууну болтурбоо максатында маселени экинчи Макулдашуучу Мамлекеттин компетенттүү органы менен макулдашып чечүүгө аракеттенет. Жетишилген ар кандай макулдашуу Макулдашуучу Мамлекеттердин ички мыйзамдарындагы кандайдыр бир убакыттык чектөөлөргө карабастан аткарылышы керек.
3. Макулдашуучу Мамлекеттердин компетенттүү органдары ушул Макулдашууну чечмелөөдө же колдонууда келип чыгуучу ар кандай кыйынчылыктарды же шектенүүлөрдү өз ара макулдашуу боюнча чечүүгө аракеттенишет. Алар ошондой эле ушул Макулдашууда каралбаган учурларда кош салык салууну жоюу максатында биргелешкен консультацияларды өткөрө алышат.
4. Макулдашуучу Мамлекеттердин компетенттүү органдары мурдагы пункттардагы маселелер боюнча макулдашууга жетишүү максатында бири-бири менен түз байланыша алышат.
25-берене. Маалымат алмашуу
1. Макулдашуучу Мамлекеттердин компетенттүү органдары алардын улуттук мыйзамдары боюнча салык салуу бул Макулдашууга каршы келбеген учурларда ушул Макулдашуунун жоболорун аткаруу үчүн же Макулдашуучу Мамлекеттердин, алардын саясий, административдик органдарынын атынан же жергиликтүү бийлик органдарынын атынан салынуучу ар кандай салыктардын түрлөрүнө тиешелүү ички мыйзамдарды администрлөө же аткаруу үчүн пайдалуу болуучу маалыматтарды алмашып турушат. Маалымат алмашуу 1 жана 2-беренелерде чектелбейт.
2. Макулдашуучу Мамлекет 1-пунктка ылайык алган ар кандай маалымат ушул Макулдашуучу Мамлекеттин улуттук мыйзамына ылайык алынган маалымат сыяктуу эле жашырын маалымат болуп саналат жана 1-пунктта айтылган салыктарды аныктоо, алуу, мажбурлап өндүрүп алуу, соттук териштирүү же апелляцияларды кароо боюнча иштеген же ушул айтылгандардын баарын көзөмөлдөөчү органдарга (анын ичинде сотторго жана административдик органдарга) гана маалымдалат. Алар мындай маалыматты ушул максаттар үчүн гана ачыкка чыгара алышат. Алар бул маалыматты сотто ачык териштирүүнүн жүрүшүндө же соттун чечиминде ачыкка чыгарышы мүмкүн. Жогоруда айтылгандарга карабастан, Макулдашуучу Мамлекет алган маалыматтар Макулдашуучу Мамлекеттердин экөөнүн тең мыйзамдарына ылайык башка максаттарда пайдаланыла турган болсо, анда башка максаттар үчүн да пайдаланылышы мүмкүн жана бул маалыматтарды берген Макулдашуучу Мамлекеттин компетенттүү органдары маалыматты ушундай пайдаланууга укук берет.
3. 1 жана 2-пункттардын жоболору Макулдашуучу Мамлекеттерди төмөнкүлөргө милдеттендирүүчү катары чечмеленбейт:
a) тигил же бул Макулдашуучу Мамлекеттин мыйзамдарына жана административдик практикасына каршы келген административдик чараларды көрүүгө;
b) тигил же бул Макулдашуучу Мамлекеттин мыйзамдары боюнча же демейдеги административдик практиканын жүрүшүндө алууга мүмкүн болбогон маалыматты берүүгө;
c) кандайдыр бир соода, ишкердик, өнөр жайлык, коммерциялык же кесиптик жашыруун сырды же соода процессин ачыкка чыгаруучу же ачыкка чыгарылышы мамлекеттик саясатка каршы келе турган маалыматты берүүгө.
4. Эгер маалымат Макулдашуучу Мамлекет тарабынан ушул беренеге ылайык суралып жатса, экинчи Макулдашуучу Мамлекет салык салуудагы өзүнүн максаттары үчүн мындай маалыматка муктаж болбосо дагы, берки Макулдашуучу Мамлекет сурап жаткан маалыматты чогултуу боюнча чара көрүүгө тийиш. Мурунку сүйлөмдө айтылган милдеттенме 3-пункттагы чектөөлөрдү эске алуу менен колдонулат, бирок мындай чектөөлөр Макулдашуучу Мамлекетке өлкөнүн ичинде андай маалыматтын кызыкчылыгы жок болгондугу үчүн маалымат берүүдөн баш тартып коюуга мүмкүндүк берет деп чечмеленбеши керек.
5. 3-пункттун жоболору Макулдашуучу Мамлекетке суралып жаткан маалымат банкта, башка финансылык институтта, ыйгарым укуктуу жакта же агент катары аракеттенген адамда же ишеним берилген жакта болгондуктан, же жеке жактын мүлктүк кызыкчылыгына таандык болгондуктан гана маалыматты берүүдөн баш тартууга негиз болот деп чечмеленбеши керек.
26-берене. Дипломатиялык жана консулдук кызматтардын кызматкерлери
Ушул Макулдашуунун жоболору эл аралык укуктун жалпы ченемдерине же атайын макулдашуулардын жоболоруна ылайык дипломатиялык өкүлчүлүктөрдүн же консулдук мекемелердин кызматкерлеринин салыктык артыкчылыктарына таасирин тийгизбейт.
27-берене. Күчүнө кириши
1. Макулдашуучу Мамлекеттер ушул Макулдашуунун күчүнө кириши үчүн алардын тийиштүү мыйзамдары боюнча зарыл болгон мамлекеттик ички жол-жоболордун аткарылгандыгы жөнүндө дипломатиялык каналдар аркылуу бири-бирине кабарлоого тийиш.
2. Ушул Макулдашуу ушул берененин 1-пунктунда аталган акыркы билдирүү алынган күндөн тартып күчүнө кирет жана анын жоболору төмөнкүлөргө карата колдонулат:
а) Кыргыз Республикасында:
i) төлөм булагынан кармалуучу салыктарга карата, ушул Макулдашуу күчүнө кирген жылдан кийинки жылдын биринчи январына же ошондон кийин төлөнгөн же эсептелген суммаларга карата;
ii) ушул Макулдашуу күчүнө кирген жылдын биринчи январынан баштап же андан кийип башталуучу салыктык жылдардагы башка салыктарга карата;
б) Бириккен Королдукта:
i) төлөм булагынан кармалуучу салыктарга карата, ушул Макулдашуу күчүнө кирген жылдан кийинки жылдын биринчи январына же ошондон кийин төлөнгөн же эсептелген суммаларга карата;
ii) киреше салыгына жана капиталдын өсүшүнө карата салыктарга, ар кандай баалоо жылы үчүн ушул Макулдашуу күчүнө кирген күндөн кийин же апрелдин алтынчы күнүнөн тартып;
iii) пайда салыгына карата, ар кандай финансылык жыл үчүн ушул Макулдашуу күчүнө кирген күндөн кийин же апрелдин биринчи күнүнөн тартып.
3. Макулдашуучу Мамлекеттер өз ара макулдашуу боюнча ушул Макулдашууга өзүнчө протокол менен таризделүүчү оңдоолорду киргизе алышат, алар ушул берененин 1 жана 2-пункттарында аталган жол-жоболорго ылайык күчүнө кирет.
4. 2-пункттун жоболоруна карабастан, 24-берененин (Өз ара макулдашуу жол-жобосу) жана 25-берененин (Маалымат алмашуу) жоболору Макулдашуучу Мамлекеттердин улуттук мыйзамдарын эсепке алуу менен иш тиешелүү болгон салык мезгилин эсепке албастан ушул Макулдашуу күчүнө кирген күндөн тартып юридикалык күчкө ээ болушат.
28-берене. Колдонулушун токтотуу
Ушул Макулдашуу Макулдашуучу Мамлекет анын колдонулушун токтоткон учурга чейин күчүндө кала берет. Макулдашуучу Мамлекеттердин ар бири ушул Макулдашуу күчүнө кирген жылдан баштап беш жыл өткөндөн кийинки календардык жыл аяктаганга чейин кеминде алты ай мурда Макулдашуунун күчүн токтотуу жөнүндө дипломатиялык каналдар боюнча жазуу жүзүндө кабарлап, Макулдашууну колдонууну токтотушу мүмкүн. Мындай учурда Макулдашуу төмөнкүлөргө карата күчүн токтотот:
а) Кыргыз Республикасында:
i) билдирүү берилген жылдап кийинки календардык жылдын биринчи январына карата же айдан кийин төлөнгөн же эсептелген суммада төлөө булагынан алынуучу салыктарга;
ii) билдирүү берилген жылдап кийинки календардык жылдын биринчи январынан тартып же андан кийин башталган ар кандай салык жылында эсептелген башка салыктарга карата;
б) Бириккен Королдукта:
i) билдирүү берилген жылдан кийинки календардык жылдын биринчи январына карата же андан кийин төлөнгөн же эсептелген суммада төлөө булагынан алынуучу салыктарга;
ii) билдирүү берилген жылдан кийинки жылдын апрель айынын алтынчы күнүнөн тартып же андан кийин ар кандай баалоо жылы үчүн ишкананын пайда салыгына карата;
iii) билдирүү берилген жылдан кийинки жылдын апрель айынын биринчи күнүнөн тартып же андан кийин ар кандай финансылык жыл үчүн пайда салыгына жана капиталдын өсүшүнө карата салыктарга.
Муну ырастоо үчүн Макулдашуучу Мамлекеттердин ыйгарым укуктуулары ушул Макулдашууга кол коюшту.
________________ шаарында 201___-жылдын "___" ____________ кыргыз, англис жана орус тилдериндеги эки нускада түзүлдү жана бардык тексттер бирдей күчкө ээ.
Ушул Макулдашуунун жоболорун чечмелөөдө кайчы пикирлер пайда болсо, англис тилиндеги текст артыкчылыкка ээ болот.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү үчүн |
| Улуу Британия жана Түндүк Ирландия Бириккен Королдугунун Өкмөтү үчүн |