Загрузка документа…
КР Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 28-июнундагы № 383-т тескемесине ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2019-жылдын 15-марты № 55-б
БУУнун адам укуктары боюнча келишимдик органдары берген сунуштамаларды аткаруу боюнча адам укуктарын жана эркиндиктерин коргоо чөйрөсүндөгү эл аралык милдеттенмелерди Кыргыз Республикасынын өз убагында аткаруусу максатында, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык:
1. Адам укуктары боюнча 2019-2021-жылдарга иш-аракеттер планы (мындан ары - План) тиркемеге ылайык бекитилсин.
2. Кыргыз Республикасынын аткаруу бийлигинин мамлекеттик органдары, Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасы (макулдашуу боюнча), Кыргыз Республикасынын Жогорку соту (макулдашуу боюнча), Кыргыз Республикасынын Судьяларын тандоо боюнча кеңеши (макулдашуу боюнча), Кыргыз Республикасынын Судьялар кеңеши (макулдашуу боюнча), Кыргыз Республикасынын Жогорку сотуна караштуу Сот адилеттигинин жогорку мектеби (макулдашуу боюнча), Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы (макулдашуу боюнча), Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссия (макулдашуу боюнча), Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитети (макулдашуу боюнча), Кыргыз Республикасынын Акыйкатчысынын (Омбудсменинин) аппараты (макулдашуу боюнча), Кыйноолорду жана башка катаал, адамкерчиликсиз же кадыр-баркты басмырлаган мамиленин жана жазанын түрлөрүнүн алдын алуу боюнча Кыргыз Республикасынын Улуттук борбору (макулдашуу боюнча), Кыргызстан калкы ассамблеясы (макулдашуу боюнча), Кыргыз Республикасынын Адвокатурасы (макулдашуу боюнча), Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнүн аппараттары, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары (макулдашуу боюнча) жана Кыргыз Республикасынын Коомдук телерадиоберүү корпорациясы (макулдашуу боюнча):
- Планды белгиленген мөөнөттөрдө милдеттүү түрдө аткарууну камсыздашсын;
- квартал сайын, отчеттук мезгилден кийинки айдын 10унан кечиктирбестен Планды ишке ашыруунун жүрүшү жөнүндө маалыматты Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Адам укугу боюнча координациялык кеңештин катчылыгына беришсин.
3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын укуктук экспертиза бөлүмүнүн Адам укугу боюнча координациялык кеңештин ишин камсыздоо боюнча сектору Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Адам укугу боюнча координациялык кеңештин жыйынтыктоочу жыйындарында Планды ишке ашыруунун жүрүшү жөнүндө жыйынды маалыматты берсин.
4. Пландын өз убагында жана сапаттуу аткарылышы үчүн Кыргыз Республикасынын аткаруу бийлигинин мамлекеттик органдарынын жетекчилеринин, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнүн, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын башчыларынын жеке жоопкерчилиги белгиленсин.
5. Ушул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын укуктук экспертиза бөлүмүнө жүктөлсүн.
Премьер-министр |
| М.Д.Абылгазиев |
|
| Тиркеме |
Адам укуктары боюнча 2019-2021-жылдарга ИШ-АРАКЕТТЕР ПЛАНЫ
№ | БУУнун келишимдик органдарынын сунуштамалары | Милдеттер | Аткаруучулар | Аткаруу мөөнөтү | Индикаторлор | Каржылоо булагы |
| |
Күтүлүүчү натыйжа | Ишке ашыруунун формасы |
| ||||||
1-бөлүм. Коррупция менен күрөшүү |
| |||||||
1.1 | БУК комитети катышуучу мамлекетке бала асырап алуудагы бардык коррупциялык учурларды иликтөөнү жана мындай коррупцияга күнөөлүү адамдардын баарын жоопкерчиликке тартууну жана тиешелүү түрдө жазалоону камсыздоону сунуштайт | Бала асырап алуу жөнүндө мыйзамдардын аткарылышын камсыздоо, ошондой эле алардын аткарылышын көзөмөлдөөнү күчөтүү жана бала асырап алуу боюнча ыйгарым укуктуу органдардын иш-аракеттерине даттанылган бардык учурларды изилдөө | ЭККМК, БП (макулдашуу боюнча), ЭСӨМ, ЖӨБО (макулдашуу боюнча) | Дайыма | Бала асырап алуудагы коррупциялык схемаларды четтетүү Бала асырап алуу жол-жобосунун ачык-айкындуулугуна жетүү | Коррупция менен күрөшүү боюнча ыйгарым укуктуу укук коргоо органдарынын ишин күчөтүү Прокурордук көзөмөлдү күчөтүү Акыйкатчы тараптан баланын укугун коргоо боюнча көзөмөлдү күчөтүү | Каралган бюджеттин чегинде |
|
Бала асырап алууну эсепке алуу боюнча бирдиктүү реестрди киргизүү Бала асырап алуу жөнүндө (анын ичинен эл аралык) маселелерди кароодо мамлекеттик органдардын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдардын кызмат адамдары жетекчиликке алуучу бардык ченемдик базага балдардын кызыкчылыгына каршы келүү, коррупцияны түзүү предметине карата талдоо жана мониторинг жүргүзүү боюнча жумушчу топту түзүү | ЭСӨМ, ССМ, МКК | 2019-жыл | Тиешелүү маалыматтардын жашырындуулугун сактоо менен, баланы (кызды) асыроону каттоо боюнча Бирдиктүү реестрди ишке киргизүү | Бала асырап алууну эсепке алуу боюнча борборлоштурулган бирдиктүү ишке киргизүү ЧУАларга талдоо жана мониторинг жүргүзүүнүн жыйынтыгы боюнча мыйзамдарга тиешелүү өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү |
| |||
1.2 | БУК комитети мектепке барган балдардын ата-энелеринен акча талап кылуу практикасын токтотууну сунуштайт | Билим берүү мекемелеринде алардын кызматкерлери тарабынын акча каражаттарын чогултуунун мыйзамсыздыгы жөнүндө маалыматтык компания жүргүзүү | БИМ, ЭККМК, БП (макулдашуу боюнча) | 2019-2021-жылдар | Ата-энелерден акча каражаттарын чогултуу практикасын жокко чыгаруу | Мекеме аралык жумушчу топ түзүү | Каралган бюджеттин чегинде |
|
Ата-энелерден акча каражаттарын мыйзамсыз чогултууну талап кылуу жөнүндө даттануулардын санын кыскартуу | Ишеним телефондорун түзүү жана мыйзам бузгандарды жоопкерчиликке тартуу ЖМКда чагылдыруу | Каралган бюджеттин жана донорлордон тартылган каражаттардын чегинде |
| |||||
Билим берүү уюмдарында акча каражаттарын чогулткан адамдарга карата административдик (жазыктык) тартипте чараларды көрүү |
| Дайыма |
| |||||
1.3 | ЭСМУК катышуучу мамлекетке коррупция менен күрөшүү боюнча күч-аракетти күчөтүүнү активдештирүүнү жана артыкчылыктуу тартипте коррупциянын түпкү себептерин жок кылууну жана коррупция экономикалык, социалдык жана маданий укуктарды толук түрдө ишке ашыруу үчүн тоскоолдук түзгөн тармактарга өзгөчө көңүл буруу менен коррупцияга жана ага байланышкан мыйзамсыз көрүнүштөргө натыйжалуу бөгөт коюу боюнча зарыл болгон мыйзамдык жана саясий чараларды көрүүнү сунуштайт | Ченемдик укуктук базаны талдоо, коррупциялык кылмыштарды жасоого мүмкүндүк берген кемчиликтерди аныктоо, аларды четтетүү боюнча сунуштарды киргизүү 2019-2021-жылдарга коррупция менен күрөшүү боюнча иш-чаралар планын иштеп чыгуу | БП (макулдашуу боюнча), УКМК, ЭККМК, ЖС (макулдашуу боюнча) | 2019-2021-жылдар | Коррупциялык тобокелдиктерди азайтуу, коррупцияга жол ачуучу шарттарды жокко кылуу | Коррупция менен күрөшүү боюнча иш-чаралардын планын иштеп чыгуу боюнча ведомстволор аралык жумушчу топту түзүү. Тиешелүү мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү | Каралган бюджеттин чегинде |
|
1.4 | КАК Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө жарандык кызматчылар үчүн адам укуктары боюнча даярдоо программасын туруктуу негизде ишке ашырууну, анын ичинде алардын коррупциянын тобокелдиктери жөнүндө маалымдуулугун жогорулатууну сунуштайт | Адам укуктары боюнча семинарларды, адам укуктары жөнүндө, коррупциянын тобокелдиктери жөнүндө маалымдоо максатында маалыматтык иш-чараларды үзгүлтүксүз өткөрүүнү уюштуруу | Министрликтер жана ведомстволор, Акыйкатчы (Омбудсмен) (макулдашуу боюнча) | Дайыма | Адам укуктары, коррупциянын тобокелдиктери жөнүндө маалымдуулук жогорулады | Окутуучу иш-чараларды өткөрүү | Каралган бюджеттин жана донорлордон тартылган каражаттардын чегинде |
|
1.5 | Коррупция жана мыйзамсыздык менен күрөшүү боюнча чечкиндүү чараларды көрүү | Сот системасында коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча программанын долбоорун иштеп чыгуу | ЖС (макулдашуу боюнча), КР Соттор кеңеши (макулдашуу боюнча), ЖС караштуу Сот департаменти (макулдашуу боюнча), ЖС караштуу САЖМ (макулдашуу боюнча), БП (макулдашуу боюнча) | 2019-2021-жылдар | Кыргыз Республикасынын сот системасындагы коррупцияны жок кылуу. Сот адилеттигин ишке ашыруу боюнча соттордун талаптагыдай иштеши үчүн зарыл болгон шарттарды түзүү жана жакшыртуу | Сот системасындагы коррупциянын себептерин иликтөө жана аныктоо. 2011-2021-ж. коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча программаны бекитүү | Каралган бюджеттин жана донорлордон тартылган каражаттардын чегинде |
|
2. Кыйноолорго каршы күрөшүү |
| |||||||
2.1 | КАК адамдын кадыр-баркын урматтоонун негизинде камакта кармоонун минималдуу шарттарын камсыздоону жана эл аралык стандарттарга ылайык бардык камераларда табигый жарыктандыруунун жана желдетүүнүн болушун, дааратканага жана чайынмаларга баруу мүмкүндүгүнүн болушун жана жашы жете электердин чоң адамдардан өзүнчө кармалышын камсыздоону сунуштайт. КАК өкмөттү эл аралык стандарттарга ылайык камакта кармоонун шарттарын жакшыртууга жана адамдын кадыр-баркын урматтоону эске алуу менен жер төлөдө жайгашкан имараттарды тезирек жабууга чакырат | Камакта кармоонун эл аралык стандарттарына ылайык эркиндигинен ажыратуу жана чектөө имараттарын жана жайларын кайра профилдөө, жашы жете электерди кармоо үчүн өзүнчө камераларды уюштуруу* | ЖАМК, ИИМ, УКМК, КК ГШ | 2020-2021-жылдар | Камакка алуу жерлериндеги кармоо шарттарын минималдуу эл аралык стандарттарга ылайык келтирүү | Бюджеттен каражат бөлүү мүмкүндүгүн кароо, ошондой эле кошумча каржылоо булактарын (донордук уюмдар) издөө. Камакта кармоо шарттарынын жана кызматкерлердин иштөө шарттарынын минималдык талаптарына (санитардык, сейсмологиялык, медициналык, архитектуралык, өрткө каршы ж.б., тамактануу, таза сууга мүмкүндүк, жарыктандыруу, желдетүү, жылытуу) ылайык келишине карата бардык УКИде, тергөө изоляторунда комплекстүү текшерүү (ревизия) жүргүзүү. Текшерүүнүн жыйынтыгы боюнча мекемени жабуу же аны оңдоо маселесин чечүү. 3) УКИ/тергөө изоляторунда кармалган адамдардын медициналык жардамды кечиктирбестен алуусу боюнча маселени чечүү, ошондой эле медицина кызматкери тарабынан УКИге/тергөө изоляторуна ар бир киргизүүдө, ошондой эле УКИден/тергөө изоляторунан ар бир чыгарууда медициналык күбөлөндүрүүнү камсыздоо | Каралган бюджеттин жана донорлордон тартылган каражаттардын чегинде |
|
2.2 | КАК Кыргыз Республикасынын Өкмөтүн түрмөдөгү кыйла аялууларды куугунтуктан коргоо жана кыянаттык кылууларды алдын алуу жана алардын жашоо шарттарын адам укуктары жаатындагы эл аралык ченемдерге ылайык жакшыртуу үчүн бардык зарыл болгон чараларды көрүүгө чакырат | Түрмөдөгү аялууларды зомбулук көрсөтүүгө жана куугунтуктоого жол бербөө боюнча түрмөдөгүлөр менен системалуу профилактикалык жана тарбиялык иштерди жүргүзүү | ЖАМК | Дайыма | Түрмөдөгү кыйла аялууларга кыянаттык кылуулардын жана укуктарын бузуулардын санын азайтуу | Лекцияларды, жеке жана топтук аңгемелешүүлөрдү өткөрүү | Каралган бюджеттин чегинде |
|
2.3 | Инфраструктураны жакшыртуу, кадрдык базаны чыңдоо жана кадрларды даярдоону активдештирүү керек. Бул контекстте КАК эркиндигинен ажыратылган адамдар менен иштеген бардык медик-адистер дене жаракаттарын сыпаттоо жана баалоо методдору боюнча, ошондой эле кыйноолор жөнүндө кабарлоо жана жапа чеккендерди Стамбул протоколунун принциптеринин негизинде медициналык экспертизага жөнөтүү методдору боюнча базалык даярдыктан өткөрүүнү сунуштайт | Параллель медициналык кызматка медициналык документтөө боюнча практикалык колдонмону жайылтуу боюнча чараларды көрүү. 2019-2021-ж. Кыргыз Республикасында Стамбул протоколун жайылтуу боюнча иш-аракеттер планын бекитүү жана ишке ашыруу | АУКК, ССМ, КАУБ (макулдашуу боюнча), БП (макулдашуу боюнча), ЖАМК, МСЭК | 2019-2020-жылдар | Өкмөт тарабынан 2019-2021-жылдарга Стамбул протоколун жайылтуу боюнча иш-аракеттер планы жана Стамбул протоколуна ылайык медициналык документтөө боюнча практикалык колдонмо бекитилген. Аткаруу органдары тарабынан бул Иш-аракеттер планын практикалык ишке ашыруу башталды | Кыйноо фактыларын документтөөнү караган тиешелүү ченемдик укуктук актыларды иштеп чыгуу. Объективдүү статистиканы түзүүнү камсыз кылуу | Каралган бюджеттин жана донорлордон тартылган каражаттардын чегинде |
|
2.4 | КАК бийликти өмүр бою түрмөдө отурууга өкүм чыгарылган адамдарды кармоонун материалдык шартын жакшыртууга жана мындай адамдарга башка түрмөдөгүлөрдөй эле, басмырлоосуз мамиле кылууну камсыздоого чакырат. КАК бийликти ошондой эле № 1 тергөө абагындагы өлүм жазасына өкүм чыгарылган адамдар үчүн мурдагы камераларды тезинен жабууга чакырат, азыркы учурда аларда өмүр бою түрмөдө отурган адамдар кармалууда | Айыпталуучуларды жана шектүүлөрдү, өмүр бою түрмөдө отурууга өкүм чыгарылгандарды кармоо тартибин кайра кароо | ЖАМК | Дайыма | Өмүр бою эркиндигинен ажыратылгандарды кармоо шарттары жакшырды. Өмүр бою эркиндигинен ажыратылгандарга карата басмырлоо фактылары кыскартылды | ЖАК өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө мыйзамдардын долбоорун жана өмүр бою эркиндигинен ажыратууга соттолгондорду кармоо бөлүгүндө айыпталуучуларды жана шектүүлөрдү кармоо тартиби жөнүндө Мыйзамдын долбоорун иштеп чыгуу боюнча жумушчу топ түзүү. Өмүр бою эркиндигинен ажыратууга соттолгон адамдарга белгилүү бир убакыттан кийин өмүр бою эркиндигинен ажыратууну белгиленген мөөнөткө алмаштыруу укугун берүү маселесин кароо (ЖК жана ЖАК өзгөртүү киргизүү). ЖАМК мекемелеринин жер төлө жайларында соттолгондорду кармоо үчүн камералардын иштешин токтотуу. Түрмөдөгүлөр менен иштөөнүн минималдык стандарттарын жана эрежелерин сактоо боюнча иштелип чыккан окутуу программасына ылайык түзөтүү мекемелеринин кызматкерлери үчүн окутуу иш-чараларын өткөрүү | Каралган бюджеттин жана донорлордон тартылган каражаттардын чегинде |
|
2.5 | Катышуучу мамлекет бүткүл өлкө боюнча кыйноолорду жана ырайымсыз мамилелерди алдын алуу үчүн, анын ичинде кыйноо жана ырайымсыз мамиле кылуу актыларын ишке ашырган адамдарды жазасыз калтырууну жоюуну камсыздаган саясатты ишке ашыруунун негизинде кечиктирилгис жана иштиктүү чараларды көрүүсү жана кыйноолор, ырайымсыз мамиле кылуу жөнүндө кечиктирилгис, калыс, иштиктүү териштирүүнү жана күнөөлүүлөрдү соттук артынан түшүүнү жана күнөөлүү деп таанылган адамдарга тиешелүү жазаларды берүүнү камсыздоосу керек | 1. Кыйноо жана ырайымсыз мамиле кылуу фактылары боюнча жазык иштерин кароо практикасын үйрөнүү. | 1. ЖС (макулдашуу боюнча). | 2019-2020-жылдар | 1. Кыйноолорго байланышкан жазык иштери боюнча соттук практикага сереп өткөрүлдү. 2. Сотторду эл аралык стандарттарга окутуу боюнча план бекитилди. 3. 100 сот окутулду | Соттук практиканы үйрөнүүнүн натыйжасы боюнча серепти КР ЖС Пленумунун токтому менен бекитүү. 2. Соттор үчүн семинарларды жана лекцияларды өткөрүү | Каралган бюджеттин жана донорлордон тартылган каражаттардын чегинде |
|
2. Кыргыз Республикасынын соттору үчүн кыйноодон жана ырайымсыз мамиледен бошотуу укугу жаатындагы эл-аралык стандарттарга окутуунун 2019-2021-жылдарга мамлекеттик программаларын ишке ашыруу боюнча тематикалык семинарлардын планына киргизүү | 2. ЖС караштуу САЖМ (макулдашуу боюнча) |
| ||||||
2.6 | Катышуучу мамлекет төмөнкүлөрдү камсыздоосу керек: - Кыйноолорду алдын алуу боюнча улуттук борбордо өз мандатын көз карандысыз жана натыйжалуу аткаруусу үчүн тиешелүү финансылык, адамдык жана материалдык ресурстардын болушун; - кармоочу жерлерди башкарууга катышкан бардык адамдар, Кыйноолорду алдын алуу боюнча улуттук борбордун мүчөлөрүнүн укуктары менен тааныш болушун | ЖАМК, ИИМ, УКМК, КК ГШ кызматкерлерине КАУБнын мандаты жөнүндө кабарлоо | ЖАМК, ИИМ, УКМК, ЖС караштуу САЖМ (макулдашуу боюнча) | 2019-2020-жылдар | ЖАМК, ИИМ, УКМК, КК ГШ кызматкерлери үчүн укук КАУБнын укуктарынын маселелери боюнча семинарларды өткөрүү | Маалыматтык компанияны иштеп чыгуу жана өткөрүү. ЖАМК, ИИМ, УКМК, КК ГШ кызматкерлери үчүн Кыйноолорду алдын алуу боюнча улуттук борбордун мандаты жана компетенциясы жөнүндө маалыматтык семинарларды өткөрүү | Каралган бюджеттин жана донорлордон тартылган каражаттардын чегинде |
|
2.7 | Катышуучу мамлекет колдонуудагы жол-жоболорду жана практикаларды Конвенциянын 3-беренесине ылайык келтирүү аркылуу мажбурлап кайтарууну болтурбоо принцибин камсыздоого бардык зарыл болгон чараларды көрүүсү, ошондой эле кабыл алынган чечимдерди кайра кароо үчүн адекваттуу соттук механизмдердин жана берилүүгө тийиш адамдарды укуктук коргоонун жетиштүү каражаттарынын болушун камсыздоосу жана бергенден кийин мониторингдөөнүн натыйжалуу механизмдерин камсыздоосу керек | Башка өлкөдө кыйноолорду жана ырайымсыз мамилелерди колдонуу коркунучу жөнүндө билдирүүлөр келип түшкөн учурда экстрадициялоодон, депортациялоодон жана күч колдонуп чыгаруудан баш тартуу | БП (макулдашуу боюнча) УКМК, ИИМ | 2019-2020-жылдар | Башка өлкөгө берилбеген же берилген адамдардын саны боюнча маалыматтар базасы түзүлдү (экстрадициялоо, депортациялоо ж.б.) | Адамдарды берүүнү (экстрадициялоону, депортациялоону, күч колдонуп чыгарууну ж.б.) мониторингдөө боюнча механизм, күч колдонуп чыгаруу (экстрадициялоо, депортациялоо ж.б.) жөнүндө чечим кабыл алынган учурда тиешелүү мамлекеттик органдардын чечимине даттануу мүмкүндүгү боюнча механизм иштелип чыккан | Каралган бюджеттин жана донорлордон тартылган каражаттардын чегинде |
|
3-бөлүм. Балдардын укугу |
| |||||||
3.1 | Аялдарды, балдарды, ДМЧА жана улгайган жарандарды кошкондо, калктын социалдык аялуу топторунун укуктарын коргоо боюнча улуттук жол-жоболорду чыңдоо | Коомдук жашоонун ар кандай чөйрөлөрүндө майып адамдарды басмырлоону четтетүүгө жана өлкөнүн шаарларында, райондорунда жана айылдарында жеткиликтүү инфраструктураны түзүүгө багытталган "Жеткиликтүү өлкө" программасын жана "2018-2027-жылдарга улгайган жарандардын жашоосунун сапатын жогорулатуу боюнча улуттук комплекстүү программаны" иштеп чыгуу | ЭСӨМ, ССМ, БИМ, ИИМ | 2019-жыл | Калктын социалдык аялуу топторунун укуктарын коргоо механизмдердин натыйжалуулугуна сереп жана талдоо жүргүзүлдү жана улуттук мыйзамдарды өркүндөтүү боюнча сунуштар киргизилди. Коомдук жашоонун ар кандай чөйрөлөрүндө майып адамдарды басмырлоону четтетүүгө жана өлкөнүн шаарларында, райондорунда жана айылдарында жеткиликтүү инфраструктураны түзүүгө багытталган "Жеткиликтүү өлкө" программасын жана "2018-2027-жылдарга улгайган жарандардын жашоосунун сапатын жогорулатуу боюнча улуттук комплекстүү программаны" иштеп чыкты | 1. Кыргыз Республикасынын ДМЧАга жана улгайган жарандарга тиешелүү улуттук мыйзамдарына талдоо жүргүзүү. 2. Талдоонун жыйынтыгы боюнча КРӨгө караштуу Адам укуктары боюнча координациялык кеңешке сунуштарды киргизүү. 3. "Жеткиликтүү өлкө" программасынын жана "2018-2027-жылдарга улгайган жарандардын жашоосунун сапатын жогорулатуу боюнча улуттук комплекстүү программанын" долбоорлорун иштеп чыгуу | Каралган бюджеттин алкагында |
|
3.2 | Балдарга карата зомбулук менен күрөшүүнүн комплекстүү стратегиясын иштеп чыгуу | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2019-2028-жылдарга үй-бүлөнү колдоо жана балдарды коргоо программасынын алкагында балдарды зомбулуктан жана ырайымсыз мамилелерден коргоо боюнча иш-чаралар планын иштеп чыгуу | ЭСӨМ, ИИМ, ССМ, БИМ, ММТМ, КТРК | 2019-жыл | Балдарды зомбулуктан жана ырайымсыз мамилелерден коргоо боюнча иш-чаралар планы иштелип чыккан | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2019-2028-жылдарга үй-бүлөнү колдоо жана балдарды коргоо программасынын алкагында балдарды зомбулуктан жана ырайымсыз мамилелерден коргоо боюнча иш-чаралар планын иштеп чыгуу боюнча ведомстволор аралык жумушчу топту түзүү | Каралган бюджеттин алкагында |
|
3.3 | Бардык жагдайларда, анын ичинде үй-бүлөдө денеге залал келтирүү жазасына толук тыюу салуу | 1. Балдарга карата денеге залал келтирүү жазаларына тыюу салуу маселелери боюнча калк менен активдүү маалымат берүү иштерин жүргүзүү | ЭСӨМ, ИИМ, ММТМ, БИМ | Дайыма | Жүргүзүлгөн иш-чаралардын саны | Кеңири коомчулук үчүн маалымат берүү иштерин пропагандалоо | Каралган бюджеттин жана донорлордон тартылган каражаттардын чегинде |
|
Денеге жеңил жаракат келтиргендиги үчүн административдик жоопкерчиликти киргизүү. Кыргыз Республикасында позитивдүү ата-энелик, тарбиялоонун зомбулуксуз формасы боюнча программаны иштеп чыгуу | ЭСӨМ, ИИМ, БИМ, ССМ, | 2019-жыл | Денеге залал келтирүү жазаларынын жеңил формасы үчүн административдик жоопкерчилик киргизилди. Кыргыз Республикасында позитивдүү ата-энелик, тарбиялоонун зомбулуксуз формасы боюнча программа иштеп чыккан. Ырайымсыз мамилеге жана зомбулукка кабылган балдардын саны азайды | Бузуулар жөнүндө кодекске өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу мыйзамдын долбоорун иштеп чыгуу. Кыргыз Республикасында позитивдүү ата-энелик, тарбиялоонун зомбулуксуз формасы боюнча программаны бекитүү жөнүндө Өкмөттүн чечимин иштеп чыгуу |
| |||
3.4 | Төрөлгөндөрдү каттоо жол-жобосун жөнөкөйлөтүү жана өз аймагында төрөлгөн бардык балдарды каттоону камсыз кылуу жана аларга ата-энелеринин, алардын ким экендигин күбөлөндүргөн документтердин же жашап турууга уруксаттардын болушуна карабастан туулгандыгы тууралуу күбөлүк берүү | "Жарандык абалдын актылары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ата-энелердин документтеринин болушуна карабастан төрөлгөндөрдү мамлекеттик каттоо бөлүгүндө өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү маселесин изилдөө жана иштеп чыгуу | МКК, ЮМ, ССМ, ЖАМК, ЭСӨМ | 2019-жыл | Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына балдардын төрөлгөндүгүн каттоону жөнөкөйлөтүүчү ченемдерди киргизүү | "Жарандык абалдын актылары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө Мыйзамдын долбоорун иштеп чыгуу | Талап кылынбайт |
|
3.5 | Чоңдордун жана балдардын арасында БУКтун жоболорун жана принциптерин кеңири жайылтууну жана түшүнүүнү камсыздоо боюнча Өкмөттүн күч-аракеттерин күчөтүү максатында бардыгын камтуучу саясатты жүргүзүү жана балдар менен жана алардын кызыкчылыгында иштеген бардык кесиптик топтордун, атап айтканда укук коргоо органдарынын кызматкерлеринин, окутуучулардын, медицина кызматкерлеринин (мисалы, психологдор жана социалдык кызматкерлер) жана балдарды багуучу мекемелердин персоналынын талаптагыдай жана системалуу даярдыгын күчөтүү | 1. Балдар менен иштеген адистердин потенциалын жогорулатууну туруктуу негизде уюштуруу жана өткөрүү. 2. БУКтун принциптерин жайылтуу жана түшүнүү максатында балдардын, ата-энелердин жана аларды алмаштырган адамдардын катышуусунда маалымат берүү иш-чараларын туруктуу негизде өткөрүү | БИМ, ИИМ, ЭСӨМ, ММТМ, ССМ | Дайыма | Балдар менен иштеген адистердин 50%нан кем эмесинин квалификациясы жогорулады Калк арасында маалымдуулук жогорулады | Тематика боюнча тренингдерди жана семинарларды өткөрүү. Иште колдонуу жана маалыматтарды окуучулардын арасында, ошондой эле ММК, соц. тармактар аркылуу жана башка иш-чараларды өткөрүү аркылуу жайылтуу үчүн окуу жайларда окутуучу курамдын арасында маалыматтарды жайылтуу | Каралган бюджеттин чегинде |
|
3.6 | Альтернативдик багуучу мекемелердеги балдарды талаптагыдай сапаттагы заманбап медициналык тейлөө менен, анын ичинде квалификациялуу медициналык адистер тарабынан профилактикалык текшерүүнү камсыздоо. Альтернативдик багуучу мекемелердеги балдарды бекер жана туруктуу стоматологиялык тейлөө менен, зарыл болгон учурда стоматологиялык протездөөнү камсыздоо | Сапаттуу медициналык кароо жүргүзүү максатына интернат тибиндеги балдар мекемелерине баруу үчүн мобилдик медициналык бригаданы уюштуруу | ССМ, БИМ, ЭСӨМ | Дайыма | Сапаттуу медициналык кызмат көрсөтүүлөрдү өз учурунда алуу. Альтернативдик багуучу мекемелердеги балдардын талаптагыдай сапаттагы заманбап медициналык тейлөө менен, анын ичинде квалификациялуу медициналык адистер тарабынан профилактикалык текшерүүнүн камсыздалышына мониторинг жүргүзүү | Балдарды зомбулуктан коргоонун стандарттарын иштеп чыгуу. Альтернативдик багуучу балдар мекемелерине жана башка эркиндигинен ажыратуу же чектөө жайларына мониторинг жүргүзүүнүн стандарттарын иштеп чыгуу | Каралган бюджеттин чегинде |
|
3.7 | Альтернативдик багуучу мекемелердеги тиричилик жана санитардык-гигиеналык шарттарды жакшыртуу жана контролдоо | Альтернативдик багуучу мекемелерге санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө адистеринин катышуусу менен мониторинг жүргүзүү | ССМ, БИМ, ЭСӨМ | Дайыма | Альтернативдик багуучу мекемелердеги санитардык-гигиеналык шарттардын сапатына мониторинг жүргүзүү жана баалоо | Альтернативдик багуучу мекемелерге талдоо жана сереп жүргүзүү жана талдоонун жыйынтыгы боюнча мекемелердеги санитардык-гигиеналык шарттарды жакшыртуу боюнча иш-чаралар планын иштеп чыгуу | Каралган бюджеттин чегинде |
|
3.8 | Альтернативдик багуучу мекемелердеги, анын ичинен жеке мекемелердеги жана үй-бүлөлүк типтеги альтернативдик багуу системасындагы балдардын жашоо шарттарына системалуу, натыйжалуу жана үзгүлтүксүз мезгил-мезгили менен мониторинг жүргүзүүнү жана контролдоону камсыз кылуу | "Менчигинин түрүнө карабастан балдардын интернат мекемелерине мониторинг жүргүзүү жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн токтомунун долбоорун иштеп чыгуу | ЭСӨМ, БИМ, ССМ, ИИМ | 2020-жыл | Мониторинг жүргүзүү системасын түзүү | "Менчигинин түрүнө карабастан балдардын интернат мекемелерине мониторинг жүргүзүү жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн токтомунун долбоорун иштеп чыгуу боюнча ведомстволор аралык жумушчу топту түзүү | Каралган бюджеттин чегинде |
|
3.9 | Альтернативдик багуу системасындагы балдардын купуялуулукту сактоо менен даттанууларды берүүнүн көз карандысыз механизмине жетүү мүмкүндүгүн камсыздоо | Интернат тибиндеги балдар мекемелеринде даттанууларды берүү үчүн жашыруун ящиктерди түзүү, шашылыш байланышка (111, 112, 115 ж.б.) жетүү мүмкүндүгүн камсыздоо | БИМ, ЭСӨМ, Акыйкатчы (Омбудсмен), (макулдашуу боюнча) | 2019-жыл | Баланын укуктарын коргоо Шашылыш байланыш боюнча статистика Балдарды колдоо борборлорунун саны | Альтернативдик багуу системасындагы балдардын даттанууларды берүү механизми боюнча иш-чаралар планын иштеп чыгуу. Альтернативдик багуу системасында, анын ичинен региондордо даттанууларды берүү үчүн көз карандысыз механизмге балдардын жетүү мүмкүндүгүн камсыздоо | Каралган бюджеттин чегинде |
|
3.10 | Майып балдардын укуктары жөнүндө № 9 (2006) жалпы тартиптин сын-пикирлерин эске алуу менен, Комитет катышуучу мамлекетти өз мыйзамдарын, саясатын жана практикасын, атап айтканда басмырлоосуз негизде майып балдардын керектөөлөрүн натыйжалуу канааттандыруу максатында БУКтун 23 жана 27-беренелерине шайкеш келтирүүнү камсыздоого чакырат | Конвенциянын 23 жана 27-беренелерине шайкештикти камсыздоо үчүн Кыргыз Республикасынын колдонуудагы мыйзамдарына талдоо жүргүзүү | ССМ, ЭСӨМ, БИМ, БП (макулдашуу боюнча), ИИМ | 2020-жыл | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн чечиминин долбоору | Кыргыз Республикасынын колдонуудагы мыйзамдарына тиешелүү оңдоолорду киргизүү боюнча сунуштарды иштеп чыгуу | Каралган бюджеттин чегинде |
|
| Деинституционализациялоо саясатын иштеп чыгуу жана майып балдары бар үй-бүлөлөргө бардык зарыл болгон жардамдарды көрсөтүүнүн эсебинен майып балдарды ашыкча институционализациялоону болтурбоо жана үй-бүлөлүк курчоодон ажыраган майып балдар үчүн үй-бүлөлүк жана жамааттык багуунун жетиштүү альтернативдик варианттарынын болушун камсыздоо | Үй-бүлөлүк курчоодон ажыраган майып балдар үчүн үй-бүлөлүк жана жамааттык багуунун жетиштүү альтернативдик варианттарынын болушун камсыздоо боюнча башка өлкөлөрдүн тажрыйбасын изилдөө | ЭСӨМ, ССМ, БИМ, БШ (макулдашуу боюнча) | 2019-жыл | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн тийиштүү чечиминин долбоору иштелип чыккан | Тийиштүү ченемдик укуктук актыларды кабыл алуу боюнча сунуштарды иштеп чыгуу | Каралган бюджеттин жана донорлордон тартылган каражаттардын чегинде |
|
3.12 | Багуучу мекемелердеги майып балдардын каза болгон учурларын тез жана натыйжалуу изилдөөнү камсыздоо жана майып балдарды багуучу мекемелерге, атап айтканда мындай мекемелерде балдарга көрсөтүлүүчү ден соолукту коргоо кызматтарына көз карандысыз мониторинг жүргүзүү | ДМЧ балдар үчүн интернат мекемелерге дайыма контроль жана мониторинг жүргүзүү | ССМ, ЭСӨМ, БИМ, БШ (макулдашуу менен), ИИМ | Дайыма | ДМЧ балдар үчүн интернат мекемелерге дайыма контроль жана мониторинг жүргүзүлүүдө | Багуучу мекемелердеги майып балдардын каза болгон учурларынын тез жана натыйжалуу изилденишине, ден соолукту коргоо боюнча кызматтардын көрсөтүлүшүнө мониторинг жүргүзүү стандарттарын бекитүү бөлүгүндө Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн тийиштүү чечиминин долбоорун иштеп чыгуу | Каралган бюджеттин чегинде |
|
3.13 | Акыл-эси кем балдардын баарына акыл-эсин өнүктүрүүгө дем берүүчү сабактардын өткөрүлүшүн камсыз кылсын | Акыл-эси кем балдардын акыл-эсин өнүктүрүү үчүн дем берүүчү сабактардын программасын киргизүү | ССМ, ЭСӨМ, БИМ | 2019-2021-жылдар | Акыл-эси кем балдардын акыл-эсин өнүктүрүү үчүн дем берүүчү сабактардын окутуу методикасы иштелип чыкты | Ыйгарым укуктуу орган тарабынан акыл-эси кем балдарды өнүктүрүү боюнча программаларды жана методикаларды иштеп чыгуу жана бекитүү | Каралган бюджеттин чегинде |
|
3.14 | Катышуучу мамлекет ата-энелерге маалымат берүүнүн жана медициналык тез жардамды шашылыш көрсөтүүнүн эсебинен алдын алууга жана айыктырууга боло турган оорулардын натыйжасында балдардын өлүмүн болтурбоо боюнча чараларды көрсүн | Ата-энелерге маалымат берүүнүн жана медициналык тез жардамды шашылыш көрсөтүүнүн эсебинен алдын алууга жана айыктырууга боло турган оорулардын натыйжасында балдардын өлүмүн болтурбоо боюнча мамлекеттик чараларды иштеп чыгуу | ССМ, ЭСӨМ | 2021-жыл | Ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген балдар үчүн көмөкчү мекемелерде сапаттуу иш жүргүзүү. Ата-энелерге маалымат берүүнүн медициналык тез жардамды шашылыш көрсөтүүнүн эсебинен алдын алууга жана айыктырууга боло турган оорулардын натыйжасында балдардын өлүмүн болтурбоо боюнча мамлекеттик чаралар жөнүндө чечим. Алдын алууга жана айыктырууга боло турган оорулардын натыйжасында балдардын өлүмүн болтурбоо максатында ата-энелерди агартуу жана медициналык тез жардамды шашылыш көрсөтүү боюнча ведомстволук программа киргизилди | Ата-энелер үчүн агартуу иши | Каралган бюджеттин чегинде |
|
3.15 | Катышуучу мамлекет эмгекти коргоо боюнча инспекторлордун текшерип барышын он күн мурда алдын ала билдирүү жөнүндө талапты өз мыйзамдарынан алып салсын жана жеке менчик, мамлекеттик ишканаларга алдын ала жарыяланбаган үзгүлтүксүз текшерүүлөрдү уюштурсун жана 18 жашка чейинки ар бир адам ден соолугуна зыяндуу шарттарда иштебей тургандыгын камсыздасын. БУК катышуучу мамлекетке мажбурлап иштетүү жана/же физикалык, эмоционалдык жана сексуалдык зомбулуктун белгилерин аныктоо жана күнөөлүүлөрдү жазык жоопкерчилигине тартуу максатында балдар мекемелерине үзбөй барууну жана мониторингди камсыз кылууну көптөн-көп сунуштайт | Балдарды мажбурлап иштетүүгө толук тыюу салуу | Этотехинспекция, ЭСӨМ, ССМ, БШ (макулдашуу боюнча), Акыйкатчы (Омбудсмен) (макулдашуу боюнча) | 2020-жыл | Чарба субъекттери капыстан, жарым жылда бир жолудан кем эмес үзгүлтүксүз текшерилүүдө. Балдар мекемелерине үзгүлтүксүз мониторинг киргизилди. Эмгекти коргоо боюнча инспекторлордун текшерип барышын он күн мурда алдын ала билдирүү жөнүндө талап мыйзамдардан алып салынды жана жеке менчик, мамлекеттик ишканаларга алдын ала жарыяланбаган үзгүлтүксүз текшерүүлөр уюштурулууда | 1. Иш берүүчүлөрдүн балдардын тыюу салынган эмгегин пайдалануусун аныктоо үчүн чарба субъекттерине үзгүлтүксүз текшерүүлөрдү уюштуруу. 2. Мажбурлап иштетүү жана/же физикалык, эмоционалдык жана сексуалдык зомбулуктун белгилерин аныктоо үчүн балдар мекемелерине үзгүлтүксүз мониторингди киргизүү | Каралган бюджеттин чегинде |
|
3.16 | Балдардын өз укуктарын ишке ашырууга андан ары көмөктөшүү максатында, Комитет катышуучу мамлекетти билдирүүнү жол-жоболоштуруу боюнча Баланын укуктары жөнүндө конвенцияга Факультативдүү протоколду, Экономикалык, социалдык жана маданий укуктар жөнүндө эл аралык пактыга Факультативдүү протоколду, Майыптардын укуктары жөнүндө конвенцияны жана ага Факультативдүү протоколду жана Бардык адамдарды зомбулуктуу жоголуудан коргоо үчүн эл аралык конвенцияны ратификациялоону сунуштайт | Факультативдүү протоколдорду ратификациялоо маселесин изилдөө | ЭСӨМ, ТИМ, ССМ, БИМ, Миграция кызматы, БП (макулдашуу боюнча) ИИМ, ЮМ | 2019-2021-жылдар | Факультативдүү протоколдорду, Бардык адамдарды зомбулуктуу жоголуудан коргоо үчүн эл аралык конвенцияны ратификациялоо маселелери боюнча сунуштар иштелип чыкты | Факультативдүү протоколдорду, Бардык адамдарды зомбулуктуу жоголуудан коргоо үчүн эл аралык конвенцияны ратификациялоо боюнча чараларды иштеп чыгууга жумушчу топ түзүү | Каралган бюджеттин чегинде |
|
3.17 | Мыйзам маселелери боюнча маалыматтык-агартуу демилгелерин ишке ашыруу, мисалы сексуалдык кылмыштардын курмандыктары болгон балдарга карата тыюу салууларды токтотуу максатында (АБ-БСБСБП) | Сексуалдык кылмыштардын курмандыктары болгон балдарга карата тыюу салууларды токтотуу максатында Кыргыз Республикасынын мыйзамдары боюнча маалыматтык-агартуу иштерин уюштуруу | ЭСӨМ, ИИМ, БП, ММТМ | Дайыма | Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын жана сексуалдык кылмыштардын курмандыктары болгон балдарга карата кылмыштар үчүн жоопкерчиликти түшүндүрүү боюнча маалыматтык иштер жүргүзүлүүдө | Маалыматтык-агартуу иш-чараларын жүргүзүү | Каралган бюджеттин жана донорлордон тартылган каражаттардын чегинде |
|
3.18 | Балдарды сексуалдык эксплуатациялоо коркунучу болгон жерлерди контролго алууну жакшыртуу (АБ-БСБСБП) | Балдарды сексуалдык эксплуатациялоо боюнча уюшулган жерлерди табуу иш-чараларын иштеп чыгуу | ИИМ, БП (макулдашуу боюнча), ЭСӨМ | 2019-2021-жылдар | Балдарды сексуалдык эксплуатациялоо боюнча уюшулган жерлерди табуу иш-чараларын уюштуруу | Балдарды сексуалдык эксплуатациялоону токтотуу боюнча чаралардын планын иштеп чыгуу | Каралган бюджеттин чегинде |
|
4-бөлүм. Аялдардын укуктары жана коомдук жашоого катышуусу |
| |||||||
4.1 | Өзүнүн күйөөсүн же үй-бүлө мүчөсүн өлтүргөн аялды соттук коргоодо аялдын өзү үй-бүлөлүк зомбулуктун курмандыгы болгон фактыны анын күнөөсүн жеңилдетүү шарты катары колдонууга жол берүү | Өзүнүн күйөөсүн же үй-бүлө мүчөсүн өлтүргөн аялга карата жазык ишти анын өзү үй-бүлөлүк зомбулуктун курмандыгы болгон фактыны эске алуу менен жазык мыйзамдарына ылайык кароо жана аталган шарттарды эске алуу менен жазалоо | 1. ЖС (макулдашуу боюнча), ЖС караштуу САЖМ | 2019-жыл | 1. Жазык иштерин кароо 2. 50 сот окутулду | 1) Аталган шарттар боюнча киши өлтүрүүлөргө талдоо жүргүзүү жана алардын статистикасы. Өзүнүн күйөөсүн же үй-бүлө мүчөсүн өлтүргөн аялдын өзү үй-бүлөлүк зомбулуктун курмандыгы болгон шартты башка шарттар катары кабыл алуу боюнча бирдиктүү практиканы киргизүү мүмкүндүгүн караштыруу (КР Жазык кодекси, 73-берене, 2-бөлүк (2017-жыл) | Каралган бюджеттин жана донорлордон тартылган каражаттардын чегинде |
|
5-бөлүм. Ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген адамдардын укуктары |
| |||||||
5.1 | Бардык майып балдарга инклюзивдик билим алуу мүмкүндүгүн берүү жана мектептеги окуу программаларына укук коргоо боюнча агартуу маселелерин киргизүү | Кыргыз Республикасында инклюзивдик билим берүүнү киргизүү | БИМ, ЭСӨМ | 2019-2020-жылдар | Инклюзивдик билим берүү маселелери боюнча ЧУА иштелип чыкты | Инклюзивдик билим берүү маселелери боюнча ЧУА иштеп чыгуу | Каралган бюджеттин чегинде |
|
5.2 | Майып балдардын укуктары жөнүндө калктын, айрыкча, балдардын маалымдуулугун жогорулатуу жана аны коомдун жашоосуна ийгиликтүү интеграциялоону камсыздоо максатында чараларды көрүү | Маалыматтык саясатты жүргүзүү, майып балдарды коомдун жашоосуна ийгиликтүү интеграциялоону камсыздоо боюнча иштиктүү чараларды иштеп чыгуу | ЭСӨМ, БИМ, ССМ, БП (макулдашуу боюнча), ИИМ ММТМ, КТРК (макулдашуу боюнча) | 2019-жыл | Калктын маалымдуулугу жогорулады. Майып балдарды коомдун жашоосуна ийгиликтүү интеграциялоону камсыздоо боюнча иштиктүү чаралар иштелип чыкты | Майып балдарды коомдун жашоосуна ийгиликтүү интеграциялоо боюнча планды иштеп чыгуу жана ыйгарым укуктуу органдын буйругу менен бекитүү | Каралган бюджеттин жана донорлордон тартылган каражаттардын чегинде |
|
6-бөлүм. Азчылыктардын укугу |
| |||||||
6.1 | Өлкөнүн улуттук жана этностук азчылыктарынын укуктарын коргоо үчүн сабырдуу мамилени жана ар түрдүүлүктү колдоо боюнча демилгелерди ишке ашырууну улантуу | 1) РБЖКда каралган расалык басмырлоо жана сабырсыз мамиле менен күрөшүү чөйрөсүндөгү механизмдер жана жол-жоболор жөнүндө мамлекеттик кызмат адамдарына жана жалпы элге маалымат берүүгө багытталган аракеттерди активдештирүү. 2) Жамааттардын элдешүүсүнө жана азчылыктын мүчөлөрүнө карата басмырлоонун алдын алууга багытталган сабырдуу мамиле жөнүндө профилактикалык жана маалымат иштерин жүргүзүү. 3) Дурбан декларациясынын жана анын ички укугунда БУКту ишке ашыруудагы иш-аракеттер программасынын тиешелүү жоболорун көңүлгө алуу, мисалы РБЖКнын 2-7 беренелери боюнча | ЖӨБ жана этностор агенттиги, БИМ, КТРК (макулдашуу боюнча), ММТМ | Дайыма | Кыргызстандын этносторунун өкүлдөрү, мамлекеттик органдар жана өкмөттүк эмес уюмдар менен этностор аралык мамилелерди жакшыртуу боюнча семинарларды, жолугушууларды, "тегерек столдорду" өткөрүү. РБЖК маселелери жана расалык басмырлоо, сабырдуу мамиле менен күрөшүү чөйрөсүндөгү механизмдер жана жол-жоболор жөнүндө мамлекеттик кызмат адамдарына жана жалпы элге маалымат берүүгө багытталган анын жоболору боюнча маалыматтык түшүндүрүү жана билим берүү программаларын өткөрүү. Компаниялар камтыган региондордун жана мамлекеттик органдардын үлүшү. Кийинки мезгилдүү докладга Дурбан декларациясын жана улуттук деңгээлдеги иш-аракеттер программасын аткаруу үчүн кабыл алынган иш-аракеттер же башка чаралар жөнүндө конкреттүү маалымат киргизилди | 1) Полиэтностук райондордогу этностук азчылыктарды коргоо үчүн элдин биримдигин жана этностор аралык мамилелерди чыңдоо концепциясына ылайык этностор аралык мамилелер боюнча 23 - Ош облусунда - 5, Жалал-Абад облусунда - 5, Чүй облусунда - 5, Баткен облусунда - 4, Ысык-Көл облусунда - 1 коомдук кабылдаманын ишин улантуу. 2) РДЖК маселелери жана анын жоболору боюнча маалыматтык түшүндүрүү жана билим берүү программаларын ишке ашыруу. 3) Кийинки мезгилдүү докладга Дурбан декларациясын жана улуттук деңгээлдеги иш-аракеттер программасын аткаруу үчүн кабыл алынган иш-аракеттер же башка чаралар жөнүндө конкреттүү маалыматты киргизүү | Каралган бюджеттин чегинде |
|
6.2 | Катышуучу мамлекет сабырдуу мамиле менен жамааттар арасында достукту колдоо максатында бардыгы үчүн көп тилдүү жалпы билим берүүнүн жана агартуу кампанияларын өткөрүүнүн эсебинен жамааттардын элдешүүсүнө жана азчылыктын мүчөлөрүнө карата басмырлоонун алдын алууга багытталган аракеттерди активдештирсин | Жамааттардын элдешүүсүнө жана азчылыктын мүчөлөрүнө карата басмырлоонун алдын алууга багытталган сабырдуу мамиле жөнүндө профилактикалык жана маалыматтык иштерди жүргүзүү | ЖӨБ жана этностор агенттиги, БИМ, ММТМ, ИИМ, УКМК, КЭА (макулдашуу боюнча), КТРК (макулдашуу боюнча), ЖӨБО (макулдашуу боюнча). | Дайыма | Мектептердеги коопсуздукту камсыздоо | Тематикалык класстык сааттарды өткөрүү, стенд даярдоо жана дил баяндарды жазуу ж.б. | Каралган бюджеттин чегинде |
|
7-бөлүм. Мигранттардын укугу |
| |||||||
7.1 | Катышуучу мамлекет өзүнүн улуттук мыйзамдарын жана саясатын ЭМЭКтин жоболоруна шайкеш келтирүү үчүн зарыл болгон чараларды көрсүн, анын ичинде ЭМЭКке ылайык туруктуу статусу бар же статусу жок бардык эмгек мигранттарынын укуктарын коргоого кепилдик берген мыйзамдарга түзөтүүлөрдү киргизүү жолу менен. Мындан сырткары, катышуучу мамлекет ЭМЭКте корголуучу укуктарды иш жүзүндө ишке ашыруу максатында министрликтер менен ведомстволордун ортосундагы башкаруунун бардык деңгээлиндеги иштерди координациялоону жакшыртуу боюнча өз аракетин активдештирсин | Эмгек миграция жаатындагы колдонулуп жаткан мыйзамдардын шайкештигин талдоо. Мыйзамдарды Конвенцияга шайкеш келтирүү үчүн рекомендацияларды иштеп чыгуу | Миграция кызматы, ТИМ | 2019-жыл | Мыйзамдардын Конвенцияга жана эл аралык стандарттарга шайкештиги | Мамлекеттик органдардын өкүлдөрүнүн катышуусу менен эксперттик жумушчу топту түзүү. ӨАга сунуштарды киргизүү | Каралган бюджеттин чегинде |
|
7.2 | Катышуучу мамлекет кийинки мезгилдүү баяндамасында улуттук соттордун ЭМЭКтин жоболорун колдонушу жөнүндө маалымат берсин | Соттук процесстерге мониторинг жүргүзүү, улуттук соттордун Конвенциянын жоболорун колдонуусун талдоо | ЖС, ЖС караштуу САЖМ жана жергиликтүү соттор (макулдашуу боюнча) | 2019-2021-жылдар | Улуттук соттордо Конвенциянын жоболорун колдонуу | Конвенцияга шилтемелерди изилдөө жана чечимдерди кабыл алуу процессинде колдонуу боюнча сотторду окутуу | Каралган бюджеттин чегинде |
|
7.3 | Катышуучу мамлекет төмөнкү документтерди ратификациялоо же аларга кошулуу мүмкүндүгүн болушунча тезирээк карап чыксын: Мигранттар жөнүндө ЭЭУнун 1975-жылдагы № 143 конвенциясы (кошумча жоболор), Жеке иш менен камсыз кылуу агенттиктери жөнүндө ЭЭУнун 1997-жылдагы № 181 конвенциясы, Үй жумушчулары жөнүндө ЭЭУнун 2011-жылдагы № 189 конвенциясы | Мигранттар жөнүндө ЭЭУнун 1975-жылдагы № 143 конвенциясын (кошумча жоболор), Жеке иш менен камсыз кылуу агенттиктери жөнүндө ЭЭУнун 1997-жылдагы № 181 конвенциясын, Үй жумушчулары жөнүндө ЭЭУнун 2011-жылдагы № 189 конвенциясын ратификациялоо маселелери изилденсин | ЭСӨМ, Миграция кызматы | 2021-жыл | Эл аралык келишимдерди ратификациялоо маселелери боюнча сунуштарды иштеп чыгуу | Факультативдик протоколдорду, Зомбулуктуу жоголуудан бардык адамдарды коргоо конвенциясын ратификациялоо чараларын иштеп чыгуу боюнча жумушчу топту түзүү | Каралган бюджеттин чегинде |
|
7.4 | Катышуучу мамлекет миграция жөнүндө статистикалык маалымат системасында ЭМЭКтин бардык аспектилерин эсепке алууну, ошондой эле эмгек мигранттарынын абалы жөнүндө толук маалыматтарды жыйноону камсыздоо үчүн өз күч-аракеттерин активдештирсин. Катышуучу мамлекет жынысы, курагы, өлкөгө кирген жана андан чыгып кеткен себеби, ошондой эле аткарылуучу иштин түрү боюнча бөлүнгөн сандык жана сапаттык маалыматтарды жана статистикалык маалыматтарды чогултсун. Так маалыматты алууга мүмкүн болбогон учурда, мисалы туруктуу статусу жок эмгек мигранттар боюнча, ЭМЭК изилдөөгө жана баалоого негизделген маалыматтын берилишине ыраазычылык билдирет | Миграциянын бардык аспектилери боюнча статистикалык (сандык, сапаттык) маалыматтарды жыйноонун натыйжалуу методдорун иштеп чыгуу жана ишке киргизүү. Жиберүүчү жана кабыл алуучу өлкөлөрдө изилдөөлөрдү жана баалоолорду жүргүзүү | Улутстатком (макулдашуу боюнча), МКК, Миграция кызматы, ТИМ | 2019-2021-жылдар | Миграциянын бардык аспектилерин натыйжалуу статистикалык эсепке алууну камсыздоо | Изилдөөнүн жыйынтыгы боюнча отчетторду даярдоо менен, миграция жаатындагы статистикалык маалыматтарды жыйноонун натыйжалуу методдорун изилдөө жана иштеп чыгуу | Каралган бюджеттин чегинде |
|
7.5 | Катышуучу мамлекет кийинки улуттук шайлоолордо чет өлкөдө жашаган эмгек мигранттарын каттоо жол-жоболорун жөнөкөйлөтүү жолу менен алардын шайлоо укуктарын кепилдөө максатында иш-аракеттерин күчөтсүн | Чет өлкөдөгү шайлоо участокторун ачуу тартибин өзгөртүүнүн эсебинен алардын санын жогорулатуу. Барган мамлекет менен макулдашуу боюнча ТИМдин сунушу менен Кыргыз Республикасынын чегинен тышкары жерлерде ардактуу консулдун консулдук округунун аймагында, Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарынын канцелярияларында жана өкүлчүлүктөрүндө (миграция кызматы) шайлоо участокторун ачуу мүмкүндүгүн караштыруу. Убактылуу Кыргыз Республикасынын чегинен тышкары жашаган Кыргыз Республикасынын жараны шайлоо дареги боюнча добуш берүү ниети жөнүндө арыз берген учурда автоматтык түрдө убактылуу консулдук каттоого алууну караштыруу | БШК (макулдашуу боюнча), ТИМ, Миграция кызматы, МКК | 2019-2021-жылдар | Чет өлкөдөгү Кыргыз Республикасынын жарандарынын активдүү шайлоо укугун ишке ашыруу үчүн шарттарды түзүү, добуш берүүгө катышкан чет өлкөдөгү Кыргыз Республикасынын жарандарынын санын көбөйтүү | "Кыргыз Республикасынын Президентинин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамына (2, 13, 15-бер., "Кыргыз Республикасынын референдуму жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамына (3-бер.) өзгөртүүлөрдү киргизүү | Каралган бюджеттин чегинде |
|
7.6 | Катышуучу мамлекет басмырлоого жана зомбулукка дуушар болгон кыргызстандык эмгек мигранттарына консулдук жардам көрсөтсүн. териштирүүлөрдү жүргүзүүгө, соттук куугунтуктоолорду ишке ашырууга жана аларга карата кылмыш жасоого күнөөлүү адамдарга өкүм чыгарууга көмөктөшүү үчүн иштеген өлкөлөрүндө алардын укуктарын жана кызыкчылыктарын коргосун. Комитет катышуучу мамлекетке миграциянын мүмкүн болуучу тобокелдиктери жөнүндө өзүнүн жарандарынын маалымдуулугун жогорулатууну сунуштайт | Мигранттардын укуктарын натыйжалуу коргоо (анын ичинде адвокаттык жардам) мүмкүндүгүн берүү үчүн туруктуу негизде мигранттарга консулдук жардам көрсөтүү | ТИМ, ФМ, Миграция кызматы | 2019-2021-жылдар | Маалыматтык технологияларды киргизүү аркылуу эмгек мигранттарын натыйжалуу коргоо | Мигранттардын тренингдерге, семинарларга жана "тегерек столдорго" катышуусу аркылуу гендердик проблематика жана балдар укуктары жөнүндө маселелерди консулдук кызматтардын кызматкерлери тарабынан чагылдыруу | Каралган бюджеттин чегинде |
|
7.7 | Катышуучу мамлекет соттук, мыйзам чыгаруу жана административдик бийликтин, жарандык коомдун жана коомчулуктун маалымдуулугун жогорулатуу максатында, ЭМЭКти жана ушул корутунду сын пикирлерди кеңири жайылтсын, анын ичинде мамлекеттик органдарга, сот органдарына, өкмөттүк эмес уюмдарга жана жарандык коомдун башка субъектилерине | Маалымат порталы, жалпыга маалымдоо каражаттары (телекөрсөтүү, радио, гезиттер, Интернет-ресурстар), тренингдерди, "тегерек столдорду", угууларды өткөрүү аркылуу маалыматтын жеткиликтүүлүгүн камсыз кылуу | ТИМ, ФМ, Миграция кызматы | 2019-2021-жылдар | Маалыматтык технологияларды киргизүү жолу менен, эмгек мигранттарын натыйжалуу коргоо | Активдүү пропаганда жүргүзүү жалпыга маалымдоо каражаттары аркылуу (теле жана радио берүү, гезиттер, Интернет-ресурстар) | Каралган бюджеттин чегинде |
|
7.8 | Катышуучу мамлекет өзүнүн экинчи мезгилдүү баяндамасын 2020-жылдын 24-апрелине карата берсин жана ага ушул корутунду сын пикирлерди ишке ашыруу жөнүндө маалыматты киргизсин. Же болбосо катышуучу мамлекет отчет берүүнүн жөнөкөйлөтүлгөн жол-жобосун колдоно алат, ага ылайык ЭМЭК Комитети кийинки баяндамасы берилгенге чейин катышуучу мамлекетке жиберилүүчү суроолордун тизмесин түзөт жана бекитет. Катышуучу мамлекеттин аталган суроолордун тизмесине берилген жооптору Конвенциянын 73-беренеси боюнча анын баяндамасы болуп эсептелет. Мында катышуучу мамлекет өзүнүн баяндамасын салттуу түрдө бербейт. Бул жаңы факультативдик жол-жобо Комитет тарабынан 2011-жылдын апрелиндеги он төртүнчү сессиясында бекитилген (а/66/48, 26-пунктту кара). ЭМЭК Комитети катышуучу мамлекетти өзүнүн кийинки мезгилдүү баяндамасын (же отчет берүүнүн жөнөкөйлөтүлгөн жол-жобосу учурунда баяндама берилгенге чейинки суроолордун тизмесине жоопторду) даярдоодо бардык министрликтердин жана мамлекеттик органдардын кеңири катышуусун камсыздоону жана ошол эле мезгилде жарандык коомду, эмгек мигранттарынын уюмдарын жана укук коргоо уюмдарын кошуп алганда, бардык тиешелүү кызыктар субъектилер менен кеңири консультацияларды өткөрүүнү өтүнөт | Сын пикирлер боюнча маалыматтары менен ЭМЭКке Кезектеги мезгилдүү баяндама даярдалсын. | Миграция кызматы, министрликтер жана ведомстволор, АУКК катчылыгы | 2019-жылдын 4-кварталы | ЭМЭКтин ченемдерин аткаруу боюнча улуттук отчеттун долбоорун иштеп чыгуу | ЭМЭКке Кезектеги мезгилдүү баяндаманы даярдоо боюнча ведомстволор аралык жумушчу топ түзүү жөнүндө Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн чечиминин долбоорун иштеп чыгуу жана аны белгиленген тартипте ӨАга киргизүү. ЭМЭК боюнча иштелип чыккан отчеттун долбоорун Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн чечими менен бекитүү. Мамлекеттик органдардын жана укук коргоо уюмдарынын катышуусу менен баяндаманы талкуулоо боюнча угууларды жана "тегерек столдорду" өткөрүү | Каралган бюджеттин чегинде |
|
ЭМЭКке Кезектеги мезгилдүү баяндаманы даярдоодо бардык профилдик мамлекеттик органдардын катышуусу камсыздалсын | 2020-жылдын 1-кварталы |
| ||||||
8-бөлүм. Экономикалык, социалдык жана маданий укуктар |
| |||||||
1-глава. Билим берүү |
| |||||||
8.1.1 | Жакырчылык менен күрөшүү жана билим берүү системасын өнүктүрүү боюнча өлкөдөгү өзгөчө күч-аракеттерди улантуу, ошондой эле айлана-чөйрөнү коргоо боюнча иш-чараларды өркүндөтүүнү улантуу | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 23-мартындагы № 201 токтому менен бекитилген 2018-2020-жылдарга Кыргыз Республикасында билим берүүнү өнүктүрүү стратегиясын ишке ашыруу боюнча иш-аракеттер планын аткаруу | БИМ, АЧТММ, ӨКМ, Токой агенттиги, ӨЭЖМК, Экотехинспекция | 2019-жыл | - жаратылышты коргоо кодексинин долбоорун иштеп чыгуу; -жаратылышты коргоо инспекцияларынын учурдагы системаларын кайра кароо; - мамлекеттик кызматкерлерди жана жалпы коомчулукту Орхус конвенциясы менен тааныштыруу максатында тиешелүү кесиптик даярдоо жана маалыматтык кампанияларды уюштуруу үчүн мүмкүнчүлүктөрдү камсыздоону караштырган планды иштеп чыгуу; - эл аралык каржылоону жана эл аралык техникалык жардамды алуу үчүн радиоактивдүү калдыктар жана химиялык заттарды улуттук деңгээлде башкаруу боюнча талап кылынган иш-аракеттерди баалоо жана артыкчылык берүү; - айрым адамдарды жана жамааттарды уран калдыктарынын, эски же тыюу салынган пестициддердин, сымаптын жана башка кооптуу калдыктардын зыяндуу таасирлеринен коргоону өз юрисдикцияларынын чегинде күчөтүү | - радиациялык жана ядролук коопсуздук жаатында, ошондой эле химиялык заттар менен булгануу жана аларды башкаруу жаатындагы эл аралык стандарттарга шайкештигине улуттук мыйзамдарды инвентаризациялоо; - химиялык заттарды башкаруу жөнүндө мыйзамдын долбоорун иштеп чыгуу, ал мыйзамдын долбоору кооптуу химиялык продуктуларды колдонуу, ошондой эле аларды башкаруу, ташуу жана утилдештирүү менен шартталган коркунучтардан адамдын ден соолугун сактоо, айлана-чөйрөнү коргоо максатында колдонулуп жаткан ченемдерди, стандарттарды жана жол-жоболорду рационалдаштырууга тийиш; - аталган жергиликтүү жамааттар менен тыгыз консультациялардын жүрүшүндө мурдагы кайсы бир мезгилдерде уранды жана сымап кенин казып алуудан жана кайра иштетүү өнөр жайларынан олуттуу даражада көз каранды болгон айылдарда жана шаарларда социалдык-экономикалык абалды жакшыртууга багытталган программаларды иштеп чыгуу жана ишке ашыруу; - айлана-чөйрөнү коргоого тиешелүү маселелер боюнча коомчулуктун маалыматка жеткиликтүүлүгү жана чечимдерди кабыл алуу процессине катышуусу, сот адилеттүүлүгүнө жеткиликтүүлүк боюнча Конвенцияны ишке ашыруу үчүн толук стратегия/иш-чаралар планын иштеп чыгуу (Орхус конвенциясы); - радиоактивдүү жана уулуу материалдардын жерге сиңип, агып киришинин натыйжасында жер кыртышынын жана суунун булганышын алдын алуу максатында, кароосуз калган шахталарды, уран калдыктарын жана башка калдыктарды реабилитациялоо боюнча иш-аракеттердин толук пландарына ээ болуу | Каралган бюджеттин чегинде |
|
8.1.2 | Катышуучу мамлекеттин аймагында сексуалдык жана репродуктивдүү саламаттык жана тийиштүү укуктар маселеси боюнча жарандардын жаш курагына ылайык келген маалыматын арттырууга болушунча көмөктөшүү; ошондой эле, жеткиликтүү баадагы, коопсуз, заманбап контрацептивдерге жана аял-эркектерге, улан-кыздарга үй-бүлөнү пландоо боюнча маалыматтарга жетүү мүмкүндүгүн кеңейтүү | Үй-бүлөнү пландоо жана репродуктивдүү саламаттыктын маселелери боюнча мектеп окуучуларынын арасында маалыматык-түшүндүрүү иш-чараларын өткөрүү | БИМ, ССМ, ЭСӨМ, ММТМ, КТРК | Дайыма | Өткөрүлгөн иш-чаралардын саны. Маалымат такталар ар бир жалпы билим берүүчү уюмда бар | Тематикалык класстык сааттарды өтүү, дил баян жазуу ж.б. | Каралган бюджеттин чегинде |
|
8.1.3 | Мектептин инфраструктурасына, анын ичинде суу менен камсыздоо, канализация, жылуулук жана электр менен жабдууга карата инвестициялоо жана аны талаптагыдай абалда күтүү боюнча чара көрүү жана мектеп имараттары коопсуздуктун жогорку стандарттарына жооп берүүсүн камсыз кылуу | Имараттардын жана бардык коммуникациялардын мониторингин жүргүзүү жана оңдоп түзөө, калыбына келтирүү иштерин жасоо | ЖӨБО (макулдашуу боюнча), Курулуш агенттиги, ӨКМ, Экотехинспекция | Дайыма | Мектептин инфраструктурасы коопсуздуктун стандарттарына ылайык келет | Мектептин муктаждыктарына жараша оңдоп-түзөө иштерин жүргүзүү | Каралган бюджеттин чегинде |
|
8.1.4 | Рэкет кылгандарды жазалоо менен балдардын жүрүм-турумуна көзөмөлдү камсыз кылуу менен мектептеги рэкетти токтотуу | Мектептеги рэкет фактыларын аныктоо жана алардын алдын алуу боюнча иштерди күчөтүү | ИИМ, БИМ, ЭСӨМ, ЖАМК, ММТМ, КИМК, КТРК | Дайыма | Мектептердеги рэкеттин деңгээлин төмөндөтүү | Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына рэкет менен байланыштуу аракеттерге катуу жоопкерчиликти караштырган ченемдерди киргизүү мүмкүндүгүн изилдөө. Тематикалык класстык сааттар. Дил баян жазуу ж.б. | Каралган бюджеттин чегинде |
|
2-глава. Ден соолук |
| |||||||
8.2.1 | Эмгек мыйзамдарын жана анын эмгекти коргоо жана коопсуздук техникасына карата ишке ашыруунун үзгүлтүксүз инспекцияларын уюштуруу жана саламаттыкты сактоонун бардык кызматтарынын персоналын жана жалдоочуларды окутуу аркылуу текшерүү. Өндүрүштүк жаракат жана кесиптик оорулар болгон учурда жумушчуга жана анын үй-бүлөсүнө тиешелүү деңгээлдеги компенсацияга жетүүнү камсыздоо. Өндүрүштүк жаракат жана кесиптик оорулар болгон учурда төлөнүүчү компенсация боюнча суроо-талаптарга жана даттанууларга көз карандысыз жетүү мүмкүндүгүн түзүү. Эл аралык стандарттарга негизделген көз карандысыз кесиптик кошундарды түзүү процессин демилгелөө | Эмгек мыйзамдарын жана анын эмгекти коргоо жана коопсуздук техникасына карата ишке ашыруунун үзгүлтүксүз инспекцияларын уюштуруу жана персонал менен жалдоочуларды окутуу аркылуу аткарылышын камсыздоо, ошондой эле өндүрүштүк жаракат жана кесиптик оорулар болгон учурларда жумушчу жана анын үй-бүлөсүнүн компенсациянын талаптагыдай деңгээлине жетүүсүн камсыз кылуу | Экотехинспекция, ФМ, ССМ Акыйкатчы (Омбудсмен) (макулдашуу боюнча) | 2019-2021-жылдары | Үзгүлтүксүз инспекциялардын мезгилдүүлүгү жана толуктугу, жалдоочуларды жана бардык кызматтын кызматкерлерин, профсоюздук уюмдарды, КБК ж.б. мамлекеттик жана коомдук органдардын эмгекти коргоого жана коопсуздук техникасына окутуу. Ар бир кызматтын табигый жана өндүрүштүк чөйрөдөгү ыңгайсыз шарттан улам өлүмгө учуроо, жаракат алуу, ооруп калуу жана майыптык учурларынын жыштыгы. Ар бир кызматтын табигый жана өндүрүштүк чөйрөдөгү ыңгайсыз шарттардан улам болгон өлүмдүн, жаракаттардын, оорулардын жана майыптыктын учурларында төлөнө турган компенсациянын, реабилитациялоонун, бекер дарылоонун энчиси | Эмгек мыйзамдарын жана анын эмгекти коргоо жана коопсуздук техникасына карата ишке ашыруунун үзгүлтүксүз инспекцияларын уюштурууга жана саламаттыкты сактоонун бардык кызматтарынын персоналын жана жалдоочуларды окутууга карата талдоо жүргүзүү. Жумушчунун жана анын үй-бүлөсүнүн өндүрүштүк жаракат жана кесиптик оорулар болгон учурда компенсациянын талаптагыдай деңгээлине жетүүнү камсыздоо. Өндүрүштүк жаракат жана кесиптик оорулар болгон учурда төлөнүүчү компенсация боюнча суроо-талаптарды жана даттанууларды кызматкерлер ээн-эркин берүү мүмкүндүгүн түзүү. Эл аралык стандарттарга негизделген көз карандысыз кесиптик кошундарды түзүү процессин демилгелөө | Донорлордун каражаты |
|
8.2.2 | Катышуучу мамлекетке саламаттыкты сактоо сектору үчүн бөлүнө турган техникалык, каржылык жана адам ресурстарынын деңгээлин көтөрүү | Медицина кызматкерлеринин квалификациясын дайыма жогорулатып туруу. Саламаттыкты сактоо сектору үчүн бөлүнө турган техникалык, каржылык жана адам ресурстарынын деңгээлин көтөрүү, динамикада саламаттыкты сактоо тармагынын муктаждыктарына ылайык жардамдын көлөмү кынтыксыз жогорулоодо | ССМ, Акыйкатчы (Омбудсмен) (макулдашуу боюнча), Улутстатком (макулдашуу боюнча) | 2019-2020-жылдар | Саламаттыкты сактоо секторунун өнүгүүсү үчүн берилген жана расмий көрсөтүлгөн жардамдын жалпы көлөмү саламаттыкты сактоого мамлекеттик чыгымдар же улуттук дүң кирешеге карата күмөнсүз жогорулоодо. Алгачкы саламаттыкты сактоонун муктаждыгына бөлүнгөн мамлекеттик чыгашалар. Жалпы медикаменттерге мамлекеттик чыгашалар жана калктын киши башына эссенциалдык дары препараттары. Репродуктивдүү саламаттыгы үчүн калктын киши башына бөлүнгөн мамлекеттик чыгашалар. Балдардын саламаттыгы үчүн калктын киши башына бөлүнгөн мамлекеттик чыгашалар. Эл аралык жардамдын эсебинен жабыла турган негизги медикаменттерге мамлекеттик чыгымдардын үлүшү. Калктын үчтөн бир бөлүгүнүн же калктын максаттуу медикаментке жумшаган үй чарбасынын орточо чыгымдары | Ресурстардын көлөмүн көбөйтүү жана саламаттыкты сактоо кызматынын муктаждыгына бөлүнгөн каражаттарды натыйжалуу колдонууну камсыздоо. Саламаттыкты сактоо тармагында кабыл алынган мыйзамдардын жана саясаттын аткарылышы тууралуу так жана толук маалымат берүү. Калктын ден соолукка укугун ишке ашыруу боюнча Өкмөттүн аракети менен жетишилген жылыштар тууралуу, биринчи баяндамада берилген маалыматка шилтеме кылуу менен Комитетке статистикалык маалыматты берүү | Каралган бюджеттин чегинде жана донорлордун каражаттары |
|
8.2.3 | Саламаттыкты сактоо кызматтарын алууда дискриминациянын мониторингин камсыздоо жана бул принципти бузган саламаттыкты сактоо кызматкерлерине тиешелүү жаза колдонууну камсыздоо | Саламаттыкты сактоо уюмдарынын сапат комитеттери саламаттыкты сактоо кызматтарына жетүүдө дискриминациялануучу топтордо аныкталган пациенттердин кандай болбосун дискриминациясына системалуу мониторингди уюштуруу жана өткөрүү. Дискриминация кылбоо принциптерин бузган саламаттыкты сактоо системасынын кызматкерлери үчүн талаптагыдай жаза колдонуу жана чара көрүүнү камсыздоо (этика комиссиясынын чечими менен моралдык сөгүш жарыялоо, жоопкерчиликтин дисциплинардык, административдик ж.б. түрлөрүнө тартуу). Медициналык кызмат көрсөтүү учурунда дискриминация жана аны жоюу маселелери боюнча медициналык кызматкерлерди кабардар кылуу максатында окутууну, маалымдоону өткөрүү | ССМ | 2019-2021-жж. | ССМде медициналык кызматкерлер тарабынан саламаттыкты сактоо системасында бейтаптарга карата дискриминациялоо жана стигманы жоюу саясаты аныкталды. Медициналык кызмат көрсөтүү учурунда стигма менен дискриминация жана аларды жоюу маселелери боюнча кабардар кылуу максатында медициналык кызматкерлер үчүн жалпы окутуу жана маалымат берүү иштери өткөрүлөт | Эң көп стигма жана дискриминация болгон топторду аныктоочу ССМ буйруктарын жана нускамаларын иштеп чыгуу (КУ, АИВ, онкология, паллиативдик, улгайган адамдар, ДМЧА, турмуштук оор жагдайлардагы балдар, кош бойлуу аялдар, айыл тургундары, СИ, ЛГБТ, зомбулукка, кыйноого кабылгандар, кулчулукка кабылгандар, мигранттар, улуту, дини, жарандыгы, саясий жана башка таандыгы боюнча). Пациенттерге жана медициналык кызматка жетүүгө карата дискриминацияны жоюу | Каралган бюджеттин чегинде |
|
8.2.4 | Бейтаптардын укугу тууралуу маалыматтарды жайылтуу жана дарыгердик ката кеткен учурда тийиштүү компенсацияга жетүү маселесине өзгөчө көңүл буруу менен аны ишке ашыруунун шайкеш механизмдерин камсыздоо | Мыйзамдардын эл аралык медициналык мыйзамдарга ылайык келүүсүн талдоо; бейтаптардын медицинадагы ар бир укугун жана аны ишке ашыруу үчүн аракеттерди кеңири тизмектеп жазуу; пациенттердин укуктары боюнча артыкчылыктуу багыттарды аныктоо (жашоого укук, кыйноолордон, кулчулуктан боштондук, медициналык жана парамедициналык кийлигишүүлөрдүн коопсуздугу, биологиялык активдүү кошулмалар, контрафакттык продукция, оорутпоону шайкеш жасоо, тамак-ашка, таза сууга укук, кармоо талаптарын сактоо жана башка); ар бир саламаттыкты сактоо уюмунда жана дарыкана мекемесинде бейтаптардын укуктары жөнүндө маалымдоону камсыздоо; бейтаптарды жана калкты медициналык кызмат көрсөтүүлөр жана клиникалык стандарттар тууралуу кабардар кылууну камсыздоо; адамдын жана бейтаптын укугу боюнча медицина кызматкерлери үчүн билим берүү программаларын иштеп чыгуу; медициналык кийлигишүүлөрдүн коопсуздугун камсыздоо; дарыгердик ката болгон учурда реабилитациялоону жана компенсациялоо программасын камсыздоо; саламаттыкты сактоодогу коррупциянын деңгээлин төмөндөтүү; медицина кызматкерлеринин укук бузуулары боюнча маалымат базанын болушу жана бейтаптардын укуктарын бузууну талдоого алууну камсыздоо; медициналык ишти камсыздандыруу | ССМ, ММК фонду (макулдашуу боюнча), Акыйкатчы (Омбудсмен) (макулдашуу боюнча), КЭУ (макулдашуу боюнча) | 2019-2020-жылдар | Адам укуктарын коргоо боюнча тиешелүү органдар тарабынан каралып уруксат берилген стандарттарга, медициналык жардамга жетүү укугун бузууга байланыштуу даттануулардын келген үлүшү, ошондой эле ушундай даттануулар боюнча Өкмөт/ССМ тарабынан натыйжалуу чаралар көрүлгөндүгүнүн үлүшү. Адам укуктарын коргоо боюнча тиешелүү органдар тарабынан каралган медициналык мекемелерде ЖМДКга жетүү, жетиштүү тамактануу укугун бузууга байланыштуу келген даттануулардын саны, ошондой эле Өкмөт/ССМ тарабынан натыйжалуу чаралар көрүлгөн ушундай даттануулардын саны | Дарыгердик ката кеткен учурда тийиштүү компенсацияга жетүү боюнча көрүлгөн чаралардын жана алардын жыйынтыктарынын же өткөрүлгөн иш-чаралардын серебине ССМ даярдыгы; Медициналык жардамдын стандарттарын медициналык программаларды иштеп чыгуу. Калктын жана бейтаптардын медициналык кызмат көрсөтүүлөрдүн сапатына даттануусунун мониторингин жүргүзүү | Каралган бюджеттин чегинде |
|
8.2.5 | Бардык аялдарга жана кыздарга, өзгөчө айыл жергесинде жашагандарга базалык медициналык кызмат көрсөтүүлөргө жетүүсүн кеңейтүү | Калктын бардык сегменттерин, өзгөчө айылдагы аялдарды медициналык жактан жеткиликтүү жана шайкеш камсыздоо. Медициналык кызмат көрсөтүүлөрдө гендердик факторлор, анын ичинде айыл жергесиндеги аялдар эске алынып жатканына ынануу үчүн толук контролдоону камсыздоо. Саламаттыкты сактоо тармагындагы программалардын жана саясаттын бардык тармактарында гендердик факторлорду эске алууну камсыздоо үчүн № 24 жалпы сунуштарын колдонуу. Айыл жергесиндеги аялдарга тийиштүү маселелер боюнча кеңири маалымат чогултууну камсыздоо жана айыл жергесиндеги аялдардын ден соолугу тууралуу баарын камтыган - жаш курагын, ооруга чалдыгуу белгилери боюнча өзүнчө бөлүү менен статистикалык маалыматты берүү | ССМ, ЖӨБО (макулдашуу боюнча) Райадминистрациялар (макулдашуу боюнча) | 2019-2020-жылдар | - квалификациялуу медициналык персонал кабыл алган төрөттөрдүн салыштырмалуу саны; - негизги жана жардамчы медициналык персоналдан жана тиешелүү дарылоо мекемелеринен алыста жашаган калктын максаттуу үлүшү; - саламаттыкты сактоонун баштапкы деңгээлинде медициналык персоналдын, ооруканадагы койкалардын жана башка тейлөө каражаттарынын жыштык көрсөткүчү | Айылда жана шаарда жашаган аялдар жана кыздар базалык медициналык кызмат көрсөтүүлөргө, ошону менен катар альтернативдик кызмат көрсөтүүлөргө жана социалдык тапшырыктарга тең укукта мүмкүнчүлүгү бар | Каралган бюджеттин чегинде |
|
8.2.6 | КАК катышуучу мамлекетке дарылоо каражаттарын жетиштүү өлчөмдө жеткирүүгө көмөктөшүү максатында бардык мекемелердин муктаждыгын жалпы улуттук баалоону токтоосуз жүргүзүүнү сунуштайт. Абак бейтапканаларынын начар шарттарын оңдоо жана эскирген жабдууларын жаңылоо маселесин тез арада чечүү зарыл | ЭКАК, УКЖ, ЖАМК жана башка медициналык отчетторду колдонуу менен дары каражаттары (ДК), медициналык багыттагы буюмдар (МББ), медициналык жабдуулар бардык жабык жана жарым-жартылай жабык мекемелерде оорулардын жайылышы боюнча муктаждыгын баалоо тууралуу ар тараптуу кырдаалдык талдоо жүргүзүү. Жабык жана жарым-жартылай жабык мекемелерде саламаттыкты сактоонун программаларын аткаруунун мониторингин камсыздоо жана оорулардын жайылышына ылайык жабык жана жарым-жартылай жабык мекемелерде саламаттыкты сактоонун баштапкы деңгээли үчүн медициналык кызмат көрсөтүүлөрдүн минимумдук стандарттарынын көлөмүнүн алкагында жана ДК/МББ/меджабдуулар медикаменттерине муктаждыкты жана көлөмүн баалоону камтуучу иш-аракеттердин планын иштеп чыгуу. ДК/МББ каржылоо булактарын жана бюджетин аныктоо. ДК/МББ кыймылын контролдоо жана отчет алып турууну камсыздоо. Медициналык жардамга жана жашоого маанилүү дары-дармектерге тоскоолсуз жетүү механизмдерин түзүү. Башка системадагы медициналык кызматкерлерди далилдүү медицинага, ЖМДКТга, клиникалык протоколдорго жана колдонмолорго негизделген медикаментоздук терапиянын заманбап ыкмаларына окутуу, диагностиканын, дарылоонун эскирген жана негизсиз ыкмаларынан толук жана биротоло баш тартуу ж.б. Бардык жабык жана жарым-жартылай жабык мекемелерде багып кароо шарттарына ревизия жүргүзүү. ИИМдин убактылуу камоочу жайларында кармоо шарттарын оптималдаштыруу боюнча ЭКАК тажрыйбасын жана отчетун колдонуу. Ведомстволор аралык комиссия ССМ отчетторунун негизинде кармоо шарттары адам чыдагыс УКЖ жана тергөө изоляторлорун жабуу | ССМ, ЖАМК, Кыйноолорду алдын алуу УБ (макулдашуу боюнча), Акыйкатчы (Омбудсмен) (макулдашуу боюнча) | 2019-2020-жылдар | Талаптагыдай медициналык жардамга жана медициналык камсыздоого жетүү боюнча конкреттүү кадамдык кийлигишүүлөрү менен иш-аракеттердин ведомстволор аралык планы түзүлгөн, анын ичинде: - саламаттыкты сактоонун улуттук программаларын саламаттыкты сактоонун башка системаларында да ишке ашыруу маселелери; - оорулардын жайылышына ылайык жабык жана жарым-жартылай жабык мекемелерде саламаттыкты сактоонун баштапкы деңгээли үчүн медициналык кызмат көрсөтүүлөрдүн минимумдук стандарттарынын көлөмүнүн алкагында жана ДК/МББ/меджабдуулар медикаменттерине муктаждыкты жана көлөмүн баалоо; - ар бир мекеме үчүн оорулардын таркалышы аныкталган жана ДК/МББ/ меджабдуунун каржылоо булактары жана бюджети аныкталган; - ДК/МББ/меджабдуулардын кыймылын контролдоо жана отчет алып туруу системалуу тартипте ишке ашырылууда; - Медициналык жардамга жана жашоого маанилүү дары-дармектерге тоскоолсуз жетүү механизмдери түзүлдү; бардык медициналык документация талаптагыдай жүргүзүлөт, зомбулукка даттанууларда белгиленген үлгүдөгү форма толтурулат, Башка системадагы медициналык кызматкерлерди далилдүү медицинага, ЖМДКТга, клиникалык протоколдорго жана колдонмолорго негизделген медикаментоздук терапиянын заманбап ыкмаларына окутуу өткөрүлөт, - саламаттыкты сактоонун башка системасынын медкызматкерлеринин дайындоолору улуттук медициналык стандарттарга ылайык келет; - бардык жабык жана жарым-жартылай жабык мекемелердеги кармоо шарттары ченемдик укуктук актыларга, жалпы кабыл алынган ченемдерге шайкеш келиши текшерилди; - ведомстволор аралык комиссиянын чечиминин негизинде шарттары адам чыдагыс УКЖ жана тергөө изоляторлору жабылды же оптималдаштырылды | Тиешелүү иш-чаралар: ЖАМКтын медициналык бөлүктөрү ССМ алдына өткөрүп берүү боюнча Концепция жана План иштелип чыкты. Тейлөө жана анализ жүргүзүлүп, кенен мүмкүндүктө жарыяланды жана ыйгарым укуктуу органдарга билдирилди | Каралган каржынын чегинде жана ММКФ камсыздандыруу каражаттары менен |
|
8.2.7 | КАК Чым-Коргондогу бейтаптардын жашоо шартын жакшыртууну жана № 10 бөлүмдү кечиктирбей жабууну сунуштайт. Ошондой эле КАК Чым-Коргондогу оорукананы жана башка психиатриялык мекемелерди эмгектенүү жана эс алуу үчүн шайкеш шарттары бар ачык мекеме кылып кайра уюштурууну сунуштайт. КАК психикалык саламаттыкты сактоо секторуна шайкеш адамдык жана финансылык ресурстарды бөлүп берүүнү жана квалификациялуу психиатрларды жалдап алууну камсыздоо тууралуу сунушун берет | Психиатриялык мекемелерди талаптагыдай эмгектенүү жана эс алуу шарттары бар ачык мекеме кылып пландуу которуу боюнча конкреттүү сунуштарды иштеп чыгуу жана Өкмөттүн Аппаратына киргизүү. Психикалык саламаттыкты сактоо секторуна финансылык ресурстарды эсептөө менен деталдуу планды даярдоо. Психиатриялык стационарларда иштөөнүн өзгөчөлүктөрүн жана укуктарын билүүсү боюнча медкызматкерлерди аттестациядан өткөрүү. Психиатриялык кызмат көрсөтүүнү пайдаланган адамдар жана бейтаптар менен медкызматкерлердин жаман мамилесине даттанууда кызматтык териштирүүлөрдү өткөрүүнү камсыздоо жана күнөөлүү адамдарды жоопко тартуу чараларын жана бейтаптарга жаман мамиле жасабоого багытталган башка чараларын көрүү. Менчигинин түрүнө жана ведомстволук таандыгына карабай психиатриялык стационарларда адамдарды кармоонун шарттары боюнча эрежелерди жана ченемдерди жүзөгө ашырууну камсыздоо | ССМ, ЖАМК, Акыйкатчы (Омбудсмен) (макулдашуу боюнча) | 2019-жыл | Психиатриялык мекемелерди талаптагыдай эмгектенүү жана эс алуу шарттары бар ачык мекеме кылып пландуу которуу боюнча конкреттүү сунуштар ӨА берилди. Психикалык саламаттыкты сактоо сектору үчүн финансылык ресурстарды эсептөө менен план даярдалды. Психиатриялык кызмат көрсөтүүнү пайдаланган адамдар жана бейтаптар менен медкызматкерлердин жаман мамилесине даттанууда өткөрүлгөн кызматтык териштирүүлөрдүн саны. Менчигинин түрүнө жана ведомстволук таандыгына карабай психиатриялык стационарларда адамдарды кармоонун шарттары боюнча эрежелерди жана ченемдерди жүзөгө ашыруу системалуу түрдө камсыздалат | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-2030-жылдары психикалык саламаттыкты сактоо боюнча программасы жана Программаны ишке ашыруу боюнча планы. Программаны ишке ашыруу боюнча жылдык отчеттор | Каралган бюджеттин чегинде жана ММКФнын камсыздандыруу каражаттарынын, донорлордун тартылган каражаттарынын алкагында |
|
8.2.8 | КАК "Кыргыз Республикасынын калкынын 2001-2010-жылдардагы психикалык саламаттыгы" боюнча улуттук программаны жаңылоону тийиштүү бийликтерге сунуштоо менен бул программанын натыйжалуу аткарылышына зарыл болгон финансылык ресурстарды бөлүүнү камсыздоого жана психикалык саламаттыкты коргоонун коомдук системасын түзүүгө чакырат | Психиатриялык кызматты реформалоо жана кайра уюштуруу боюнча конкреттүү чараларды камтыган эл аралык ченемдерде жана улуттук мыйзамдарга, адам укуктарын сактоо принциптерине негизделген Кыргыз Республикасынын психиатриялык кызмат көрсөтүүсүн өнүктүрүү программасын иштеп чыгуу. Илимий-негиздүү практикага жана далилдүү медицинага негизделген психиатриялык жардамдын медициналык стандарттарын иштеп чыгуу. Менчигинин түрүнө жана ведомстволук таандыгына карабай, саламаттыкты сактоо уюмдарында психикалык оорулардын диагностикасынын жана дарылоонун эскирген, негизделбеген түрлөрүнө тыюу салуу | ССМ, ЭСӨМ, Акыйкатчы (Омбудсмен) | 2019-2020-жылдар | Илимий негиздүү практикага жана далилдүү медицинага негизделген психиатриялык жардамдын медициналык стандарттарынын, клиникалык протоколдордун жана колдонмолордун саны. Өлкөдөгү жана региондордогу психолог, психиатрлардын муктаждыгына баалоо жүргүзүлдү. Өлкөдөгү жана региондордогу психологдордун, психиатрлардын саны | КРда психиатриялык кызмат көрсөтүүнү өнүктүрүү программасы психиатриялык кызматты реформалоо жана кайра уюштуруу боюнча конкреттүү чараларды камтыйт, эл аралык ченемдерге жана улуттук мыйзамдарга, адам укуктарын сактоо принциптерине негизделет жана ишке ашырылат. Илимий-негиздүү практикага жана далилдүү медицинага негизделген психиатриялык жардамдын медициналык стандарттары иштелип чыкты | Каралган бюджеттин жана ММКФнын камсыздандыруу каражаттарынын чегинде |
|
3-глава. Айлана-чөйрө |
| |||||||
8.3.1 | Уран калдыгы, уулуу таштанды, эскирген же тыюу салынган пестициддер жана сымап таштандыларынын объектилерине жакын жайгашкан миңдеген адамдардын укугун коргоо боюнча эл аралык коомчулуктун көмөк көрсөтүүсү жана колдоосу менен приоритеттүү тартипте бардык тиешелүү чараларды көрүүнү сунуштайт. Мындай чаралар уулуу жана радиоактивдүү материалдарды жуугандын жана сууга агып кирүүсүнүн натыйжасында жер кыртышынын жана суунун булгануусунун алдын алуу максатында туруктуу органикалык булгоочуларды камтыган кыйла коркунучтуу уран калдыктарын жана пестициддерди ишенимдүү сактоо жайларына көчүрүүнү жана уран калдыктарынын каралбай калган шахталарын жана сактоочу жайларын реабилитациялоону камтууга тийиш | Курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы мамлекеттик агенттигинин уран калдыктарынын, пестициддердин жана туруктуу органикалык булгоочулардын, радиоактивдүү, коркунучтуу калдыктардын ордун которуу боюнча долбоорлорунун аткарылышын координациялоо | Токой агенттиги, ӨКМ, ССМ, АЧТММ, Экотехинспекция, ОЭЖМК | 2019-2020-жылдар | Уран калдыктарынын, пестициддердин жана туруктуу органикалык булгоочулардын, радиоактивдүү, коркунучтуу калдыктардын ордун которуу боюнча долбоорлорду координациялоо | Глобалдуу, жергиликтүү экологиялык опурталды азайтуу боюнча тиешелүү укуктук ченемдик актыларды иштеп чыгуу | Каралган бюджеттин чегинде |
|
8.3.2 | Өнөр жай калдыктары менен булгануу деңгээлин кыскартуу жана айрым пестициддерди колдонууга тыюу салуу | Пестициддерди колдонуу, сактоо жана сатуу чөйрөсүндөгү ченемдик укуктук актыларга жана бул чөйрөдөгү жүктөлгөн жоопкерчиликке талдоо жүргүзүү. Иш-аракеттер планын иштеп чыгуу | Экотехинспекция, АЧТММ, Токой агенттиги, ССМ, ӨКМ | 2019-2020-жылдар | Иш-аракеттер планы иштелип чыкты | Стокгольм конвенциясын аткаруу боюнча иш-аракеттер планын кабыл алуу | Каралган бюджеттин чегинде |
|
8.3.3 | Радиоактивдүү жана коркунучтуу калдыктар, ошондой эле тыюу салынган пестициддерди сактоо боюнча иштеп жаткан объекттер калктын булганган материалдарды санкцияланбаган түрдө колдонуусунун алдын алуу максатында айланасы тосулуп, эскертүүчү белгилер коюлуп, куралдуу күзөт менен контролдонууга тийиш | Кооптуу объекттердин (эскирген пестициддер көмүлгөн жайлар, кооптуу таштандылар көмүлгөн полигондор ж.б.) экологиялык опурталын азайтуу боюнча аракеттерди координациялоо, уюштуруу жана ага катышуу | Токой агенттиги, АЧТММ, ӨКМ, ОЭЖМК, ССМ, Экотехинспекция, ЖӨБО (макулдашуу боюнча) | 2019-жыл | Кооптуу объекттердин экологиялык опурталы азайды | Радиоактивдүү жана коркунучтуу калдыктарды, ошондой эле тыюу салынган пестициддерди коопсуз көмүү боюнча тиешелүү чараларды көрүү. Долбоордук документтерди иштеп чыгуу, көмүлгөн жердин тосмосун оңдоо, саркофагдарды суу өткөрбөгөн пленка менен жабуу жана топурак төгүү. Суу топтомо траншеяларды жасоо. Эскертүүчү белгилер менен камсыздоо жана аймакты контролдоо | Каралган бюджеттин чегинде |
|
9-бөлүм. Басмырлоо менен күрөшүү |
| |||||||
9.1 | ЛГБТ коомуна кирген адамдарга карата басмырлоонун жана зомбулуктун алдын алуу үчүн бардык зарыл болгон чараларды көрүү | Басмырлоонун бардык формаларынан адамды коргоонун укуктук механизмдерин жана инструменттерин пайдалануу боюнча сотторду жана укук коргоо органдарынын кызматкерлерин окутуу | ИИМдин окуу борборлору, БП (макулдашуу боюнча), ЖС караштуу САЖМ, ЖАМК (макулдашуу боюнча) | Дайыма | Адам укугу жаатындагы билимди жогорулатуу жана ЛГБТ коомуна кирген адамдарга карата сабырдуулуктун деңгээлин өстүрүү | Түшүндүрүү программаларын, окутуу семинарларын, маалыматтык кампанияларды өткөрүү | Каралган бюджеттин чегинде |
|
9.2 | Катышуучу мамлекет басмырлоо жөнүндө ишенимдүү жана ачык маалыматтарды системалуу топтоону жана алардын компетенттүү сот бийлиги тарабынан каралуусун камсыздоосу зарыл | Басмырлоо боюнча иштер жөнүндө маалыматтарды топтоо системасын иштеп чыгуу жана киргизүү | ЖС (макулдашуу боюнча), ЭСӨМ, ЖӨБ жана этностор агенттиги, БП (макулдашуу боюнча), Улутстатком (макулдашуу боюнча) | Дайыма | Басмырлоо боюнча иштер жөнүндө маалыматтарды топтоо механизми иштелип чыккан | Жашы жете электерге, үй-бүлөлүк зомбулукка карата жазык иштерин кароо боюнча Кыргыз Республикасынын сотторунун иши жөнүндө отчет берүүнүн иштеп жаткан формасына кошумча басмырлоого карата жазык иштери жөнүндө статистикалык отчет берүүнүн жаңы формасын иштеп чыгуу | Каралган бюджеттин чегинде |
|
9.3 | Басмырлоого учураган диний азчылыктарды коргоо боюнча кошумча чараларды көрүү. Дискриминацияга учураган маданий жана этностук азчылыктарды коргоо боюнча кошумча чараларды көрүү | Чыңалууга алып келген конфессия аралык мамилелерде келип чыккан проблемаларга карата ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу уюмдарынын натыйжалуу таасир көрсөтүүсүнүн, ошондой эле бул органдардын өз убагында кабарлоосунун жана алардын бул чакырыктарга жана кооптуулуктарга жооп берүүсүнүн механизмдеринин чараларын көрүү. Жергиликтүү коомчулукта жаралып жаткан карама-каршылыктарды эрте аныктоо системасын, конфликттердин эрте баскычында алдын алуу механизмдерин иштеп чыгуу. Мамлекеттик органдардын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын, жарандык коомдун, диний конфессиялардын ортосундагы өз ара аракеттенүүнү жөнгө салуу боюнча кадамдарды, ошондой эле улуттар аралык жана диний негиздеги конфликттерге карата биргелешип чара көрүүнүн жолдорун караштыруу | 1. ДИМК (макулдашуу боюнча), ИИМ, УКМК, Бишкек, Ош шаарларынын мэриялары (макулдашуу боюнча). 2. ЖӨБ жана этностор агенттиги, ИИМ, УКМК, Бишкек, Ош шаарларынын мэриялары (макулдашуу боюнча) | 2019-2021-жылдар | Толеранттуулукту жогорулатуу, диний негиздеги конфликттердин санын кыскартуу. Келип чыккан конфликттерге карата мамлекеттик органдардын өз убагында жооп кылуусун камсыздоо | Конфессия аралык чыңалууларга жооп кылуу жана борбордук, региондук, жергиликтүү деңгээлде диний негиздеги карама-каршылыктарды эрте аныктоону жана конфликттердин алдын алууну камсыздоочу конкреттүү проблема жөнүндө ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдарды маалымдоо боюнча көз карандысыз эксперттерди тартуу менен тиешелүү нускамаларды, тартипти иштеп чыгуу | Каралган бюджеттин чегинде |
|
10-бөлүм. Негизги эркиндиктер |
| |||||||
1-глава. Тынч чогулуштардын жана биригүүлөрдүн эркиндиги |
| |||||||
10.1 | Тынч чогулуштардын жана ассоциациялардын эркиндикке болгон укугу жөнүндө маселе боюнча атайын баяндамачы менен натыйжалуу кызматташуу | Атайын баяндамачы менен Кыргыз Республикасынын тиешелүү министрликтеринин жана ведомстволорунун натыйжалуу өз ара аракеттерин камсыздоо | ТИМ, ИИМ | Дайыма | Атайын баяндамачы менен кызматташуунун деңгээлин жогорулатуу | Атайын баяндамачы менен Кыргыз Республикасынын тиешелүү министрликтеринин, ведомстволорунун натыйжалуу байланышын камсыздоо. Атайын баяндамачыга тынч чогулуштардын жана ассоциациялардын эркиндигине болгон укугу жөнүндө маселе боюнча Кыргыз Республикасына жумушчу сапарды (барууну) уюштурууга көмөктөшүү жана колдоо, Атайын баяндамачынын мүмкүн болуучу сунуштарын мындан ары да аткаруу | Каралган бюджеттин чегинде |
|
10.2 | ЖСУЭПке ылайык чогулуштардын жана ассоциациялардын эркиндигин камсыздоо | Тынч чогулуштарды өткөрүүдө коомдук тартипти камсыздоо. Тынч чогулуштарды өткөрүүгө уруксат берүүдө, жерин тактоодо шайлоо мамилесине жол бербөө | ИИМ, ЖӨБО (макулдашуу боюнча), ЖС (макулдашуу боюнча) | Дайыма | ЖСУЭПти сактоо | Тынч чогулуштарды жана ассоциацияларды өткөрүүдө коомдук тартипти камсыздоо боюнча толук чараларды көрүү. Тынч чогулуштар маселелери боюнча айрым жана жалпысынан башка багыттар боюнча БУУнун Атайын баяндамачысы менен коммуникация жүргүзүүнүн тартиби жөнүндө нускаманы (жоболорду) иштеп чыгуу жана кабыл алуу жөнүндө маселени кароо | Каралган бюджеттин чегинде |
|
10.3 | ЖСУЭПтин 19-беренесине жана АУК тарабынан кабыл алынган жалпы тартиптеги № 34 "Ойду, пикирди эркин билдирүү жөнүндө" эскертүүлөргө ылайык журналисттердин, укук коргоочулардын жана башка адамдардын оюн, пикирин эркин билдирүүгө болгон укугун ишке ашыруу мүмкүндүгүнө ээ болуусун мүчө мамлекеттин камсыздоосу зарыл | Укук коргоочуларды жана журналисттерди кесиптик ишине байланыштуу негизсиз куугунтукка алуудан коргоо, анын ичинде жазык жана жарандык сот өндүрүшүнүн тартиби боюнча мүмкүн болгон бардык чараларды көрүү | ӨА, БП (макулдашуу боюнча) | Дайыма | Укук коргоочуларга жана журналисттерге карата жазык жана жарандык иштеринин санын кыскартуу | Кыргыз Республикасынын соттору тарабынан укук коргоочулардан жана журналисттерден ар-намысты жана абийирди, ишмердик репутацияны коргоо боюнча берилген акыркы доо талаптардын негизинде акчалай өндүрүү жөнүндө маселени жөнгө салууга карата укуктук механизмдерди иштеп чыгуу | Каралган бюджеттин чегинде |
|
10.4 | Катышуучу мамлекет ЖМК жана саясатчылар тарабынан басмырлоо жана адамды жек көрүү мүнөзүндөгү билдирүүлөр боюнча чечкиндүү чара көрүүсү керек | Саясатчылардын ЖМК аркылуу жана коомдук билдирүүлөрүндөгү басмырлоонун ар кандай түрүнүн белгилери бар сөздөрүнө прокурордук көзөмөлдү күчөтүү. Саясатчылардын басмырлоо мүнөзүндөгү коомдук билдирүүлөрүнө карата саясий жоопкерчиликти күчөтүү | БП (макулдашуу боюнча) | Туруктуу | Саясий маданиятты жана жоопкерчиликти күчөтүү | Саясий ишмерлердин басмырлоонун ар кандай түрүнүн белгилерин камтыган билдирүүлөрү жана ЖМК маалыматтарына мониторинг жүргүзүү жана прокуратура органдарынын тиешелүү актылары аркылуу таасир көрсөтүү | Бюджеттин чегинде |
|
10.5 | "Дин жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамын диний эркиндикти камсыздоо максатында эл аралык стандарттарга ылайык карап чыгуу | "Кыргыз Республикасындагы дин тутуу эркиндиги жана диний уюмдары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамын эл аралык стандарттарга ылайык келтирүү | ДИМК (макулдашуу боюнча) | 2019-2020-жылдары | Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын эл аралык стандарттарга ылайык келтирүү | "Кыргыз Республикасындагы дин тутуу эркиндиги жана диний уюмдары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамын эл аралык стандарттарга ылайык келтирүү боюнча жумушчу топ түзүү | Каралган бюджеттин чегинде |
|
11-бөлүм. Улуттук укук коргоочу мекемелер |
| |||||||
11.1 | Катышуучу мамлекет Кыргызстандын Омбудсменине эмгек-мигранттарынын жана алардын уй-бүлө мүчөлөрүнүн укуктарын коргоо жана натыйжалуу сыйлоо үчүн Конвенцияга ылайык кеңири мандатты берүүсү керек. Мындан сырткары, Комитет мүчө мамлекетке Омбудсмендин башкармалыгына бул мандатты натыйжалуу аткаруусуна талаптагыдай колдоо көрсөтүүгө мүмкүндүк берүүнү сунуштайт | Тышкы эмгек-мигранттарын жана алардын үй-бүлө мүчөлөрүн коргоо максатында Омбудсмен институтун финансылык колдоону көбөйтүү жана (же) Омбудсмендин чет өлкөдөгү ыйгарым укуктуу өкүлчүлүктөрүн түзүү мүмкүндүгүн карап чыгуу | Акыйкатчы (Омбудсмен) (макулдашуу боюнча) | 2019-2020-жылдар | Эмгек-мигранттарынын (тышкы) жана алардын үй-бүлө мүчөлөрүнүн укугун коргоо максатында Омбудсмен аппаратынын кызматкерлеринин командировкалык чыгымдарын финансылык камсыздоо, же болбосо эмгек-мигранттарынын (тышкы) жана алардын үй-бүлө мүчөлөрүнүн укугун коргоо максатында Омбудсмен институтунун түзүмүн чет өлкөдө түзүмдүк ыйгарым укуктуу өкүлчүлүктөрүн түзүү менен реформалоо | Омбудсмен институтун каржылоонун көлөмүн көбөйтүү жөнүндө маселени кароо жана (же) Омбудсмен институтун реформалоо | Каралган бюджеттин чегинде |
|
11.2 | Катышуучу мамлекет Омбудсмендин мандатын кечиктирилгис түрдө Париж принциптерине толук ылайык келтирүүсү жана мандатын натыйжалуу жана көз карандысыз аткаруу үчүн ага зарыл болгон финансы жана адам ресурстарын берүүсү зарыл | "Кыргыз Республикасынын Омбудсмени (Акыйкатчысы) жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамын Париж принциптерине ылайык келтирүү: талдоо жүргүзүү, өзгөртүүлөрдү киргизүү; эксперттик жумушчу топ түзүү, "тегерек столдорду" өткөрүү, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешиндеги угууларды уюштуруу | Акыйкатчы (Омбудсмен) (макулдашуу боюнча) | 2019-2020-жылдар | "Кыргыз Республикасынын Омбудсмени (Акыйкатчысы) жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамы Париж принциптерине ылайык келет. Кыргыз Республикасынын Омбудсмен институтуна "А" статусу ыйгарылды жана эмгек мигранттарынын укугун натыйжалуу коргоо камсыздалды | "Кыргыз Республикасынын Омбудсмени (Акыйкатчысы) жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө мыйзам долбоорун иштеп чыгуу | Каралган бюджеттин чегинде |
|
12-бөлүм. Укук коргоочулар |
| |||||||
12.1 | Укук коргоочулардын абалы жөнүндө БУУнун Атайын баяндамачы менен натыйжалуу иштешүү | Укук коргоочулардын абалы боюнча БУУнун Атайын баяндамачысынын Кыргыз Республикасына жумушчу сапар менен келүү маселесин кароо. Укук коргоочулардын укугун бузуу боюнча Атайын баяндамачыга түшкөн маалыматтарга талдоо жүргүзүү | АУКК, ТИМ | 2019-2021-жылдар | Визиттин жыйынтыгы боюнча келип түшкөн Атайын баяндамачынын сунуштарын ишке ашыруунун башталышы | Укук коргоочулардын абалы боюнча БУУнун Атайын баяндамачысынын Кыргыз Республикасына визитин даярдоо боюнча маселени иштеп чыгуу | Каралган бюджеттин чегинде |
|
13-бөлүк. Мыйзамдар жана институттук түзүлүштөр |
| |||||||
13.1 | Адам укуктары жаатындагы бардык мыйзам актыларынын эл аралык милдеттенмелерге толук шайкеш келүүсүн камсыздоо боюнча чараларды көрүү | (1) Кеңейтилген жумушчу топту түзүү, аялдардын, балдардын жана ДМЧ адамдардын укуктары жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын инвентаризациялоо боюнча адистерди жумушчу топтун курамына кошуу. (2) Инвентаризациялоо боюнча кеңейтилген жумушчу топ адам укуктары жаатындагы мыйзам актыларынын эл аралык ченемдерге шайкеш келүүсүн талдоо | Министрликтер жана ведомстволор ЮМ | 2019-2020-жылдар | Улуттук мыйзамдар эл аралык ченемдерге шайкеш келет | Ченемдик укуктук актыларды инвентаризациялоо иштеринин алкагында министрликтер жана ведомстволор мыйзамдардын эл аралык ченемдерге шайкеш келишине талдоо жүргүзсүн жана инвентаризациялоо боюнча жумушчу топтун кароосуна киргизсин | Каралган бюджеттин чегинде |
|
13.2 | Парламенттеги юридикалык консультанттарга мыйзамдардын долбоорлорун жана саясатты кароону, жарандык коомдун жана эл аралык коомчулуктун алкагында эксперттердин салымын пайдаланууну, ошондой эле адам укуктары жаатындагы эл аралык милдеттенмелерге шайкеш келбеген мыйзамдарды кабыл алууга каршы турууну тапшыруу. Укук коргоочулардын ишин коомдун айрым адамдарынын, топторунун жана органдарынын жалпыга таанылган адам укуктарын жана негизги эркиндиктерин сыйлоого жана коргоого укуктары жана милдеттери жөнүндө декларациянын жоболоруна ылайык жүргүзүү мүмкүндүгүн чектей турган мыйзамдарды кабыл албоо | Экспертиза жүргүзүү үчүн адамдын, аялдардын, балдардын жана ДМЧ адамдардын укуктары боюнча адистерди тартуу менен бардык мыйзам долбоорлоруна жана улуттук программаларга укуктук, укук коргоочулук, коррупцияга каршы, гендердик, экологиялык экспертизаларды милдеттүү түрдө жүргүзүүнү камсыздасын | Министрликтер жана ведомстволор | 2019-2020-жылдар | Тиешелүү экспертиза жүргүзүлгөн мыйзам долбоорлору адам укуктарынын эл аралык стандарттарына шайкеш келет | Адисти же маселе боюнча компетенттүү экспертти тартуу менен мыйзам долбоорлоруна жана мыйзам алдындагы актыларга экспертиза жүргүзүү | Каралган бюджеттин чегинде |
|
14-бөлүк. Сот адилеттигин ишке ашыруу |
| |||||||
14.1 | Өлкөдөгү сот реформасын улантуу | "2019-2021-жылдарга карата сот системасын өнүктүрүү" мамлекеттик максаттуу программаны иштеп чыгуу жана долбоордо төмөнкүлөрдү кароо: 1) сот системасынын реалдуу көз карандысыздыгына жетишүү; 2) сот системасынын ачыктыгына жана отчёттуулугуна жетишүү; 3) соттордун натыйжалуулугуна жана жеткиликтүүлүгүнө жетишүү; 4) коомчулук тарабынан сотторго карата ишенимге жетишүү | ЖС (макулдашуу боюнча), ЖС алдындагы Сот департаменти (макулдашуу боюнча), ЖС караштуу САЖМ (макулдашуу боюнча), Соттор кеңеши (макулдашуу боюнча), Сотторду тандоо боюнча кеңеш (макулдашуу боюнча) | 2019-2020-жылдар | Соттордун айкын көз карандысыздыгына жетишилди | "2019-2021-жылдарга карата сот системасын өнүктүрүү" мамлекеттик максаттуу программаны иштеп чыгуу боюнча жумушчу топту түзүү | Каралган бюджеттин чегинде |
|
14.2 | Ювеналдык юстиция системасын өркүндөтүүнү улантуу | 2019-жылга мамлекеттик программаларды ишке ашыруу боюнча тематикалык семинарлардын планына ювеналдык юстиция чөйрөсүндөгү эл аралык стандарттар жана улуттук мыйзамдар боюнча Кыргыз Республикасынын судьялары үчүн окутууларды өткөрүүнү киргизүү | ЖС караштуу САЖМ (макулдашуу боюнча) | 2019-2020-жылдар | 50 адам окуудан өттү, анын ичинде КРнын 25 судьясы, жергиликтүү соттордун аппараттарынын 25 кызматкери | Ювеналдык юстиция чөйрөсүндөгү эл аралык стандарттар жана улуттук мыйзамдар боюнча окутуучу семинарларды өткөрүү | Бюджеттин жана донордук каражаттардын чегинде |
|
14.3 | Бардык бийлик бутактары жана сот органдары Конвенция, анын Факультативдик протоколу жөнүндө, ошондой эле Комитеттин жалпы сунуштамалары тууралуу тийиштүү деңгээлде билүүсүн жана алардын жоболорун гендердик теңчиликти жана аялдардын абалын жакшыртууну камсыздоого багытталган саясатты жана сот чечимдерин, мыйзамдарды иштеп чыгууда негиз катары колдонуусун камсыздоо | 2019-жылга мамлекеттик программаларды ишке ашыруу боюнча тематикалык семинарлардын планына гендердик теңчилик чөйрөсүндөгү эл аралык стандарттар жана улуттук мыйзамдар боюнча Кыргыз Республикасынын судьялары үчүн окутуу киргизилди, тактап айтканда: гендердик басмырлоо жана зомбулук боюнча Кыргыз Республикасынын судьяларынын потенциалын жогорулатуу. Үй-бүлөлүк зомбулук жана коргоочу соттук ордер. (Каржыланган учурда пландалган иш-чара ишке ашырылат) | ЖС караштуу САЖМ (макулдашуу боюнча) | 2019-2020-жылдар | 50 адам окуудан өттү, анын ичинде КР 25 судьясы, жергиликтүү соттордун аппараттарынын 25 кызматкери | Гендердик теңчилик чөйрөсүндөгү эл аралык стандарттар жана улуттук мыйзамдар боюнча окутуучу семинарларды өткөрүү | Бюджеттин жана донордук каражаттардын чегинде |
|
14.4 | Өлкө ошондой эле судьяларды жана прокурорлорду тийиштүү деңгээлде кесиптик даярдоо үчүн мүмкүндүктү түзүү жолу менен экологиялык кылмыштар үчүн издөө жана жазалоо жаатында өзүнүн потенциалын жогорулатуусу керек | Орхусс конвенциясы боюнча Кыргыз Республикасынын судьяларын окутуу (Каржыланган учурда пландалган иш-чара ишке ашырылат). "Орхусс конвенциясы жана айлана-чөйрөнү коргоо маселеси боюнча сот адилеттигине жетүү" семинары. Семинардын алкагында төмөнкү маселелер каралды: Кыргыз Республикасы катышкан Айлана-чөйрөнү коргоо боюнча эл аралык конвенциялар; Орхусс конвенциясы - экологиялык демократия конвенциясы; Орхусс конвенциясынын үчүнчү тиреги: сот адилеттигине жетүү | ЖС караштуу САЖМ (макулдашуу боюнча). БП алдындагы прокуратура кызматкерлерин даярдоо жана квалификациясын жогорулатуу борбору (макулдашуу боюнча) | 2019-2020-жылдар | Жыл сайын 25 судья, 25 прокуратура кызматкери окутулат | Орхусс конвенциясы боюнча окутуу/семинар | Бюджеттин жана донордук каражаттардын чегинде |
|
14.5 | Мамлекет дайындоочу адвокаттар системасын толугу менен кайра карап чыгуу жана аларды ачык жана айкын көз карандысыз акы төлөөчү адвокаттар процесси менен, б.а. практика жүзүндө тергөөчү тарабынан контролдонбогон процесс менен алмаштыруу, бардык кармалган адамдарга адвокаттын кызматын, анын ичинде суракка чейин да пайдаланууга кепилдик берген укуктук жардамдын улуттук программаларын киргизүүнү кароо | Квалификациялык юридикалык жардам көрсөтүү боюнча мыйзамга сунуштарды иштеп чыгуу. Мамлекет тарабынан кепилденген юридикалык жардам системасын каржылоо үчүн республикалык бюджетти иштеп чыгууда жетиштүү каражаттарды жыл сайын кароону эске алуу менен сунуштарды иштеп чыгуу. Мамлекет тарабынан кепилденген юридикалык жардам системасынын субъекттеринин өз ара аракеттенүү тартибин камсыздоо боюнча сунуштарды иштеп чыгуу | ЮМ | 2019-2020-жылдар | Мамлекет тарабынан кепилденген юридикалык жардам ачык жана айкын жүзөгө ашырылат | Тиешелүү ченемдик укуктук актыларды иштеп чыгуу боюнча жумушчу топту түзүү | Каралган бюджеттин чегинде |
|
Кыскартуулардын тизмеси:
ӨП | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппараты; |
ЖС | - | Кыргыз Республикасынын Жогорку соту; |
БП | - | Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасы; |
ТИМ | - | Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги; |
ЮМ | - | Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлиги; |
ИИМ | - | Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлиги; |
ФМ | - | Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги; |
ӨКМ | - | Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги; |
БИМ | - | Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги; |
ММТМ | - | Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана туризм министрлиги; |
ССМ | - | Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги; |
ЭСӨМ | - | Кыргыз Республикасынын Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлиги; |
АЧТММ | - | Кыргыз Республикасынын Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министрлиги; |
УКМК | - | Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети; |
ОЭЖМК | - | Кыргыз Республикасынын Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитети; |
КИМК | - | Кыргыз Республикасынын Коргоо иштери боюнча мамлекеттик агенттиги; |
КК ГШ | - | Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн Генералдык штабы; |
ЖАМК | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматы; |
ЭККМК | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматы; |
Токой агенттиги | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы мамлекеттик агенттиги; |
ЖӨБЭАМ | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча мамлекеттик агенттик; |
Курулуш агенттиги | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттиги; |
МСЭК | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик соттук-эксперттик кызматы; |
Миграция кызматы | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик миграция кызматы; |
МКК | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматы; |
Экотехинспекция | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекция; |
Статком | - | Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитети; |
ДИМК | - | Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссия; |
БШК | - | Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы; |
ЖС караштуу САЖМ | - | Кыргыз Республикасынын Жогорку сотуна караштуу Сот адилеттигинин жогорку мектеби; |
КАУБ | - | Кыйноолорду жана башка катаал, адамкерчиликсиз же кадыр-баркты басмырлаган мамиленин жана жазанын түрлөрүнүн алдын алуу боюнча Кыргыз Республикасынын Улуттук борбору; |
ММКФ | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фонду; |
АУКК | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн алдындагы Адам укуктары боюнча координациялык кеңеш; |
ЖӨБО | - | жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары; |
КТКР | - | Кыргыз Республикасынын Коомдук телерадиоберүү корпорациясы; |
КЭУ | - | коммерциялык эмес уюмдар; |
КЭА | - | Кыргызстан элинин ассамблеясы; |
АУК | - | БУУнун адам укуктары боюнча комитети; |
КАК | - | БУУнун Кыйноолорго жана башка ырайымсыз, адамгерчиликсиз же адамдын кадыр-баркын басмырлаган мамиленин жана жазанын алдын алуу боюнча чакан комитети; |
ЭСМУК | - | Экономикалык, социалдык жана маданий укуктар боюнча комитет; |
ККЭК | - | Кызыл Кресттин эл аралык комитети; |
АБ-БСБСБП | - | балдарды сатуу, балдар сойкулугу жана балдар порнографиясы боюнча атайын баяндамачы; |
БУК | - | Бала укуктары жөнүндө конвенция; |
РБЖК | - | Расалык басмырлоонун бардык түрлөрүн жоюу жөнүндө эл аралык конвенция; |
ЭМЭК | - | Бардык эмгекчи-мигранттардын жана алардын үй-бүлө мүчөлөрүнүн укуктарын коргоо жөнүндө эл аралык конвенция; |
ЖСУЭП | - | Жарандык жана саясий укуктар жөнүндө эл аралык пакт; |
ЭККК | - | Кыйноолорго жана башка ырайымсыз, адамгерчиликсиз же адамдын кадыр-баркын басмырлаган мамиленин жана жазанын түрлөрүнө каршы конвенция; |
УКИ | - | убактылуу кармоо изолятору; |
ТИ | - | тергөө изолятору; |
ӨЭА | - | өмүр бою эркинен ажыратылгандар; |
ДМЧА | - | ден соолугунун мүмкүндүгү чектелүү адамдар; |
ЛГБТ | - | лесбиянкалар, гейлер, бисексуалдар и трансгендерлер; |
КУ | - | кургак учук; |
СИ | - | секс кызматчылары; |
ЖМДКТ | - | жашоодо өтө маанилүү дары каражаттарынын тизмеги; |
ЧУА | - | ченемдик укуктук актылар; |
ММК | - | жалпыга маалымдоо каражаттары. |