Загрузка документа…
КР Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 6-декабрындагы № 781-т тескемесине ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕМЬЕР-МИНИСТРИ
БУЙРУК
2019-жылдын 18-апрели № 107-б
Кыргыз Республикасынын администрациялык-аймактык түзүлүшүн реформалоону этап-этабы менен жүргүзүүнүн жол картасын ишке ашыруу максатында, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык:
1. Кыргыз Республикасында администрациялык-аймактык реформаны даярдоо жана жүргүзүү боюнча координациялык кеңеш 1-тиркемеге ылайык курамда түзүлсүн.
2. Кыргыз Республикасында администрациялык-аймактык реформаны даярдоо жана жүргүзүү боюнча координациялык кеңеш жөнүндө жобо 2-тиркемеге ылайык бекитилсин.
3. Төмөнкүлөр күчүн жоготту деп таанылсын:
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 31-майындагы № 237-б буйругу;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 28-апрелиндеги № 137-б буйругу;
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2016-жылдын 10-февралындагы № 50-б буйругу.
Премьер-министр |
| М.Д.Абылгазиев |
|
| 1-тиркеме |
Кыргыз Республикасында администрациялык-аймактык реформаны даярдоо жана жүргүзүү боюнча координациялык кеңештин КУРАМЫ
Кыргыз Республикасынын биринчи вице-премьер-министри, Координациялык кенештин төрагасы;
Кыргыз Республикасынын Экономика министри, Координациялык кеңештин төрагасынын орун басары.
Координациялык кеңештин мүчөлөрү:
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин "Кыргызстан социал-демократиялык партиясы" парламенттик фракциясынын депутаты (макулдашуу боюнча);
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин "Кыргызстан" парламенттик фракциясынын депутаты (макулдашуу боюнча);
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин "Өнүгүү-Прогресс" парламенттик фракциясынын депутаты (макулдашуу боюнча);
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин "Бир Бол" парламенттик фракциясынын депутаты (макулдашуу боюнча);
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин "Ата-Мекен" парламенттик фракциясынын депутаты (макулдашуу боюнча);
Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасы (макулдашуу боюнча);
Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик кадр кызматынын директору (макулдашуу боюнча);
Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитетинин төрагасы (макулдашуу боюнча);
Кыргыз Республикасынын Финансы министри;
Кыргыз Республикасынын Юстиция министри;
Кыргыз Республикасынын Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министри;
Кыргыз Республикасынын Маалыматтык технологиялар жана байланыш мамлекеттик комитетинин төрагасы;
Кыргыз Республикасынын Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитетинин төрагасы;
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин директору;
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча мамлекеттик агенттиктин директору;
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматынын төрагасы;
Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын мамлекеттик башкаруу саясаты жана уюштуруу-инспектордук иш бөлүмүнүн башчысы (макулдашуу боюнча);
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын финансы жана кредит саясаты бөлүмүнүн башчысы;
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын укуктук экспертиза бөлүмүнүн башчысы;
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Кыргыз Республикасынын Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү;
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Кыргыз Республикасынын Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү;
Бишкек шаарынын мэри (макулдашуу боюнча);
Ош шаарынын мэри (макулдашуу боюнча);
Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын президенти;
Кыргыз Республикасынын Стратегиялык изилдөөлөр улуттук институтунун директору;
Кыргыз Республикасынын Коргоо иштери боюнча мамлекеттик комитетинин төрагасынын орун басары;
Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын укуктук камсыздоо бөлүмүнүн башчысынын орун басары (макулдашуу боюнча);
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын уюштуруу-инспектордук иштер жана региондук өнүктүрүү бөлүмүнүн башчысынын орун басары;
Талас облусунун Бакай-Ата районунун жергиликтүү мамлекеттик администрациясынын башчысы - аким;
Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун аппарат жетекчисинин орун басары (макулдашуу боюнча);
Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасынын уюштуруучулук камсыздоо жана ченемдик укуктук актыларды экспертизалоо башкармасынын начальниги (макулдашуу боюнча);
Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өз алдынча башкаруулардын Союзунун аткаруучу директору (макулдашуу боюнча);
Чүй облусунун Аламүдүн районундагы Аламүдүн айыл өкмөтүнүн башчысы;
көз карандысыз эксперт (макулдашуу боюнча);
көз карандысыз эксперт (макулдашуу боюнча).
Кыргыз Республикасында администрациялык-аймактык реформаны даярдоо жана жүргүзүү боюнча координациялык кеңеш жөнүндө ЖОБО
1. Жалпы жоболор
1. Кыргыз Республикасында администрациялык-аймактык реформаны даярдоо жана жүргүзүү боюнча координациялык кеңеш (мындан ары - Координациялык кеңеш) аткаруу бийлигинин мамлекеттик органдарынын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын администрациялык-аймактык реформаны ишке ашыруу боюнча ишин координациялоону камсыз кылуу максатында түзүлгөн консультациялык-кеңешүүчү орган болуп саналат.
2. Координациялык кеңештин иши Кыргыз Республикасынын Конституциясына, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына, Кыргыз Республикасынын Президентинин, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн актыларына, ошондой эле ушул Жобого ылайык жүргүзүлөт.
3. Координациялык кеңештин иши коомдук негизде жүргүзүлөт.
2. Координациялык кеңештин иштөө принциптери
4. Координациялык кеңеш төмөнкүлөрдүн негизинде иштейт:
- өзүнүн жыйындарында администрациялык-аймактык реформаны ишке ашыруу боюнча маселелерди коллегиялуу, эркин жана ачык талкуулоонун;
- администрациялык-аймактык реформаларды ишке ашырууда аткаруучу бийликтин мамлекеттик органдарынын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын, эл аралык жана коомдук уюмдардын, ошондой эле башка органдардын кызматташуусунун;
- кабыл алынган чечимдердин аткарылышы үчүн жетекчилердин жеке жоопкерчилигинин.
3. Координациялык кеңештин максаттары, милдеттери жана функциялары
5. Координациялык кеңештин ишинин негизги максаттары болуп министрликтердин, мамлекеттик комитеттердин, администрациялык ведомстволордун, жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын, коомдук уюмдардын администрациялык-аймактык реформаны жүргүзүү боюнча иштерин контролдоо жана координациялоо саналат.
6. Координациялык кенештин негизги милдеттери болуп министрликтердин, мамлекеттик комитеттердин, администрациялык ведомстволордун. жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын, коомдук уюмдардын макулдашылган аракеттерин иштеп чыгуу жана координациялоо, администрациялык-аймактык реформаны жүргүзүү боюнча ведомстволор аралык жана региондор аралык ыкчам өз ара аракеттенүүнү жана мониторинг жүргүзүүнү камсыз кылуу саналат.
7. Координациялык кеңештин функциялары:
- мамлекеттик бийлик органдарынын, жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын администрациялык-аймактык реформаны аткаруу маселеси боюнча иштерин координациялоо;
- мезгил-мезгили менен, зарылдыгына жараша, жыйындарында мамлекеттик башкаруу жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жетекчилеринин администрациялык-аймактык реформаны ишке ашыруунун жүрүшү жөнүндө отчетторун угуу;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн кароосуна администрациялык-аймактык реформаны ишке ашыруу маселеси боюнча сунуштарды киргизүү;
- зарылдыгына жараша Координациялык кеңештин милдеттерин ишке ашыруу максатында адистердин жана мамлекеттик бийлик жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын, эл аралык жана коммерциялык эмес уюмдардын өкүлдөрүнүн, илимий кызматкерлердин жана башка көз карандысыз эксперттердин ичинен жумушчу топторду түзүү;
- администрациялык-аймактык реформаны ишке ашырууга мониторинг жүргүзүү.
8. Координациялык кеңеш төмөнкүлөргө укуктуу:
- министрликтерден, мамлекеттик комитеттерден, администрациялык ведомстволордон, жергиликтүү мамлекеттик администрациялардан, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынан (макулдашуу боюнча) Координациялык кеңештин администрациялык-аймактык реформаларды ишке ашыруу маселелери боюнча кабыл алынган чечимдерин аткарууну талап кылууга;
- администрациялык-аймактык реформаларды ишке ашыруу маселелери боюнча Координациялык кеңештин мүчөлөрүнүн, министрликтердин, мамлекеттик комитеттердин, администрациялык ведомстволордун. жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын (макулдашуу боюнча) жетекчилеринин маалыматтарын угууга;
- Координациялык кеңештин мүчөлөрү, министрликтердин, мамлекеттик комитеттердин, администрациялык ведомстволордун, жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын (макулдашуу боюнча) жетекчилери тарабынан администрациялык-аймактык реформанын аткарылышына контролду, текшерүүнү камсыз кылууга жана мониторинг жүргүзүүгө;
- администрациялык-аймактык реформаларды аткаруу боюнча максаттарды жана маселелерди ишке ашыруу үчүн зарыл учурда Координациялык кеңештин мүчөлөрүн, министрликтердин, мамлекеттик комитеттердин, администрациялык ведомстволордун, жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын (макулдашуу боюнча) жетекчилерин жана адистерин белгиленген тартипте ишке тартууга.
4. Координациялык кеңештин ишин уюштуруу
9. Координациялык кеңештин жыйындары зарылдыгына жараша өткөрүлөт. Координациялык кеңештин жыйынын Координациялык кеңештин төрагасы башкарат.
10. Координациялык кеңештин төрагасы (ал жок учурда - төраганын орун басары):
- Координациялык кеңештин жыйынын башкарат;
- Координациялык кеңештин жыйынынын күн тартибин аныктайт;
- Координациялык кеңештин атынан чыгат;
- Координациялык кеңешти башкаруу боюнча башка функцияларды аткарат.
11. Координациялык кеңештин мүчөлөрү Координациялык кеңештин жыйындарына өздөрү катышышат, жыйындын күн тартибине карата сунуштарын киргизишет, жумушчу топтордун жана комиссиялардын ишине катышышат.
12. Координациялык кеңештин чечимдери ачык добуш берүү аркылуу жыйынга катышкан мүчөлөрдүн жөнөкөй көпчүлүк добушу менен кабыл алынат жана протокол менен таризделет.
13. Координациялык кеңештин чечими катышып жаткан мүчөлөрдүн жарымынан көбү добуш берген учурда кабыл алынды деп эсептелет. Координациялык кеңештин ар бир мүчөсү бирден добушка ээ болот. Добуштар бирдей болуп калган учурда төраганын добушу чечүүчү болуп саналат.
5. Координациялык кеңештин жумушчу органы
14. Координациялык кеңештин жумушчу органы болуп Кыргыз Республикасынын Экономика министрлиги саналат, анын милдеттерине администрациялык-аймактык реформалардын аткарылышына мониторинг жүргүзүү, Координациялык кеңештин жыйынына документтерди даярдоо, маалыматтык-аналитикалык материалдар менен камсыздоо, берилген материалдарды иштеп чыгуу жана жалпылоо, Координациялык кеңештин чечимдеринин аткарылышын тариздөө жана контролдоо кирет.
6. Координациялык кеңештин ишинин токтотулушу
15. Координациялык кеңеш өзүнүн ишин Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн тиешелүү чечиминин негизинде токтотот.