Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2019-жылдын 20-марты, № 66-б
(КР Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 28-октябрындагы № 264-т тескемесине ылайык)
«Чыгыш электр» ачык акционердик коомуна мамлекеттик колдоо көрсөтүү, 2018-жылдын 26-июлундагы Кыргыз Республикасынын № 73 Мыйзамы менен ратификацияланган жана 2017-жылдын 7-декабрында Бишкек шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын ортосундагы Кредиттик макулдашууну («Чыгыш электр» ачык акционердик коомун реабилитациялоо долбоору) (мындан ары - Кредиттик макулдашуу) жана Кыргыз Республикасынын, «Чыгыш электр» ачык акционердик коомунун жана Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын ортосундагы Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын уюштуруучуларынын атайын фондунун каражаттарынын эсебинен «Чыгыш электр» ачык акционердик коомун реабилитациялоо долбоору үчүн берилүүчү инвестициялык грантка карата гранттык макулдашууну ишке ашыруу максатында, «Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык:
1. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги:
1) “Чыгыш электр” ачык акционердик коомуна “Чыгыш электр” ачык акционердик коомун реабилитациялоо долбоорун ишке ашыруу үчүн “Чыгыш электр” ачык акционердик коомунун уставдык капиталына Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин төгүмү катары 2 000 000 (эки миллион) евро суммасындагы Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын уюштуруучуларынын Атайыи Фондунун грантынын каражаттарын жана бюджеттик кредит түрүндө Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын 4 000 000 (төрт миллион) евро суммасындагы кредитинин каражаттарын төмөнкү шарттарда берсин:
-кредиттик каражаттарды пайдалануу үчүн пайыздык ставка -жылдык 1,25 (бир бүтүн жүздөн жыйырма беш) пайыз +EURIBOR 6 ай;
- (КР Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 28-октябрындагы № 264-т тескемесине ылайык күчүн жоготту)
- айыл - кечиктирилген суммага жылдык 2,5 (эки бүтүн ондон беш) пайыз;
- кайтаруу мөөнөтү - 15 жыл, анын ичинде негизги сумманы жоюу боюнча жеңилдетилген мезгил - Зжыл;
- кредиттин өздөштүрүлбөгөн суммасына милдеттенме үчүн жылдык 0,5 (нөл бүтүн ондон беш) пайыз өлчөмүндөгү комиссия Кредиттик макулдашууга кол коюлган күндөн тартып 60 (алтымыш) күндөн кийин эсептелет жана эсептелген пайыздарды төлөөнүн биринчи датасынан баштап эсептелген пайыздарды төлөөнүн ар бир датасында төлөнөт;
- бир жолку комиссия кредиттин суммасынан 1 (бир) пайыз өлчөмүндө;
- күрөөлүк камсыздоо - «Чыгыш электр» ачык акционердик коомун реабилитациялоо долбоорунун алкагында сатылып алынган мүлк;
- кредиттин негизги суммасын төлөөнүн мезгилдүүлүгү - жылына эки жолу, 21-майда жана 21-ноябрда, жеңилдетилген мезгил аяктагандан кийин;
- эсептелген пайыздарды төлөөнүн мезгилдүүлүгү - жылына эки жолу, 21-майда жана 21-ноябрда, мында эсептешүү кредиттин каражаттары алынган учурдан тартып башталат;
- кредиттин биринчи төлөмү 2020-жылдын 21-ноябрында жана кредитти жоюунун акыркы күнү - 2032-жылдын 21-майы.
(КР Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 28-октябрындагы № 264-т тескемесине ылайык)
2) «Чыгыш электр» ачык акционердик коому менен жогоруда аталган шарттарда карыздык милдеттенмени белгиленген тартипте түзсүн жана жогоруда аталган шарттарды сактоо менен анын аткарылышын камсыздасын.
2. «Чыгыш электр» ачык акционердик коомуна ушул буйруктун 1-пунктунун 1-пунктчасында аталган бюджеттик кредиттик каражаттарды максаттуу багыты боюнча гана пайдалануу, ошондой эле карыздык милдеттенменин шарттарына ылайык кайтарып берүүнү камсыздоо сунушталсын.
3. «Улуттук энергетикалык холдинг компаниясы» ачык акционердик коомуна ушул буйруктун 1-пунктунун 1-пунктчасында аталган бюджеттик кредиттик каражаттардын максаттуу жана натыйжалуу пайдаланылышын жана «Чыгыш электр» ачык акционердик коому тарабынан алардын өз убагында кайтарылышын контролдоону камсыздоо сунушталсын.
4. Ушул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президеттинин Администрациясынын Президенттинин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткаруу контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.
(КР Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 28-октябрындагы № 264-т тескемесине ылайык)
Премьер-министр | М.Д.Абылгазиев |