Загрузка документа…
КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 11-февралындагы № 57-т тескемесине ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
ПРАВИТЕЛЬСТВО КЫРГЫЗСКОЙ РЕСПУБЛИКИ
РАСПОРЯЖЕНИЕ
2019-жылдын 30-майы № 164-б
2019-жылдын 29-30-июнунда Ысык-Көл облусунда Триатлон боюнча спринтердик аралыкка Азия кубогун жана Борбордук Азия чемпионатын сапаттуу жана өз убагында өткөрүү максатында, "Дене тарбия жана спорт жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 23-беренесине, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык:
1. Триатлон боюнча спринтердик аралыкка Азия кубогуна жана Борбордук Азия чемпионатына даярдык көрүү жана өткөрүү боюнча уюштуруу комитети (мындан ары - уюштуруу комитети) тиркемеге ылайык курамда түзүлсүн.
2. Уюштуруу комитетинин ишин уюштуруу-техникалык жана башка камсыздоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттикке жүктөлсүн.
3. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги "Кыргыз Республикасынын 2019-жылга республикалык бюджети жана 2020-2021-жылдарга болжолу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамында Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттик үчүн 2019-жылга каралган каражаттын чегинде Триатлон боюнча спринтердик аралыкка Азия кубогун жана Борбордук Азия чемпионатын өткөрүүгө финансылык каражатты өз убагында бөлүүнү караштырсын.
4. Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги Триатлон боюнча спринтердик аралыкка Азия кубогунун жана Борбордук Азия чемпионатынын катышуучуларын белгиленген тартипте медициналык тейлөөнү камсыздасын.
5. Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлиги Триатлон боюнча спринтердик аралыкка Азия кубогу жана Борбордук Азия чемпионаты өтүүчү жана анын катышуучулары жашоочу жерлерде коомдук тартиптин жана коопсуздуктун сакталышын камсыздоо боюнча зарыл чараларды көрсүн.
6. Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги, Кыргыз Республикасынын чет өлкөлөрдөгү дипломатиялык өкүлчүлүктөрү жана консулдук мекемелери визалык колдоону тариздөөдө көмөк көрсөтүшсүн жана Кыргыз Республикасынын кирүү/чыгуу визаларын тариздөөдө жана алууда Триатлон боюнча спринтердик аралыкка Азия кубогунун жана Борбордук Азия чемпионатынын катышуучуларын - чет өлкөлүк жарандарды Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 18-декабрындагы № 839 "Консулдук жыйымдар жөнүндө" токтому менен бекитилген Консулдук жыйымдар жөнүндө жобого ылайык консулдук жыйымдарды төлөөдөн бошотсун.
7. Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети Триатлон боюнча спринтердик аралыкка Азия кубогунун жана Борбордук Азия чемпионатынын катышуучуларынын, расмий адамдардын жана ардактуу меймандардын коопсуздугун камсыздоо боюнча өз компетенциясынын чегинде чараларды көрсүн, Триатлон боюнча спринтердик аралыкка Азия кубогуна жана Борбордук Азия чемпионатына катышуучулардын - чет өлкөлүк жарандардын тиешелүү документтерин макулдашуу боюнча чечимдерди ыкчам тартипте кабыл алсын.
8. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттик ушул буйруктан келип чыгуучу зарыл болгон уюштуруу жана даярдоо чараларын көрсүн.
9. Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик чек ара кызматы Триатлон боюнча спринтердик аралыкка Азия кубогуна жана Борбордук Азия чемпионатына катышуучулардын - чет өлкөлүк жарандардын Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик чек арасынан ыкчам өтүүсүнө көмөк көрсөтсүн.
10. Төмөнкүлөр сунушталсын:
- Чолпон-Ата шаарынын мэриясына Триатлон боюнча спринтердик аралыкка Азия кубогун жана Борбордук Азия чемпионатын өткөрүүнүн алдында Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттикке Чолпон-Ата шаарынын көчөлөрүн тийиштүү символикалары бар жарнамалык такталар менен жасалгалоого көмөктөшүү;
- Кыргыз Республикасынын Коомдук телерадио берүү корпорациясына Триатлон боюнча спринтердик аралыкка Азия кубогуна жана Борбордук Азия чемпионатына даярдыктын, өткөрүүнүн жүрүшүн кеңири чагылдыруу жана аны көрсөтүү.
11. Ушул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын билим берүү, маданият жана спорт бөлүмүнө жүктөлсүн.
Премьер-министр |
| М.Д.Абылгазиев |
|
| Тиркеме |
Триатлон боюнча спринтердик аралыкка Азия кубогуна жана Борбордук Азия чемпионатына даярдык көрүү жана өткөрүү боюнча уюштуруу комитетинин КУРАМЫ
Кыргыз Республикасынын социалдык тармакты тейлөөчү вице-премьер-министри, уюштуруу комитетинин төрагасы;
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттиктин директору, уюштуруу комитетинин төрагасынын орун басары.
Уюштуруу комитетинин мүчөлөрү:
Кыргыз Республикасынын Финансы министри;
Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министри;
Кыргыз Республикасынын Ички иштер министри;
Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик чек ара кызматынын төрагасы;
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү;
Чолпон-Ата шаарынын мэри (макулдашуу боюнча);
Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министринин орун басары;
Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасынын орун басары;
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттиктин директорунун орун басары;
Кыргыз Республикасынын Коомдук телерадио берүү корпорациясынын башкы директору (макулдашуу боюнча);
Кыргыз Республикасынын Улуттук олимпиадалык комитетинин президенти (макулдашуу боюнча);
Кыргыз Республикасынын Триатлон федерациясынын президенти (макулдашуу боюнча).