Загрузка документа…
КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 11-февралындагы № 57-т тескемесине ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2019-жылдын 30-майы № 165-б
Ысык-Көл облусунун Чолпон-Ата шаарында 2019-жылдын 6-12-июнунда армрестлинг (кол күрөш) боюнча Азия чемпионатын, 2019-жылдын 24-30-июнунда таэквондо (ITF) боюнча ачык чемпионатты жана Азия Кубогун, 2019-жылдын 5-7-июлунда кармашып урушуу боюнча Азиянын ачык чемпионатын сапаттуу жана өз убагында өткөрүү максатында, "Дене тарбия жана спорт жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 23-беренесине, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык:
1. Армрестлинг (кол күрөш) боюнча Азия чемпионатына, таэквондо (ITF) боюнча ачык чемпионатка жана Азия Кубогуна, кармашып урушуу боюнча Азиянын ачык чемпионатына (мындан ары - Азия чемпионаттары) даярдык көрүү жана өткөрүү боюнча уюштуруу комитети тиркемеге ылайык курамда түзүлсүн.
2. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги "Кыргыз Республикасынын 2019-жылга республикалык бюджети жана 2020-2021-жылдарга болжолу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамында Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттик үчүн 2019-жылга каралган каражаттын чегинде Азия чемпионаттарын өткөрүүгө финансы каражатын өз убагында бөлүүнү карасын.
3. Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги Азия чемпионаттарынын катышуучуларын белгиленген тартипте медициналык тейлөөнү камсыздасын.
4. Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлиги Азия чемпионаттары өтүүчү жана анын катышуучулары жашоочу жерлерде коомдук тартиптин жана коопсуздуктун сакталышын камсыздоо боюнча зарыл болгон чараларды көрсүн.
5. Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги, Кыргыз Республикасынын чет өлкөлөрдөгү дипломатиялык өкүлчүлүктөрү жана консулдук мекемелери визалык колдоону тариздөөдө көмөк көрсөтүшсүн жана Кыргыз Республикасынын кирүү/чыгуу визаларын тариздөөдө жана алууда Азия чемпионаттарынын катышуучуларын - чет өлкөлүк жарандарды Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 18-декабрындагы № 839 "Консулдук жыйымдар жөнүндө" токтому менен бекитилген Консулдук жыйымдар жөнүндө жобого ылайык консулдук жыйымдарды төлөөдөн бошотсун.
6. Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги Азия чемпионаттары өтүүчү жерлерде өзгөчө кырдаалдар болгон учурда коопсуздукту камсыздасын.
7. Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети Азия чемпионаттарынын катышуучуларынын, расмий адамдарынын жана ардактуу меймандарынын коопсуздугун камсыздоо боюнча өз компетенциясынын чегинде чараларды көрсүн, Азия чемпионаттарынын катышуучуларынын - чет өлкөлүк жарандардын тиешелүү документтерин макулдашуу боюнча чечимдерди ыкчам тартипте кабыл алсын.
8. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттик ушул буйруктан келип чыгуучу зарыл болгон даярдоо чараларын көрсүн.
9. Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик чек ара кызматы Азия чемпионаттарынын катышуучуларынын Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик чек арасынан ыкчам өтүүсүнө көмөк көрсөтсүн.
10. Төмөнкүлөр сунушталсын:
- Чолпон-Ата шаарынын мэриясына - Азия чемпионаттарын өткөрүүнүн алдында шаардын көчөлөрүн тийиштүү символикалары бар жарнамалык такталар менен жасалгалоо;
- Кыргыз Республикасынын Коомдук телерадио берүү корпорациясына Азия чемпионаттарына даярдыктын, өткөрүүнүн жүрүшүн кеңири чагылдырууну жана аны көрсөтүүнү камсыздоо.
11. Ушул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын билим берүү, маданият жана спорт бөлүмүнө жүктөлсүн.
Премьер-министр |
| М.Д.Абылгазиев |
|
| Тиркеме |
Армрестлинг (кол күрөш) боюнча Азия чемпионатына, таэквондо (ITF) боюнча ачык чемпионатка жана Азия Кубогуна, кармашып урушуу боюнча Азиянын ачык чемпионатына даярдык көрүү жана өткөрүү боюнча уюштуруу комитетинин КУРАМЫ
Кыргыз Республикасынын социалдык блокту тейлөөчү вице-премьер-министри, уюштуруу комитетинин төрагасы;
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттиктин директору, уюштуруу комитетинин төрагасынын орун басары.
Уюштуруу комитетинин мүчөлөрү:
Кыргыз Республикасынын Финансы министринин орун басары;
Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министринин орун басары;
Кыргыз Республикасынын Ички иштер министринин орун басары;
Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министринин орун басары;
Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасынын орун басары;
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттиктин директорунун орун басары;
Чолпон-Ата шаарынын мэри (макулдашуу боюнча);
Кыргыз Республикасынын Коомдук телерадиоберүү корпорациясынын башкы директору (макулдашуу боюнча);
Кыргыз Республикасынын армрестлинг федерациясынын президенти (макулдашуу боюнча);
Кыргыз Республикасынын таэквондо (ITF) федерациясынын президенти (макулдашуу боюнча);
Кыргыз Республикасынын кармашып урушуу федерациясынын президенти (макулдашуу боюнча).