Загрузка документа…
КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 11-февралындагы № 57-т тескемесине ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2019-жылдын 17-июну № 223-б
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2018-жылдын 21-июнундагы № 2514-VI "Абдыкадыр Орозбековдун 130 жылдык мааракеси жөнүндө" токтомун ишке ашыруу, ошондой эле иш-чараларды өз убагында даярдоо жана улуттук жогорку деңгээлде ийгиликтүү өткөрүү максатында:
1. Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жана саясий ишмери Абдыкадыр Орозбековдун 130 жылдык мааракесине арналган иш-чараларды даярдоо жана өткөрүү боюнча уюштуруу комитети (мындан ары - уюштуруу комитети) тиркемеге ылайык курамда түзүлсүн.
2. Уюштуруу комитети мааракелик иш-чараларды даярдоо жана өткөрүү планын иштеп чыксын жана бекитсин.
3. Уюштуруу комитетинин ишин уюштуруучулук, методикалык жана башка камсыздоо Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана туризм министрлигине жүктөлсүн.
4. Мааракелик иш-чараларды өткөрүүгө байланышкан чыгымдарды каржылоо ишке тартылган мамлекеттик органдардын бюджетинин каражаттарынын, гранттардын жана демөөрчүлүк каражаттардын эсебинен ишке ашырылсын.
5. Ушул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын билим берүү, маданият жана спорт бөлүмүнө жүктөлсүн.
Премьер-министр |
| М.Д.Абылгазиев |
|
| Тиркеме |
Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жана саясий ишмери Абдыкадыр Орозбековдун 130 жылдык мааракесине арналган иш-чараларды даярдоо жана өткөрүү боюнча уюштуруу комитетинин КУРАМЫ
Кызматы боюнча:
Кыргыз Республикасынын (социалдык маселелер боюнча) вице-премьер-министри, уюштуруу комитетинин төрагасы;
Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана туризм министри, уюштуруу комитетинин төрагасынын орун басары.
Уюштуруу комитетинин мүчөлөрү:
Кыргыз Республикасынын Финансы министри;
Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана туризм министри;
Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министри;
Кыргыз Республикасынын Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министри;
Кыргыз Республикасынын Транспорт жана жол министри;
Кыргыз Республикасынын Коргоо иштери боюнча мамлекеттик комитетинин төрагасы;
Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасы (макулдашуу боюнча);
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппарат жетекчисинин орун басары, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын уюштуруу-инспектордук иштер жана региондук өнүктүрүү бөлүмүнүн башчысы;
Бишкек шаарынын мэри (макулдашуу боюнча);
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттигинин директору;
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин директору;
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча мамлекеттик агенттиктин директору;
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Кыргыз Республикасынын Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү;
Кыргыз Республикасынын Баткен облусундагы Кадамжай райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы - аким;
Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын президенти (макулдашуу боюнча);
Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын Жетекчисинин кеңешчиси (макулдашуу боюнча);
Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын Жетекчисинин кеңешчиси (макулдашуу боюнча);
Кыргыз Республикасынын Коомдук телерадиоберүү корпорациясынын башкы директору (макулдашуу боюнча);
Кыргыз Республикасынын "ЭлТР" мамлекеттик телерадиоберүү компаниясынын башкы директору.
Жекече:
Масалиев Исхак Абсаматович | - | Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты (макулдашуу боюнча); |
Мадеминов Мурадыл Ганыевич | - | Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты (макулдашуу боюнча); |
Шарапов Закир Эшматович | - | Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты (макулдашуу боюнча); |
Молдокасымов Кыяс Сатарович | - | коомдук ишмер (макулдашуу боюнча); |
Нишанов Абдуалим Тажибаевич | - | коомдук ишмер (макулдашуу боюнча). |