Загрузка документа…
КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 15-февралындагы № 60-т тескемесине ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2019-жылдын 5-июлу № 250-б
Мамлекеттик инвестициялардын долбоорлорун кароодо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Фискалдык жана инвестициялык саясат боюнча кеңешинин ишин камсыздоо максатында, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 17-беренесине ылайык:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 25-майындагы № 184-б буйругуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) төмөнкүдөй мазмундагы 3-пункт менен толукталсын:
"3. Мамлекеттик инвестициялардын долбоорлорун кароодо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Фискалдык жана инвестициялык саясат боюнча кеңешинин ишинин регламенти, 3-тиркемеге ылайык бекитилсин.";
2) ушул буйруктун тиркемесине ылайык редакцияда 3-тиркеме менен толукталсын:
3) жогоруда аталган буйруктун 1-тиркемесинде:
- онунчу, он биринчи, он жетинчи, он сегизинчи абзацтары "макулдашуу боюнча" деген сөздөрдөн кийин "Фискалдык саясаттын негизги багыттарын кароодо" деген сөздөр менен толукталсын;
- төмөнкүдөй мазмундагы он бешинчи абзац менен толукталсын:
"Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын эл аралык кызматташтык бөлүмүнүн башчысы (мамлекеттик инвестициялардын долбоорлорун кароодо);";
- он алтынчы абзацы "төрагасы" деген сөздөн кийин "(Фискалдык саясаттын негизги багыттарын кароодо)" деген сөздөр менен толукталсын;
4) жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Фискалдык жана инвестициялык саясат боюнча кеңеши жөнүндө жободо:
- 9-пунктунун экинчи сүйлөмү алып салынсын;
- төмөнкүдөй мазмундагы 9-1-пункт менен толукталсын:
"9-1. Мамлекеттик инвестициялардын долбоорлорун кароодо Кеңештин жыйындарына Кеңештин мүчөлөрү - Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин, Кыргыз Республикасынын Экономика министрлигинин жана Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин жетекчилеринин катышуусу милдеттүү болуп саналат (алар жок учурда жыйын кийинкиге жылдырылат).";
- 15-пунктунун 2-пунктчасындагы "анын максатка ылайыктуулугун экономикалык баалоо боюнча" деген сөздөр "анын экономикалык натыйжалуулугу жана максатка ылайыктуулугун баалоо боюнча" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
- 20-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"20. Катчылык төмөнкү функцияларды аткарат:
1) Кеңештин ишин уюштуруу жагынан камсыздоону, кабыл алынган чечимдерди аткарууну уюштуруу жана Кеңештин мүчөлөрү менен иш боюнча байланыштарды кармоону;
2) Кеңештин иши үчүн зарыл болгон маалыматтар базасын түзүүнү;
3) Кеңештин чечимдеринин, сунуштамаларынын жана сунуштарынын ишке ашырылышына мониторинг жүргүзүүнү камсыздоону;
4) Кеңештин жыйындарына Кеңештин мүчөлөрүнүн катышуусун камсыздоону;
5) Кеңештин кезектеги жыйыны өткөрүлүүчү дата, жер жана күн тартиби жөнүндө Кеңештин мүчөлөрүнө, чакырылган адамдарга маалымдоону, Кеңештин мүчөлөрүн зарыл болгон маалымдама-маалыматтык материалдар жана чечимдердин долбоорлору менен камсыздоону;
6) аткаруучу агенттиктерден (ишке ашыруучу агенттиктерден, ишке ашыруу боюнча бөлүмдөрдөн) мамлекеттик инвестициялардын долбоорлорун, мамлекеттик органдардан, мекемелерден жана уюмдардан зарыл болгон материалдарды жана маалыматтарды суроону;
7) белгиленген эрежелерди бузуу менен таризделген инвестициялык долбоорлор боюнча материалдарды толуктап иштеп чыгуу үчүн кайра кайтарууну;
8) Кеңештин жыйынына карата материалдарды тариздөөдө аныкталган кемчиликтерди жана бузууларды четтетүү боюнча көрсөтмөлөрдү жиберүүнү;
9) зарыл болгон учурда, Кеңештин төрагасы тарабынан тапшырылган маселелерди ыкчам тартипте чечүү үчүн министрликтердин, мамлекеттик комитеттердин, административдик ведомстволордун, башка мамлекеттик органдардын жетекчилерин чакырууну;
10) иш кагаздарын жүргүзүүнү, анын ичинде Кеңештин иши менен байланышкан протоколдорду, чечимдерди жана башка документтерди жүргүзүүнү жана сактоону.";
төмөнкүдөй мазмундагы 7-глава менен толукталсын:
"7. Жоопкерчилик
21. Уюштуруу маселелери боюнча ушул Жобонун талаптагыдай аткарылышы үчүн жоопкерчиликти Кеңештин Катчылыгы тартат.
22. Мамлекеттик инвестициялардын долбоорлору боюнча берилген материалдардын мазмуну үчүн жоопкерчиликти тийиштүү мамлекеттик органдардын жетекчилери тартат.".
2. Ушул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын экономика жана инвестициялар бөлүмүнө жүктөлсүн.
Премьер-министр |
| М.Д.Абылгазиев |
|
| Тиркеме |
|
|
|
|
| "3-тиркеме |
Мамлекеттик инвестициялардын долбоорлорун кароодо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Фискалдык жана инвестициялык саясат боюнча кеңешинин ишинин РЕГЛАМЕНТИ
1-глава. Жалпы жоболор
1. Ушул Регламент мамлекеттик инвестициялардын долбоорлорун кароодо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Фискалдык жана инвестициялык саясат боюнча кеңешинин (мындан ары - Кеңеш) ишинин тартибин аныктайт.
2. Мамлекеттик инвестициялардын долбоорлорун кароо боюнча Кеңештин иш планы жана жыйынынын күн тартиби ар кварталдык негизде берилүүчү тиешелүү мамлекеттик органдардын - аткаруучу агенттиктердин (ишке ашыруучу агенттиктер, долбоорлорду ишке ашыруу боюнча бөлүмдөр) өтүнмөлөрүнүн негизинде Кеңештин Катчылыгы тарабынан түзүлөт.
3. Кеңештин Катчылыгынын ишин маалыматтык-аналитикалык камсыздоо мамлекеттик инвестициялардын пландалуучу жана ишке ашырылуучу долбоорлору боюнча мамлекеттик органдарга - аткаруучу агенттиктерге (ишке ашыруучу агенттиктер, долбоорлорду ишке ашыруу боюнча бөлүмдөр) жүктөлөт.
4. Мамлекеттик органдардын - аткаруучу агенттиктердин (ишке ашыруучу агенттиктер, долбоорлорду ишке ашыруу боюнча бөлүмдөр) жетекчилери мамлекеттик инвестициялардын пландалуучу жана ишке ашырылуучу долбоорлору боюнча баяндамачылар болуп эсептелет.
5. Пландалуучу мамлекеттик инвестициялардын долбоорлору мамлекеттик орган - аткаруучу агенттик тарабынан (ишке ашыруучу агенттик, долбоорлорду ишке ашыруу боюнча бөлүм) Кеңештин катчылыгына төмөнкү документтер берилген учурда Кеңештин Иш планына, жыйынынын күн тартибине киргизилет:
- мамлекеттик инвестициялардын пландалуучу долбоору боюнча маалымат (негиздеме-маалым кат);
- мамлекеттик инвестициялардын долбоорунун дизайнынын презентациясы;
- Кыргыз Республикасынын экономика чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органынын мамлекеттик инвестициялардын долбоорунун экономикалык натыйжалуулугу жана анын максатка ылайыктуулугун баалоо жөнүндө корутундусу;
- мамлекеттик финансыны башкаруу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын мамлекеттик инвестициялардын пландалуучу долбоорун бюджеттик каражаттардын эсебинен кошо каржылоо мүмкүндүгү жана сунушталган инвестициялык долбоордун жеңилдиктеринин алгылыктуулугу жөнүндө корутундусу;
- Кеңештин чечиминин долбоору.
6. Кеңеш мамлекеттик инвестициялардын пландалуучу долбоорун кароонун жыйынтыгы боюнча төмөнкү чечимдердин бирин чыгарат:
- долбоорду жактыруу;
- долбоорду толуктап иштеп чыгууга кайтаруу;
- долбоорду четке кагуу.
7. Мамлекеттик инвестициялардын долбоорун ишке ашыруунун жүрүшүндө келип чыккан проблемалуу маселелерди Кеңештин Иш планына, жыйынынын күн тартибине киргизүү үчүн мамлекеттик орган - аткаруучу агенттик (ишке ашыруучу агенттик, долбоорлорду ишке ашыруу боюнча бөлүм) тарабынан Кеңешке төмөнкү документтер берилет:
- ишке ашырылуучу долбоор боюнча маалымат (маалым кат);
- долбоорлорду ишке ашыруунун жүрүшүндө келип чыккан проблемаларды чечүү боюнча иш-чараларды/чараларды презентациялоо;
- экономикалык болжолдоо боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын долбоордун экономикалык натыйжалуулугу жана анын андан ары максатка ылайыктуулугун баалоо жөнүндө корутундусу;
- бюджетти болжолдоо жана аткаруу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын инвестициялык долбоорду ишке ашыруунун жүрүшүндө келип чыккан проблемалардын республикалык бюджетке мүмкүн болуучу фискалдык таасири жөнүндө корутундусу;
- Кеңештин чечиминин долбоору.
8. Мамлекеттик инвестициялардын ишке ашырылуучу долбоорун кароонун жыйынтыгы боюнча Кеңеш төмөнкү чечимдердин бирин чыгарат:
- мамлекеттик орган тарабынан сунушталган чараларды жактыруу;
- долбоордун дизайнына өзгөртүүлөрдү киргизүүнү сунуштоо жана аны донор менен макулдашуу;
- мамлекеттик инвестициялардын долбоорлорун ишке ашырууну үзгүлтүккө учуратууга жол берген мамлекеттик органдардын (ишке ашыруучу агенттиктер, долбоорлорду ишке ашыруу боюнча бөлүмдөр) жетекчилерине тийиштүү тартиптик жоопкерчилик чараларын көрүү.
2-глава. Кеңештин кароосуна документтерди киргизүү тартиби
9. Кеңештин кароосуна киргизилүүчү документтер (мындан ары - документтердин пакети) ушул Регламентке ылайык даярдалууга тийиш.
10. Мамлекеттик инвестициялардын долбоору боюнча документтердин пакети Кеңештин жыйыны белгиленген мөөнөткө чейин 8 (сегиз) жума мурун, мамлекеттик жана расмий тилдерде, кагаз жүзүндө жана электрондук түрдө аткаруучу агенттиктер тарабынан Кеңештин Катчылыгына киргизилет.
11. Кеңештин жыйынынын күн тартиби Кеңештин Катчылыгы тарабынан Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратына Кеңештин жыйыны белгиленген мөөнөткө чейин 6 (алты) жума мурун киргизилет.
12. Аткаруучу агенттиктер (ишке ашыруучу агенттиктер, долбоорлорду ишке ашыруу боюнча бөлүмдөр) менен макулдашылган документтердин пакети Кеңештин Катчылыгы тарабынан Кеңештин жыйыны белгиленген мөөнөткө чейин 4 (төрт) жума мурун, кагаз жүзүндө жана электрондук түрдө Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратына киргизилет.
13. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын сын-пикирлери жана толуктоолору менен акыркы жолу макулдашылган документтердин пакети аткаруучу агенттиктер тарабынан (ишке ашыруучу агенттиктер, долбоорлорду ишке ашыруу боюнча бөлүмдөр) Кеңештин жыйыны белгиленген мөөнөткө чейин 2 (эки) жума мурун кагаз жүзүндө жана электрондук түрдө, 10 нускада Кеңештин Катчылыгына киргизилет.
14. Акыркы жолу макулдашылган документтердин пакети Кеңештин Катчылыгы тарабынан Кеңештин жыйыны белгиленген мөөнөткө чейин 7 (жети) жумуш күн мурда кагаз жүзүндө жана электрондук түрдө, 10 нускада Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратына киргизилет.
15. Документтердин ар бир пакети мамлекеттик органдын - аткаруучу агенттиктин (ишке ашыруучу агенттиктин, долбоорлорду ишке ашыруу боюнча бөлүмдүн) жетекчисинин, ал эми ал жок учурда мамлекеттик органдын статс-катчысынын же жетекчисинин тескөөчү орун басарынын колу коюлган кошточу кат менен, төмөнкүлөр тиркелип берилет:
- чечимдин так жана түшүнүктүү түзүлгөн долбоору;
- чечимди кабыл алуу зарылдыгын негиздеп, эсептөөлөр (натыйжалуулугун, жүргүзүлгөн талдоону, зайымдык каражаттардын кайтарымдуулугун, киргизилүүчү долбоорго сметалардын алдын ала эсептөөлөрүн көрсөтүү менен) жана долбоор боюнча маалымдама материалдар менен мазмундуу маалым кат.
16. Кеңештин жыйынына киргизилүүчү презентациялар жана башка маалыматтар "Times New Roman" 14 шрифти менен 1 сап аралык интервалда басылып, тексти 5 барактан ашпоого тийиш.
17. Чечимдин долбоорлору 1 барактан ашпоого тийиш (болжолдуу формасы тиркелет).
18. Документтердин пакетине Кеңештин Катчылыгы тарабынан төмөнкүлөр да тиркелет:
- Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин (Кеңештин төрагасы) тезистерине карата сунуштар;
- маселе боюнча баяндамачылардын жана чыгып сүйлөгөндөрдүн аты-жөнүн жана ээлеген кызматын көрсөтүү менен алардын тизмеси.
19. Мамлекеттик инвестициялардын пландалуучу жана ишке ашырылуучу долбоорлору боюнча тийиштүү мамлекеттик органдардын - аткаруучу агенттиктердин (ишке ашыруучу агенттиктер, долбоорлорду ишке ашыруу боюнча бөлүмдөр) жетекчилери Кеңештин жыйынында кароого документтерди пакетинин өз убагында киргизилиши үчүн жоопкерчилик тартышат.
20. Кеңештин жыйынына чакырылгандардын тизмеси Кеңештин Катчылыгы тарабынан түзүлөт, макулдашылат жана бардык алгачкы документтер менен Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратына берилет.
21. Телефонограммаларды жөнөтүү жана Кеңештин жыйынына чакырылган адамдардын келишин камсыздоо Кеңештин Катчылыгы тарабынан ишке ашырылат.
22. Кеңештин Катчылыгы протоколдук чечимге ылайык каржылоочу тарапка, зарыл болгон учурда тийиштүү кат менен кайрылат.
|
| Мамлекеттик инвестициялардын долбоорлорун кароодо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Фискалдык жана инвестициялык саясат боюнча кеңешинин ишинин регламентине тиркеме |
Мисал: Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Фискалдык жана инвестициялык саясат боюнча кеңешинин чечими I. Азия өнүктүрүү банкы жана Кыргыз Республикасы тарабынан 43,6 млн. АКШ доллары суммасында каржылануучу "Климаттын өзгөрүшүнө жана табигый кырсыктарга карата суу ресурстарынын туруктуулугун жогорулатуу" долбоору жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министри ____________________, Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министри ________________ Азия өнүктүрүү банкы жана Кыргыз Республикасы тарабынан 43,6 млн. АКШ доллары суммасында каржылануучу "Климаттын өзгөрүшүнө жана табигый кырсыктарга карата суу ресурстарынын туруктуулугун жогорулатуу" долбоору боюнча маалыматтарын угуп жана талкуулап, төмөнкүдөй чечим кабыл алынды: 1. Азия өнүктүрүү банкы жана Кыргыз Республикасы тарабынан 43,6 млн. АКШ доллары суммасында каржылануучу "Климаттын өзгөрүшүнө жана табигый кырсыктарга карата суу ресурстарынын туруктуулугун жогорулатуу" долбоору ______________________. 2. Кыргыз Республикасынын Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министрлиги жана Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги: __________________ жылга чейинки мөөнөттө жогоруда аталган долбоорду Каржылоо жөнүндө макулдашууга кол коюу жол-жобосун аякташсын; __________________ жылга чейинки мөөнөттө жогоруда аталган долбоорду Каржылоо жөнүндө макулдашууну ратификациялоо жол-жобосун жүргүзүүнү камсыздашсын. 3. Ушул чечимдин аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын агроөнөр жай комплекси жана экология бөлүмүнө, коргоо, укуктук тартип жана өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнө жүктөлсүн. |
|