Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2019-жылдын 23-сентябры № 351-б
Дипломатиялык жана кызматтык/атайын паспорту бар жарандардын чет өлкөгө барып-келүү режимин тартипке салуу максатында, "Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 8-беренесине ылайык:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Бахрейн Королдугунун Өкмөтүнүн ортосундагы Дипломатиялык жана кызматтык/атайын паспорттордун ээлерин визалык талаптардан бошотуу жөнүндө макулдашуунун тиркелген долбоору жактырылсын.
2. Кыргыз Республикасынын Кувейт Мамлекетиндеги Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчисине жогоруда аталган Макулдашууга принциптүү эмес мүнөздегү өзгөртүүлордү жана толуктоолорду киргизүү укугу менен кол коюуга ыйгарым укук берилсин.
3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 12-апрелиндеги №118-б буйругу күчүн жоготту деп таанылсын.
Премьер-министр | М.Д.Абылгазиев |
Долбоор
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Бахрейн Королдугунун Өкмөтүнүн ортосундагы Дипломатиялык жана кызматтык/атайын паспорттордун ээлерин визалык талаптардан бошотуу жөнүндө
макулдашуу
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жана Бахрейн Королдугунун Өкмөтү (мындан ары "Тараптар" деп аталып),
эки өлкөнүн ортосундагы достук мамилени бекемдөөгө жана андан ары өнүктүрүүгө умтулуу менен,
Кыргыз Республикасынын жана Бахрейн Королдугунун жарандарынын, дипломатиялык жана кызматтык/атайын паспорттору бар жарандардын Тараптардын мамлекетинин аймагында жүрүүсүн жөнөкөйлөтүү ниетинде,
төмөнкүлөр жөнүндө макулдашты:
1-берене
Визадан бошотуу
Дипломатиялык же кызматтык/атайын паспорттору бар эки Тараптын мамлекеттеринин жарандары 90 (токсон) күндөн ашпаган мөөнөткө өлкөгө кирүү, транзит менен өтүү, анда болуу жана экинчи Тараптын мамлекетинин аймагынан чыгуу үчүн өлкөгө келген биринчи күндөн баштап 180 күнгө виза алуу талабынан бошотулат.
2- берене
Командировка үчүн виза
Экинчи Тараптын мамлекетинин аймагындагы дипломатиялык же консулдук өкүлчүлүктүн мүчөлөрү катары дайындалган анык дипломатиялык же кызматтык/атайын паспорттору бар каалаган Тараптын мамлекетинин жараны жана анын үй-бүлө мүчөлөрү кабыл алуучу мамлекеттин улуттук мыйзамдарына ылайык экинчи Тараптын мамлекетинин аймагына кирерден мурун виза алууга тийиш.
3- берене
Билим алууга жана жумушта иштөөгө коюлган чектөөлөр
Дипломатиялык же кызматтык/атайын паспорттору бар каалаган Тараптын мамлекетинин жаранына Тараптардын мамлекеттеринин колдонуудагы мыйзамдарына ылайык зарыл болгон виза албастан экинчи Тараптын мамлекетинин аймагында эмгек ишин жүргүзүүгө, кандайдыр бир кесиптик иш менен алектенүүгө же билим алууга уруксат берилбейт.
4- берене
Паспорттун колдонуу мөөнөтү
Каалаган Тараптын мамлекетинин жаранынын дипломатиялык жана кызматтык/атайын паспортунун колдонуу мөөнөтү экинчи Тараптын мамлекетинин аймагына кирген күндөн тартып 6 (алты) айдан кем болбошу керек.
5- берене
Улуттук мыйзамдарды колдонуу
Дипломатиялык же кызматтык/атайын паспорттору бар эки каалаган Тараптын мамлекетинин жараны экинчи Тараптын мамлекетинин аймагында болгон мөөнөттүн ичинде анын колдонуудагы мыйзамдарын сактоого милдеттүү.
Ушул Макулдашуу Тараптар катышуучу болуп саналган эл аралык макулдашуулардан жана конвенциялардан келип чыккан укуктарына жана милдеттерине таасирин тийгизбейт.
6- берене
Паспорттун жоголушу
Эгерде каалаган Тараптын мамлекетинин жараны экинчи Тараптын мамлекетинин аймагында өзүнүн дипломатиялык же кызматтык/атайын паспортун жоготуп алса, анда ал бул тууралуу өзүнүн мамлекетинин дипломатиялык өкүлчүлүгүнө же консулдук мекемесине билдирет, өз учурунда ал ошол мамлекеттин компетенттүү органдарын маалымдайт. Дипломатиялык же кызматтык/атайын паспорт жоголгон учурда каалаган тараптын мамлекетинин дипломатиялык өкүлчүлүгү же консулдук мекемеси өзүнүн жаранына жаңы дипломатиялык же кызматтык/атайын паспорт же жол жүрүүчү документти берет жана бул тууралуу кабыл алуучу мамлекеттин тийиштүү компетенттүү органдарына билдирет.
7- берене
Мамлекетке кирүүгө тыюу салуу
Ушул Макулдашуу улуттук же эл аралык укуктарга ылайык кирүү жана жашап туруу шарттарына жооп бербеген, өзүнө жагымсыз катары жарыялаган Тараптын мамлекетинин аймагына каалаган Тараптын мамлекетинин жаранына кирүүгө, жашап турууга тыюу салуу же мөөнөтүн кыскартуу боюнча каалаган Тараптын укуктарын бузбайт.
8- берене
Токтотуу
1. Ар бир Тарап коомдук тартипти, улуттук коопсуздукту камсыздоо, саламаттыкты сактоо максатында ушул Макулдашуунун колдонулушун толук же жарым-жартылай убактылуу токтотууга укуктуу.
2. Ушул Макулдашуунун колдонулушун токтотуу тууралуу чечим мындай чечим күчүнө киргенге чейин кырк сегиз (48) сааттан кечиктирбестен экинчи Тарапка дароо билдирилет.
3. Ушул Макулдашуунун колдонулушун жандандырууда Ушул Макулдашуунун колдонулушун токтоткон Тарап бул тууралуу жазуу жүзүндө дипломатиялык каналдар боюнча экинчи Тарапка дароо билдирет.
9- берене
Жол жүрүүчү документ
1. Ушул Макулдашуу күчүнө киргенге чейин отуз (30) күндөн кечиктирбестен Тараптар дипломатиялык же кызматтык/атайын паспорттун үлгүлөрүн, анын ичинде алардын толук баяндалышын бири-бирине беришет.
2. Тараптар жаңы же өзгөртүлгөн дипломатиялык же кызматтык/атайын паспорттун үлгүлөрүн, анын ичинде алардын толук баяндалышын, ал өзгөртүүлөр күчүнө киргенге чейин отуз (30) күндөн кечиктирбестен дипломатиялык каналдар боюнча бири-бирине берүүгө милдеттенишет.
10- берене
Талаш-тартыштарды чечүү
Ушул Макулдашуунун жоболорун ишке ашыруу же чечмелөө менен байланышкан бардык пикир келишпестиктер жана талаш-тартыштар Тараптардын ортосундагы консультацияларды жана сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү жолу менен чечилет.
11- берене
Түзөтүүлөр
Тараптардын жазуу жүзүндөгү өз ара макулдугу боюнча ушул Макулдашууга өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилиши мүмкүн, алар ушул Макулдашуунун ажырагыс бөлүгү болуп саналган өзүнчө Протокол түрүндө таризделет жана ушул Макулдашуунун 12-беренесинде каралган тартипте күчүнө кирет.
12-берене
Күчүнө кирүү, колдонуу мөөнөтү жана токтотуу
Ушул Макулдашуу Тараптар бири-бирине Тараптардын мамлекеттеринин улуттук мыйзамдарында каралган ушул Макулдашуунун күчүнө кириши үчүн зарыл болгон мамлекеттик ички жол-жоболордун бардыгы аяктагандыгы тууралуу маалымат берген жазуу жүзүндөгү акыркы билдирүү дипломатиялык каналдар боюнча алынган датадан тартып отуз (30) күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Ушул Макулдашуу мөөнөтсүз колдонулат жана аны каалаган Тарап бузуу ниети жөнүндө жазуу жүзүндөгү билдирүүнү экинчи Тарапка дипломатиялык каналдар боюнча жиберүү аркылуу бузушу мүмкүн, мындай билдирүү алынган датадан тартып отуз (30) күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
20_-жылдын "_"__шаарында, эки түп нускада, ар бири кыргыз, араб, орус жана англис тилинде түзүлдү, бардык тексттер бирдей аутенттүү болуп саналат. Ушул Макулдашуунун жоболорун чечмелөөдө кайчы пикир келип чыккан учурда англис тилиндеги текст артыкчылыктуу күчкө ээ болот.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү үчүн Бахрейн Королдугунун Өкмөтү үчүн