Загрузка документа…
КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 6-декабрындагы № 469-б буйругуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2019-жылдын 24-сентябры № 355-б
2019-жылга карата республикалык бюджетте каралган 2 млрд. сом өлчөмүндөгү каражаттарды жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен "Центерра Голд Инк." компаниясынын, "Кумтөр Голд Компани" жабык акционердик коомунун жана "Кумтөр Оперейтинг Компани" жабык акционердик коомунун ортосундагы 2017-жылдын 11-сентябрындагы Айлана чөйрөнү коргоо жана инвестицияларды өнүктүрүү боюнча стратегиялык макулдашууну (мындан ары - Стратегиялык макулдашуу), "Центерра Голд Инк." компаниясы жана "Кумтөр Голд Компани" жабык акционердик коому тарабынан кол коюлган 2019-жылдын 7-августундагы Стратегиялык макулдашуу боюнча Бир тараптуу милдеттенмелерди ишке ашыруунун алкагында келип түшкөн Кыргыз Республикасынын региондорунда билим берүү, саламаттык сактоо, спорт, эс алуу жана жергиликтүү коомчулук үчүн башка демилгелер чөйрөсүндө социалдык долбоорлорду каржылоого каражаттарды натыйжалуу пайдалануу максатында, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2019-жылдын 10-июлундагы № 257-б буйругуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
6-пунктундагы "экономика жана инвестициялар бөлүмүнө" деген сөздөр "экономика жана инвестициялар бөлүмүнө, уюштуруу-инспектордук иштер жана региондук өнүктүрүү бөлүмүнө" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
жогоруда аталган буйруктун 2-тиркемесинде:
1) 11-пункту күчүн жоготту деп таанылсын;
2) 18-пункту "мекемелердин эксперттик баалоосун" деген сөздөрдөн кийин "жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнүн корутундуларын" деген сөздөр менен толукталсын;
3) 19-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"19. Инвестициялык бизнес-долбоорлор, инфратүзүмдүк долбоорлор жана өнүктүрүү программалары тиешелүү мамлекеттик органдардын жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнүн корутундуларынын негизинде Катчылык тарабынан каралат.";
4) 22 жана 23-пункттары төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"22. Конкурстук комиссия бекиткен критерийлерге жооп берүүчү келип түшкөн инвестициялык бизнес-долбоорлордун, инфратүзүмдүк долбоорлордун жана өнүктүрүү программаларынын арасынан, ошондой эле тийиштүү эксперттик баалоолорду эске алуу менен жана оң корутундулар берилген учурда Катчылык тизмени түзөт жана аны Конкурстук комиссиянын кароосуна жиберет.
23. Конкурстук комиссия келип түшкөн бизнес-долбоорлорду, инфратүзүмдүк долбоорлорду жана өнүктүрүү программаларын түшкөн күндөн баштап 15 жумуш күндүн ичинде карап чыгат жана тандайт.";
5) 25, 29, жана 30-пункттарындагы түрдүү жөндөмөдөгү "долбоорлор" деген сөз тиешелүү жөндөмөдөгү "инвестициялык бизнес-долбоорлор, инфратүзүмдүк долбоорлор жана өнүктүрүү программалары" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
6) төмөнкүдөй мазмундагы 2-1-глава менен толукталсын:
"2-1. Региондук конкурстук комиссиялардын ишинин тартиби
30-1. Региондук конкурстук комиссиянын негизги максаты облустардын деңгээлинде арыз ээлеринен келип түшкөн инвестициялык бизнес-долбоорлорду, инфратүзүмдүк долбоорлорду жана өнүктүрүү программаларын чогултуу жана тандап алуу болуп саналат.
30-2. Региондук конкурстук комиссиянын мүчөлөрү өзүнүн ишин коомдук негизде аткарышат.
30-3. Бизнес-долбоорлорду, инфратүзүмдүк долбоорлорду жана өнүктүрүү программаларын тандап алуу боюнча региондук конкурстук комиссия жөнүндө жобо жана анын курамы Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн облустагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн буйругу менен бекитилет.
30-4. Бизнес-долбоорлорду, инфратүзүмдүк долбоорлорду жана өнүктүрүү программаларын тандап алуу боюнча региондук конкурстук комиссиянын төрагасы болуп Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн облустагы ыйгарым укуктуу өкүлү саналат.
Региондук конкурстук комиссиянын төрагасы жок учурда анын милдеттерин төраганын орун басары аткарат.
30-5. Бизнес-долбоорлорду, инфратүзүмдүк долбоорлорду жана өнүктүрүү программаларын тандап алуу боюнча региондук конкурстук комиссиянын чечимдери жыйынга катышкан региондук конкурстук комиссиянын мүчөлөрүнүн жөнөкөй көпчүлүк добушу менен кабыл алынат. Добуштар тең чыкканда, региондук конкурстук комиссиянын төрагасы же ал жок болсо - төраганын орун басары добуш берген чечим кабыл алынат.
30-6. Региондук конкурстук комиссиянын курамы Кыргыз Республикасынын Экономика министрлигинин өкүлдөрүн, жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын башчыларын, коммерциялык эмес уюмдардын, финансылык-кредиттик мекемелердин жана бизнес-коомчулуктардын өкүлдөрүн милдеттүү түрдө киргизүү менен түзүлөт жана 11 адамдан турат".
30-7. Региондук конкурстук комиссиянын ишин уюштуруу-методикалык, маалыматтык жана техникалык жактан камсыздоону Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн облустагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн аппараты ишке ашырат.
30-8. Материалдар (инвестициялык бизнес-долбоорлор, инфратүзүмдүк долбоорлор жана өнүктүрүү программалары) жана жыйындын күн тартиби региондук конкурстук комиссиянын мүчөлөрүнө Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн облустагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн аппараты тарабынан жыйын башталганга чейин беш күндөн кечиктирбей жиберилет.
30-9. Инвестициялык бизнес-долбоорлорду, инфратүзүмдүк долбоорлорду жана өнүктүрүү программаларын кароо жана тандоо мөөнөтү Региондук конкурстук комиссиянын кароосуна киргизилгенден кийин - 15 календардык күн.
30-10. Региондук конкурстук комиссиялар Катчылыкка Конкурстук комиссия бекиткен критерийлерге жооп берген, келип түшкөн инвестициялык бизнес-долбоорлордун, инфратүзүмдүк долбоорлордун жана өнүктүрүү программаларынын тизмесин жиберет.
30-11. Региондук конкурстук комиссиялардын жыйыны зарылдыгына жараша өткөрүлөт жана алардын жалпы мүчөлөрүнүн кеминде 2/3 катышса ыйгарым укуктуу болуп саналат.
30-12. Инвестициялык бизнес-долбоорлорду, инфратүзүмдүк долбоорлорду жана өнүктүрүү программаларын тандап алуу боюнча региондук конкурстук комиссиянын чечимдери протокол менен таризделет жана жыйынга катышкан региондук конкурстук комиссиянын мүчөлөрү тарабынан кол коюлат. Региондук конкурстук комиссиянын мүчөлөрү тарабынан кароонун жүрүшүндө жана чечимди кабыл алууда айтылган өзгөчө пикирлер милдеттүү түрдө протоколго киргизилет. Региондук конкурстук комиссиянын жыйындарынын протоколдорунун көчүрмөлөрү анын бардык мүчөлөрүнө жиберилет.
30-13. Региондук конкурстук комиссиянын жыйынынын протоколу, тиешелүү инвестициялык бизнес-долбоорлор, инфратүзүмдүк долбоорлор жана өнүктүрүү программалары тиркелип, Катчылыкка жиберилет.";
7) 31-пунктундагы "тийиштүү долбоорлорду" деген сөздөр "тийиштүү инвестициялык бизнес-долбоорлорду, инфратүзүмдүк долбоорлорду жана өнүктүрүү программаларын" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
8) 32-пункту "каржылоонун өлчөмү" деген сөздөрдөн кийин ", ошондой эле "Центерра Голд Инк." компаниясы менен "Кумтөр Голд Компани" жабык акционердик коому 2019-жылдын 7-августунда кол койгон Стратегиялык макулдашуу боюнча Бир тараптуу милдеттенмелерди жана Стратегиялык макулдашууну ишке ашыруунун алкагында келип түшкөн Кыргыз Республикасынын региондорунда билим берүү, саламаттык сактоо, спорт, эс алуу жана жергиликтүү коомчулук үчүн башка демилгелер чөйрөсүндө социалдык долбоорлорду каржылоого каражаттар" деген сөздөр менен толукталсын.
9) 33-пунктундагы "инвестициялык" деген сөз алып салынсын;
10) 34-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"34. Тандап алынган инвестициялык бизнес-долбоорлорду, инфратүзүмдүк долбоорлорду жана өнүктүрүү программаларын кредиттөө жана инвестициялык каржылоо инвестициялык жана каржылык институттар, ошондой эле финансы-кредиттик мекемелер аркылуу региондорду өнүктүрүүгө каралган республикалык бюджеттин каражаттарынан жана Стратегиялык макулдашууну, "Центерра Голд Инк." компаниясы менен "Кумтөр Голд Компани" жабык акционердик коому 2019-жылдын 7-августунда кол койгон Стратегиялык макулдашуу боюнча Бир тараптуу милдеттенмелерди ишке ашыруунун алкагында келип түшкөн Кыргыз Республикасынын региондорунда билим берүү, саламаттык сактоо, спорт, эс алуу жана жергиликтүү коомчулук үчүн башка демилгелер чөйрөсүндө социалдык долбоорлорду каржылоо каражаттарынан жүргүзүлөт.".
2. Ушул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын уюштуруу-инспектордук иштер жана региондук өнүктүрүү бөлүмүнө жүктөлсүн.
Премьер-министр | М.Д.Абылгазиев |