Загрузка документа…
КР Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 22-декабрындагы № 324 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2018-жылдын 20-июну № 210-б
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн алдындагы Терминологиялык комиссиянын функциясын кеңейтүү жана мамлекеттик тилди өнүктүрүү үчүн шарттарды түзүү максатында, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 6-апрелиндеги № 151-б буйругуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
жогоруда аталган буйрук менен бекитилген Кыргыз Республикасында 2015-2020-жылдары мамлекеттик тилди өнүктүрүүнүн жана тил саясатын өркүндөтүүнүн улуттук программасын аткаруу боюнча иш-чаралардын планында:
- 82-1-пунктундагы:
"МТУК (макулдашуу боюнча)" деген аббревиатура жана сөздөр "УИА" деген аббревиатура менен алмаштырылсын;
"Натыйжасы" деген графа төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"Экономика, юриспруденция, медицина, техника, тарых, филология жана илимдин башка тармактары боюнча терминдерди кыргыз тилинин адабий ченемдерине ылайык иштеп чыгуу жана бекитүү, кабыл алынган терминдерди практикада колдонуу. Терминологиялык сөздүктөрдү иштеп чыгуу";
- 141-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"
141 | "Кыргыз энциклопедиясы" башкы редакциясынын ишин камсыз кылуу | "Кыргыз энциклопедиясы" башкы редакциясынын тиешелүү материалдык-техникалык базасын түзүү | УИА | 5000000 | Кыргыз Республикасынын электрондук энциклопедиясын түзүү (жаңы материалдар менен толуктоо) | Республикалык бюджет | 2018-жыл |
";
- 149-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"
149 | "Кыргыз энциклопедиясы" башкы редакциясынын ишин камсыз кылуу | "Кыргыз энциклопедиясы" башкы редакциясынын материалдык-техникалык базасын түзүү | УИА | 5000000 | Кыргыз Республикасынын электрондук энциклопедиясын түзүү (жаңы материалдар менен толуктоо) | Республикалык бюджет | 2019-2020-жылдар |
".
2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2016-жылдын 3-февралындагы № 41-б буйругуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
- 4-пунктундагы "Президентине караштуу Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссияга)" деген сөздөр "Улуттук илимдер академиясына" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
- 5-пунктундагы "министрликтери жана административдик ведомстволору" деген сөздөр "министрликтери, мамлекеттик комитеттери, административдик ведомстволору жана башка мамлекеттик органдары" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
- төмөнкүдөй мазмундагы 5-1-пункт менен толукталсын:
"5-1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн алдындагы Терминологиялык комиссия тарабынан бекитилген кыргыз тилиндеги терминдер республиканын бардык мамлекеттик органдарында, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарында, ишканаларында, жалпыга маалымдоо каражаттарында, билим берүү уюмдарында жана башка мекемелеринде милдеттүү түрдө колдонулууга тийиш.";
жогоруда аталган буйрук менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн алдындагы Терминологиялык комиссия жөнүндө жободо:
- 1-пунктунун биринчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн алдындагы Терминологиялык комиссия (мындан ары - Комиссия) мамлекеттик, коомдук-маданий, саясий жана экономикалык жашоо-турмушка, илимдин жана техниканын түрдүү тармактарына тиешелүү кыргыз тилинин терминдерин иштеп чыгуу, бирдейлештирүү жана бекитүү боюнча иш жүргүзгөн, бекитилген терминдердин бирдей жазылышына контроль жүргүзгөн илимий-консультациялык кеңешме орган болуп саналат.)";
- 2-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"2. Комиссиянын негизги милдеттери төмөнкүлөр болуп саналат:
- илимдин түрдүү тармактары боюнча ченемдик-укуктук документтерде колдонулган терминдерди кыргыз тилинин жалпы адабий ченемдерине ылайык иштеп чыгуу жана бекитүү, расмий бекитилген терминдерди практикада колдонуу;
- кыргыз тилинин өздүк лексикалык ресурсун максималдуу колдонуунун, ошондой эле кыргыз тилине башка тилдер аркылуу кирген терминдерди кеңири колдонуунун негизинде кыргыз тилиндеги илимий-техникалык, коомдук-саясий жана башка терминдерди тартипке келтирүү, бирдейлештирүү жана киргизүү;
- терминологиялык сөздүктөрдү, тармактык эки тилдүү терминологиялык сөздүктөрдү басып чыгаруу, сөздүк-минимумдарды, түрдүү тармактык сүйлөшмөлөрдү даярдоо, илимий-практикалык конференцияларды, семинарларды, методикалык кеңешмелерди уюштуруу;
- Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарында, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарында, ишканаларында жана мекемелеринде, илим изилдөө жана билим берүү уюмдарында, басылмаларында жана гезиттин, журналдын редакцияларында, телерадио уюмдарында бекитилген терминдердин бирдей жазылышына жана туура колдонулуусуна контроль жүргүзүү.";
- 4-пунктундагы "11" деген цифралар "15" деген цифралар менен алмаштырылсын;
- 13-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"13. Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын кыргыз терминологиясын түзүү жана өнүктүрүү боюнча иштеген түзүмдүк бөлүмү Комиссиянын жумушчу органы (мындан ары - Катчылык) болуп саналат.";
- 14-пунктунун бешинчи абзацы күчүн жоготту деп таанылсын;
- 15-пунктунун экинчи абзацы күчүн жоготту деп таанылсын;
- 16-пунктундагы "Президентине караштуу Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиянын" деген сөздөр "Улуттук илимдер академиясынын" деген сөздөр менен алмаштырылсын.
3. Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясы:
- өзүнүн чечимдерин ушул буйрукка ылайык келтирсин;
- ушул буйруктан келип чыгуучу тийиштүү чараларды көрсүн.
4. Ушул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын билим берүү, маданият жана спорт бөлүмүнө жүктөлсүн.
Премьер-министр | М.Д.Абылгазиев |