Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ
2021-жылдын 22-декабры № 324
Мамлекеттик тилди өнүктүрүү чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерин күчүн жоготту деп таануу жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Президентинин 2021-жылдын 28-июлундагы № 319 "Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик тил жана тил саясаты боюнча улуттук комиссиянын ишин уюштуруу жөнүндө" Жарлыгына, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Төмөнкүлөр күчүн жоготту деп таанылсын:
1) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 5-апрелиндеги № 186 "Кыргызтест" мамлекеттик мекемесин түзүү жөнүндө" токтомунун 2-пункту жана 1-тиркемеси;
2) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2019-жылдын 28-июнундагы № 331 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн мамлекеттик тил чөйрөсүндөгү айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" токтомунун 3-пункту;
3) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 6-апрелиндеги № 151-б буйругу;
4) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2016-жылдын 3-февралындагы № 41-б буйругу;
5) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2016-жылдын 4-ноябрындагы № 478-б буйругу;
6) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 20-июнундагы № 210-б буйругу;
7) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 9-мартындагы № 73-б буйругу.
2. Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик тил жана тил саясаты боюнча улуттук комиссияга ушул токтомдон келип чыгуучу чараларды көрүү сунушталсын.
3. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Төрага | А.У. Жапаров |