Загрузка документа…
КР Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 28-июнундагы № 383-т тескемесине ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2019-жылдын 11-октябры № 385-б
Кыргыз Республикасында электр кыймылдаткычтуу дөңгөлөктүү транспорт каражаттарын пайдаланууга дем берүү максатында, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2018-жылдын 28-июнундагы № 2532-VI токтомун эске алып:
1. 2019-2020-жылдарга Кыргыз Республикасында электр кыймылдаткычтуу дөңгөлөктүү транспорт каражаттарын пайдаланууга дем берүү жана заряддоочу инфратүзүмдөрдү түзүү боюнча иш-чаралар планы (мындан ары - Иш-чаралар планы) тиркемеге ылайык бекитилсин.
2. Кыргыз Республикасынын аткаруу бийлигинин мамлекеттик органдары (Куралдуу Күчтөрдү жана мыйзам менен аскердик кызмат каралган мамлекеттик органдарды кошпогондо) квартал сайын отчеттук мезгилден кийинки айдын 5ине чейин Иш-чаралар планын аткаруунун жүрүшү жөнүндө маалыматты Кыргыз Республикасынын Экономика министрлигине берип турушсун.
3. Кыргыз Республикасынын Экономика министрлиги квартал сайын, отчеттук мезгилден кийинки айдын 15ине чейин Иш-чаралар планын аткаруунун жүрүшү жөнүндө маалыматты Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратына берип турсун.
4. Ушул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын тиешелүү бөлүмдөрүнө жүктөлсүн.
Премьер-министр |
| М.Д.Абылгазиев |
2019-2021-жылдарга Кыргыз Республикасында электр кыймылдаткычтуу дөңгөлөктүү транспорт каражаттарын пайдаланууга дем берүү жана заряддоочу инфратүзүмдөрдү түзүү боюнча ИШ-ЧАРАЛАР ПЛАНЫ
№ | Иш-чаралардын аталышы | Күтүлүүчү натыйжа | Аткаруу мөөнөтү | Жооптуу аткаруучулар |
I. Евразия экономикалык бирлигинин алкагындагы иш-чаралар | ||||
1 | Электр заряддоочу станциялар үчүн комплекттөөчүлөргө карата товардын бажы наркынан "0" пайыз өлчөмүндө ЕАЭБдин Бирдиктүү бажы тарифинин ташып келүү бажы алымдарынын ставкаларын белгилөө жөнүндө сунуштарды демилгелөө | ЕАЭБдин кароосуна сунуш киргизилди | 2020-жылдын IV кварталы | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн ЕАЭБдеги иштер боюнча атайын өкүлүнүн катчылыгы, ЭМ, МБК, ОЭЖМК |
2 | Жеке адамдар тарабынан жеке колдонуу үчүн алып келинген электромобилдерге карата бажы алымдарынын жана салыктардын төмөндөтүлгөн бирдиктүү ставкаларын колдонуу боюнча маселени чечүүнүн мөөнөтүн 2025-жылга чейин узартуу тууралуу сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү | ЕАЭБдин кароосуна сунуш киргизилди | 2020-жылдын III кварталы | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн ЕАЭБдеги иштер боюнча атайын өкүлүнүн катчылыгы, ЭМ |
3 | Бардык өкмөттөр аралык жолугушуулардын жана сүйлөшүүлөрдүн жүрүшүндө Кыргыз Республикасында төмөн эмиссиялык транспортту өнүктүрүүнү жана дем берүүнү ЕАЭБдин алкагында стратегиялык багыт катары белгилөө | Жеке адамдар үчүн электромобилдерге нөлдүк бажылык ставкаларга мораторийди узартуу маселесин ЕАЭБдин жыйынынын күн тартибине киргизүү жөнүндө сунуш киргизилди | 2020-жылдын III кварталы | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн ЕАЭБдеги иштер боюнча атайын өкүлүнүн катчылыгы, ЭМ |
II. Электр кыймылдаткычтуу дөңгөлөктүү транспорт каражаттарын пайдаланууга дем берүүгө багытталган ченемдик укуктук жөнгө салуу | ||||
4 | Электромобилдер үчүн КНС төлөөгө 7 жылга мораторий киргизүү бөлүгүндө Кыргыз Республикасынын Салык кодексине ондоолорду киргизүүнү караган Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун иштеп чыгуу | Электромобилдер үчүн КНС төлөөгө мораторий киргизүү боюнча "Кыргыз Республикасынын Салык кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамы кабыл алынды | 2020-жылдын III кварталы | ЭМ, МСК, МБК |
5 | Ташылып келген электр заряддоочу станцияларга жана алардын запастык бөлүктөрүнө (комплекттөөчү) КНС төлөөдөн бошотуу бөлүгүндө Кыргыз Республикасынын Салык кодексине ондоолорду киргизүүнү караган Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун иштеп чыгуу | Ташылып келген электр заряддоочу станцияларга жана алардын запастык бөлүктөрүнө (комплекттөөчү) КНС төлөөдөн бошотуу бөлүгүндө "Кыргыз Республикасынын Салык кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамы кабыл алынды | 2020-жылдын III кварталы | ЭМ, МСК, МБК |
6 | Электромобилдерге транспорт салыгын төлөөдөн бошотуу бөлүгүндө Кыргыз Республикасынын Салык кодексине оңдоолорду киргизүүнү караган Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун иштеп чыгуу | Электромобилдерге транспорт салыгын төлөөдөн бошотуу бөлүгүндө "Кыргыз Республикасынын Салык кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамы кабыл алынды | 2020-жылдын IV кварталы | ЭМ, МСК |
7 | ЖӨБдин аткаруучу органдары менен бирдикте электр кыймылдаткычтуу дөңгөлөктүү транспорт каражаттарынын ээлерине акысыз токтотуучу (заряддоочу түзүлүштөр менен жабдылган) орундарды пайдалануу укугун берүү | ЖӨБ органдары тарабынан электр кыймылдаткычтуу дөңгөлөктүү транспорт каражаттарынын ээлерине акысыз токтотуучу орундарды (заряддоочу түзүлүштөр менен жабдылган) пайдалануу укугун берүү жөнүндө тиешелүү чечим кабыл алынды | 2020-жылдын III кварталы | ЭМ, ЖӨБ жана этностор агенттиги, КРӨнүн облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрү, ЖӨБдүн аткаруу органдары (макулдашуу боюнча) |
8 | "Бишкек жүргүнчүлөр автотранспорттук ишканасы" муниципалдык ишканасынын өндүрүштүк базасында заряддоочу станцияларга жана коомдук заряддоочу станцияларда 1 кВт*саатка 1,59 сом өлчөмүндө электр транспортуна дем берүүчү тарифти белгилөөчү ченемдик укуктук актынын долбоорун демилгелөө | Муниципалдык электр автобустар жана электромобилдер үчүн электр энергиясына дем берүүчү тарифтерди бекитүү жөнүндө ченемдик укуктук акты кабыл алынды | 2020-жылдын I кварталы | ОЭКМА, ЭМ, ОЭЖМК |
9 | Бишкек шаарынын мэриясы менен бирдикте Бишкек шаарынын чегинде электр заряддоочу инфратүзүмдөрдүн болжолдуу жайгашкан жери жөнүндө маселени кароо | Бишкек шаарынын чегинде электр заряддоочу инфратүзүмдөрдү жайгаштыруу орду аныкталды | 2020-жылдын II кварталы | ОЭЖМК, ЭМ, Бишкек ш. мэриясы (макулдашуу боюнча) |
10 | Электр заряддоочу инфратүзүмдөрдү туташтыруу үчүн жөнөкөйлөштүрүлгөн тартипте электр түйүндөрүнө жетүү | Жооптуу мамлекеттик органдардын жана мамлекеттик ишканалардын артыкчылыктарды аныктоочу жана жөнгө салуучу тиешелүү буйруктары/актылары кабыл алынды | 2020-жылдын III кварталы | ОЭЖМК, энергетикалык компаниялар (макулдашуу боюнча) |
11 | Республикалык бюджеттин каражаттарынын эсебинен аткаруу бийлигинин мамлекеттик органдарынын автопаркын (Куралдуу Күчтөрдү жана мыйзам менен аскердик кызмат каралган мамлекеттик органдарды кошпогондо) кармоого чыгымдарга түзүмдүк талдоо жүргүзүү | Түзүмдүк талдоо жүргүзүлдү жана автопарктарды кармоого чыгымдарды азайтуу боюнча сунуштар киргизилди | 2019-жылдын IV кварталы | ЭМ, министрликтер, мамлекеттик комитеттер жана административдик ведомстволор |
12 | Аткаруу бийлигинин мамлекеттик органдарынын (Куралдуу Күчтөрдү жана мыйзам менен аскердик кызмат каралган мамлекеттик органдарды кошпогондо) иштеп жаткан автопаркын электр кыймылдаткычтуу дөңгөлөктүү транспорт каражаттарына өткөрүү программасынын долбоорун иштеп чыгуу | Аткаруу бийлигинин мамлекеттик органдарынын (Куралдуу Күчтөрдү жана мыйзам менен аскердик кызмат каралган мамлекеттик органдарды кошпогондо) иштеп жаткан учурдагы автопаркын электр кыймылдаткычтуу дөңгөлөктүү транспорт каражаттарына өткөрүү боюнча программа жана график кабыл алынды | 2020-жылдын II кварталы | ЭМ, министрликтер, мамлекеттик комитеттер жана административдик ведомстволор |
III. Электр кыймылдаткычтуу дөңгөлөктүү транспорт каражаттарын өндүрүштүк куроону локалдаштыруу | ||||
13 | Ишканалардын кооперациялык чынжырчасынын электр кыймылдаткычтуу дөңгөлөктүү транспорт каражаттары үчүн комплекттөөчү өндүрүш боюнча өндүрүштүк кубаттуулуктары бар өндүрүүчүлөрдүн тизмегин түзүү | Электромобилдер үчүн комплекттөөчү өндүрүш боюнча өндүрүштүк кубаттуулуктары бар ишканалардын тизмеги түзүлдү | 2019-жылдын IV кварталы | ОЭЖМК, ЭМ |
14 | Ата мекендик өндүрүүчүлөрдүн базасында аккумуляторлорду/батареяларды жана башка комплекттөөчүлөрдү өндүрүү маселесин изилдөө | Электромобилдердин компоненттерин чыгаруу боюнча өндүрүштүк базасы бар ата мекендик өндүрүүчүлөрдүн тизмеси түзүлдү | 2019-жылдын IV кварталы | ОЭЖМК, ЭМ |
15 | Ата мекендик өндүрүүчүлөрдүн базасында запастык бөлүктөр жана электр заряддоочу станциялар өндүрүшүнүн маселесин изилдөө | Электр заряддоочу станцияларды чыгаруу боюнча өндүрүштүк базасы бар ата мекендик өндүрүүчүлөрдүн ишканаларынын тизмеси түзүлдү | 2019-жылдын IV кварталы | ОЭЖМК, ЭМ |
IV. Инфратүзүмдүн элементтери | ||||
16 | Электр кыймылдаткычтуу дөңгөлөктүү транспорт каражаттары учүн токтотуучу жана заряддоочу жайларды, жаны уруксат берүүчү/тыюу салуучу, өтүүчү жол белгилерин иштеп чыгуу | Ичинен күймө кыймылдаткычтуу автомашиналар үчүн тыюу салуучу жол белгилери жана электромобилдер үчүн уруксат берүүчү жана тыюу салуучу Жол белгилерин орнотуу бөлүгүндө жол кыймылынын эрежелерине оңдоолорду киргизүүнү караган ченемдик укуктук акты кабыл алынды | 2020-жылдын II кварталы | ИИМ |
V. Электр заряддоочу түзүлүштөрдү стандартташтыруу | ||||
17 | "Электромобилдердин ток өткөрүүчү заряддоо системасы. Жалпы талаптар" (IЕС 61851) эл аралык электротехникалык комиссиянын стандарттарын улуттук стандарттар системасына киргизүү | Эл аралык IЕС 61851 стандарты улуттук стандарттар системасына киргизилди | 2020-жылдын II кварталы | ЭМ, Стандартташтыруу жана метрология борбору |
18 | Эл аралык электротехникалык комиссиянын транспорттук каражаттар үчүн "Сайгычтар, штепселдик розеткалар, бириктиргичтер жана киргизүүлөр. Электромобилдер үчүн кондуктивдүү зарядка. 2-бөлүк. Өзгөрмө ток тармагынын штырлуу ажыраткычтары жана арматура үчүн өлчөмдүк батышуучулукка жана өз ара алмаштырууга талаптар" (IЕС 62196) стандарттарын улуттук стандарттар системасына киргизүү | Эл аралык IЕС 62196 стандарты улуттук стандарттар системасына киргизилди | 2020-жылдын II кварталы | ЭМ, Стандартташтыруу жана метрология борбору |
19 | Төмөнкү типтер боюнча электр заряддоочу станцияларды классификациялоо: Mode 2, Mode 3 и Mode 4 | Акт менен бекитилген типтер боюнча электр заряддоочу станциялардын классификациясы аныкталды | 2020-жылдын II кварталы | ЭМ, Стандартташтыруу жана метрология борбору |
20 | Электр заряддоочу станциялар үчүн коннекторлордун типтерин классификациялоо: 1) Mode 3 - Туре 2; 2) Mode 4 - CCS Combo 2, CHAdeMO | Типтери боюнча электр заряддоочу станциялардын коннекторлорунун классификациясы аныкталды жана акт менен бекитилди | 2020-жылдын II кварталы | ЭМ, Стандартташтыруу жана метрология борбору |
VI. Дараметти жогорулатуу жана кабардар болуу | ||||
21 | Электр кыймылдаткычтуу дөңгөлөктүү транспорт каражаттарын жана электр заряддоо инфратүзүмдөрүн техникалык тейлөө үчүн адистерди окутуу программасын иштеп чыгуу | Электр кыймылдаткычтуу дөңгөлөктүү транспорт каражаттарын жана электр заряддоо түзүмдөрүн техникалык тейлөө үчүн адистерди окутуу боюнча программа иштелип чыкты | 2020-жылдын IV кварталы | БИМ, ЭМ, ИИМ, ОЭКМА |