Загрузка документа…
ЧОЛПОН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 5-августу № 26/3
Осоавиахим айылындага “Төш” участкасына Жумалиев Саадандын
ысымын ыйгаруу жөнүндө
Чолпон айыл өкмөтүнө караштуу Осоавиахим айылындагы “Төш” участкасына эл отурукташып жаңы түшүп жаткан көчөгө Жумалиев Саадандын ысымын ыйгаруу жөнүндөгү көчө тургундарынын жалпы чогулушунун 2019-жылдын 6-августундагы №1 протоколу жөнүндө маалыматын угуп жана талкуулап Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 19-августагы № 467 токтому менен бекитилген “Кыргыз Республикасындагы географиялык объектилерди атоо, алардын аталыштарын өзгөртүү, географиялык аталыштарды эсепке алуу жана каттоодон өткөрүү тартиби” жөнүндөгү жобосунун II- бөлүмүнүн 6-бөлүмчөсүнүн талаптарына ылайык Депутаттардын Чолпон айыл аймагынын айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Осоавиахим айылынын тургундарынын суроо-талаптары канааттандырылып, “Төш” участкасындагы жаңы көчөгө Жумалиев Саадандын ысымы ыйгарылып, “Жумалиев Саадан” атындагы көчө деп аталсын.
Төрага |
Т. Токтомушов |