Загрузка документа…
ЧОЛПОН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 5 - августу № 26/5
Осоавиахим айылындага “Чий-Шалбаа” участкасына Жунушов Касымбектин
ысымын ыйгаруу жөнүндө
Чолпон айыл өкмөтүнө караштуу Осоавиахим айылындагы “Чий-Шалбаа” участкасына эл отурукташып жаңы түшүп жаткан көчөгө Социалистик эмгектин баатыры Жунушов Касымбектин ысымын ыйгаруу жөнүндөгү көчө тургундарынын жалпы чогулушунун 2019-жылдын 2-августундагы№2 протоколу жөнүндө маалыматын угуп жана талкуулап, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 19-августагы № 467 токтому менен бекитилген “Кыргыз Республикасындагы географиялык объектилерди атоо, алардын аталыштарын өзгөртүү, географиялык аталыштарды эсепке алуу жана каттоодон өткөрүү тартиби” жөнүндөгү жобосунун II- бөлүмүнүн 6-бөлүмчөсүнүн талаптарына ылайык Депутаттардын Чолпон айыл аймагынын айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Осоавиахим айылынын тургундарынын суроо-талаптары канааттандырылып, “Чий-Шалбаа” участкасындагы жаңы көчөгө Социалистик эмгектин баатыры Жунушов Касымбектин ысымы ыйгарылып, “Жунушов Касымбек” атындагы көчө деп аталсын.
Төрага |
Т. Токтомушов |